Кадам ушул…
Парламент, уятың болсо, тара!

Айланайын эл-журтум, биздин мамлекет мамлекет болуудан калып баратабы деген коркунучтуу суроо кокодон алып, ар кимибизди азапка салып турат окшоду. Жок, мен бул бааны, сыпаттаманы асмандын башынан, же болбосо, жеке фантазияман алган жокмун, толуп жаткан окуялар ошону айтып жатат.

Тигине, парламент кезексиз кеңешмеге келип туруп, өкмөттүн эсебин таап таштады. Дегеле кой, "мыкты" парламент да…
Бирок, бир топ адам күткөндөй бул жакшы деле окуя болгон жок. Эгерде парламент тарап акактай таза болгондо, өкмөттү туура таратты демекпиз да. Маселе ушунда болуп турат: парламент тараптын "жыты" жакшы эмес болуп калды, муздаткычта сакталган эттей болбой, ысыкта калган эттин кебетесин кийди. Ысык күндө калган эттин жытын элестетип көр, окурманым! Анан да биз монгол улутундай болуп, этти курттатып туруп жебейбиз да, тфу!
Кайсы бир орус киносунда дагы бир каарман "зри, в корень" деп куудулдана айткан кеби эске келип жатат, ошону эстеп биз дагы парламент өзөгүнө "түшөлү" да.
Бул парламент, биринчиден, жалаң гана карандай акчанын күчү менен пайда болгон, экинчиден, бул парламентти жалпы эл шайлаган эмес, шайлоочунун 37% гана шайлаган. Экөөнү кошуп туруп, бир деп тургула. Анан парламентке тандалмалуу коррупционерлер, бандиттердин достору ж.б. антиподдор толуп алган. Алардын көбүнүн парламентте иштеп кете алчу билими жетишсиз, алардын ой жүгүртүүсү көчө ушагын талдагандан алыс кете албайт. Анан акылын эсептеп ал…
Парламент деген каратаман элдин мүдөөсүн аткарып турчу, мыкты мыйзамдарды кабыл алып турчу, эл ошол парламент иштеген имараттын жанынан өткөндө ыйык жерден өтүп бараткандай, маселен, "Кааба" ташынын жанына өткөндөй сезимде калчу, жана да ал жерди ыйыктын ыйыгы тутчу жер болуш керек эмеспи. Мен кыргызча эле, жөнөкөйлөштүрүп, тапталган чындыкты айтып жатам, анан кандай болмок?!
Ал эми биздин парламент ушактын, көрө албастык, карьеризмдин, популизмдин, интриганын, эң жаманы, коррупциянын ордосу болуп калды окшойт! Кайсы депутатты алба, "баланча деген балакети бар" деген сыпаттама жабышып жүрөт, кайсы депутатты алба "түкүнчө акчаны жеп коюптур" деген жарлыгы бар, анан да криминал менен коюн-колтук алышып баланча деген жерде эс алган деген жарлыгы бар. Мына ошондойлорду чогултуп туруп өмүр бою түрмөгө камап салса, туурасы, жазасы ошол болор эле! Мен эмес, зөөкүр адам болсо айтмак: "Аттырып салыш керек!" деп.
Парламенттин кайсы бир жыйынында "мобул мыйзамды момундай кылыш керек, элиме ошол мыйзам керек" деп талкуулап жаткан учур аз эле. Көбүнчө бири-биринин былык иштерин чукуп, айтышып, мушташып, мурду канжалап… катыны эркегин беттен алып! Катын демекчи, парламентке ажылдаган кем акыл катындардын кереги жок экенин ушул парламент эми бир бышыктап берди!
Парламенттеги орунсуз көрүнүштөрдү телекөрсөтүү чагылдырып, миллиондогон сом коротот. Эй, баланча менен түкүнчөлөр, келесоолор десем соттолуп кетем, кары-картаңдар го силердин кылыгыңарга көнүп бүткөн, ал эми жаш муун силердин кылыктарыңарды көрүп жатпайбы, кийин " уядан учканда" ошол көргөнүн "алса", коомубуз оңкосунан сайылбайбы! Бүгүнкү бүтүндөй дүйнө цивилизациянын туу чокусуна чыкты деген мезгилде эмес, тээ илгерки Грециядагы же Римдеги парламенттин тазалыгын салыштырып бак!
Бул парламентте позициядагы коалиция эки жолу өзгөрдү. Бакиев жыттанган "Ата Журт" фракциясы оппозицияда калып ишин улайт. Оппозиция ушул экен деп ал фракция түштүк тарапта митингдерди өткөрүп, азыркы бийликтин пайдубалын "кыйшактатмакчы" болду эле, анысынан майнап чыккан жок. Анан жөн болуп калышты.
Ал эми парламенттеги көпчүлүктү түзгөн фракциялар курамы "кыздын баласындай" ишти улантмакка сөз беришти да, "сойкунун баласындай" ишин улантып турушту. Конституция деген бар, анда жазылган мыйзам деген бар, парламент ошону көрсөтмө кылып алып ишин улайт- улам жакшы мыйзамдарды чыгарууга далалат кылат. Жок, арман, биздин парламентте андай болбоду, жакалашуулар жана табарсыкка тебишүүлөр…
"Эшегине жараша- тушагы" дегенди өзбектер айтса керек. Анткени, кыргызың эзели эшек минген эмес да, андай узун кула жаныбар бар экендигин түштүк кыргыздар кийин-кийин гана билишкен. Анан "Маленков берген байталды, Хрушев акем кайта алды" болгон заманда, бүтүндөй кыргыз эшек мингенге өттү. КТРКда такай так секирип жүрбөйбү! Ошол сыңары парламентине жараша өкмөт болуп турбадыбы. Өкмөттү Бабанов башкарды. Ал жакшы, бирок, ал өзү каалаган команда түзө алган жок. Антүүгө укугу жок болуп чыкты, парламенттин көпчүлүгүн түзгөн төрт фракциянын өкүлдөрү өкмөт курамына тигил же бул кызматка илиниш керек экен, илинди. Иш ошол жерден өлдү да калды! Эгерде кыргыз эмес, маселен, Швеция өңдүү мамлекет болгондо, ишибиз сонун уланмак. А бизди кыргыз деп коёт, кыргызда "мен" деген катуу өнүккөн. Мына ошол "мендин" ичинде баары бар. Четинен санасак: "мен деген сага караганда бай болушум керек, мен деген сага караганда абройлуу болушум керек, мен деген сага караганда чоң кызматта олтурушум керек" сыяктуу сан жеткис маселелер бар… Ошондуктан ар кошкондон бириккен өкмөт, ичинде "бакиевчилер" бар өкмөт ишти алып бара албайт эле. Кыйындыктын баары Өмүрбек Бабановго тийди да! Ал өзүнө урулган чабуул менен кошо берки "балакайларга" жасалган чабуулга да каршы турду! Айта кетели, мурун Текебаевдин спикер болушуна Бабанов тоскоол болуп койгон. Эми Текебаев өчүн алды. Бирок, Бабанов аны менен өчпөйт!
Карасаңыз, ыйык деп эсептелген парламенттегилер бири-бири менен кармашта криминал өкүлдөрүн курал кылып жатышпайбы! Эй, бул деген айбандык го бир! Биз деген Африканын артта калган кайсы бир мамлекети эмеспиз да!
Бийлик тараптагылар криминалды мисалга тарткандан кийин иштин өлгөнү деп бил!
Бизге катуу тартип керек, Ал тартипти ким орнотот, маселе ошондо! Текебаев жазган Конституцияда бир да бир жетекчи мамлекетти мыкты жолго салууга укугу жетпейт, баарынын укугу "чала өлгөн жыландай"!
Парламент деген өзү өкмөттү түзгөн, өкмөт курамына кирген адамдардын "иттей кыйын" экендигин далилдеп жанын бере жаздаган. Анан жылга жетпей баягы мыктылары "кыкка" жарабай турат. Демек, парламенттин өзү кыкка турбаган нерсе болуп калды да! Же туура эмеспи?!
Кандай болгон күндө да бул парламент тарашы керек, башка жолу жок. Эгерде тарабай туруп башка жол издесе, анда мамлекетибизди ар тараптан эбегейсиз кризиске алып барышы туурулуу!

Баратбай Аракеев