Мидин Алыбаевдин 95 жылдыгына карата...
Качкын Оторбаев
Мидин
...Ак-Татырдын дүкөнүнө кирсек, атыр жыттанган ак саргыл келин шыпылдап айылдыктарга соода-сатык кылып жаткан кези экен. Аны көрөөрү менен эле Мидикең, оозу жөн турбай:
- Айылыңдын аты "Ак-Татыр"
Акчага жакын ак катын…
Аң уулап жүрүп чарчадык,
"Ак молдоң" болсо бат таттыр! -
деп жамактатып жиберди эле, келин бизди тикирейип тиктеп туруп:
- Көрүнгөн келсе, жөн келбей
Көңүлгө бере бергендей…
Көң бекен, дүкөн арагы
Көптүрбөй оозуң ай жигит
Көзүмдөн жогол, сенделбей! - десе, болобу...
Уятынан кызара түшкөн Мидин кайпалактап, келинге мындай жооп узатты:
Тамаша кылдым жеңеке,
Таарынба сөзгө берекем…
Арагың болсо апкелип,
Ак келин жара кереке!
Аң уулап жүрүп чарчадык,
Аркардын санын апкелдим,
Атайын сага белеке! -
деди эле ак келин эмелеки ойкуштаган кыялын бир аз өзгөртүп, жоошугансып калды... Чарчап-чаалыгышкан жаныбыз ал жерде чай кайнам болуп, аркардын этинен кара куурдак жасатып, арактын күүсү менен аз да болсо эс алгансып калдык эле - дейт, Бекташ мергенчи, баштаган сөзүн бизге аяктап жатып ...

81. "Оозуна шайтан түкүргөн" Мидин…
Илгери Кең-Суу айылында белгилүү жазуучу Түгөлбай Сыдыкбековдун 50 жылдыгын өткөрүү тою (аземи) болуп калды. Ал тойго Борбордук Комитеттин өкүлү, жазуучу Молдогазы Токобаев баштаган аттуу-баштуу жазуучулар да келишти.
Ошентип, тойдун сөзүн биринчи Молдогазы Токобаев баштап ачып, анан сөздү юбиляр Түгөлбай атабызга узатты…
Түгөлбай ошол турган көпчүлүккө бул жерге келген акын, жазуучуларды бирден тааныштырып келип, Мидинге келгенде:
- Мобуреки отурган, өрдөк тумшук кейиптенген адам Мидин деген сатирик акыныбыз болот. Мунун оозуна "шайтан түкүрүп" койгон - дейт имиш…
Анда:
- Апарык, бир китеби араң чыккан, менин оозума шайтан түкүрүп эле койгон болсо, балпайган семиз-семиз романдарды жазган сенин оозуңа олчойтуп эле отуруп кетсе керек ээ, Түкө! - дейт имиш Мидин кудуңдап…

82. Бүтпөгөн сап…
Мидиндин замандашы Смар Шимеев деген лирик акын, иштеп отурган столунун үстүнө, бир барактын четине:
"Эмне үчүн кыздар мени сүйбөйт, досум?" - деп, бир сап ыр баштап коюп, бир иштер менен алагды болуп эшикке чыгып кетет…
Смарга жумуштап келип калган досу Мидин, столдун үстүндө калган жанагы баракты алып окуп көрөт экен…
Бул бир сап ырды окугандан кийин, аны андан ары улантып Мидин минтип, жазып кетиптир:
"Билет ко, оң көзүңдүн оңолбосун"... Акын Смар Шимеевдин бир көзү кичине чалырыраак эле дешет, бирге жүргөн анын замандаштары.

83. Биринчи катчынын кабыл алуусунда…
Мидикең күлүп, минтип айтып калчу эле:
- Күндөрдүн биринде, Райкан досум экөөбүздү Борбордук Комитетке чакырып калышты - деп. Ээрчишип жөнөдүк... Экөөбүздүн кылык-жоругубуз эчак эле ал жерге дайын болуптур. Биринчи катчынын алдында биз жөнүндө толук маалыматтар жатат...
Борбордук Комитеттин биринчи катчысы Исхак Раззакович бизди кабыл алып, анан экөөбүздүн кебете-кешпирибизди алмак-салмак текшере карап алды да…
Бир кезде:
- Сиздер, эл тааныган акындар болуп туруп, эмне үчүн аракты көп ичесиздер, жолдоштор! - деди.
- Жок, Исхак Раззакович биз арак ичпейбиз, вино гана ичебиз - дедик, жооп иретинде жарышып бир ооздон…
- А, арак менен винонун айырмасы кандай? - деди эле…
Мидин биринчи озунуп:
- Айырмасы, жолдош Орозалиев менен Жакишовдой деди эле... Ал жерде отурган чоңдор күлүп калышты. (Ал жерде Орозалиев да отурган, ал БКнын идеология боюнча катчысы болчу. Жакишов болсо Кыргыз ТАГдын директору эле. Бирөө өз атасынын атынан, бирөө чоң атасынын атынан катталып алган немелер болчу.) Сырткы түрүбүзгө дагы бир сыйра көз жүгүрткөн Исхак Раззакович:
А эгер аз ичсеңиздер, анда неге көчөдө бири-бириңерди көтөрүп каласыңар? - деди эле.
- Исхак Раззакович биз аз эле ичебиз, болгону бир күндө 100 эле грамм... Анан калганын 100 грамм өзү эле жетелеп алып жүрүп кетет - десем…
Кайрадан кабинетте каткырык күлкү жаңырды... Бир аз тынымдан кийин…
- Сиздин үй-бүлөңүз да өз жайында эмес го. Үч аял кетирипсиз ушул чынбы? - деди мени карап…
- Жолдош Исхак Раззакович! Мен өмүрүмдө бир эле аял кетиргем. Калган экөө мени кетиришти... десем да ал жердегилер дагы жапырт күлүп калышты.
- Болуптур, бара бериңиздер! - деди сөзүн уланткысы келбеген биринчи катчы... Ошону менен бир топ жыл "бара бер" болуп басып жүрбөдүкпү - дейт Мидикең күлүңдөп…

84. Адам эмес, мынабу
Абалак мурун акмагың?
Согуштун катаал убагы эле - дейт, биз кеп-сөзгө тарткан Кемелбек агабыз. Нанды биякка коюңуз! Эл эт эмес, сорпого да жетпей калган аябай катаал кездердин бири эле...
Ошол кездерде Ыбырайым деген адам райкомдо жооптуу катчы болуп иштеп туруп, кийин кызматынан кыйшайып жыдыгандан улам өйдөгү айыл... "Өзгөрүшкө" кой фермалык кызматка жиберилет. Теңтуш өскөн Ыбырайым, ошол тарыхы менен Мидинге жеринен таанымал экен. Бир күнү Ыбырайым Мидинге кайдыгер жолугуп калып:
- Мидике, турмушта өйдө-төмөн жумуш көп болду... Теңтуш катары деги эле чай ичише албай жүрөбүз. Буюрса, быйыл биз Соң-Көлдү жайлайбыз... Жайдын толугунда бир келип козу жеп, кымыз ичип эс алып кетпейсиңби, макулбу? - дейт. Айткандай, жайдын толук кезинде Мидин жайлоого барат... Ыбырайымдын боз үйүнө түшүп, сураса Ыбырайым үйүндө жок болуп чыгат. Бирок тулгага асылган казандагы бышып жаткан койдун эти алыска буркурайт эмеспи... Мидин боз үйдүн эшигин акырын ачып башпакса, тулгага асылып бышып жаткан козунун эти, казаны менен чыгданга чыгарылып киргизе койгонун Мидикең чыгдандан чыккан ысык буудан улам байкап калат... Үйдөн чыга калган абалак мурун жоон-жолпу жаш жигиттен: