Биз билген жана билбеген Даир Кенекеев...
Даир Кенекеев, экс-министр:
"Өмүрбек Бабанов мага
башынан эле каршы болчу..."

o Даир Кенекеев, 38 жашта, үй-бүлөлүү, эки баланын атасы, үч жогорку окуу жайын артыкчылык диплому менен бүтүргөн, кесиби экономист жана эл аралык мамилелер боюнча магистр, төрт тилде эркин сүйлөйт. Иш тажрыйбасы: мамлекеттик кызматта 1999-жылдан бери кызмат кылып келет, иштеген жерлери 1999-2000-ж. чет элдик инвестициялар жана экономиканы өнүктүрүү боюнча мамлекеттик комитет,
o 2001-2004-ж.: Мамлекеттик мүлктөрдү башкаруу жана тике инвестицияларды тартуу боюнча мамлекеттик комитет,
o 2004-2006-жж: Монополияга каршы саясат жана атаандаштыкты өнүктүрүү боюнча Улуттук агентство,
o 2010-2011ж-ж Кыргыз Республикасынын Президентинин администрациясы, 2011 - Мамлекеттик мүлк министрлиги.
o 2006-2010-жылдары Бишкек механикалык заводунда Директорлор кенешинин төрагасы, Ак-Ниет жаштар кыймылын тең төрагасы. Азыркы мезгилде Газпромнефть-Аэро-Кыргызстан компаниясында Кыргыз Республикасы тарабынан Директорлор кеңешинин мүчөсү болуп эмгектенет.

- Дайыр мырза, сиздин баскан жолуңузга баам салып карап көрсөк, 1999-жылдан баштап мамлекеттик кызматта бир дагы тепкичти аттабай акырындык менен жылып келип, акыры министр да болуптурсуз. Өзүңүздү саясатчы деп эсептейсизби?
- Мен ушунча жыл иштеп келип, чоң саясатка аралашкан эмесмин, анын үстүндө мен ээлеп келген кызматтар деле андай чоң деңгээлде эмес эле, маселен министрликтин же жана башка ведомстволордун жөнөкөй адистери, бөлүм башчылары, жада калса министрдин орун басарлары жалпы мамлекеттик саясатка анча деле таасир кыла албайт. Алар аппараттагы өз функциясына жараша иш менен алек. Экинчисинен, алар саясаттагы болуп жаткан конкуренцияны жеңе алышпайт. Бирок министрдин кызматы негизи эле саясатташтырылган кызмат, ошондуктан саясатчыл эмес же саясаттан тышкары министр болбойт.
- Азыр саясатта болуп жаткан кырдаалга кандай карайсыз?
- Азыр өлкөдө нормалдуу демократиялык процесс жүрүп жатат.
Азыр саясатта башкы ролду парламент ойнойт. Парламент азыр өз функциясын чегинде иш аткарып жатат. Өкмөткө ишеним көрсөтпөө боюнча функция баш мыйзамда жана башка нормативдик актыларда бекитилген. Парламенттин негизги жаратылышы өкмөттүн ишин көзөмөлдөө, сынга алуу. Анткени парламент эл алдында жооп берет - парламентти эл шайласа, өкмөттү парламент бекиткен.
- Айтсаңыз, сиз 2011-жылы, Мамлекеттик мүлк министри болуп иштеген учуруңузда, мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча кандай саясатты жүргүздүңүз? Негизи эле сиздин иште кандай жетишкендиктер бар?
- Биринчиден, менин ишимдеги эн негизги багыт бул мамлекеттик мүлктү сатууну азайтып, ошол мүлктү эффективдүү башкаруудан мамлекетке дивиденд катары өлкөбүздүн бюджетине киреше түшүрүү болду. Ошол кадамдар өз үзүрүн берди. Мен фактылар менен эле айтайын, ким кааласа текшерип алышсын. Салыштырмалуу 2010-жылы республикадагы бардык мамлекеттик ишканалар, акционердик коомдордун жалпы суммасынын кирешеси 1,6 миллиард сом болсо, 2011 -жылы бул сумма 6 миллиард сомдон ашык болду. Дагы бир факт: Кыргызстан мамлекеттик мүлктү башкаруудан 20 жылдын ичинде 2,53 млрд сом дивиденд алса, 2011- жылы (бир жылдын ичинде) биз 2,89 млрд. сомду таза дивиденд катары бюджетке котордук. А мамлекеттик мүлктү менчиктештирүү боюнча бюджетке 178 млн. сом которгонбуз. Негизи "Кыргызтелекомду", "Мегакомду", жана башка стратегиялык объектилерди сатуу боюнча өзүмдүн министр катары жеке принципиалдуу позициям бар болчу. Бул объектилер объективдүү жана субъективдүү себептер боюнча сатылган жок.
- "Эгерде мен Премьер-министр болуп калсам, сен менин өкмөтүмдө иштебейсиң" деген сөздөр Бабанов менен сиздин ортоңузда былтыр күзүндө эле пайда болгон дешет, бул чынбы?
- Мындай сөздөр мен министр болуп Жогорку Кеңештен бекитилгенден баштап эле айтылып келген. Бул кресло атамдан калган мурас эмес да, ошондуктан мен көп деле көңүл бурчу эмесмин. Анткени, мени министр болушума Бабанов башынан эле каршы болчу, ошондуктан өкмөт өз убагында мени министрликке бекитүү боюнча Жогорку Кеңешке болгон көрсөтмөсүн даярдаганда, ал виза койгон эмес жана койбойт да болчу. Мындан тышкары мени көрө албай, ортодо "бузук телефон" болушуп, мени шыбап жамандагандар андан көп болду. Бирок, анын мага каршы экенин баардыгы эле билчү. Мен ошол кездеги премьер-министр А. Атамбаевдин сунушу менен министр болгом. Министр болуп иштеп жатканда эле мени жумуштан алуунун айласын көп издеди, бирок жетиштүү себеп болгон жок, менин ордума келе турган талапкерлер өздөрү баш тарткан, учурлар болду. Аягында жаны коалиция, жаны өкмөт куралганда Өмүрбек акем жанагы айткан сөзүнө турду!
- Азыр эмне менен алексиз, алдыңызга кандай пландарды коюп жатасыз?
- Мен азыркы мезгилде "Газпромнефть - Аэро - Кыргызстан" компаниясында Директорлор кеңешинин Кыргызстан тараптын мүчөсүмүн. Бул компания убагында Алмазбек Шаршенович жетектеп турган өкмөттүн уникалдуу долбоору деп айтсам жаңылышпайм. Орусиянын Газпромнефть компаниясы менен түзүлгөн келишим боюнча бул компаниянын 49% Кыргызстанга таандык. Маселен, 2011-жылы Газпропнефть - Аэро Кыргызтан компаниясы "Манас" аэропортунда 40 миң тоннадан ашык авиакеросин сатты, 45 миллион сомдон ашык реинвестиция кылышты. Алар негизинен "Манас" аэропортунун мунайзат куюучу жайдын инфраструктурасын жакшыртуу үчүн, авиакеросинди кабыл алып жана кайра берүү системасын модернизациалоого, эски техниканы жана жабдууларды жаңыртууга кетти. Бул компанияда корпоративдик башкаруу системасынын негизинде иштеп, башкаруунун эл аралык стандарттары колдонуп, финансылык отчетторду контролдоп, эсеп-кысап жагынан эреже бузууга жол берилбейт. Дагы баса белгилеп кетүүчү жагдай бул компаниянын түзүү менен авиакеросиндин баасы Алматы, Ташкент жана Душанбе шаарларына салыштырмалуу 15-20% арзан баада сатылат. Мындай авиакеросиндин баасы Кыргызстандагы иштеп жаткан авиакеросин саткан компаниялардан да алда канча арзан. Ошондуктан авиакомпаниялар "Аэрофлот", "FlyDubai", "AirBishkek", "Волга-Днепр", "Якутия", "AviaTrafficCompani" биздин компаниядан керосин сатып алышат. Компаниянын Уставы боюнча дивиденддер жыл арасында деле берилүүсү каралган, бирок акыркы кирешени бөлүштүрүү жыл аягында саналат. Алдын ала коюлган прогноздор боюнча, "Газпромнефть-Аэро-Кыргызстан" компаниясы мамлекетибиздин бюджетине өтө ири суммадагы дивиденддерди которушуна кепилдик бар.
Маектешкен
Айбек Шамшыкеев