Анжеликадан жаңы ыр…
Кыргыз эстрадасындагы эң сулуу айымдарынын бири болгон Анжелика бир үйдүн мыкты кожейкеси гана болбостон ар тараптап өз өнөрүн көргөзүп келүүдө. Буга мисал катары Анжеликанын улуттук үлпөт кийимдерин жогорку чеберчиликте жаратып жатканын айтсак болот. Ырчы айымыбыз жалгыз гана өз өнөрүн көргөзбөстөн ошол менен бирге эле кыргыз элинин каада-салтынын өнүгүшүнө зор салым кошуп жатканын да айтып кетпесек болбойт. Кыргыздын баалуулуктарын сактап салууга аз да болсо салым кошуп жаткан Анжелика эми чыгармачылыкка да кызуу киришип, жаңы ырларды жаздыруунун үстүндө жигердүү иштөөдө. Жакында эле "Жашасын махабат" деген сүйүүнү даңазалаган жаңы ырын жаздырып бүттү. Бул ыры жакынкы күндөрү ыр сүйүүчүлөрдүн назарына сунушталмакчы.


Аалы жаңы термелерди жаратууда…
Кыргыз элинин сүйүктүү төкмө акыны Аалы Туткучев жайдын саратанында кээ бирөөлөр сыяктуу көлөкөдө жөн жатпастан коомчулукка тарбиялык мааниси зор жаңы термелерин жазуунун үстүндө иштөөдө. "Азыр эч жерде иштебейм. Үйдө бошмун. Ошол боштук менин чыгармачылыгымдын алдыга жылуусуна түрткү болуп жатат. Учурда жаңы термелерди жазып жазам. Жаңы жазган термелеримди өзүнчө бир диск кылып чыгарсамбы деп турам. Буга чейин орозо болгондуктан ысыктын күнүндө термелерди жаздыра алган жокмун. Орозо бүттү, Кудай буйруса, эми жаздырып аз күндө коомчулуктун сынына коём"- дейт Аалы.


"Кыз -Бурак" тобу чамынды…
Отуз жылдан ашык кыргыз элине жакшы маанай, жагымдуу ыр тартуулап келе жаткан белгилүү "Кыз - Бурак" тобу жайкы эс алуудан кийин чыгармачылыкка билек түрө киришкени турат. "Жайдын ысык аптабында жакшы эле эс алдык. Көл бермети болгон Ысык- Көлгө барып эс алып келдик. Эми билек түрө ишке киришкенге убакыт жетти. Биз азыр жаңы жана мурда жаздырган ырларыбызга клип тарттырууну пландап жатабыз. Бир эмес бир нече клиптерди бүтүрүүнү күркүрөгөн күз айына пландадык. Кудай буйруса, ал тилектерибизди ишке ашырабыз"- дейт тобун жетекчиси Сайкал Садыбакасова.


"Атымды башка коём" тасмасы тартылып бүттү…
"Бешилик" тобунун мурдагы солисти куудул Эрнест Бөрүбаев жай айында "Атымды башка коём" деген аталыштагы кино тартып, учурда монтаждоо иштери менен алпурушуп жаткан кези. Бул тасма 15-сентябрдан тарта борбордогу кинотеатрлардан кино сүйүүчүлөргө көрсөтүлө баштайт. Жанры комедия. Кинодо бүгүнкү турмуштун ак-карасы тамаша иретинде сүрөттөлгөн. Бирок тарбиялык мааниси жогору экендигин автор белгилеп кетти.


Динара монтаждоо иштери менен алек….
Сахнага жаңы кадам таштаган жаш таланттарга жол көрсөтүп келе жаткан продюсер Динара Эсенгулова кийинки кездерде кино тартууга да кызуу киришти. "Быйыл сөзсүз күйөөгө тием" деген тасманы "Ырыс" студиясынын жетекчиси Ырыс айым менен биргеликте тартып, элге сунуштаган эле. Азыр болсо, мына ошол тасманын экинчи бөлүмүн тартып бүтүп, учурда монтаждоо иштери менен алпурушуп жаткан кези. "Быйыл сөзсүз күйөөгө тием" тасмасы аз күндө кинотеатрлардан көрсөтүлө баштамакчы.


Балалыгына кайткысы келген Мирбек…
Жакында бере турган жеке концертине кызуу даярдык көрүп жүргөн Мирбек Атабеков концерт алдында репертуарын кампайтууда. Маселен жакында эле Мирбек "Балалыгыма кайткым келет" аттуу жаңы ыр жаздырууга жетишти. Бул ырында ырчы мырзабыздын баёо, тентек, оюндан башканы ойлобогон эң сонун бактылуу учуру камтылган. Мындан сырткары Мирбек Атабеков ыр жаздырган студия ачып, акыркы ырларын өз студиясында жаздырууда. Көп жаш ырчылар сыяктуу эле Мирбектин да кинодо өзүн сынап көрүү тилектери бар. Кудай буйруса, кайсыл бир күнү сүйүктүү ырчыңызда кинодон да көрүп калышыңыз толук ыктымал.


Соң - Көлгө суктанган Тынара…
Кыргыз эстрадасындагы жаш ырчы кыздардын катарын толуктаган ырчы Тынара жакында эле ары бийик, ары кооз, абасы таза Соң- Көл жайлоосуна барып кымыз ичип, таза абадан дем алып, ошол менен бирге эле Соң- Көлгө суктанып жер көрүп келди. "Өзүм Жумгалдан болсом да Соң- Көлгө" биринчи жолу барышым. Ушунчалык кооз, сулуу жер экен. Абасынын тазалыгын сураба. Ушундай сулуу жерден Таттыбүбүдөй сулуулар, таланттар кантип чыкпай койсун. Бизде ушундай кооз жерлердин бар экени мени абдан кубандырат жана жерим менен сыймыктанам"- дейт ырчы. Соң- Көлдүн сулуулугуна суктанган ырчы кызыбыз белгилүү төкмө акын Элмирбектин "Булбулум" деген ырына жаңы аранжировка жасатууга да бел байлоодо.


Даярдаган
Жаркынай КАДЫРКУЛОВА