Кадам ушул…
Сен ит, мен ит
баары бир ит...пиз

Илгери Сагынбек Ишеновдун "Сандардын чатагы" деген мультфильмин көргөнбүз. Ал кыргыз мультфильмдеринин алгачкыларынан болгон. Ошондо сандар дайыны жок жерден чатакташат эмеспи… Дал ошондой болуп биздин партиялар, болгондо да парламентте позицияны түзүп турган партиялар чатакташып жаткан учуру.

Биз ортомчу болбогондон кийин, окурманыбызга тигил же бул маселени реалдуулуктан тайдырбаганга аракет кылып айтып берели дейбиз да. Чайнап берели: парламентте КСДП, "Республика", "Ар-Намыс", "Ата Мекен" партиялары коалицияга биригип, оппозицияга "Ата Журтту" калтырып, парламенттик башкаруу дегендин нанын жеп жаткандагысы. Бирок, ошол жеген нанынын даамы кээ бирине жакпай, кээси анын чанып "таттуу токочко" өтүп турганы.
Конституцияда жазылган "парламентте сөзсүз түрдө оппозиция болушу керек" деп. Ошондон улам Ташиевдин партиясы оппозицияда турат, шартка жараша эчак эле позиция тарабына өтө качмак, эмнегедир ошону каалап турушат.
Эми айталы, мен окшогон журналисттер, анан аша кеткен саясатчылар премьер-министр Өмүрбек Бабановдун тигил бул кебетесин чечмелебей туруп эле дүңүнөн сындоого өткөндөй болуп жатат. Эгерде логика куусак, ар бир адамдын баскан жолунда жаңылып-жазуулар бар, ийгилик деген сыпаттамасы бар. Ушул жагдайдан алганда Өмүрбек Бабанов элине белгилүү уулдарынын бири. Ал чоң бизнесмен.
Азыр чоң бизнесмен болуш үчүн экономикалык мыкты билим керек, адамдар менен жасачу мамилени өздөштүрүү керек… сөз кыскасы, кайсы бир тармакты банкрот кылбачу бизнесменге көп нерсе керек. Ошонун баары Бабановдо бар. Анан бир бирогу болуп жатпайбы. Бизнесмен эч качан мыкты саясатчы боло албайт деген бүтүмдү жумурай журт айтат, мурун саясат жааты коомго мыкты сиңип кеткен европалыктар айтат, биринчи иретте. Анан кыргызга ошол бойдон келет да…
Саясатчы деген бизнесмен болбошу керек экен. Анткени, адам баласы, өзгөчө кыргыз баласы, саясаттагы тапкан аброюн бизнесинин өнүгүшүнө кызмат кылдырып таштайт экен…
Ошентип, "Ата Мекен" партиясы кандай жол менен болсо да Бабановду премьер-министрликтен алып түшмөй болуп, ал жаатта бардык куралдарды сууруп жаткан кези. "Ат Мекендин" лидери Өмүрбек Текебаев жөнүндө, башкасын билбейм, жеке мен көп кырдуу ойдомун. Текебаев кыргыз саясатында өзүнүн жолу бар, бийликке каршы оппозиция кандай өңүттө күрөшүүсү керек, кай жерден мыйзам чеги бүтөт, кай жерден ачууну берки колуң менен басасың… ушунун баарын калыптандырганга аракет кылып келген инсан. Текебаевсиз кыргыз саясат тарыхын элестетүү кантип болсун!
Анан адам турмушунда аттиңдер толтура да! Нечен бир мыкты инсан басып баратып эле, мүдүрүлүп кетет, кээси оңкосунан сайылат, кээси кичине мүдүрүлүп барып ордунан туруп кетет… Текебаев саясий жолунда канча ирет оңкосунан сайылды, канча ирет кичине мүдүрүлө кетти, анын баалап бере албайм, элим айтсын. Бирок, кээ бир тайгаланган учурларын билем…
Эми айтылып жатат, мурунку кылгандары үчүн кылмыш иши козголгон, "Кыргызнефтегаздын" мурунку жетекчиси Масировду Текебаев мырза "Кыргызнефтегаздын" чоңу кылып шайлагыла деп Бабановдон суранган экен. Бабанов болсо кылмыш иши козголгон адамды кызматка коё албай турганын айткан экен. Мына ошондон улам "Ата Мекен" партиясы Бабановдун эсебин тапмакка өкмөттү отставкага кетиребиз деген ишти баштап жатат дешет.
"Ата Мекен" эптеп жатып парламентке илинген, а эмнеге андай болду эмдигиче так-даанасын билген адам жок.
Ал эми "Республика" партиясы кийин-кийин гана түзүлүп, түзүлгөндө да акчанын пачкалары менен түптөлүп, дал ошо пайдубалдын күчү менен парламентке өтүп кеткен кебете-кешпири бар. Ал партияда акылга, билимге караганда акчалуулар көп, жөн адамга караганда иттей крутойлор көп деп айтылды.
Аз күн мурун "Ар-Намыс" менен "Ата Мекен" партиялары Бабановду отставкага кетирүү керек деген чечимин кабыл алды…
Кызыгы ушул болду "Ар-Намыстын" лидери Феликс Кулов Бабановдун кемчиликтерин "маданияттуу түрдө" санап туруп анан жараксыз премьер экендигин белгиледи.
Бабанов тарап ага жооп көп күттүргөн жок. Илгери Ата Мекендик согуштун алгачкы күндөрүндө белорусстардын Орша шаарынын жанынан алгачкы жолу "Катюша" менен фашисттерге сокку ургандай кеп болду. Кулов дегениң, азыр кыйынсынганы менен, премьер кезинде парламент трибунасына келип алып: "Урматтуу Курманбек Салиевич, Сиз деген Жаныш Салиевичти Мамлекеттик күзөт кызматынын башына койбосоңуз болбойт деп кошомат кыла жүргөн, жүз миңдеген адам митингге чыгып ураалап турганда Кулов аларды сатып кеткен" дегенди айтты. А биз Бабановго каршы тура албайбыз. Анткени, анын айтканы ушул жерде орун таап олтурат.
Мен дайыма айтам, Куловдун кылгандарын Топчукебизден сурасаңыздар баарын толугу менен айтып берет. Менин оюмча, Кулов бир топ "сонун" иштерди жасап койгон, жөн иш эмес, акчанын эсеби жок иш! Демек, бирөөнү сындаардан мурун өзүм кайсы "бокту" тепсеп кеттим экен деген санаркоону ойдон чыгарбашыбыз абзел.
КСДП партиясы орто жерде тургандай сезилет. Бирок Бабановду колдоо жөнүндө ойлорунда жок болуш керек.
Биздин оюбузда, Өмүрбек Бабанов тигил-бул оюнун коюу, бирөө менен кайым айтышканын коюп, Конституцияда жазылган ишин улантышы керек. Колунан келет деп айткандар көп!
Баратбай Аракеев