Сыйыртмак...
Туратбек Мадылбеков, "Ата Мекен" фракциясынын депутаты:
"Бабановдун орду түрмөдө болот, эч качан
биздин арабызда болбойт"
- Туратбек мырза, "Ата Мекен" фракциясы кезексиз жыйынында Бабановго ишеним көрсөтпөө маселеси түгүл, кылмыш жоокерчилигине тартуу керек деген демилгени көтөрдү. Буга кандай себеп түрткү болду?
- Биздин мындай маселени көтөрүп жатканыбыз жөн жеринен эмес. Өкмөт башында таза адам болуш керек. Коомчулукка белгилүү болгондой Бабанов өкмөт башчысы болгонго чейин деле, 1-вице-премьер-министр болгондо, андан мурунтан бери эле артынан ар кандай сөздөрдү ээрчитип, чуулгандуу окуялардын үстүндө келе жатат. Мындайча айтканда шиши толду. Толгон шишик жарылууга тийиш. Ошол убак келди.
Азыркы биз айтып жаткан Турциядан алынып келген аргымак туурасындагы маселе чети гана. Бабановдун Кыргызстанга жасаган иштерине тереңдеп үңүлө турган болсок, элибиз ыйлай турган нерселер бар. Жакынкы күндөрү Бабановдун Кыргызстандын кен байлыктарын жең ичинен кантип сатканын ачыкка чыгарабыз.
Ал эми аргымак туурасында айтсак, муну пара алган катары айтсак жарашат. Түрктөр жөн эле миллион доллар турган аргымакты бере бербейт. Биздин фракция Ө.Бабанов бул кымбат баалуу аргымакты коррупциялык схемалар менен тейлөө көрсөткөндүгү үчүн белекке алган деп божомолдоп жатабыз. Эми бул боюнча укук коргоо органдары өздөрүнүн укуктук баасын беришет. Бул боюнча тиешелүү органдарга тапшырма берилди.
Коррупция менен таза күрөшөлү десек, ким экенине карабай мыйзам алдында жооп бериши милдет. Демек, өкмөт башында турган адам коррупциялык схемаларга жол берип жатса, анда кайсы коррупция менен күрөшүү тууралуу сөз кылууга болот. Андыктан бизге мындай адамдын кереги жок.
- Бажы кызматынын башчысы Кубанычбек Кулматов сиздер сөз кылып жаткан аргымактын баасы 10 миң доллар делип бажы көзөмөлүнөн катталганын маалымдады. Сиздер кайсы булактардын негизинде аргымактын баасы 1 миллион 300 миң доллар экендиги туурасында сөз кылып жатасыздар?
- Бул жөнөкөй эле арифметикалык эсеп менен чыгарылган. Ар бир аргымактын тукуму тууралуу маалымат, баалары канча турары эл аралык деңгээлде белгилүү. Муну Бабанов жакшы билет.
- Канча миллион турса деле, таза кандуу, асыл тукум малдарга мыйзам боюнча бажы төлөмү алынбасын Бажы башчысы белгилеп, аргымактын канчага сомго алынып келингени маанилүү эмес деди го...
- Эми бул боюнча Кулматов жооп бериш керек. Менимче, Бажы башчысы алдап жатат. Ал туура эмес беренени айтып жатат. Чындыгы кандай экенин текшерип чыгабыз . Дегеним, деги эле Бажы тармагы миллиондогон каражатты бюджетке түшүрбөй, сол чөнтөккө солоп коюшары көптөн бери эле айтылып келе жатпайбы. Мына 2008-жылы Кытай менен Кыргызстандын ортосундагы товар жүгүртүү 9 миллиард сомдон ашса, Бажы кызматы 750 миллион сомду түздү деп көрсөтүп жатпайбы. Калган миллиарддаган каражат кайда жоголгон. Бирөөлөрдүн чөнтөгүнө кеткен. Учурда Бажы кызматы 25 миллиард сом бюджетке түшүрөбүз деп жатышат. Менин эсебимде 40 миллиард сом түшүшү керек. Күнүнө Кытайдан 60-70 тонналык жүк менен 170тей машина кирет. Ар биринен 7 миң доллардан мамлекетке түшкөндө күнүнө 1 миллионго жакын доллар мамлекетке түшмөк.
- Бабановго кылмыш иши козголуп, ал качып кете турган болсо, "Ата Мекен" фракциясы кандай чара көрөт?
- Бабановду качырбаш керек. Биз тиешелүү органдарына тапшырма бердик. Коррупцияга каршы кызматы бул иш менен алектенет. Качырса жооп берет. Бабановдун эки гана орду бар. Түрмөдө болот, же Кыргызстанда болбойт. Эч качан биздин арабызда болбойт. Учурда ачылышын жасап койдук. Эмки төртүнчү күндөн баштап Бабанов тууралуу толгон-токой маалыматтарды беребиз.
- Бабановду өкмөт башчылыгына алып келген фракциялардын арасында коалициялык көпчүлүккө кирген "Ата Мекен" фракциясы да бар. Бабановдун жасаган аракети үчүн, "Ата Мекен" фракциясынын моралдык жоопкерчилиги болобу?
- Туура суроо бердиң. Албетте, көпчүлүк коалицияга кошулгандан кийин биз дагы кандайдыр бир жоопкерчиликти тартышыбыз керек. Бул үчүн кыргыз элинен кечирим сурайбыз. Бирок биз коалицияга кирерде Бабановдун кемчиликтерин айтып, өзүбүздүн шарттарыбызды айтып туруп киргенбиз. Бензин ташып келип жүргөндө 723 миллион сом салыкты төлөбөй, жашырып койгонун. Кийин кылмыш иши козголуп, иши сотко өтө турган болгондо токтотуп калган. Мына ушул ишти да кайра козгоп чыгыш керек. Эптеп эле акча алышты ойлогон Бабанов эч качан Кыргызстанды жыргатпайт. Учурда "Ар-Намыс", КСДП фракциялары да бизди колдоп жатышат.
- Парламент жайкы каникулга тараардын алдында "Ата Мекен" башында турган депутаттар Өкмөткө ишеним көрсөтпөө маселесин козгоп токтоп калды. Мындан улам, "Ата Мекен" фракциясы Бабанов менен сүйлөшүп алды деген сөздөр чыкты. Эми кайра Бабановго карата чукул чара көрүү керектиги туурасында маселе көтөрүп чыктыңар... Бул жерде кандайдыр оюндар жүрүп жактан жокпу?
- Муну сокур саясатчылар менен сокур серепчилер отуруп алышып чыгарышты. Буга чейин айтылган сөздөрдү жокко чыгарып, "Ата Мекен" ар дайым өз позициясын карманып иш алып барарын далилдеп бүгүнкүдөй маселени кабыргасынан коюп жатабыз. Бул иш бүгүнкү күн менен токтоп калбайт. Дагы кызык материалдарды жарыялайбыз.
- "Ата Мекен" көтөргөн азыркы Бабановго байланыштуу маселе боюнча чукул арада Жогорку Кеңештин кезексиз жыйыны чакырылабы, же бул иш сентябрда эле каралабы?
- Сентябрга чейин карайбыз. Азырынча так күнүн айтпай турайын.





Каяша...
Кубанычбек Кулматов, Бажы кызматынын жетекчиси:
"Мен керээлден кечке соттошуп жүрсөм,
анда ким иштейт?"
- Кубанычбек мырза "Ата Мекен" фракциясынын депутаты Туратбек Мадылбеков Бажы тармагында бир канча миллиондогон сом бюджетке түшпөй, жок болуп кетип жатат дегенди билдирип, ага сиз жоопкерчилик тартышыңыз керектигин белгиледи. Сиз буга эмне дээр элеңиз?
- Алгач, мен келген эки жылда бюджетке канча сом түшүрдүм, статистиканы карап көрүшсө болмок. Менимче туура эмес сөздү айтышты.
- Анда сотко бербейсизби?
- Сотко бергенде соттошуп жүрүшүм керек болот. Мен керээлден кечке соттошуп жүрсөм, анда ким иштейт?
- Өкмөт башчы Бабановго "пара" катары берилди делип айтылып жаткан аргымакты, Турциядан Кыргызстанга алып келгенде бажы төлөмдөрү төлөнбөй, акысыз өткөрүлгөндүгү боюнча токтолуп өтсөңүз?
- Баарысы мыйзам чегинде болгон. Таза кандуу, асыл тукум малдарды алып келгендер бажы төлөмдөрүн төлөшпөйт. Салык кодексинин 258-беренесинде жазылып турат. Аргымакты жыйырманчы апрелде алып келишти, 24-апрелде оформления кылдык. Биз тараптан эч кандай мыйзам бузган көрүнүштөр болгон эмес. Турциядан алынып келген аргымактын бардык документтери бар. Документ боюнча баасы 10 миң доллар деп көрсөтүлгөн. Бирок бир нече миллион сомго алынып келсе деле, мамлекет үчүн эч пайда түшпөйт. Себеби мыйзамда жазылып турат, "таза кандуу, асыл тукум малдарга салык алынбайт" делип. Андыктан мамлекетке эч салык төлөнбөгөндөн кийин, канча сомго алынып келгенинде айырма жок.
- Документ боюнча аталган аргымак Хункар Адали аттуу бизнесмен түрк жаранынын атынан алынып келген. Бирок Хункар Адали Кыргызстанда болгон эмес деген пикирлер айтылды. Анда декларацияга ким кол койгон болот?
- Декларацияга Хункар Адали өзү кол койгон. Чындап өзү кол койгонбу, же башка бирөөбү аны Башкы прокуратура, УКМК сыяктуу тиешелүү органдар аныкташсын. Документ боюнча Адалинин өзүнүн колу турат. Эгер өзү кол койбосо, ишеним өкүлү деп жазып коёт эле да. Эгер Хункар Адалинин Кыргызстанга келген-келбегени шек туудуруп жатса, аны Чек ара кызматынан сураш керек.
Бетти даярдаган
Алмаз ТЕМИРБЕК уулу