presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



Кыргыз Эл артисти
Бакыт Карагулов:
"Кылым карыткан күндөрүм кинодо"
- Бакыт, эч качан изденүүсүн токтотпогон адамдар - чыгармачылык адамдар, ушул азыр сен эмнени издеп-изилдеп жатасың?
- Мен азыр патетикадан алысмын, бирок, Айтматовдун улуу сөзү бар го "Баары бүттү, ушул жетет дегенде анын өлгөнү" деп. Демек менин изилдеп, издегеним эч качан токтобойт эмеспи… Баткен окуясы мени чоң ойго салат да. Жапжаш балдар ок астында калганы аябай ойго салат, алар эмнеге умтулушчу эле, эмнени ойлочу эле, үмүтү кандай эле… ошолорду жалпылаштырып толук метраждуу фильм тартсамбы деп турам. Үч-төрт жылдан бери ошонун үстүндө иштеп жатам. Биз сырттан душман басып келген биринчи республикабыз. Коңшулаш Өзбек республикасына террористтерди өткөзбөш үчүн биздин балдарыбыз жанын кыйышты. Бул эч кандай саясат аралашпаган тарыхый чындык. Эч качан, ким да болбосун коңшунун үйү күйсө, ал сага да келишин таптакыр унутпашыбыз керек.
- Бакыт, мен жакында эле кайсы бир гезиттен окуп калдым Тимур Бекмамбетов "Джентельмены удачи" деген фильмди, Сергей Бондарчук "Кавказская пленница" деген фильмди кайрадан тартып жатышыптыр. Сага суроо: Совет киносунун классикалык үлгүлөрүнөн болуп калган фильмдерди кайрадан тартуу жөндүүбү, экинчи суроом- кыргызда ошолордукундай практика барбы?
- Жакында мен "Двенадцать стульев" киносунун жаңы версиясын көрдүм. Чынын айтайын, мага таптакыр жаккан жок. Себеби, Ильф менен Петровдун сырдуу чыгармачылык боёкторунун, терең ойлорунун бири да ачылбай калган. Бул фильмде атактуу актёрлор ойношкон, кинонун жакшы чыгышына алар деле жардам бере албаптыр. Демек, мурункудан жакшы кыла албагандан кийин тек койгону жакшы да.
Мен Толстойдун чыгармаларынан "Анна Каренинанын" кино түрүндөгү эки версиясын көрдүм. Мага экөө тең жакты, бирин орустар, экинчисин италиялыктар койгон. Алар чыгарманын эквивалентин табышкан, мындайча айтканда, Толстойду орустун жана италиялыктардын көзү менен караган. Маселен, италиялыктар орустар өздөрү көрбөй калган Толстойдун улуу ойлорун таба алышкан.
Ал эми мурун тартылып, элге кеңири белгилүү болуп, классикалык түрдө жашап калган фильмдерди кайра тартууда көптөгөн баалуулуктарын жоготуп алат болуш керек. Мурунку күндүн боёктору жоголуп, азыркы менен "сырдап" жатышпайбы…
1996-жылы Берлинде өткөн Эл аралык кинофестивалда "Независимая газетанын" кабарчысы Нея Зоркая Чыңгыз Айтматовдон: "Сиздин кайсы чыгармаңыз мыкты экрандаштырылган?" деген суроосуна, Чыңгыз Айтматов: "Бороонду бекет" деген чыгармам мыкты экрандаштырылган деп ойлойм. Себеби, чыгарма жөн эле экрандаштырылбыстан, анын ылайыктуу киноверсиясы табылган" деп айткан.
- Ошол канчанчы фильмиң эле?
- Ал фильм үчүнчүсү, биринчиси- Ашым Жакыпбековдун чыгармасынын негизинде жазылган "Айдагы жезкемпир", экинчиси- "Бетме-беттин" негизинде тартылган - "Куш өмүр" фильми.
"Борондуу бекет" Эл аралык Берлин кинофестивалынын "Алтын камера" сыйлыгына татыктуу болгон. Айта кетейин, "Айдагы жезкемпир" Бүткүл союздук балдардын "Жомок" аттуу кинофестивалынын Атайын сыйлыгын алган.
- Кино кайсы бир улуттун жашоосун, салт-санаасын, мүнөзүн, жерин ж.б. жактарын башка улуттарга жеткирүүнү, даңазалоонун эң таасирдүү жолу эмеспи. Маселен, Индиянын кинолорун көрө берип биз ал өлкөнү бейиштей кабыл алган убагыбыз да болгон. Ал эми чындыгында Индияда балит көрүнүштөр толо да… Биздин кино искусствобуз өткөн кылымдын 60-80-жылдарында дүйнөгө белгилүү болбодубу. Ошол кинолор белгилүүлүктү алып келген кыргыз турмушун өтө эле бечара көрсөтүп, калпак менен тебетейди тескери кийгизип, килейген сөөктү жанталаштыра мүлжүтүп ж.б. "жапайы экзотика" тартуулап сунуш кылынган кинолордой элестете берем. Сен эмне дедиң?
- Биз тарыхыбызды, элибиздин кылым карытып келген салт-санаасын… бешик ырын… баарын-баарын сынынан жаздырбай кабыл алышыбыз, эсибизде сактап жүрүшүбүз керек. Мисалы, таш бетинде калган тарыхыбызды өчүрүп салганга акыбыз жок. Анткени, кийинки муундун алдындагы жоопкерчилигибиз жогору болуш керек, алар бурмаланган тарыхтан тарбия албасын… Бурмалаган тарых боюнча Мао-Цзе-Дундун жакшы айтканы бар: "Если искажать историю, он будет далек от истины" деп. Туура айтылган кеп да…
Эми өткөн кылымда тартылган фильмдердин дээрлиги, жанагы сен айтып кеткендей, улуттук улуулуктардан алыстап, анын көлөкө жактарын көрсөтүүгө аракет кылышкан. Кызык, кайсы бир улуттун кем жактарын көрсөткөн фильмдерди башка улуттар бат эле кабыл алат.
Мурда "кыргыз керемети" деп бааланган "Бакайдын жайыты", "Тайгак кечүү", "Караш-караш окуясы" фильмдеринин бийик деңгээлине жеткен фильмдер жок. Алар өтө эле алдыга кетип калган.
- Мен кийинки күндөрү жаш ырчылардын ырларын укпай да калдым. Анткени, обонунун дайны жок, сөзү киши уккус тантык, анан ал экөө бириксе эмне деген балээ ыр… жан-дүйнөңдү оорутуп таштайт. Анын сыңары ушул азыр кино тарткандар, одоно айтканда "иттин кара капталынан" болуп кетти окшойт. Эрте ойгондор эле кино тартып жаткандай. Сага ошондой сезилген жокпу?
- "Инжилде" жакшы айтылган кеп бар: "Акыр заман келерде бүбү-бакшы көбөйөт" деген. Анын сыңарындай, беш-он сом таап алып, эрте турганы эле кино тартып жатпайбы. Аттары да кызык "Үшүгөн таан", "Шишиген тоок", "Сууга аккан тапичке", "Ток урган мышык" ж.б. Өзүң деле көрсөң, бөз кездемеси эч убакта баркыт боло албайт, эч убакта кымбат баалуу материал боло албайт. Бир-эки күндө тартылган киного эмне баа, ошол бөздөй болуп кала берет да!
- Ушул элди тескери табитке тарбиялап же түшүнгөндөрдү жийиркентип жаткан агымды токтотууга болбойбу?
- Эми ал көрүнүштү кандайдыр бир мыйзам менен токтотууга болбойт. Бирок, эл жаман-жакшысын ылгап, жаманын таман алдында калтырары бар. Убакыт өтсө баары орду-ордуна келиш керек.
- Азыр "Кыргызфильмофонддун" деректирисиң, эл кайсы кинону көрөрүн билесиң. Ошондон айтсаң?
- Мен республиканын дээрлик бардык жерин кыдырып, кыргыздын жаңы жана эски фильмдерин көрсөтүп келдим. Жаңы фильмдерге эл таптакыр кызыкпайт экен. Ал эми "Караш-караш окуясы", "Бакайдын жайыты", "Кызыл алма", "Бетме-бет", "Бороондуу бекет", "Маңкурт" ж.б. мурунку фильмдерди эл, анын ичинде өзгөчө мектеп жашындагы балдар аябай кызыгып көрөт экен. Ушундан эле ошол мурунку кинолордун мааниси азыркы кинолордукуна караганда жогору экени билинип жатпайбы.
Жогоруда айтпадымбы, азыр эриккендин баары эле кино тартабыз деп жүрөт окшойт. Бир анекдот айтып берейин да. Килейген карагайдын бутагында карга конуп турат экен, жанынан өтүп бараткан аюу сурайт: "Эй, карга, ал жерде эмне отурасың?" деп, карга: "Жиндиленип эле отурам, кел сен дагы отур" дейт. Аюу келип отурат. Аздан кийин карышкыр өтүп баратып сурайт: "Ой, ал жерде эмне олтурасыңар?" дейт, тигилер: "Жөн эле жиндиленип олтурабыз, кел сен дагы олтур" дейт. Карышкыр келип олтурат. Андан кийин түлкү кетип баратып тигилердин жанына олтурары менен бутак "карс" сынып кетет. Ошондо карга уча качып баратып кыйкырат дейт: "Эй келесоолор, жиндиленгенден мурун учканды үйрөнүп албайт белеңер" деп.
- Түптүз эле биздин кийинки режиссёр чалыштарга арналып чыгарылгандай экен… Кайсы бир жолу жанагы Расул кызы Айгерим деген ырчы айтыптыр го, кино тартканы жатам деп. Мен таң калдым, же кино жаатында билими жок болсо, же кайсы бир таланттуу кинорежиссёрдон таалим албаса, кинону кантип тартат деп?!
- Аталарыбыз бекер жерден айткан эмес, "билими бар миңди, билеги жоон бирди жыгат" деп. Маселенин баары алган билимде болот. Кино жагынан эч кандай билим албаса, жок эле дегенде белгилүү режиссёрду бир-эки күн ээрчибесе, анан эле көргөн кинолорунун негизинде режиссёр болуп кетүү болбогон иш. Ал иш эч качан жемишин бербейт. Кыскасы, "бөдөнөнү сойсо да касапчы сойсун"!
- Бизде иштеген балдар Нурбек Эген дегендин "Ээн үй" аттуу киносун көрүп келишип гезитибизге жазды эле. Ошондо ушундай жаман, зыяндуу кино бар экенин уккам. Андан кийин да ал кино жөнүндө көп адамдан көп уктум, "бул кино кыргыз улутун өлтүрө турган кино" деп. Сенин пикириң?
- Аты айтып тургандай ээн үй, ээн үйдө шайтан-шабырт, үңкүр-маңкүрлөр болот. Айтматовдун бир жакшы сөзү бар: "Жерди көрүш үчүн сөзсүз түрдө космоско чыгыш керекпи?" деген. Кыргыздын улуулугун, ыйыктыгын, ыймандуулугун аккарасынан көрсөтүш үчүн Москвадан окуп келди беле?! Чыгармачыл катары ал инсан деле эмес! Ошон үчүн жанагыдай кино жаратып жатат да.
- Бирок, кыргызды жаман аттуу кылып салбадыбы. Ошол жагынан "чыгармачыл инсан" болуп жүрбөсүн?
- "Ийри таяктан көлөкө түшпөйт".
- Бакыт, мен билгенден сен Чыңгыз Айтматов менен илгертен эле байланышта болуп жүрдүң. Анын чыгармалары го белгилүү, а өзүнүн адамдыгы сага кайсы жеринен көрүнчү эле?
- Анын улуулугу жөнөкөйлүгүндө болчу. Ал гений менен да, селсаяк менен да бирдей сүйлөшө алган, бирдей мамиле кылган пайгамбардай Улуу адам эле…
Чыңгыз Айтматов менен алгачкы ирет Москвадагы кинофестивалда таанышкам. Ошондо КМУда окучумун. Москвага атайын Акира Куросаваны көрөм деп барган болчумун… Жайнаган чет өлкөлүктөрдүн арасында Чыңгыз Айтматов туруптур. Түз эле барып салам айтсам, ал чочуп кетти: "Ой, сен кимсиң?!" деп. "Мен студентмин, Куросаваны көрөйүн деп келдим" дедим. Ал таң калды: "Атайын Куросаваны көрөйүн деппи?". "Ооба" дедим. Ошондо Айтматов котормочусун ээрчитип Куросавага барып мени көрсөтүп: "Бу жигит Сизди көргөнү келиптир, Сиздин чыгармачылыкты аябай баалаган жигит" экен деди. Мен Куросаваны карап: "Мен Сиздин "Расамен" деген фильмиңизди жакшы билем" деп жибердим, толкунданганды айтпа, тим эле тер кетти… Куросава жылмайып бир нерсе айтты "ишиңизге ийигилик каалайм" дептир. Ошону менен Куросавага экинчи ирет кезигишкен жокмун. Бирок, анын бардык фильмдерин көрүп, үйрөнүп чыктым… Айтматов менен, Куросава менен ошол жолугушуумдан кийин менин турмушум кылым карыткан кино турмуш болуп калды окшойт.
Ал эми ошондон баштап Чыңгыз Айтматов менен чыгармачылык байланышта болуп келдим. "Бетме-бет", "Бороондуу бекет", "Саманчынын жолу", "Маңкурт" фильмдерин тарттым.
- Айтматовдун ал кинолоруңа берген баасы кандай эле?
- Жогоруда айтпадымбы, "Бороондуу бекетке" берген баасын… Ал киши Берлиндеги кинофестивалда үч сааттан ашык убакыт тике туруп көрармандардын суроолоруна жооп бергенде менин киномо аябай ыраазы болгон.
Кийин "Котбус" кинофестивалынын 10 жылдык юбилейин "Саманчынын жолу" фильми менен ачкан. Ошондо Айтматов: "Европа сыяктуу үйлөр урап, өрттөнүп, талаалары танканын алдында калбаса дагы, согуш кезиндеги кыргыздын кичинекей айылындагы трагедия ошол согуш өткөн жерлердегидей эле болгон, фильм ошону мыкты чагылдырган" деген.
- Кыргыз киносу азыркы тескери кеткен жолу менен кете береби же бир убакта мыкты кинолор жаралабы?
- Кыргыздын уучу куру эмес, жакында түзүлгөн департмент кино тармагындагы бардык чыгармачыл адамдарды чакырып тегерек стол уюштурду. Ошондо кыргыз киносунун көйгөйлүү маселелери боюнча талкуу болду, талаштык, тартыштык, пикирлерибизди кеңири айттык. Мындан ары ар бир жаңы чыккан фильмдерди көзөмөлгө алуу, алардын көркөм деңгээлин аныктоо үчүн көркөм кеңештен өткөзүү керек экендиги айтылды. Анан дагы прокат маселеси- кинолорду республикабыздын аймагында көрсөтүү маселеси каралды. Азыр республикадагы 40тан ашуун клубдар, кинотеатрлар оңоп-түздөлүп жатат, оңдолуп бүткөндөрү бар. Ал жерлерде эми такай кыргыз кинолору көрсөтүлүп турат. Сөз кыскасы, мындан кийин прокатка мыкты тартылган кинолор гана чыгып, элдин калың катмарына тартууланат.
- Ленинди кандай көрүп жатканыбыз экинчи маселе болсун, мына ошол адамдын айтканы бар го "искусствонун эң таасирдүүсү -кино" деп. Демек, жакшы кино тартсак, кийинки муун жакшы тарбия алат деген кеп да. Ошондо, канча жылдан кийин кино өз милдетин аткара баштайт дейсиң?
- "Көч жүрө-жүрө түзөлөт" дейт, кино жагындагы жакшылык келер…Бирок, биз көп нерсени жоготуп алдык. Материалдык база, кинону каржылообуз өзүнүн деңгээлине келсе, кино тартчу мүмкүнчүлүктөрүбүз өтө жогору, кино тартчу азаматтардан куру эмеспиз дегенди айтып жатам.
- Демек, баары келип эле акчага такалат тура?
- Эң туура.
- Кийинки мезгилде бузулуп бара жаткан "жүрүш-туруштарыбызды" кинонун жардамы менен оңдоп алар белек?
- Илгери кемегенин жанына небересин мойнуна олтургузуп очок өчүрбөй от көсөгөн кемпирлерибиз калбады, жаан көнөкөп төгүп жатканда Саякбайдын "Манасын" көздөн жаш ала уккан чал-кемпирлерибиз жок, капыстан жоо келсе жылаңач төшүн найзага тоскон кер мурут жигиттерибиз жок, үйгө алды менен кирип арты менен кирген келиндерибиз жок, акыркы бир сындырым нанын өңгөгө берген боорукерлигибиз, айкөлдүгүбүз жок… Мына ушундай кырдаалда кино дагы , көркөм адабият дагы, ыр менен бий дагы жакшылык кууп, элибиздин илгертен келаткан мыкты сапаттарын кайтарууга жардам бериш керек… Карачы, жүрөк ооруйт, митингдердин алдында жүргөн аялдар иттин башындай төшүн балактатып, жүрөк титиреткен оозго алгыс сөздөрдү айтып, кимди да болбосун беттен алчудай жулунгандар, жол жээгинде жатып алып соткасын кулагына такаган кемпир: "Качан кыйкырабыз… айтам эле" деп жаман сөзүн даярдап жаткан кемпир… эми жүрөктү оорутуп баарын айта бербейли. Калыгул атабыздын: Кызыл такым какылдактар чыгар, өөдүк-сөөдүк ырдаган акын чыгар" дегин турмушка ашып жатпайбы. Бул кыргыз улутун трагедиясы. Турмушубуз ошондой жийиркеничтүү көрүнүштөр кезигип жаткандыктан ошого жараша кинолор тартылып жатпайбы… Кандай болгон күндө да пессимистикке алдырбайбыз, ар кандай кыйын кырдаалда элин жакшы жакка баштаган азаматтар болгон. Бизде да ошондой азаматтар бар. Эң негизгиси кыргызды кыргыз кылган, аны улут катары сактап келген Улуу "Манасыбыз" бар. Ал турганда бизди эч бир жаман көрүнүш жеңе албайт, улутубуздун түпкү мыктылыгы түбөлүктүү!
- Сен азыркы кыргыз режиссерлорунун алдыңкы сабындасың, тиги-буга кыраакы көз карашың бар дегендей… Ошондо айтсаң, канча жылдан кийин каалаган турмушубуз келет?
- Бир күнү сокурга кудай жолугуп: "Пендем, аябай кор болдуң го, бир күндүк жарык берейинби, же миң күндүк караңгылык менен жүрө бересиңби?" дейт. Анда сокур: "Кудайым, мен го караңгылыкка көнүп алдым, андан көрө калгандардын баарын мендей кылып темселетип койчу" деген экен. Биз сокурдун "философиясы" менен жашабасак, анда жакшы турмушка жетебиз.
Маектешкен
Баратбай Аракеев





кыргыз тилиндеги гезит "Учур"





??.??