presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



Маданият майданында...
Садык Шер, "Айтыш" коомдук уюмунун төрагасы:
"Бул үчүн биз өкмөттү
сотко берсек да болот..."
- Садык байке, учурда Курманжан Датка киносун тартабыз дегениңиздер менен каражат жетишсиз болуп жаткан экен, жакында эле өкмөт кино тартууга 40 миллион сом бөлүп, ал каражаттын да жетпей тургандыгын айтып чыктыңыздар. Жалпысынан кино тартууга канча каражат сарпталчудай?
- Өлкөбүз эгемендүүлүккө ээ болгондон бери кыргыз өкмөтү биринчи жолу кино тармагына ушундай көп өлчөмдөгү, тактап айтканда, 40 миллион сом каражат бөлдү. Бирок, бул каражат кыргыз экономикасында чоң акча болуп эсептелгени менен кино тармагына келгенде андай деле көп акча эмес. Себеби, бүгүнкү күндө кино тармагын жөнгө салган "Кыргыз кино студиясынын" абалы абдан оор. Мамлекет тарабынан көңүл бурулбагандыктан, студиядагы техникалардын бардыгы эскирип, жарактан чыккан. Техника жок, кино тартууга мүмкүн болбой, берилген 40 миллиондун 5 миллиондон ашыгын аталган студиядагы техникаларды жаңылоого жумшадык. Андан тышкары киного тартылуучу каскадёрлор 5 миллион сом сурады эле аларга акча аз бөлүнгөнүн айтып, алар 3 миллион сомго тартылып бермей болушту. Ошентип азыр биздин колубузда 32 миллион сомдун тегерегинде каражат калды. Эгер каражат жетиштүү болсо, Кокон хандыгындагы орус аскерлеринин санын 500гө жеткизип, аталган хандыктын бийликтен алынышын ачык чагылдырып берсекпи деп ойлогонбуз. Тилекке каршы өкмөттөн биз ойлогондой каражат бөлүнбөй, пландарыбыздын бардыгы өзгөрүлдү. Ошентсе да, баштаган ишти аягына чыгалы деп учурда кинону тартуу менен алектенип жатабыз. Учурда кинонун 20 пайыздан ашыгы тартылып бүттү. Буйруса 15 күндөн кийин Курманжан Датка энебиз мекендеген Алай жергесине барып бир ай тартып, андан кийин Чүй боорунда андан соң каражатка жараша Кыргызстандан тышкары Бухара ж.б. Кокон хандыгы жердеген аймактарда дагы тартсакпы деген ойдобуз.
Ал эми киного кетчү каражат боюнча айта турган болсом, өкмөт берген 40 миллион сом арзыбаган акча. Өкмөттү карап отура бергенден пайда жок, андан көрө өзүбүз аракет кылып, кыймылдашыбыз керек. Мен мисалы, өзүм жетектеген "Айтыш кино студиясы" аркылуу кинонун тартылышына өз салымымды кошуудамын. Анткени биздин студиянын техникалары башкалардыкына караганда жаңы болгондуктан, аталган кинонун көпчүлүк бөлүгү биздин техникалар менен тартылууда. Эсептеп көрсөм, жалпысынан аталган киного "Айтыш" кино студиясы 2, 5 миллион сомго жакын каражат кошчудайбыз.
- Кинону кайсыл убактарда тартып бүтүп, коомчулуктун сынына коёсуздар?
- Буйруса кийинки жылдын аягында бүтүп калат го деген ойдобуз, эгер чыгармачыл жамаатка Кудай күч берип, ишти илгерилетсе андан деле эрте бүтүп калышыбыз мүмкүн.
- Киного тартылып жаткан актёр-актрисалардын чыгармачылык деңгээли канааттандыраарлыкпы?
- Башынан айтып бере турган болсом, Султан Раев, Бакыт Турдубаев деген кыргызга белгилүү инсандар мени менен кошо сценарий жазып, кинонун тартылышына өз салымдарын кошуп жатат. Оператор болсо, буга чейин көптөгөн кинолорду тартып келген Мурат Алиев, сүрөтчүлөр Жамал Кожакматова, КРнын Эл артисти Адылбек Абдыкалыков ж.б. Ал эми актёр-актрисалар чындыгында бүгүнкү күнү Кыргызстанда актёрдук кесипке ээ болгон артисттер аз. Болсо дагы алардын жашы өтүп, карып калышты. Ошондуктан биз билими жок болсо дагы буга чейин көпчүлүк кинолорго тартылып келген жаш артисттер менен иштешүүгө туура келип жатат. Мисалы, башкы каарман Курманжан Датка энебиздин ролун Элина Абай кызы аткарууда. Албетте, анын артисттик чеберчилиги канааттандырарлык. .
- Алардын эмгек акысы кандай болууда?
- Эмгек акысы көңүл жылытаарлык эмес, күнүнө 500 сомдон төлөп берип жатабыз. Артисттердин баары акча үчүн эмес, кино үчүн тартылып жатышат.
- Жогоруда өкмөт берген 40 миллион сом аз экенин баса белгилеп айтып кеттиңиз, өкмөт 40 миллион эмес, андан көп берсе болот беле?
- Өкмөттө иштеген чиновниктердин, депутаттардын көбү кино кандай болуп тартылаарын түшүнүшпөйт, ошол себептен ушундай аз каражатты бөлүштү. Эгер биз каражат аз деп тартпай койсок, анда өкмөт каражат берсек тартпай койду деп бизди күнөөлөшү мүмкүн. Ошондуктан биз берилген каражаттын жетишинче кинону тартып, өкмөткө далилдеп берели деп жатабыз.
- Өткөндө "ЭЛТР" телеканалы аркылуу таңдан кечке Манас айткан манасчыларга бир миллион сом берген экенсиз...
- Манасчыларга буга чейин убада берип койгонбуз, ошол себептен сөзүбүзгө туруп, берген убадабызды аткаралы деп аталган каражатты бердик. Ошону менен бирге эле акындардын айтышын дагы унутта калтырган жокпуз. Буйруса ушул айдын аягында жылына өткөрүлүп келгендей эле акындардын айтыштык сынагы өткөрүлөт. Андан тышкары Манасчылар арасында дагы сынак жүрүүдө. Кыскасы, кино менен бирге эле аталган өнөрлөрдү дагы өнүктүрүү менен алекпиз.
- Аталган өнөрлөрдү мамлекет кандай колдоп жатат?
- Мамлекеттин колдоосу өзүнчө бирок, биз "Айтыш" коомдук уюму мамлекеттен бир сом алган жокпуз. Ушул кезге чейин элдин колдоосу менен иш алып барып келе жатабыз.
- Экс-Маданият министри катары учурдагы министр И. Жунусовдун ишине кандай баа бересиз?
- Кызматтан кеткенден кийин кийинки жетекчинин ишине баа берүү туура эмес болуп калат го. Эгер И. Жунусов туура эмес иш жасап жатса, ал кишиге туура эмес кылып жатасың деп ачык эле айтам. Экс-президент Роза Отунбаева президент болуп турганда маданият тармагын бир топ эле жандантты эле, тилекке каршы учурда аталган тармак мурдагы кейпине кайра келди. Экс-президенттин убагында аткарылган иштерге токтоло турган болсок, бир канча жылдан бери каралбай келген Т. Абдумомунов атындагы Кыргыз драма театры ремонттолуп, ишке кирди. Улуттук консерватория, Улуттук китепкана жаңыланды. Министрликтин бюджети 40 пайызга жогорулап, маданият кызматкерлеринин айлык акылары көбөйдү. Айтор ушул сыяктуу бир топ иштер аткарылды. Мыйзам боюнча маданият тармагына башка тармактарга салыштырмалуу 3 пайыздан ашык акча бөлүнүш керек. Ал эми азыр өкмөт маданиятка бир пайызга жетпеген акча бөлүп жатат. Бул деген түздөн-түз мыйзамды бузуу болуп эсептелет. Бул үчүн биз өкмөттү сотко берсек да болот. Керек болсо эл аралык сотко чейин кайралып, укугубузду коргошубуз керек. Ачык эле айтайын буга чейин жана бүгүнкү күнү бийликте отурган адамдардын бирөө дагы маданият туурасында ооз ачпайт. Кызмат бөлүштүргөндө чиновниктер бул кызмат майлуу, бул кызматка баруу керек деп кадимкидей жандалбас уруп аракеттенишет экен. Айталы ИИМ, Коргоо министрлиги, Бажы кызматы сыяктуу жогору кызматтар майлуу орун болуп эсептелсе, Маданият министрлиги жарды кызмат болуп эсептелерин байкадым. Ошол себептен аталган министрликти партиялар дагы алгысы келбейт экен. Андыктан, Маданият министрлигин түздөн-түз президентке каратып, президенттин алдында иш алып баргыдай кылып түзүү зарыл.
- Өткөндө белгилүү кинорежиссёр Болот Шамшиев Казакстанга жатып алып, "кыргыз кинолорунун иши бүттү" дегендей пикирин билдирген экен, бул боюнча эмнелерди айта аласыз?
- Эми ал киши кыргыз киносундагы алгачкы режиссёрлордон болгондуктан, кандай айтса укуктуу деп эсептейм. Бирок Болот агабыздын учурунда мамлекет кино тармагына аябагандай көп акча бөлүп, акчанын күчү менен мыкты кинолор тартылганын жашырууга болбойт. Эгер азыркы режиссёрлорго деле мамлекет тарабынан ошондой каражат бөлүнсө, азыркылар деле Шамшиевдикине окшогон мыкты кинолорду тартышмак.
- Эки жылдан бери Манас кинотеатрын иштетип келе жатасыз, кинолор тынбай эле коюлуп жатат дегендей, сыр болбосо эки жыл аралыгында канча акча таптыңыз?
- Убактылуу өкмөттүн учурунда Маданият министри болуп турган Рыскелди Момбековго "кинотеатрды ремонттоп иштетейин" десем ал киши туура көргөн. Ошондон бери кинотеатрды ремонттоп, иштетип келе жатам. Ремонт иштерине миллион долларга жакын каражат сарпталган. Ачылгандан бери кинотеатрга бир миллионго жакын адам кирген экен. Бирок ушул кезге чейин кеткен чыгымымды таба элекмин. Коомчулук сатып алган экен деп түшүнбөсүн, театр мамлекеттин менчигинде.
Маектешкен
Мирлан Алымбаев





кыргыз тилиндеги гезит "Учур"





??.??