presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



Орозбек МОЛДАЛИЕВ, саясат таануучу:
"Бул парламентти таратсак, ордуна ким келет?"
- Күзүндө же парламент тарайт, же өкмөт отставкага кетет деген прогноздор айтыла баштады. Экөөнүн кайсынысы кеткени дурус?
- Эл үчүн экөө тең эле ымалага келип иштешкени дурус. Албетте, өкмөттө кемчилик көп болуп атат. Бирок, ушул өкмөттү парламент өзү бекитип бербеди беле. Өкмөттү кетиребиз деп коюп эле эл өкүлдөрү өзүлөрү кайра айнып кетишет. "Кетиребиз" дегенди бир оюн кылып алгандай. "Депутаттар сатылып кетип жатат" деген да сөздөр чыгып атат. Чынын айтканда, бул өкмөт иштегенден бери элдин турмушу оңолуп кеткен жок. Баалар күндөн күнгө асмандап атат. Башкасын айтпаганда да, нандын баасы кымбаттоодо. Өкмөт ушуга каршы чара көрө албагандан кийин элди эмне кылып жыргатат?
- Парламентти таратуу тууралуу акыркы убакта байма-бай пикирлер айтылып баштады. Бул ким үчүн ыңгайлуу?
- Мыйзам чыгаруу бийлиги менен өкмөт тирешип калса, анда президент арбитр болуп чыгышы керек. Жакшы идеяларын сунуш кылышы керек. Парламентти таркатуу керекпи же жокпу деп президент өзү таразалап көрүшү зарыл. Азыркы Жогорку Кеңешти таратканда мындан жакшы парламентти шайлап, алып келүүгө биздин шайлоочулардын аң-сезими даярбы (?) деген маселе келип чыгат да. Шайлоого келгенде эле карайлап ун, кант, арак, акчага сатылып кетип, "укмуштай" партиялар, түзүлгөнүнө бир жыл боло элек партиялар жеңип чыгып атпайбы. Партия деген көп жыл иштеп, өзүнүн ишмердүүлүгүн, позициясын көрсөтүп, калыптаныш керек да. Мына, мисалы, эгемендүүлүктөн кийин түзүлгөн КСДП менен "Ата Мекен", ушул эки партия жеңишке жетип, парламентке келип отурат. "Ата-Журт" менен "Республика" болсо шайлоонун астында эле түзүлө калышты. "Ар-Намыс" көп жылдан берки жүргөн партия, бирок, кайсы бир учурларда өзүнүн күчүн жоготуп, аны толуктай албай калган партиялардан болуп калды. Азыркы парламент аздыр-көптүр тажрыйба алып, үйрөнүп келатат, ушулардын эле иштей бергени оң го. Азыр бул парламентти таратып жиберсек, алардын ордуна ким келет?
- Оппозициянын акыбалы кандай?
- Азыр бир күчтүү оппозиция деле жок. Бирдиктүү, конструктивдүү оппозиция болуп чыкса, мамлекеттин алдыга жылганына жакшыраак салым болмок да. "Ата-Журт" өзү "Мына биз оппозицияга келдик эми толтура компроматтарды алып чыгып, четинен баарын талкалайбыз" деп коркутушкан. Ошондо эле булар оппозиция дегенди компроматтардын согушу деп түшүнөөрү көрүнгөн. Мыйзамсыз иштерди айтыш үчүн сөзсүз эле оппозицияда болуш керек эмес да. Ал кылмышты билип, бирок "оппозицияга келгенде айтам" деп жашырып жүргөн үчүн дагы жоопкерчилик каралган. Парламенттик оппозициябыз өзүнүн ичинен ыдырап жатат. Бул эми партиялардын табиятында боло бере турган иш. Бирок, кеп алардын конструктивдүү кадамдары болбой жатканында болуп атпайбы. Өкмөттү сындап атышат, ошол эле учурда ал маселени "мындай кылып чечсе болмок" деген альтернативдик сунуштары болуш керек да. Буларда андай жок болуп атат. "Бабанов жаман, бул Айдардын досу, Максимдин досу" дегенден көтөрүлө албай жатышат да. Оппозициябыздын деңгээли ушул.
Гульнара АЛЫМОВА ,
Focus.kg





кыргыз тилиндеги гезит "Учур"





??.??