presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



Азикеңден ачык кеп...
Азимбек Бекназаров, саясатчы:
"Президент мага кызмат сунуштады, мен ойлонуп жатам..."
"Зайнидин Курманов менен эркекче сүйлөшүп алам..."
- Азимбек Анаркулович, алгач Зайнидин Курмановдун сиз тууралуу коомчулукка жар салган билдирүүсү тууралуу сүйлөшсөк. Ал киши сизди "жеткен коррупционер" кылып койду. Кандай кабыл алдыңыз? Айтар жообуңуз барбы?
- Кыргызда "Өз башындагы төөнү көрбөй, бирөөнүн башындагы чөптү көрөт" - деген таамай айтылган жакшы сөз бар. Ушул сөз бул жолу Курмановго ылайык болуп турат. Экинчиден ал жөнүндө айта турган сөз көп. Зайнидин Курманов өзү ким? Кыргыз саясатында кандай орду бар? Коомчулуктагы кадыр-баркы кандай? Бул суроолордун жообун эл жакшы билет. Кайсы бийлик болбосун, колтугуна кирип, кошомат кылып келген адам. Ал Акаевди да, Бакиевди да укмуш колдоп келди. Акаевдин учурунда Үзөнгү-Кууш кытайларга кетип жатканда ЖКнын трибунасынан укмуш колдоп, кытайларга жан тартып: "Бул жер Кытайга туура берилди" - деп сүйлөп чыккан. Тарыхчы сөрөй болуп: "Ысык-Көлдүн түбүндө шаар бар. Ал шаар калмактарга тиешелүү"- деп сүйлөгөн. Ал мени менен спикер болуп турганда "Азаттыктын" "Ыңгайсыз суроолоруна" чыкканда Бакиевдин кызыкчылыгы үчүн: "Кыргыздын менталитетине монархиялык республика жарашат. Мамлекеттик кеңеш киргизебиз. Ал президентти аныктайт"- деп айткан. Мындайча айтканда, Максимге бийликти толук өткөрүп берүүгө жандалбас кылган адам. Каркыра жайлоосу сатылганда, "Түндүк электро", "Чыгыш электролор", электр энергиянын баасы көтөрүлүп жатканда, Көлдөгү төрт пансионат казактарга кетип жатканда, анын позициясы Бакиевдердин позициясы менен бир болгон. "Макул, сатылсын, көтөрүлсүн" деп гана добуш берип турган. Курмановдун саясаттагы пастыгын да, адамгерчиликсиз экенин да далил менен айта алам. Мисалды, Медет Садыркулов аны 2000-жылы "Моя страна" деген партиясы менен депутат кылды, андан кийин "Ак жол" аркылуу депутат кылып, спикерликке көтөрүп койду. Бирок Садыркулов мыкаачылык менен өлтүрүлгөндө, калыс сөзүн айтканга жарабай калчылдап турду го, көрмөксөн, билмексен болуп, анан ушул адамгерчиликке жатабы? А, Бекназаров кийин Башпрокурор болгондо, ошол Курмановдор сатмакчы болгон стратегиялык объектилерди өз ордуна койгонго чоң салым кошту. Эми салыштырып көргүлө, кимибиз коррупционербиз? Менби же Зайнидинби? Ал бирөөгө тийишкенди коюп, жөн эле унчукпай жүрсө... Мен анын мен жөнүндө айтканына териккен жокмун. Бирок Башпрокуратурага кайрылып жатам, алар Курмановдун айтканы боюнча бир далил болсо, мени камашсын. Далили жокпу, анда Курмановго убакыт берем, ал Орозо бүткөнчө силердин гезит аркылуу менден кечирим сурасын, же Башпрокуратура күнөөмдү далилдесин, мен ошондо колун кысып "эркек экенсиң" - деп куттуктайм. Убагында Акбөкөн Таштанбеков экөө парламентте бир нерсе талаша кетип, ал муну жыгып алып сабап жатканда, мен ажыратып койгом. Мен аны Акбөкөн сабагандай сабабайм, бирок жолукчу жерден жолугуп, эркекче сүйлөшүп алам.
- Сиз Убактылуу Өкмөттүн учурунда сот, прокуратура жагын көзөмөлдөп турдуңуз. Ошол кезде эмне үчүн Курмановдун ишмердүүлүгүн иликтеп, жогоруда айтылган "косяктары" үчүн кылмыш ишин козгогон жоксуз?
- Мен азыр да Башпрокурор болуп турсам, Курмановго кылмыш ишин козгомок эмесмин. Кылгандарын эл таразалайт, эл баа берет. Мен сот, прокуратураны 2010-жылдын апрель, май, июнь айларында эле көзөмөлдөп турдум, андан кийин Байболов келди, ал келгенден кийин биз баштаган иштердин тагдыры эмне болгонун өзүңөр жакшы билесиңер. Биз 50дөн ашык объектилерди улутташтырдык. Эми эсептеп көргүлө, аларды сатса канча деген акча болмок? Миллиарддаган акча болмок, бирок биз анткен жокпуз, мамлекетке алдык. Ибраев да 5 эле ай прокурор болду, 5 айдан кийин аны да алышты. Ушул үчүн мен Отунбаева менен катуу чабыштым. Ал козгогон иштердин айрымдары, мына ушул убакка чейин жабылып, былкылдабай турганын мен жакшы билем.

"Түлеевди Салымбековго окшогон саясатчылар бошотуп алышкан..."

- Нариман Түлеев тууралуу эмне айта аласыз? Сиз ал кишини апрель окуясынан кийин каматууга аракет кылдыңыз эле...
- Нариманды Убактылуу өкмөт боор оруп, "ызы-чуу болуп кетпесин" деп жатып чыгарып жиберген да. Болбосо мен аны Москвадан келгенде, аэропорттон УКМКнын балдары кармап кайра коё берип жибергенде, мен Мелис Турганбаевге айтып, кайра карматкам. Ошондо Мелис Турганбаевдин кабинетинен ага адвокатынын көзүнчө: "Нариман сен, 2005-жылы Акаев менен качып кеттиң эле. Кийин Акаев менен Айдарды таштап коюп, Максимдин колтугуна кирип кеттиң эле. Бүгүн кимдин колтугуна кирейин деп келдиң? Эмне үчүн Бакиев атаңды таштап келдиң? Кимди ата кылайын деп келдиң? Мен сени киргизбейм. Сен ак шапкечендер, Түштүк магистраль, автобустар ж.б. кылмыш иштерине жооп беришиң керек. Бирок биз Убактылуу өкмөт сага гумандуулук кылып жатабыз. Жеп ичкениңди кусуп, тазаланып алууга мүмкүнчүлүк берип жатабыз" - деп айткам. Бирок ошондо аны жогорку жак коё берип жиберди. Ошондон бери бул иш жабылып калды. Мен билгенден Салымбековго окшогон саясатчылар Түлеевди ошол кезде бошотуп алышкан. Ошондон кийин каралбай, эки жыл жатты. Ким басып жатты? Бирок мен айтып коёюн, Түлеев бүгүн Конституциялык мыйзам бузуу менен кармалды. Себеби, депутат кылмыш кылып жаткан жеринен кармалганча камалбайт. Түлеевдин кылмыш иштери 2005-2007-жылдары болгон. Ошон үчүн Түлеев ошол кездеги Конституция боюнча жоопко тартылыш керек эле. Бүгүн болсо, 2012-жыл. Жаңы мыйзам. Ушуга байланыштуу бир аз мыйзам бузуулар орун алып калды. Азыркы Конституцияда депутаттар өзгөчө оор кылмыш жасаса камала берет. А, мурункуда болсо башкача, Түлеев ошол эски Баш мыйзам боюнча жоопко тартыш керек эле.
- Коомчулук бул айткандарыңызды кандай кабыл алат? Бекназаров Түлеевге адвокат болуп жатат деп да түз түшүнүп калышы толук мүмкүн...
- Түлеевге мен эч кандай адвокат болгон жокмун. Мен болгону Кылмыш жаза кодексинин негизги принциптерин гана айттым. Коомчулук айтса, айтып чыксын, мен болгону мыйзамдуулукту гана айттым. Түлеев бир эле автобус эмес, ошол эле Адил Тойгонбаевдер менен биригип алып ак шапкечендерге элди сабаткандыгы үчүн, жолдор, темир жол иштери сыяктуу 5-6 иш боюнча жооп бериши керек. Бирок балакет кылмышкер болсо да, мыйзамды бузбашыбыз керек эле. Биз мыйзамга баш ийишибиз керек да. Ошондуктан аны камакка албай туруп эле, ишин бүтүрүп туруп, ошол кездеги беренелер боюнча жоопко тартуу абзел эле. Кандай кылмыш жасаса да, депутат болгондон кийин, депутаттардын уруксаты менен кармаш керек да, бул дүйнөлүк практика. Мен бул сага айткандарды жакында президент менен жолукканда, ага да айттым. "Акыр аягы келип жаман аттысы сага тийет" - дедим. Экинчиден 2010-жылы Түлеевдин 5-6 оор ишин жаап койгондор ким? Ошолорду да жоопко тартыш керек? Ибраев кайра Баш прокурордун орун басары болуп 5-6 ай иштеп калды, ошол кезде Түлеевдин ишин кайра жандантты.
- Кимдер жапканын сиз жакшы билесиз да?
- Жок мен билбейт экенмин, бир топтон бери аралашпай калдым да. Бүгүн бийликте кимдер олтурушат, мына ошолордон сураш керек.

"Баш мыйзамды референдум жолу менен өзгөртүү керек..."

- Жакында президент менен жолуктум деп жатасыз. Демилге ким тарабынан болду? Кандай маселелерди талкууладыңыздар?
- Демилге президент тарабынан болду. Биринчиден буга жүйөөлүү себептер болуп калды. Жакында эле менин кайын энем өтүп кетти. Мына ошого көңүл айтты. Экинчиден ага чейин мен ага Конституциялык реформа ж.б. бир топ маселелерди сүйлөшүү керектигин билдиргем. Ал кыска эс алууга барып келгенден кийин экөөбүз жолуктук. Көп маселени талкууладык. Ал мага биринчи кезекте кызмат сунуштады. "Азике, документтериңди топтоп, кайра Конституциялык палатага талапкерлигиңди койбойсуңбу. Бул жолу өтүп кетерсиң. Мурун өткөрбөй койгондор, ойлонушар. Палатага келип, мыйзамдуулук жагынан мага жардам бербейсиңби"- деген пикирин айтты. Мен "Рахмат сунушуңа. Мен бирок бул кызматка бара албайм го. Бирок ошентсе да ойлонуп көрөйүн, өзүм дагы ойлонуп жүрдүм эле. Былтыр мени өткөрбөй койгондор, кандай кысым болгонун мага кийин ыйлап айтып беришти. Эми да ошондой болбосун. Мен аларды кыйнагым келбейт"- деп ачык сөздү айттым.
- Демек, кызматтан баш тартыпсыз да...
- Аны убакыт көрсөтөт. Балким барып калам, балким барбай калам. Ал мага: "Конституциялык палатага барбасаң аны да айтып кой. Революцияда тургандардын башында сен да барсың. Анан минтип бош жүргөнүң уят. Мен сага башка ылайыктуу кызмат караштырайын " - деди. Мен ага бул маселеден тышкары, "Конституциялык реформаны улантыш керек. Конституция 2020-жылга чейин өзгөртүлбөйт деген туура эмес. Көп кемчиликтер бар. Ошол кемчиликтерди жоюш керек. Ошон үчүн референдум жолу менен өзгөртүүгө баруубуз кажет "-деп айттым. Эми бул чоң маселе. Ошондуктан бир сүйлөшкөндө эле чечилип калбайт. Бул талкууга алына турган өтө маанилүү маселе. Мындан башка да көп маселелерди сүйлөштүк. Көп маселелер боюнча сын айттым. Ал: "сен келсең эле мени өкүртө сындап кетесиң, башкалар мактап жатышат го" - дейт. Мен ага: "Албетте, сен президент болсоң, сени ким сындайт, көптөр колтугуңа кире албай жүрүшөт. Анан кантип макташпайт? Акаев менен Бакиевдердин жанындагылар өмүр бою чаң жугузбай мактап жүрүп, акыры ошолор биринчи болуп жайлашканын унутуп калдыңбы? Мен болсо, болгонун болгондой айтып, кемчиликтериң болсо ачык айтып жүрө берем " - дедим.
- Коррупция боюнча пикириңизди угалы. Коррупцияга каршы күрөш купулуңузга толуп жатабы?
- Кайдан толсун? Коррупциянын чети оюла элек да. Бирок мыйзамдын чегинде күрөшүш керек. Тилекке каршы, Баш прокуратура алсыздык кылып жатпайбы. Жок дегенде буга чейин козголгон кылмыш иштерин аягына чыгарбай жатышат го. 7-апрель боюнча сот жатат чубалжып, Мегаком боюнча, АУБ ж.б. боюнча иштер бүтпөй жатат го. А, эмне үчүн бүтпөй жатат? Ким тоскоолдук кылып жатат? Коррупция деген: "Кумтөрдө", "Кыргызалтында", сырткы карызыбызда жатат. Мисалы, кээ бир саясатчылар сырттан келип жаткан гранттар менен байыган, кээ бирлери курал, учак сатып байыды. Кээ бирлер кыргыздын 2 тонна алтынын сатып байышты. Сырттан келген карыз акчаларды өздөрү алып, туугандарына, ар кимге берип коюп, эми элдин мойнуна илип коюп уялбай эле басып жүрүшөт. АБРден алган 23 миллионду алган депутаттар эми деле кылтыйтып олтурат. Убагында бул боюнча кылмыш иши козголгон да, бирок аягына чыккан жок. Эмне үчүн булар аягына чыкпайт? Мен жакында, орозо бүткөндө, президент Атамбаевге жаңы Кыргызстандын тарыхындагы коррупционерлердин тизмесин берейин деп жатам. Ал тизмеге баарын киргизем, кимдер канча жеген, кимдер кайсыларды, эмнелерди менчиктеп, кимге саткан? Кандай мыйзам бузуулар болгон ж.б. баарын киргизем. Номурларына чейин билем. Өрттөнүп кеткен деп шылтоо айтышпай эле коюшсун, мен убагында ал кагаздардын көчүрмөсүн көчүрүп койгом. Менчелик ким коррупция менен күрөшүптүр? Мен өмүр бою коррупция менен күрөшүп келатам. Ошон үчүн мен доско караганда, көп душман күттүм.
- Коррупция жана коррупционерлер демекчи, коомчулук бул маселеге сизди түздөн - түз эле кошуп келатпайбы. Муну өзүңүз деле угуп келатасыз. Мисалы, апрель окуясынан кийин далай адамдардан акча алып бошотуп жиберди деген "ысык" кептер эмдигиче муздай элек. Анда ошол эле Келдибеков, Ташиев, Гаипкуловдорго кылмыш козголбой калганын себептерин сизге такап жүрүшөт...
- Мына ошентип айтып чыккандардын далили барбы? Далили болсо, аныктап, мени каматышпайбы. Мен бир нерсени баса белгилеп айта кетейин, ошол кезде мени абдан каралашкан. Баарын эле чукуп атсам, каралашат да. Атайы жаманатты кылып, жолдон чыгаруу саясаты жүргөн. Ошон үчүн коомчулукта ушундай пикир калыптанып калса керек. Себеби, эл чындыктан мурун, ушакка көбүрөөк ишенет эмеспи. Туура, мен ал кезде 10 күн сайын элге маалымат берип турчумун. Ошондо Келдибековдор боюнча иш козголгон жок деп айтып чыккам. Себеби, ишти мен козгобойм да, ИИМ, УКМК деген бар. Болот Шер, Дүйшөбаевдер сен айткан адамдарга "иш козгойбуз" деп жүрүштү, бирок козгошкон жок да. Мен алардын ишин жаап койсом, анда эмне бүгүн бирөө - жарым "Бекназаров жаап коюптур" - деп бетиме бир уруп, алып чыгат эле го. Булар жалган, каралоо болгон. Чын болсо эмдигиче чыкмак да. Эми мени эмне деп гана жамандашпады. Улуттук Банктын ячейкаларын тоноп кетишти деп айтып чыгышты. Кантип эле биз тоноп калалы? Ким киргизет бизди ал жакка? Бул да жалган. Чын болсо, эмдигиче иш козгоп коюшат эле го. Буга мен өзүм кызыкдар болуп, маал-маалы менен: "аныктадыңарбы, качан кылмыш козгойсуңар" - деп сурап коюп жатам. Тескерисинче, убагында биз козгогон кылмыш иштер жабылып калды го. Улутташтырылган көлдөгү айрым пансионаттар кайра ээлерин кетип жатат го. "Үсөн Сыдыковду бошотуп жиберди" деп да айтып чыгышты. Анын бошоп кетишине менин тиешем жок. Мен каршы болгом. Аны референдумдун алдында ызы-чуу болуп кетпесин, түштүктө референдум өтпөй калбасын деп чочулашып жогорку чоңдор атайы чечим менен бошотуп жиберишкен.
- Эми сизге бир нерсе айтайын. Президенттик шайлоонун алдында мен Түлеевдин үйүнө барып, ал кишиден интервью алдым. Мына ошондо Түлеев сиз тууралуу: "Бекназаров кимдерден гана акча алган жок. Далайлардын ишин жапты, далай акча алды. Менден гана ала алган жок. Кишилерин жиберип турду. Бирок мен Бекназаровго бир тыйын да берген жокмун. Башкалары берди..."- деп айтты эле. Мунун да кандайдыр бир деңгээлде чындыгы болсо керек...
- Ал жөнүндө мындай...

| Уландысы кийинки санда |

Маектешкен
Айбек Шамшыкеев






кыргыз тилиндеги гезит "Учур"





??.??