presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



Чыныбайдыкы чынбы же Камчыныкы калппы?
Эсиңиздерде бар чыгар, "Ата журт" партиясынын лидери Камчыбек Ташиев кыйкырып чыккан, "Чыныбай Турсунбеков Бишкек арак заводун 70 миллион сомго сатып алгандыгын бүт Бишкектиктер билет. Алтургай, анын кимге канча пара бергендигин дагы билишет. Эгер мен жалган айтсам, ал адам парламент трибунасынан расмий түрдө билдирүү жасап жана мени сотко берсин. Мага ошонусу керек" - деп. Андан көп өтпөй, Бишкек арак заводунун акционери Александр Ким дагы айтып чыккан, "Заводду текейден арзан баага сатып жиберишти, анын жер участогу эле 150 миллион сомдон кем эмес турат. Бизде далилдер бар, бул заводду атайылап банкрот кылышканы тууралуу" деп. КСДП фракциясынын лидери Чыныбай Турсунбеков мындай билдирүүлөргө мыйыгынан күлүп койгон, "айта беришет да, алган эмесмин, алсам алганымды далилдеп беришсин" таризинде. Анан бул боюнча депутаттык комиссия түзүлгөнүн уккандай болдук эле. Ошол боюнча бул иш ордунан козголбой калган. Жакында ушул ушак боюнча каңырыш кабар уктук. Ага ылайык, Чыныбай мырза 350 миң доллар Дайыр Кенекеевге пара бергенин бетине коюп берсе, анысы алганын жана арак заводунун администраторлоруна таркатып бергенин моюндаптыр. Ошентип, бул иштин бети ачылса да, кылмыш иши ачылбай жатканын эшиттик. Анан кайдагы коррупцияга каршы күрөштү айтып элдин башын оорутабыз, урматтуу "эл өкүлдөрү"?!


Кудай деген кур калбайт
Айрым саясатчыларыбыз бири-бирине көө жаап, ор казып, сасык саясаттын сазайын берип жатышканда ЖКнын вице-спикери Төрөбай Зулпукаров беш маал намазын үзбөй окуп, орозо кармап, кайрымдуулук жасап, ооз ачтырып соопчулук иштерин кылып жүрөт. Ушул жумада Араван, Ноокат районундагы шайлоочулары менен жолугуп, жакыр үй-бүлөлөргө деп 1 миллион сом акчалай жардамын берди. "Кудай деген кур калбайт" - деген туура белем, улунуп-жулунбаган Төрөбай Зулпукаров аз убакыт ичинде элге-журтка аты таанылып, учурда парламентти башкарып отурат.


Эки сот артка кайтты
Жогорку Соттун судьялыгына талапкер болуп жатышкан Чүй облустук сотунун судьясы Кубанычбек Сулайманов менен Бишкек шаардык Ленин райондук сотунун судьясы Бакиев бийлигинин акыркы спикери Зайнидин Курмановдун карындашы Гульнара Курманова 30-июль күнү сынакка катышуудан баш тартып, арызын кайтарып алышты. Эсиңерге сала кетсек, Чүй облусунун соту Кубанычбек Сулайманов Акмат Бакиевди аз убакытка соттоп, бакиевдердин үй-бүлөсүнүн алкоосуна татыган. Бул тууралуу Өмүрбек Текебаевдин "сиз былтыр Акмат Бакиевдин күнөөлөрүн жеңилдетип соттоп, аз мөөнөткө кесип, качып кетүүгө шарт түздүңүз. Мен айтат эле Акмат Бакиевди сиз качырдыңыз" - деп айтканы бар.

Калптын казаны кайнабайт
"Молдону айтканын кыл, кылганын кылба" деген чын окшойт, жакында эле "Республика" фракциясынын лидерлигинен шыпырылган Канат Исаев карандай калптан турган маек куруптур. Ал "мен тоодо кымыз ичип жүрсөм, мага айтпай туруп алып салышты" таризинде кеп курап, коллегаларына жана тагдырына таарынган экен. Биз чындап эле ошондой болгонбу деп териштирсек, беш маал намаз окуп, орозо кармаган эл өкүлүбүз өрдөктөрүн учуруп ийиптир. Көрсө, партиялаштары Канаттын канатын кыркаардан мурун 3 күн эрте айтып, атайын чакырышкан экен, Саясий Кеңештин жыйынына. Ал болсо, эч кандай кымыз ичпей эле борбордогу кафелердин бирине олтуруп алып, "свиданияга" келбей коюптур. Туптуура 8 саат күткөн "Республика" партиясынын Саясий Кеңеши акыры аны лидерликтен алып, ордуна Алтынбек Сулаймановду бекитет. Алтыкеңдин фракция лидери болушун партиялаштары жапатырмак колдоп, К.Исаевдин канаты ого бетер кайрылыптыр. Нака чындык ушундай экен, урматтуу окурман. Ал эми Канат мырзанын калпты боркулдата кайнатып, жалган сөздөрдү жамы журтка жамгырдай жаадырганына жакабызды кармап, таң калып турубуз, намаз окугандар минтчи эмес эле деп.


Турсунбай Бакир уулу туура айтыптыр
Учурдагы так талашкан саясий салгылашты "Ар-Намыстын" депутаты Турсунбай Бакир уулу интернет баракчаларынын бирине шахматтын тили менен кызыктуу сүрөттөп бериптир.
Ал минтип турат: парламентте Бабановго ишеним көрсөтпөө ишке ашабы деген суроого мындай жооп берсе болот: бардыгы парламенттин шахмат тактасында фигуралар кандай аракет кылганына байланыштуу болот, эгер король (президент) ферзди (Бабанов) садага чаап, атка, слонго жана ладьяга (спикер, фракция лидерлери) буйрук бербесе, анда пешкалардын (катардагы депутаттардын) добушу ферзди алып түшүүгө жетпейт.

Жалил Илипбаев таза экен
Гезитибиздин өткөн санында Ысык-Көл облусунун Ички иштер башкармалыгын мурунку начальниги, полковник Жалил Илипаевдин бир топ нерселерди жеп коюп, азыр издөөдө жүрөт деген маалымат басылган эле.
Күн мурун Жалил мырза редакцияга келип: "Мен гезитте жазылган кылмыштарды жасаган эмесмин, алар туура эмес маалыматтар. Мына издөөдө жүрбөй эле силерге келип жатпаймынбы, кезеги келгенде бул иш боюнча кеңири маалымат берем" деп айтып кетти.
Биз, Жалил Илипаевдин укугун бузбай, ал билдирүүсүн гезит бетине жарыялап жаткандагыбыз.

Власовдун ордуна Крутько келди
2006-жылдын аягында Россиянын Кыргызстандагы элчиси болуп келген Валентин Власовдун элчилик мөөнөтү аяктап, анын ордуна Андрей Крутько деген келди. Ал 2004-2006-жылдары Россиянын Түркмөнстандагы элчилигинин кеңешчиси, Убактылуу ыйгарым укуктуу элчиси экен. Андан соң Россия тышкы иштер министрлигинин төртүнчү департаментин башкарып турган. Ал департамент Россиянын Абхазия, Азербайжан, Армения, Грузия, Түштүк Осетия менен байланыштарын көзөмөлдөйт.


Бакиевдин үйлөрү оңдолуп жатат
Жалал-Абад облусунун Тейит айылындагы Курманбек Бакиевдин 12 "хан сарайы" калыбына келтирилип жаткан экен. Аны оңдотуп жаткан 10 жылга кесилген Санжар Бакиев экен дешет. Кандай болгон күндө да айылдын чок ортосунда кара так болбой оңдолгону жакшы дегендер да бар. Анан да айылдын ишсиз балдары ал жерде иштеп акча таап жатышыптыр.


Москвадан тоношту
1-август күнү Кыргызстандын үч эргулу Москвада Кытайдын бир жаранын кармап, тепкилеп туруп 18 миң долларын тартып алган. Азыр тоногучтар колго түшүп, сурак берип жаткан кези.


Алкымы абакка жаткызды
Мамлекеттик регистрация кызматынын бөлүм башчысы 2 миң доллар пара алып жаткан жеринен Коопсуздук кызматынын жигиттери тарабынан колго түшүрүлдү. Ал 4 миң доллар сурап купшуңдап турган кези экен. Эми ал абакты жатып купшуңдамай болду.






кыргыз тилиндеги гезит "Учур"





??.??