presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



Элчилердин эңсегени эмне?
Жаштардын айрым патриоттук уюмдары АКШнын жана Улуу Британиянын Кыргызстандагы элчилери өлкөбүздүн ички ишине кийлигишип жатканын айтып чыгышты. Мисалы, америкалыктардын элчиси Памела Спартлен Таластагы Талды-Булак алтын кенине барып алып, инвесторлор менен жергиликтүү элдин тил табышаарына көзүнүн жетпей турганын айтып, ансыз да араң турган элдин кыжырын кайнатса, британдык элчи Жудит Маргарет Фарнворт Ош облусундагы өзбек улутундагылар менен жолугуп, аларга күч органдары тарабынан кысым болуп жатканын айттырууга аракет кылган ыңгайсыз суроолорду берген экен. Анын бир жактуу аракети кыргыздар менен жолукпай, жолуна түшкөндө эле билинди дейт жаштар кыймылы.


Экопосттон түшчү миллиондор кимдин капчыгын кампайтат?

Кыргызстанда карапайым калкыбыздын капчыгын каратып туруп каңтарып жаткан жайлар бар. Ошондойлордун бири Балыкчы шаарына кире бериш жердеги экологиялык пост бар. Кылган кызматы эле Ысык-Көл облусуна кирип бара жаткан ар бир автоунаадан акча шыпырмай. Болжолдуу эсеп менен бир күндө бул посттон 200-300 миң сомдун тегерегинде акча чогулат. Айына 9 миллиондой сом болот. Ал акчалар кайда, кандай максатта жумшалаарын деле көпчүлүк биле бербейт. Ысык-Көл облустук администрациясынын бул постту Сабир Атажанов башкарган Токой-чарба жана айлана-чөйрөнү коргоо агенттигинен аймактын балансына өткөрүү аракети бир канча жылдан бери ишке ашпай келет. Экологиялык пост деп аталганы менен аталган агенттиктин Ысык-Көлдүн экологиясын сактоо боюнча алгылыктуу бир иш жасаганын көрө элекпиз. Балыкчы шаарынын тургундары бул постту облустун карамагына өтүшүн бир ооздон колдоп атышат. Пайда-батасы жок агенттиктен алып бербесеңер, ар кандай акцияларды уюштурабыз дегендер да бар. Антикоррупциялык кызмат бул постко барып, бир кызыгып көрсө кызыктын баары чубалып чыкчудай...


Каназаровдун казаны кайнабай калдыбы же Өмүкеңдин өтүнүчү четке кагылдыбы?
"Ата-Мекен" менен "Республиканын" башчылары Өмүрбек Текебаев менен Өмүрбек Бабановдун карама-каршылыгы күч алды. Басса-турса башбаканды мактап-жактап, чоң тийгизбей келген Султан Каназаров бул ирет ата мекенчилердин "атасына" катуу асылды. "Өмүрбек Текебаевдин Өкмөттү кетирем дегенинин себеби, премьер-министр Бабанов анын кишиси Каныбек Масировду "Кыргызнефтегаздын" башчылыгына коюп берүү өтүнүчүн четке какканы болду" -деген Каназаровдун кебине Өмүкең өзү жооп берип, "мен премьер-министрге эч нерсе деп кайрылган эмесмин" - деди. Демейде, сотторго арызын жазып, мындайлардын демин басып койчу Өмүкең бул жолу катуу кеткен жок.


Далили болсо далайы камалмак экен да
ИИМ министринин орун басары Мелис Турганбаевдин парламентте кылмышкерлер отурат деп айтканына эки жылдын жүзү болуп баратат. Анысын кечээ жакында "Парламентте кылмыш дүйнөсүнүн мүчөлөрү отурушат. Аларды камаш үчүн негиздер болуш керек. Эгерде алардын аты аталса, анда кылмыш ишин козгош керек. Ал үчүн далилдер керек" - деп дагы кайталады. Далилди издесе, иштесе табылат эле го. Атактуу кримбашчы менен колтукташып сүрөткө түшүп жүргөн депутаттарды деле көргөндөй болдук эле...


Тезек тер дегени турабы?
"Акыйкат" сотторубуз апакай деп актап чыккан башкы энергетиктерибиз Аскарбек Шадиев менен Аман Тентиев акыркы күндөрү айбаттуу сүйлөй башташты. "Сотто жүрүп иштин баары калды, кышка даярдык өтө начар" - деп Аскарың ачыктан ачык эле бет тырмалык кылса, орун басары Автандил Калмамбетов "электр жарыгы менен камсыздоодо үзгүлтүктөр болушу мүмкүн" - деп жыландын башын кылтыйтты. Башкы энергетигибиз эски шефи Бакиевчесинен "кышында свет жок болот, тезегиңерди тергиле" - дегени турат окшойт...


Эс алдырбай эсин оодарышыптыр
Ысык-Көлдө эмгек өргүүсүн өткөрүп келген Алмазбек Атамбаевди кыргыз аткаминерлери эс алдырбай эле эсин оодарышкан экен. "Кабыл алып коюңуз" - деп Чолпон-Атадагы президенттик резиденциянын эшигин каккылагандардын катарында Өкмөттүн үлкөн чиновниктеринен тартып, өз тайпасын жетелеп келген парламенттин "атамандары", кызматы жок жүргөн аттуу-баштуулар бар дейт. Саратанда саясаттын сазайын окутуп, Өкмөттү өргө чапкысы келген парламентчилерге "Өкмөттү шайлаган да, мактаган да өзүңөрсүңөр, жайлайм деген да өзүңөрсүңөр, мен кийлигише албайм" - дегендей жооп узатканын ажонун жанындагы узун кулактардан угуп калдык. "Республикадан" "канаты кайрылып", ызасы ичине батпай турган Канат Исаев дагы өзүнүн тобундагыларды жетелеп алып, "КСДПга кошулалык, сизди колдойлук, жардам берелик" - деп, эпилдешкен экен, "колдогонуңарга каршы эмесмин, бирок партияңарды бөлүп-жаргым келбейт, ич ара чечишип албайсыңарбы" - деп сылык-сыпаа узаткан экен.


Милициялар граммдап баңги затын кармаса, милициялардан киллограмдап кармашууда

Зарылбек Рысалиев Ички иштер министрлигин жарым жылдык ишмердүүлүгү боюнча жыйын өткөрдү. Башка окшоп кемчиликтерин кемитип, жаап-жашырбай ачык айтып так сүйлөдү. Ала таягы менен акча шыпырган МАИчилердин, аракка тоюп алып жаңжал уюштурган курсанттардын кылыгы бүтүндөй министрликке көө жаап жатканын айтты. Кызыл шапкечендердин ушул сыяктуу жосунсуз жоруктарынын баары Бишкек шаарында болуп жатканын эскертип, мунун баарын тыкыр иликтеп чыгып, Бишкек ШИИБинин начальниги Капар Батыркановду иштен алыш керек экендигин да кошумчалады. Ошондой эле милиция кызматкерлери баңги бизнесиндегилери менен достошуп кеткенин айтты. "Жыл башынан бери Баңги бизнесине каршы күрөшүү башкармалыгынын кызматкерлери болгону 931 грамм героин кармаган. Эмнегедир алар граммдап гана кармашат. Бирок өзүлөрүн УКМКнын, Башкы прокуратуранын кызматкерлери 15 килограмм героин менен кармап атат. Бул эмнени түшүндүрөт? Бул милиция кызматкерлери баңги соодагерлери менен достошуп алгандыгын түшүндүрөт" - деди.






кыргыз тилиндеги гезит "Учур"





??.??