Салижан Жигитовдун турмушунан...
Са Жи Гит
"Азаттык" үналгысы Дастан Сарыгулов, Каныбек Иманалиев, Салижан Жигитовду "Манас" жөнүндөгү диалогго чакырат. Сарыгулов "Манас" эпосунун чеги жогун, түбү көрүнбөстүгүн түгөтө албайт. Сакебиз болсо түз обо экенине карабай:
- Кыргыз болбой эле койдум. Карачы, курсагы ач, мээси бөксө. Ушундан көрө кытайга аралашып кетсек, эл болмокпуз. Анда мен көп болсо: Са Жа Гит болуп калмакмын, - деп Сарыгуловдун куйкасын куруштурган экен.

Кыргыз орусту 70 жыл эзди
90-жылдардан кийин Кыргызстандан орустар кете баштаганда жармач патриоттордон ким бирөө:
- Булардын кетип жатканы жакшы болду. Болбосо бизди 70 жыл бою жакшы эле эзип келбедиби, - десе Сакебиз:
- Эй, орустар бизди 70 жыл эзген жок. Биз орустарды 70 жыл эздик. Алар бизге мектептерди, кабат үйлөрдү, завод-фабрика, суу сактагыч, көпүрө, электр станция ж.б. ж.б. ... куруп бербедиби. Бечаралар акыры "Буларың эч нерсе үйрөнө албаган ит эл турбайбы" деп эзилип бүткөн үчүн кетип атпайбы, - деген экен.

"Эми түрктүн мойнуна минебиз"
Турциядан келген меймандар Сакебизден сурайт дейт:
- Силерди ушуга чейин боз үйдө жашаган калк деп айтышчу эле. Бирок заңгыраган кабат үйлөрдү кантип кургансыңар? Силерди канча көчмөн эл деген менен шаарыңар укмуш экен го, татынакай театр, музейиңер турат, - десе Сакебиз:
- Бул шаарды биз курган эмеспиз. Жалаң орустардын мойнуна минип, ошолорго курдурганбыз, - дейт.
- Азыр алардын көпчүлүгү кетип жатса, эми кимге курдурасыңар? - десе, Сакебиз:
- Эми түрктүн мойнуна минбей жаныбыз жокпу, - дептир.

Ач элдин чоң курсактары
С.Жигитов А.Акаевдин кеңешчиси болуп турганда жоон топ аким, губернаторлор президенттин кабылдамасында отурат дейт. Аларды көргөн Сакебиз:
- Ой, кыргыздар, элде ачарчылык, кыйынчылык дейсиңер, бирок жүзүңөрдөн май тамып, бир да ачарчылык көрүнбөйт го. Губернаторуңардан тартып акимиңерге чейинкилердин курсагын карагылачы, а мынабу айыл башкармасычы… башканы койдум, жадагалса араңарда турган береги журналисттин курсагын карагылачы, - дегенине баарысы бири-биринин чердейген курсагын карап, мына анан чердейген курсактар сүлкүлдөп күлө баштаган экен.

Акаевден арткан акылды
А.Акаев президент, С.Жигитов менен Б.Жакиев анын коомдук кеңешчилери эле. Бир күнү Салижан менен Бексултан шахмат ойноп отурса "легендарлуу" парламенттин депутаты М.Байжиев келип калат.
- Ии, акылчылар… Оюндан омурткаңар сынып отурасыңар, - десе Сакебиз шахматтан башын көтөрүп:
- Акаевге болгон акылымды айтып, андан артканын мына бул досуңа айтам. Бирок болбой эле артып калып жатат. Акыл сага да жетпей атса, мага ушинтип тез-тез келип турсаң, - дептир.

Арбактын аманаты
Турар Койчуевдин 60 жылдыгы болуп калат. Куттуктоолор Президент, Премьер-министрдин атынан окулат. Оголе көп куттуктоолор эки сааттан ашык окулуп, залдагы эл куттуктоо сөздөрдөн жадаган кезде сөз С.Жигитовго жетет. Саке сөздү баштаганда эле:
- Азыр калем кармагандын баары арбактар менен сүйлөшүп калды. Алардын арасында мен да бармын. Анан мен да майда-чүйдөлөрдөн эмесмин. Азыр эле тойго келатып Карл Маркстын арбагы менен кобураштым. Ал мага "Турар Койчуевге айта бар, менин "Капитал" деген эмгегимди окуп жүрүп, илимдин кандидаты болду. Кийин аны кайта-кайта көчүрүп доктор, акыры академик наамына жеткен. Андан соң рынок экономикасы келип, баары сатыла баштады. Мейли, сатылсын, бирок ушу Турар Койчиев мени сатып кетет деп ойлогон эмесмин, ушуну айта бар" - деди деп, трибунадан түшүп кеткен экен.

"Жуликке" жолуккандагысы
С.Жигитов бир күнү көчөдө баратса, алдынан бейтааныш зайып чыга калат. "Көзү ачык элем, алаканыңызды көргөзүңүзчү" дегенде эле Сакебиз "Мейли, карасаң кара" деп, өзү айткандай, ичинен баш чайкап, чөнтөгүнөн акча сууруп, тигиге сунат. Бир топ күндөн кийин көзгө тааныш баягы көзү ачык көчөдөн жолугуп, Сакенин алаканын дагы бир жолу ачтырат. Саке анда да марттыгын көрсөтөт. Дагы бир карпа-күрп кезигишүүдө көзү ачыкты Сакем өзү чакырат:
- Сага жолуккандан баштап менин да көзүм ачылып кетти. Бери келип, алаканыңды көргөзчү, бирок сенден тыйын албайм, - деп көзү ачыктын алаканын ачтырып, - сен жеткен жулик турбайсыңбы, - деген экен.
Чогулткан
Олжобай ШАКИР