presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



Мидин Алыбаевдин 95 жылдыгына карата...
Качкын Оторбаев
Мидин
66. Декада убагында…
1958-жылы кыргыз адабияты менен искусствосунун Москвада өтө турган он күндүк декадасына кыргыздын атактуу акын-жазуучулары, искусство чеберлери жогору жактан бекитилген тизме менен биринен сала бири Москвага учуп кетип жатышты.
Мидин бизге белгилүү айрым себептер менен ал жакка барбай калды. Көчөдөн ага жолугуп калган, аны менен азилдешип жүргөн окурмандарынын бири:
- Э, Мидике, өзүң теңдүү жазуучу, акындардын көпчүлүгү Москвага декадага жөнөп кетишти. Сиз неге ал жакка барбай калдыңыз? - десе…
- Ошонун эмнесин түшүнбөгөн кишидей болуп, түкшүмөлдөп сурайсың, досум…
- Ал жакка кеткендердин бардыгы кеңешип туруп, бул жакта калган акын-жазуучуларга биз кайрылып келгиче баш-көз болуп тургунуң - дешип мени калтырып кетишпедиби - деген экен Мидикең тигинин сөзүнө ошол замат тартынбай жооп кайтарып...

67. Ээленбей, эски үйлөрүбүздө эле кала бердик…
Элүүнчү жылдардын ортосунда Фрунзе шаарында Тоголок Молдо менен Москва көчөлөрүнүн кесилишинде акын-жазуучулар, искусство адамдары үчүн атайы салынган имарат жаңыдан бүткөрүлүп, көпчүлүк чыгармачыл адамдар ошол жаңы квартираларга көчүп киришти. Мидинге ал квартирадан үй-жай берилбей калды. Мидинге тийиштик кылган жолдошторунун бири андан эмне кеп чыгаар экен деп:
- Мидике бу сага эмне үчүн акын-жазуучуларга атайы салынган жаңы квартирадан берилбей калды? - десе…
Анда Мидин: Мен, Түгөлбай, Аалы үчөөбүз залкар адамдар эмеспизби…
Жаштар менен көчүп убара болуп жүрбөй эле эски үйлөрүбүздө кала бердик - деген экен, жылмайып…

68. Ат-Башынын манабындай зыңгырап…
Фрунзенин автовокзалынан, Тогуз-Торо райкомунун биринчи катчысы болуп иштеп жүргөн жумгалдык жердешин көрө коюп, Мидин имерчиктей жетип барса, тигил анын айткан саламын коомай кабыл алып, жакшылап көңүл бурбай койгон көрүнөт.
Кармаган колун коө бербей Мидикең:
- Ой, Райымбек тууганым, болгон көлөмү Жумгалдын Чаегинин сельсоветиндей болгон Тогуз-Торого секретарь болгонуңа неге мынчалык манчыркап, Ат-Башынын манабындай зыңгырайсың!
Кызмат деген колдун кири, бүгүн бар, эртең жок. Берген элдин саламын бертинтпей эле алып жүрсөң... - деп аны уяткарган экен.

69. Сагынаалы аксакалдын эскерүүлөрү…
Сагынаалы аксакалга дагы бир жолу 90-жылдардын башында шаарга жумуштап барып, капысынан жолугуп калдым. Жайдын ысык аптабында редакциялардагы жумуштарымды бүтүрүп коюп, Дзержин сейил багында келе жатсам, жолдун чекесиндеги узатасынан коюлган отургучта негедир өзү жалгыз отурган экен. Салам айтсам алик алып, мени бүшүркөй карап коюп:
- Иничек өңүң өтө эле жылуу учурайт. Жумгалдын кай жеринен, кимдин баласы болосуң? - дегенчелик кылып менден сурап калды.
Мен тигил Кызыл-Ойлук Кулуй дегендин баласы болом десем, өңү жадырай түшүп, күлмүңдөп:
- Айтам да, баса бир жолу атаң экөөң мен иштеген почтого келип, ашканада чогуу отуруп тамактанбадык беле. Кандай Кукем дени-карды сак жүрөбү? - деп сурады.
Мен атамдын кайтыш болуп кеткендигин айтканымда өңү мостоө түшүп:
Кайран Кулуй, ал дагы акка моюн сунган экен да. Жакшы киши эле, жаткан жери жайлуу болсун - деп колун жайып бетине бата тартып, мага жанынан орун көрсөтүп:
Эгер шашылыш жумуштарың болбосо, көчүк басып жаныма бир аз отур, кобурашып алалы - деди. Мен отургучтун чекесине көчүк басып учкай отурдум.
Ал:- Жанараак Качкынбай (Осмоналиев) экөөбүз ушул отургучта кобурашып отурсак, силердин Кызыл-Ойлук Сырдыбаев Турдумбек жолугуп калды. "Шаарга баламдыкына келген элем" - дейт. Сөздөн сөз чыгып отуруп оңбогон Качкынбай: - Турдуке, өгүнү бир отурушта тааныбаган бирөө: - Мидин, Сырдыбаев деген зоотехниктин башына мас болуп жатып калса:

- Башың башпы, кумганбы,
Искектеп бирден жулганбы?
Минтип жүрсөң куу тазым.
Курутасың Жумгалды.
Таз башыңа жазам - деп
Таза колум булганды -
деп жазып коюптур дегенинен улам, мен сенин таламыңды талашып: - Жок, Мидин Сырдыбаевдин эмес, Ботала деген адамдын башына жазган бул ырды - деп кызыл чеке болушканга чейин бардым. Ошол эмгегимди эсиңе алып, жок дегенде бир жолу пивага тойгуза турган жайың бар эле - десе, Турдумбек да тилдүү, ооздуу киши эмеспи, кайра өзүнө тийиштик кылып:

- Таз десеңер тазмын да,
Мас десеңер масмын да.
Каңкуулабай маңка сен,
Кана оозуңду баскын да! -
дегенде, ал сөзгө дал боло түшкөн Качкынбай, бир азга унчукпай буйдала калып:

- Сокур орой, таз кыйык,
Соолгон тазым тырчыйып
Одураңдап тийиштиң
Оозуңдан орой ыр чыгып.
Келген жолго түшөйүн кой,
Кетелекте чыр чыгып -
деп жооп кайтарып ырдап, туруп кеткенче шашты. Артынан Турдумбек да кошо кетти - деди карс-карс күлүп Сагынаалы аксакал... Баятан бери жалгыз отуруп эригип калган көрүнөт, сөздү суратпай эле өзү баштап:
- Мидин менен менин туугандык жайым бар, өзүң билесиң... Уругубуз бир эмеспи... Анын көзүнүн тирүүсүндө, ага-ини болуп сыйлашып жүрүп, жолугуша калганыбызда күлкүлүү окуяларынан, ар кимге арнап чыгарган куйкумдуу ырларынан өзү жатка айтып берип, мени күлкүгө тундуруп салаар эле жыргатып…
Ошол окуяларынын бирин атын атабай эле туюк бойдон калтырайын... Бу биздин Жумгалдан бир колхоздун башкармасы меймандамакчы болуп, Мидинди үйүнө чакырып калат экен. Тамак бышканча үлпөт куруп отурушуп, ичкиликтен улам ууртап-татып олтуруп, кызып калган башкарманын аялы:
- Акынмын эле дейсиң Мидике, кана кыйын болсоң мага арнап бир ыр чыгарып көрчү? - дептир.
- Кой аяш, менин оозумдан жакшылыктуу ыр чыкмак беле... Кур бекер кыйнабаңызчы - дейт Мидин качыңкырап, сөзүн жооткотуп... Аяшы уламдан-улам суранып болбогон соң:

| Уландысы бар |






кыргыз тилиндеги гезит "Учур"





??.??