presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



ОКУЙМ ДЕГЕН ОКУСУН

Билим берүү тармагында жүрүп жаткан реформанын багыттары чала иштелген күндөрү өзгөчө айкын көрүндү. Жогорку окуу жайына кирүүдө жалпы республикалык тестирлөөнүн чеги 110, ал эми тандалган сабактан 50 баллдан жогору болушу керек деп көрсөтүлгөн. Мектеп босогосунан жаңы гана турмуш жолуна чыккан өспүрүмдөрдүн мындан аркы тагдырын чече турган бул чек Билим жана илим министрлиги тарабынан белгиленген. Мындай кадам мектептерде, биринчи кезекте жогорку окуу жайларына кирүүдөгү коррупцияга бөгөт болот деп ишендиришет. Албетте, бул багытта изденүү менен иш алып баруу зарылдыгы бар.
Бирок, окуу жайларында өнүккөн коррупцияны окуу орундарын кескин кыскартып, кысып жок кылууга мүмкүн эмес. Айыл менен шаардын айырмасы жокко эсе, компьютер менен төрөлүп, анын үлкөн жаңы үлгүлөрү менен жетилген батыштын окуучуларынын сыноо тартиби болгон тестирлөө, биздин балдар үчүн канчалык деңгээлде калыс көрсөткүч болгондугу күмөн. Башка өлкөлөрдүн иш-тажрыйбаларын колдонууда улуттун өзгөчөлүгүн эске алуу менен толуктоолорду киргизүү бул жолу да такыр эске алынбаган. Буга далил, Сокулук районунун айылдык мектебин аяктап келген кыздын көз жашы. Аны коштоп жүргөн класс жетекчиси "Бир да жолу себепсиз сабак калтырып, же он жыл бою бир төрт албаган бул кыздын баллы БИЗ күткөндөн өтө төмөн, эл эми тийди-качты жүргөн бирөө мектеп боюнча эң жогорку баллды алгандыгы эч түшүнүксүз" деп "беш" деген баалар шурудай тизилген аттестатты көргөздү.
Мындай көрүнүш беш-он деп кол менен санаса, кокустук катары караса болот эле, ызадан көздөрүн жаштап, мында классташтарынын алдында сынып тургандар аз эмес десек жаңылышпайбыз. Алар кайда, чалбайбы, келбейби дегендерге, тың болсоңор сурап-билүү 109 кызматынан берген телефондор менен Билим берүү министрлигинин кабыл алуусуна же жалпы бөлүмүнө байланышып көр. Эч ким, эч качан жооп бербейт, телефон көтөрбөйт. Чыгынсаң министрликтин өзүнө барыш керек. Барганда эмне, бири-бирине шилтеп, акыйкат чечип, ачык жооп алгыча чарчап, түңүлөсүң. Болбосо, окуу жайга кабыл алуунун кызуу учурунда таңдан-кечке тыныгуусуз иштеген арыз, доону уккан бир байланыш болуш керек эле да. Бул - бир, экинчиси он жыл бою күндүн ысык-суугуна карабай көшөрүп, окуунун артынан сая түшкөндөрдүн эмгектерин көргөзгөн аттестат тесттин жыйынтыгына кандайдыр бир кошумча көрсөткүч берүүсү каралган эмес. Демек, мындан он жыл күндө сабак даярдап, телпилдеп мектепке барбай эле, бир ирет тестирлөөгө катышуу менен көрсөткүч алса болот деген жыйынтык келип чыгат. Анда мектептин мугалимдери сабакка келдиңби-келбедиңби деп окутуп, жаттатып, баа коюп эмнеге жаман-жакшы көрүнүп тескеп жүрүшөт. Кыскасы, суроо артынан суроо туулат.
Окуу жайга тестирлөөнүн жыйынтыгын гана көрсөткүч кылып алуудан мурда, бардык мектептерде окутуунун бирдей шартын түзүү керек. Бул биздин өлкөдө жакынкы жылдары ишке ашпай турган иш. Арабыздан байлыгын балдарга, мектептерге берген Соростой эле бирөө чыкпаса. Бул тек гана ой, болгон нерсе азыркы билим берүү тармагындагы башаламандык. Болуптур, каражаттын жоктугунан мамлекеттин эсебинен окутуунун чек коюлуп, катуу көзөмөлгө алынсын, ал эми өз каражатына окуйм дегендерге бөгөт коюлгандыгын кандай түшүнсө болот? Же бул окуу жайлардын санын кыскартууга жасалган реформанын дагы бир гана иштелген аракетиби? Окуйм дегендердин,окутам дегендердин билим алууга, билимин өркүндөтүүгө болгон укугу гана?
Үймө-үй кыдырып, чогултуп, окуткан Айтматовдун Дүйшөн агайы балдарды билимге сүрөгөнү менен эсте калса, билим берүү тармагын оңдойм деген министр Канат агай окуу жайларын чектөө киргизгендиги менен тарыхта калат окшойт. Болбосо, өз каражатына контракттын негизинде билим алууга ниет кылгандарга да тестирлөөнүн чегин белгилеп, катуу көзөмөлгө алгандыгы кандай? Тестирлөөдөн алган баллдар белгилеген чекке жетпегендер, же мурда турмуш-шарты туура келбей, эми окууну чечкендер эмне кылат? Эң кыйын болсо эжесин, агасын, айласы кетсе айылдашын иликтеп мигранттардын катарына кошулат. Болбосо, ансыз да күн өткөн сайын көбөйүп бараткан сойкулардын, аракечтердин, бекерпоздордун, наркомандардын санын көбөйтөт. Бул - ачуу чындык. Кесиптик окуу жайга барбайбы дешет. Кесиптик билим алган адистерди күтүп, шакылдап иштеп, бапыраган айлык сунуштап турган бир ишканалар, завод-фабрикалар барбы? Болсо, кана?
Мындан 10-15 жыл мурда биздин улуттук менталитетти баскандын бардыгы папка көтөргөн башчы болгусу келет дешчү, азыр "башка түшсө байтал жорго" дегендей ал көз караш өзгөргөн. Бүгүнкү күндө таштанды ташыгандар да, көчө шыпыргандар да, бак бутап, гүл өстүргөндөр деле биздикилер. Иштегенге иш, алган айлык болсо, бардык жерге кылчактабай эле барышат. Кесиптик адистикти алганда деле иштей турган иш жок болсо, бир жыл айланып "кайда барыш керек?" деген баш оору кайра чыгат. Ага салыштырмалуу мектеп босогосунан жаңы гана чыккан өспүрүмдөр, жогорку окуу жайындагы 4-5 жылдын аралыгында кадыресе токтолуп, жакшы-жаманды иргеп, көз караштары калыптанып, албетте, белгилүү деңгээлде билим алып, анын жашоонун чоң агымына кошулгандыгы, канчалык утуш. Ата-энелердин кара жандарын карч уруп, кандай болсо да балдарын жогорку окуу жайларында окутууга жасаган аракеттери да ушундан. Азыркы тапта ата-энелердин да, балдардын да талаптары өскөн. Алар окуу жайларды тандоодо бир топ сурамжылап, иштеп, таразалап андан соң гана бир чечимге келишет. Мындайда талапка жооп бербеген окуу жайлар өзүнөн-өзү иргелип, өзүнөн-өзү кыскарат. Аларга чек коюп, үстөмдүк кылуунун деле кажети жок. Басма сөз каражаттарында сырттан окуу бөлүмү жоюлат деген маалымат берилип, туура эмес түшүнүк тараган. Чындыгында сырттан окуу мезгил талабына ылайык аралыктан (дистанттык) билим алуу багытына өткөрүлөт. Тактап айтканда, интернеттин мүмкүнчүлүктөрүн колдонуу менен аралыктан билим алуу алда канча ыңгайлуу. Бирок, бул жакка да эмне үчүндүр тестирлөөнүн балл менен гана кабыл алынат деген чектөө бар. Бул эң чоң жаңылыштык. Өз каражатына окуйм дегендердин, шарты барды окутам дегендердин жолун тосуп, бөгөт койгон тестирлөөнүн чегин тез арада төмөндөтүү керек. Болбосо, турмуштун татаал сынагын жаңы гана беттеген жаш өспүрүмдөрдүн канаты кыркылып, чиновниктердин жеткиликтүү иштелбеген чечимдеринин чаңында бозоруп калаарында шек жок. Мунун өзү бүтүрүүчүлөргө жасалган карөзгөйлүк, карасанатайлык же профессор А.Сарыбаев белгилегендей бүтүндөй бир муунга жасалган геноцид. Билим берүү министрлигинин жогорку окуу жайларына кирүүдөгү койгон чегин жана окуу орундарын кескин кыскарткандыгын башкача атоого мүмкүн эмес.
Чолпон РЫСКУЛОВА,
Бишкек шаары.




Ала качуу, к?п аялдуулук жана эки аяктуу айбандарды бычуу тууралуу

Бардык иш Кудайдын кудурети менен болот, Кудайдын буйругу болбосо кыл кыйшайбайт дешет. Зордук зомбулук, киши өлтүрүү, алдамчылык иштери Кудайдан эмес, адамдардын өздөрүнөн эле болот. Кудайдын кудурети менен адилеттүү, пайдалуу иштер гана жасалат.

Ала качуу деген салт кыргызда эч качан болгон эмес, кудалашуу, куда түшүү, бел куда болуу деген салттар болгон. Ала качуу болсо дагы сөзсүз түрдө кыздын макулдугу менен болгон. Кыз макул болуп, бирок ата-энеси, туугандары каршы чыкканда сүйүшкөндөр качууга аргасыз болушкан. Буга мисал, илгери бири-бири катуу сүйгөн кыз-жигит качышат. Боом капчыгайындагы булакка аттарын сугарып турганда куугун жетип келет. Кыз-жигит кучакташып аскадан боюн таштап өлүшөт. Азыр ошол жер Кыз-күйөө деп аталат. Ары-бери каттагандар Кыз-күйөөнүн булагынан суу ичип өтүшөт. Эгер кызды башка уруунун өкүлү суроо-сопкутсуз ала качып, тагыраагы уурдап кеткен болсо, бүт уруусу менен айыпка тартылган.
Ала качуу негизи союз мезгилинде пайда болгон. Эки жаш сүйлөшүп, макулдашып ала качууну атайы уюштурушкан, ачуу басар деле ошол мезгилде пайда болгон. Ала качуу зордук менен болсо эң оор кылмыш болуп эсептелет. Ал эми дагы бир чоң көйгөйлөрдүн бири катары айрым көпкөн эркектердин көп аял алабыз деп оолугуп жатканын айтсак болот. Көп аял алуу салты кыргызда союз мезгилинен мурун болгон. "Кыргыз байыса катын алат" деген макал да ошондон чыкса керек, мал-жандуу байлар катар-катары менен аял алып келишкен. Азыр ошол заман кайталанып, акчасы көп чиновниктер, бизнесмендер эки же андан көп аял алышууда. Күйөөсүнүн башка аялдарынан келүү кезегин күтүп жүрүү да турмушпу?! Мал беле көп аял менен жашагандай.
Көп аял алуу эң ириде ынтымакты бузат. Абыке-Көбөш сыяктуу ичтен чыккан ийри жыландар бир атанын башка аялдарынан төрөлгөн балдары эмес беле. Адамдар кээ бир куштар сыяктуу түгөйү менен эле жашаш керек. Көп аял алууга тыюу салуу эң адилеттүү чара. Тыюу салынгандыктан болсо керек, союз мезгилинде эки аял алган бир да адамды көргөн жокмун. Ал эми бизде болсо ар бир экинчи чиновниктин эки аялы бар. Аны коомчулуктан жашырбай эле, ачык эле айтып жүрүшөт. Мыйзам боюнча алар кылмыш жоопкерчилигине тартылышы керек эле, бирок ошол мыйзамыбызды көзөмөлдөгөн, мыйзамды чыгарган чиновниктерибиздин баары катынпоздор болуп атпайбы. Анан да сойкулук деген жаман жорук өлкөбүздү каптап кетти. Жанагы эки-үч аял алгысы келгендердин да бетке кармаганы эле, кыздар көп болуп, ушундай жаман жолго барып атышат деп атышпайбы. Бирок бул туура эмес, кара далы кыздарыбыз менен кошо, колоктоп бойдок жүргөн жигиттерибиз деле толуп атат. Көп эркектер өздөрүн бул жаман жорукка тиешеси жок деп сезишет. Адилеттүү эркектер, аялдар такай маселе көтөрүп, ушул сыяктуу жаман жоруктарды жоготуу боюнча иш жүргүзүшсө болот эле. Бул жоруктар далайларды сыздатат го.
Дагы бир жүрөктү эзген маселе бул наристелерди зордуктаган эки аяктуу айбандардын акыркы күндөрү көбөйүп кеткени болуп атат. Ал зөөкүрлөрдү буттарынын, бармактарынан байлап, өлгөнчө асып коюш керек. Ошондо да наристенин ата-энесинин, жакындарынын, элдин да күйүтү өлгөнчө басылбайт.
Наристелерден башкаларды зордуктагандарды түрмөгө камап, ак шейшепке жаткызып, жума сайын мончого жуунтуп, үч маал тамагын берип, бапестеп бакпай эле бычып салыш керек. Эркек эмес же аял эмес болуп жүрө берсин ара жолдо.
Ука Идирисова,
Аламүдүн району





кыргыз тилиндеги гезит "Учур"





??.??