presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



Жээндер

Кеп, кыргыздан тараган жээндер жөнүндө эмес. Ал жээндерибизге Алланын кулагы сүйүнсүн. Кеп башка улутка турмушка чыккан кыздарыбыздан тараган жээндер жөнүндө. Бир аз жылдар алдын Мар Байжиев аксакалыбыз башка улуттан тараган жээндерибиздин статусу тууралу кепуруп калчу эле.

Эми дагы бир аксакалыбыз Бексултан Жакиев жөөттөрдү мисал келтирип, жээндерибиз жөнүндө кеп козгоп турат. Бу эки аксакалыбызды угуп отуруп кыздарынын баары бөлөк улутка турмушка чыкканбы деген ой келет. Араб менен жөөттөр өзү бир туугандар, байбиче токолдун балдары. Жөөттөрдүн өздөрүнүн айтымында таза жөөт деп, кыргызчалатканда жээндер эсептелет. Таң каласың, дүйнө жүзүндө энесинен тукум кууган жалгыз улут болсо керек. Баамымда арабдар менен бир тууган болууну каалашпаса керек? Биз эми жөөт эмеспиз, биздин менталитет башка кыздарыбыздын кыздын журту башка, жаман катын төөркүнчүл, барган жериңен багың айтсын деп тарбия беребиз. Анан кыздарыбыз каны бөлөк башка улуттарды кантип кыргыз кылып берсин. Эгер эр тайын тартат болуп, энем кыргыздын кызы эле кыргыздарга кызмат кылып берейин десе кантип жок дейли. Ошондо да койнунда котур ташы жокпу ойлонуп көрөбүз. Бул бир, экинчиси ал кыздарыбыз асмандан түшкөн жок. Уядан эмнени көрсө учканда ошону кылат дегендей, койчу ээ ушу кыргыздарды деген кыргыздарыбызда бир топ. Кыргызга турмушка чыкпайм деген кыздарыбыз четтен чыгат.Эсил кайран СССРдеги он беш улуттан башка корей, герман, итал, чех айтоор ылгоо жок. Эмне дейбиз барган жериңерден багыңарды айтсын. Бирок кыргызды жериген кыздарыбыздан кыргыздарга күйгөн жээндерди тарбиялап беришине өтө эле чоң күмөнүм бар! Кыргызды жеериген кыздарыбызга, кыргызды жамандаган кээ бир ата-эне, кыргыздарга. Жакынкы жылдардагы эки окуяны эсиңерге салып кетким келет! Афганистандан чыккан боевиктер чек арабызды бузуп кол салганда жарадар болгон жоокерлерибизге депутаттык комиссия жолугуп кандай болгонун сураганда. Автоматтарыбызда отуздан окторубуз бар эле, огубуз тугөнгөндө командирибизге чалсак, керек болсо рукапашный бойго чыканга даяр болгула бирок посттуңарды таштабагыла деп айтты. Биз огубуз жок болсода постубузду таштабай коргодук дегени али көз алдымдан кетпейт жана кубанычтын, сыймыктануунун ызаасы келет. Тишине чейин куралданган канча деген адамдардын канын ичкен боевиктерден коркпогон алар, тыртайган эле он сегиз, он тогуз жаштардагы уландарыбыз, бирок кыргыз, мекен, намыс дегенде өлүмдөнда коркпогон азаматарыбыз, Чолпонбайларыбыз. Буларды тарбиялаган ата-энесине жана командирлерине рахмат айтып колун кыскың келет. Экинчи окуя апрел баатырлары, апрель окуясынан кийин чет мамлекеттерде кийимдерине "не буди во мне кыргыза же мен кыргызмын" деп жазып жүрүүсү эле жетиштүүдүр. Бири жээндерибиздин статусуна кабатыр болгон, бири жээндерибизге ишеним артып отурган эки аксакалыбызга. Өзүбүздүн кыргыз уул эр азаматтарыбыз турганда ички дагы, тышкы дагы душмандарыбыздын сазайын колуна карматарына ишендирип кете алам... Кыстырма катарында. Эр азаматтарыбыздын токсон тогуз пайызы кыргыз тилдүүлөр.Ушундай азаматтарыбызга Кыргыз бийлиги өз мекенинде татыктуу жумуш орду, эмгек акы менен камсыз кыла алат деп ишенип туралы. Кыргыз журтунда кыргыз тилдүүлөр деп жазыштын өзү осолдук бирок бул муктаждык жана башка кеп!

Данияр Бусурманалы





Кембагал өлкөбүздө генералдар көбөйдү

Жакында басма сөз беттеринде Жогорку Кеңештин айрым депутаттарына жогорку чин берүү боюнча президенттин аппарат жетекчиси Ж.Сатыбалдиевдин сунушу президентке жөнөтүлгөндүгү жөнүндө кабар басма сөзгө жарыяланып, эл арасында нааразычылыктар болуп жатат.

Наам демекчи өзүм башыман өткөргөн бир окуяны айтып берейин.
Өткөн жылы бир белгилүү адамдын юбилейлик кечесине чакыруу алып катышып калдым. Чакыруу барагында кайсы стол жазылбаптыр, кайда олтурарымды билбей, тамадалык кылып жайгаштырып жүргөн артистке кайрылсам, фамилиямды окуп "жүрүңүз" деп экинчи катарда 4 эркек, 2 аял олтурган жерге алып барса эле баягы эки катын чырылдап ийди.
- Бул жер генералдардын столу деп. Анда алиги артист "Бул киши дагы саяктардын генералы"-деп тамашалады. Ыңгайсыз болуп олтурсам бирөө "Эмне жумушта иштедиң эле" - деп сурап калды. Мен дагы тиги жөн сурабаганын биле коюп - айтып жатпаймынбы "Саяктардын КГБсынын генералы болуп отставкага чыккам" деп. Ошентип бир жолу мен дагы наамы жок генерал болгом.
Союз убагында тээ 50-60-жылдары армияда генералдардан С. Самсалиев кийинчерээк К. Үсөнбеков, милицияда Э. Талиев эле бар эле. Азыр тиешелүү кызматка бир эки ай иштей калып эле генерал болгондорго таң калбай калдык.
Көрсө ошол менин табакташтарым өзгөчө кырдаалдардын, өрт өчүргүчтөрдүн, салык кызматы ж.б. кызматтардын генералдары, элге башы, эмгеги көрүнбөгөн адамдар экен. Анан дагы өгүнү бир үйдө 80ден ашкан абышкасына көп жыл мугалим болуп иштеп пенсияга чыккан кемпири нааразы болуп жатат.
- Облоно согумга бир семиз жылкы алып келиңиз, эмгек сиңирген мугалимдикти алып берем" десе, жылкыңды аяп бербей койдуң эле, тиги баланча мугалим коюн куйкалап, жайкысын кымыз, кышкысын таруу бозосун күкүрттөй кылып флягалап ташып, согумун даярдап жүрүп "Эмгек сиңирген мугалим" болду эле, азыр анын пенсиясы 22 миң сом, мен Алайдан бери аралап 45 жыл мугалим болуп иштеп пенсиям араң төрт миң сом деп.
Көрсө наам дегенди эмгегиң сиңбей эле, эбин тапсаң эл жек көргөнү менен өзүңө моралдык, материалдык колдоо турбайбы.
Тээ союз убагында өмүр бою театрда иштеп жүрүп ыраматылыктар обончу Б. Эгенчиев, комузчу Т.Карымшаков, М.Үмөталиев, Г.Сеитбековалар эч наамы жок өтүп кетти эле. Араң жашы 70тен өткөндө Сүйдүм Төлөковага уялганынан араң берилген наамды, секирип ырдап элге ырахат тартууламак тургай, эстраданын жылдыздарыбыз дегени менен элди иренжиткен секелек кыз-жигиттер алып жатса наамдын деле мааниси кеткени, бул кадыр эсе эле көрүнүш болуп калды. Анан "айдаганың эки эчки, ышкырыгың таш жарат" болуп, армиябыз араң миңден ашса мынчалык генералдын деле, башка кызматтарда деле генералдык наамды кыскартыш керек дешкен элдин пикири туура.
Көрсө наамдын артыкчылыгы кийин пенсия алганда элден эки-үч эсе көп болоорун ойлогон эргулдардын "бергендин алмагы бар" дегендей акчасын чачып алган аласасы турбайбы.
Ошондуктан Урматтуу президентибиз Алмазбек Шаршенович сизди ошол наамга жутунган адамдар эмес, карапайым калктын калың катмары колдогон. Эгерде жанагы күлмүңдөгөн аппарат жетекчиңиз даярдаган сунушка кол койсоңуз башкалардын дагы атаандаштык нааразычылыгы күчөөрү шексиз. Эл көрүп турат ошол көрсөтүлгөн депутаттар элге ошончолук эле кызмат кылса, мамлекетибиз мынчалык эшекке минип эңшерилип, жакырчылыкка батпайт элек. Эгер элсиз наам бере берсе, эртең өңгөнү кой бизге да эмгек сиңген молдо деген наам бергиле деп, аягы басылбаган муфтияттагы кызмат талашкан молдокелер да Ак үйдүн алдына келери айныксыз. Аягында бир газетага берген маегинде Бек Борбиевдин "Ушул наам берүүгө каршымын, элдин баары эле эл үчүн кызмат өтөгөн"-дегенин окуп, азамат жигит экен деп койдум эле. Албетте наамды жоюп коюуга болбойт. Бирок элге өтө эмгеги сиңип, акчанын күчү менен эмес торко электен токсон жолу өткөн эр-азаматтар алса акыйкаттык болоор эле.

Акжол Сапар уулу
Бишкек шары





кыргыз тилиндеги гезит "Учур"





??.??