presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



Элге сөзүн айтпаса, эл өкүлүнөн не пайда?
Бакыт Жетигенов, "Ар-Намыс" фракциясынын депутаты:
"Кыргызтелекомду" текшертпей, жамаатка кыйнап кол койдуруп, президентке арыз жазып..."
- Бакыт мырза, алгач казинолор тууралуу кеп кылсак. Бул маселеге сиз демилгечи болуп чыгып, мыйзамдын негизинде казинолор жабылды эле. Бирок ага карабастан, айрым учурларда, көмүскөдө оюн уюштуруп, кармалып жатышат. Бул боюнча эмне айта аласыз?
- Бул мыйзамга кол коюлуп, иштей баштаганына 6 айдан ашты. Казинолорду жабуу мыйзамы барган сайын күчүнө кирип жатат десек болот. Бирок, "беш кол тең эмес дегендей" айрым бир учурда жедеп казиного, кумарга берилип, кумарсыз жашай албай калгандар, аны уюштуруп, көмүскө түрдө чектен чыгып жатышат. Өткөн жумада Манас көчөсүнөн мыйзамсыз, болгондо да интернет клубда интернет оюну сыяктуу кылып, (ал жерде рулетка жок, жөн гана экрандан ойнойт, акчасын жашыруун төлөшөт ) кумар оюнун ойнотуп жаткандар кармалышты. Менин досторум көп. Ар кай жердеги досторум, ушундай көмүскөдө ойноп жаткандарды мага кабарлап турушат. Аны укканда, мен ал клубга дароо жардамчымды жашыруун камера менен жөнөттүм. Өзүбүз далилдеп туруп, укук коргоо органдарына кабарладым. Бул боюнча тасманы коомдук каналдан да көргөздүрдүк. Мисалы, мындан тышкары "спорт покер" деген бар. Эреже боюнча алар спорттук иш чараларды ж.б. өткөрүп турушу керек. Бизде андай эмес, андай "спорт покерлер" жалаң гана кумар оюндары менен алек болуп жатышат. Кадимкидей эле кумар оюну. Ооз жагынан атайы кишилер карап турат, нары жагынан арак, вино куюп берип жатат. Дене тарбия жана спорт агенттиги ошондой "спорт покердин" төртөөнө расмий түрдө уруксат берип коюптур. Бирөөсү А. Воиновдуку экен, ал мурун эле ачып алыптыр. Бирок жакшы иштебей жаткан экен, казинолор жабылары менен булардын ишмердүүлүгү күчөп, казинолордун ролун аткара баштаптыр. Мен муну аталган агенттиктин жетекчиси Байгазиевге айткам. Ал катасын мойнуна алды. Буйруса, эки айдан кийин (ошондо мөөнөтү бүтөт) комиссия түзүп, кыдырып чыгып, аларды да жоюшат. Деги эле кумар оюндарына тиешеси бар жайлардын баарын жалпы укук коргоо органдары биригип иштеп, таптакыр жаап салыш керек. Эми "покерчилер" да казиночуларды туурап сотко берип жатышыптыр. Демек, буга сот чекит коюш керек. Кумар оюндары кереги жок, ал эч качан жакшылыкка алып барбайт.
- Атамбаев казино тууралуу жаңы мыйзамга кол койду. Эми бул мыйзам күчүнө кирип иштеп кетеби?
- Кудай буйруса, иштеп кетет. Эми бул мыйзам боюнча, телекоммуникациялар жана интернет аркылуу кумар оюндарын уюштургандар 1 жылдан 3 жылга чейин, ал эми көмүскө автомат оюндарын, казинолорду уюштурса, анда алар 3 жылдан 5 жылга чейин соттолот. Ал эми автомат оюндарды, казинолорду уюштуруп, кызмат абалынан пайдаланса, кылмыштуу топторду тартса ж.б. болсо , анда 5 жылдан 10 жылга чейин жазаланат. Буга кошумча үй-мүлкү да камакка алынат. Бул мыйзамдын долбоорун Төрөбай Зулпукаров экөөбүз иштеп баштаганбыз, анан дагы Султанов менен Дыйканбаев да суранып кошулушту. Президентте ашып кетсе, бир ай жатты. Айтор, бул мыйзамга учурунда эле кол коюп берди. Мурда мындай мыйзам жок болуп, көп тоскоолдуктар жаралып жаткан, эми жол ачылды. Укук коргоо органдары бул маселе боюнча катуу иштесе болот. Мен казинолорду жабуу боюнча мыйзамга кол коюп берген экс-президентибиз Роза Отунбаевага, жоопко тартуу боюнча мыйзамга кол коюп берген азыркы президентибиз Алмазбек Атамбаевге абдан ыраазымын!
- Казинолорду жабууга каршы чыккан Каржы көзөмөлдөө агенттигинин жетекчиси Тойчубеков бул мыйзамга да каршы чыкты деген кептер айтылууда...
- Туура, ал киши бул мыйзамга да каршы чыкты. Кагаздарын көтөрүп алып, кол алдындагыларга "интернет, коммуникацияларга тийбеш керек" деген мааниде кол койдуруп чыгыптыр деп угуп жатабыз. Себеби, казинолор жабылганча аталган агенттиктин "кормушкасы" болуп келген. Тойчубеков ошон үчүн чырылдап каршы чыккан да. Эми интернеттеги кумар оюндарынын коргоп калуунун төркүнү деле ошол акча маселесин барып такалат. Бирок бул жагын тыкыр текшербей жатышат, текшерсе эле баары ачыкка чыгат. Анын үстүнө ошол агенттикте иштегендердин да кумар оюндарын ойноткон автомат оюндары ж.б. бар деген кеп да чыккан. Эми айрымдар, "чет элдиктер үчүн казино оюнуна уруксат берели"- деп көтөрүп чыгып жатышыптыр. Бул болбогон маселе, баары бир ишке ашпайт. Кумарканаларды жабуу, кылмышка тартуу мыйзамдарына катуу көзөмөл кылабыз. Айтор, бул маселенин аягына чейин чыгабыз.
- Эми башка маселеге өтөлү. Өкмөттү кетирүү маселеси боюнча силердин фракциянын депутаттары ар кандай пикир айтышууда. Сиздин көз карашыңыз кандай?
- Өкмөттү кетирүү боюнча маселеге мен башында эле кол койгон эмесмин. Себеби, бул маселени тогуз айдын жыйынтыгы менен карайлы дегем. Азыр шашылыш кол коюп, өкмөттү кетирип жиберсек кандай болот? Кетиргенге форс-мажор болуш керек да. Же эмне Бабанов Кыргызстанды дүңүнөн сатканы жатабы? Же киши өлтүрүп жибердиби? Сентябрь эртең эле келет. Ошондо баарына жетишебиз. Бул маселе оңой маселе эмес, кылдаттык менен карап чыгышыбыз керек.
- Медведевдин Бабановду карыз сурап "кокологонун" кандай кабыл алдыңыз?
- Карыз маселеси боюнча буга чейин унчукпай келишкен. Мен ойлоп жатам, бул саясий маселе , же саясий оюн болушу мүмкүн. "Чоң долбоорду баштайбыз, момундай болот" деп айтып туруп, карызды доолаганы көп нерсени ойлонтуп койду. Чоң долбоор боюнча ишти баштап, бирок "чү" дегенде эле бизге карыз акчаны шылтоо кылып, бир аз жолубузду бууп тургандай болуп турушат. Өзбекстанга "кыр" көрсөтүп, бир сыр кылып жатат десек да болот. Себеби, өзбектер Жамааттык коопсуздук келишим уюмунан чыгып кетишпедиби. Айтор, бул маселени көп нерсеге жоруса болот. Бирок биз азырынча 500 миллион долларды төлөй албайбыз. Мамлекеттин андай шарты жок. Мунун башкача жолдорун карап чыгышыбыз керек.
- "Республиканын" бөлүнүп- жарылышына кандай көз караштасыз?
- Эми ал көрүнүштүн баары саясат да. Саясатта дайым оюн болуп турат. Саясат деген сөздүн өзү "сай" анан "сат" дегенди түшүндүрөт. Демек, көптөгөн башка өлкөлөрдүн да, биздин да саясатта ушундай болуп жатат. Бабановдун фракция лидерлигин Алтынбек Сулаймановго алып бергенине таң калган деле жокмун. Себеби, Бабанов Сулаймановго ишенет. Анын үстүнө иш жүзүнө келгенде фракцияны Алтынбек эле башкарып жаткандыгы тар чөйрөгө эмес, жалпы коомчулукка да белгилүү да.
- Кесиптештериңиз Пирматов, Сулайманов, Абдыкеримовго козголгон кылмыш иши боюнча кандай көз караштасыз? Каникул бүтсө, бул үчөөнүн маселеси дароо каралары күтүлүүдө. Депутаттар биригип, дагы коргоп каласыңарбы?
- Мен башкалар үчүн эмес, өзүм үчүн жооп берейин. Ал депутаттардын коррупциялык иштери аныкталса, анда бирөөнө да жан тартып коргобошубуз керек. Жеке мен өзүм колдобойм, жедиби, күнөөсү барбы, демек жазага тартылсын, жегенин кусуп берсин. Колдогонубуз өзүбүзгө уят болот. Пирматовдуку боюнча айта турган болсок, жакында Текебаев айтып чыкты, анын иши акционердик коом маселесине такалып калыптыр. Муну жакшылап терең карап, дагы башка жактарын да иликтеп чыгыш керек. Бул боюнча жеңилдик ишти мурун эле атайы киргизип коюшуптур да. Мисалы, 5 миң сом айып же, 1 жылдан 5 жылга чейин шарттуу түрдө эркинен ажыратуу. Муну жоюш керек. Мындан ары жоопкерчилик мамлекеттик кызматкерлерге бирдей болушу абзел. Сулаймановду болсо, "камайбыз, антебиз - минтебиз" деп жатышып качырып жиберишти окшойт. Жар салбай, ишти акырын баштап, басыш керек болчу да. Коррупция боюнча кармалып жаткан чиновниктердин иштери акыры келип сотко такалат. Анан сотторду көрөбүз, кандай иштейт, кандай чечим чыгарат? Кимдин кандай иштегени билинет? Негизинен бул иштер сотторго "тренировка" болушу керек.
- Саясаттан спорт маселесин өтөлү. Сиз Эркин күрөш федерациясынын жетекчисинин орун басарысыз. Лондондо өтүп жаткан олимпиадага кеткен биздин команданын курамы боюнча эмне айта аласыз? Себеби, спортко тиешеси жок адамдар да жөнөп кетти деген сөздөр байма-бай айтылууда...
- Бекер жерден сөз айтылган жок да. Ал жерде спортко тиешелүү 20дай эле (лицензия алгандарды кошкондо) адам кетти. Күрөш боюнча жалпы команданын машыктыруучусу Эмил Алыкулов эле кетти. А, негизинен күрөш боюнча жеке машыктыруучулар барышы керек эле да. КТРК ж.б. жок дегенде 3-4 журналист кошуп жиберишибиз керек эле да. Алардын ордуна акчасы көп, "блатнойлордун" баары кошулуп алыптыр. Алар өздөрүнүн акчасы менен, өздөрүнүн жолдору менен барышса болмок. Англия биздин өлкөнүн командасына аз эле кишиге уруксат бериптир. Англия деген капризный мамлекет ушул маселе менен мурунтан чуркаш керек эле да. Бул маселени мындан ары катуу көзөмөлгө албасак болбойт.
- Каникул учурундагы эл менен болгон жолугушууларыңыз кандай өтүп жатат?
- Бул айда иштедим. Шайлоочулар менен жолуктум. Андан тышкары, "Кыргызтелекомдун" ишин текшерип чыгуу боюнча жумушчу топ түзүлгөн. Ошол топтун башында туруп, иш жүргүзүп жатам. Бул мекеме боюнча текшере турган иш көп экен. Биринчи биз ишке кирише баштаганда, "Кыргызтелеком" биздин жумушчу топту киргизбей коюшуптур. Жетекчилиги: "текшерүүнү токтоткула, кереги жок" дегендей кылып, жамаатка кыйнап кол койдуруп, президентке арыз жазышыптыр. Эмнеге арыз жазышат? Эмнеден коркушат? Демек, мыйзам бузуулар бар, ошон үчүн коркуп жатышат. Текшериш керек, болгонун болгондой иликтеп чыгышыбыз керек. Бул боюнча текшерүүнүн жыйынтыгы чыга баштаганда, кенен маалымат беребиз.
- Эми август айындагы эс алууну кандай пландап жатасыз? Балким кайсы бир аралдарга барып эс алып келесиз...
- Иним, (күлүп) кайдагы арал? Биз өзүбүздүн эле керемет көлүбүздө эс алабыз. Аралдарга башкалар барбаса, биз барбайбыз.
Маектешкен
Айбек Шамшыкеев





кыргыз тилиндеги гезит "Учур"





??.??