presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



Каныбек Осмоналиев,
"КРнын бокс, оор атлетика жана жеңил атлетика боюнча федерациясынын президенти:
"Мурат Саралинов мен жөнүндө кайсы бети менен ошентип айтты..."
- Каныбек агай, кыргыз спортунда сиздин ордуңуз жогору экени жалпы коомчулукка белгилүү. Олимпиада оюндарынын төрт жолку чемпиону катары учурда болуп жаткан Лондон олимпиадасында кайсы спортчуларыбыз өлкөбүздүн намысын коргоп, жеңишке жетишет деп ойлойсуз?
- Олимпиадага катышкан спортчулардын бардыгы биздин Олимпиадалык комитеттин мүчөлөрү болгондуктан, мен спортчулардын олимпиадага кандай даярданып, кандай машыккандыктарын көргөн жокмун. Ошондуктан, олимпиадага жолдомо алган спортчуларыбызды чоң ийгиликке жетет деп так кесе айтуу кыйын. Ал эми " дзюдоист Чынгыз Мамедов, Францияга, барып машыгып келди деп уктум. Менин Данияр Көбөновдо үмүтүм бар, ал жигит менин байкашыма караганда алтынга татыктуу күрөшө алат. Акыркы убактарда мылтык атуу боюнча жакшы ийгиликтерди жаратып келе жаткан Руслан Исмаилов, жаш болсо дагы намысты колдон чыгарбаган Арсен Эралиевдер бир нерсеге жетишет го деген ойдомун. Сууга сүзүү, жеңил атлетика боюнча 40-орунду алсак эле туура болот. Анткени спорттун аталган эки түрү бизде, бизде эле эмес, дүйнөдө кандай экени коомчулукка айтпаса да түшүнүктүү. Аялдар күрөшү боюнча Айсулуу Тыныбекова деген кызыбыз болсо олимпиада оюндарына биринчи жолу катышып жатат, ал эми аялдар күрөшү дүйнөдө абдан өнүккөн. Ошондуктан ал деле жеңишке ээ болбой калышы мүмкүн.
- Биздин спортчулардын олимпиада оюндарына даярдыгы жакшы болбой, 4 жылда бир өтчү олимпиада оюндарына бир жыл калганда даярданып, ошол себептен спортчулар татыктуу байгеге ээ боло албай калып жатканы айтылып келе жатпайбы. Балким спортчуларды эрте даярдаганда жакшы көрсөткүчтөргө жетишмек...
- Бардыгы спорт тармагын жетектеген жетекчилерге байланыштуу. Эң башкысы спортту саясатка аралаштырбаш керек. Тилекке каршы, бүгүнкү күнү бизде спорт тармагын жетектеген жетекчинин баары кайсы бир саясий партиянын мүчөсү болуп, кээ бир учурда спорт саясатка аралашып кетип жатат. Ошондой эле аталган тармактагы кызматкерлер арасында бирин-бири көрөалбастык, интрига деген абдан күч. Интрига бар жерде спорт эч качан өнүкпөйт.
Өкүнүчтүүсү акыркы учурларда кыз- эркек дебей жаштарыбыз абдан бузулуп баратат. Ошолордун баарын туура жолго үндөп, ыйманга чакыра турган бул спорт экенин эсибизден чыгарбашыбыз керек. Бүгүнкү күнү спортту президент өзү колго алышы керек болуп турат. "Ааламга кетчү жол айылдан башталат" дегендей, спортту айылдан баштап өнүктүрсөк жакшы болоор эле. Жергиликтүү айыл өкмөттөрү менен биргеликте иш алып бара тургандай кылып, алыскы аймактарга атайын спорттук федерациялардын бөлүмдөрүн ачып, райондук бөлүмдөргө мамлекет тарабынан жылына 500 миң, облустук бөлүмдөргө 1 миллион сомдон ашык каражат бөлүнүп турса деп ойлойм. Дене-тарбия институтунда билим алган жаштарды ошол жакка алып барып мугалим кылып иштетүү зарыл. Ошондо спорт өнүгөт. Болбосо спорт эч качан өнүкпөйт.
- Учурда өзүңүз спорт тармагына кандай үлүш кошуп жатасыз? Кантсе да сизде бай тажрыйба бар эмеспи...
- Мен КРнын спорт жана дене тарбия агенттигинин алдындагы спорттун үч түрүнөн турган, тактап айтканда бокс, оор атлетика жана жеңил атлетика боюнча федерациянын жетекчиси болуп иштеп жатам. Башкаларчылап кеңсеме жатып албай, карысам да эки жакка чуркап, бүгүн Көлдө болсом, эртең Ошто барып жаштарды спортко үндөө менен алекмин. Жакында эле жеңил атлетика боюнча мелдеш өткөрдүк. Мелдешке мурун 50-60 спортчу катышып келсе, бул жолу катышкандардын саны жүздөн ашты. Спорттун аталган түрлөрү боюнча Кыргызстандын көптөгөн аймактарына атайын спорттук залдарды ачтык. Учурда ал залдарда жаштар машыгып жатышат. Балдар эле эмес, кыздар да машыгышууда. Аларды машыктырган машыктыруучулар дагы абдан тажрыйбалуу спортчулар экенин баса белгилеп кетмекчимин. Аз күн мурун Кемин районуна спорттук зал ачтык, ал жакта машыктыруучу жок, айылда жашаган баланы дене тарбия институтуна окууга өткөрүп, ал учурда окуп дагы, машыктыруучу болуп дагы иштөөдө. Ошентип балдарын спортко тартканыбызга ата-энелер да абдан ыраазы болуп, бизге рахматын айтышууда.
- Спорт залдарын ачууга кеткен каражатты кайдан таап жатасыздар?
- Каражатты КРнын спорт жана дене тарбия агенттиги, ошондой эле район жетекчилерине кайрылып жардам сурап жатам. Мисалы Көлдүн Тоң районунун акими Бакыт Рыспаев деген жигитке абдан ыраазы болдум. Жакында Көлдүн Көл-Төр деген айылына заманбап шарттагы спорттук залды ачууга жардам берди. Ал жигит "буйруса дагы 300 миң сомго штанга ж.б. машыгуучу каражаттарды алып берем" деген убадасын берди. Кыскасы район жетекчилеринин арасында деле спортту сүйгөндөр жок эмес экен.
- Спорт тармагында иштеген сизден башка жетекчилер кандай иштеп жатышат?
- Башкалар кандай иштеп жатканын билбейм, меники сыяктуу алардын деле иштей турган планы болсо керек. Негизи мен башкаларды карап отура бергим келбейт. Каражат жок болсо дагы каражат таап иштегенге аракет кылам. Жетекчилерге каражат бергиле деп жүк артпайм. Анын үстүнө азыр спорт тармагындагы жетекчилердин баары тең менден кичүү. Алардын айрымдарына бир нерсе айтсаң туура эмес кабыл алышат. Бир сөз менен айтканда баары мен деген адамдар. Колдон келсе мен аларга аксакал спортчу катары акыл насаатымды айтып турсам дейм. Эң негизгиси алар мага жолуккан жерден саламын айтып, учурашып турса болду. Андан башка алардын мага эч нерсесинин кереги жок. Башкаларчылап, бирөөлөрдүн ичи - койнуна кирип кошомат кылганды жек көрөм. Болгонун болгондой бетке айтып, кайда болбосун түз жүргөндү жактырам. Ошол себептен мени көпчүлүк жетекчилер жек көрүшөт.
- Өткөндө Азаттыктын "Ыңгайсыз суроолор" телеберүүсүнөн Улуттук Олимпиада комитетинин президенти Мурат Саралинов сизди ичи тар адам катары сыпаттады. Саралинов менен мамилеңиз жакшы эмес го?
- Саралинов кайсы бети менен ошентип айтты билбейм. Башка кемчиликтерим болсо болгондур бирок, ичи тардык кылып көргөн эмесмин. Бир катар спортсмендердин суранычы менен Саралинов менен бирге аталган олимпиада комитетинин президенттигине талапкерлигимди койгонум чын. Айрымдар мага "талапкерлигиңизди алып койбойсузбу"- деп келгенде мен аларга ала албасымды билдирип, башкалардын бардыгы талапкерлигин алып коюшкан. Ошентип мен 9 добуш алсам, Саралинов менден бир аз көбүрөк добуш алып жетекчи болуп шайланган. Ошондон бери Саралинов мени туура эмес көрүп, жогорудагыдай сөздөрдү айтып жүрөт. Ан үчүн мени отурган ордуман козгоп, кызматтан кетирүүгө да аракет кылышты. Учурдан пайдаланып спорт жетекчилерине айта кетсем, мага көп тийишишпесе, эки жыл болсо дагы спорттун аталган түрүн бутунан тургузуп, азда болсо жаштарды спортко үндөп кетсем.
- Кээ бир адамдар сизге "КРнын баатыры" наамы берилиш керек эле деп айтып жүрүшөт...
- Биринчиден мен наам алууга эч убакта аракет кылбайм. Экономика жана монополияга каршы саясат министри Т. Сариев "Чүйлүксүз сизге "КРнын баатыры берилиш керек"- деп айтканы бар. Эгер бул наамды берсе өздөрү билип берээр деп унчуккан эмесмин. Андан кийин Каныбек Осмоналиев баштаган ЖКнын депутаттары ЖКга чакырып алып, алар дагы ушул маселени көтөргөндө анда дагы ЖКнын трибунасынан "берилсе берилсин, берилбесе жутунбайм" деп өз оюмду айткам. Ошондуктан баатыр болот элем деп көрүнгөнгө жалдырап чуркабайм, берсе берип калаар, бербесе жок. Мындан эки жыл мурун олимпиада оюндарынын 80 жылдыгы белгиленип, дүйнө эли дүңгүрөп жатты. Ошондо башкаларды айтпай эле коёюн КРнын спорт жана дене тарбия агенттигин Алмаз Касенов жетектеп турду эле, аталган агенттиктен бирөө келип, колуман кысып куттуктап койгонго жараган эмес. Аларга караганда карапайым эл тынбай телефон чалып, куттукташты.
- Маркум Медет Садыркуловдун "Моя страна" партиясынын мүчөсү болгонуңуз, аталган партия Бакиевдин "Ак-Жол" партиясы менен бириккенде партиядан чыгып кеткениңиз айтылып жүрөт. Ушул боюнча да айтып берсеңиз?
- Ооба, Медет Садыркулов менен мамилем жакшы болчу. Убагында партиясына мүчө болуп, кийин андан чыгып Темир Сариевдин "Ак Шумкар" партиясына мүчө болгом. Ошондон бери "Ак Шумкардын" мүчөсүмүн. Көп эле партиялардан сунуштар түшүп, депутат бол дегендер болду. Бирок, спортту таштап саясатка аралашкым келбейт.
- Үй-бүлөңүз тууралуу да кыскача айта кетсеңиз?
- Жубайым Медеркан Осмоналиева, экөөбүз 39 жылдан бери бирге өмүр сүрүп, 4 уул, 3 кызды тарбиялап өстүрдүк. Уул-кыздарыбыздын баары турмушта өз жолдорун таап, үйлөнүп жайланышкан. Куда - сөөктөрүмдүн бардыгы өзүмө окшогон карапайым адамдар. Жашообуз Кудайга шүгүр, эл көргөн күндү көрүп, Кудай деп жашап келебиз.
Маектешкен
Мирлан Алымбаев





кыргыз тилиндеги гезит "Учур"





??.??