Иий ата, Илепаев изин жашырыптыр
Ысык-Көл облустук Ички иштер башкармалыгынын башчысына апрель ыңкылабынан кийин Жалил Илепаев деген жигит отурган. Эки жыл бою эч нерсени билмексен болуп отурган эргулду, эки-үч ай мурун кызматынан алышкан. Анткени, Жалил мырза ушул убакка чейин эки өлкөнүн жарандыгын алганын жашырып жүрүптүр. Ал эч нерсе эмес, аз күн мурун ИИМдин өздүк кызматы анын ичип жегендерин иликтеп чыгып, кармаганы барып кашайып таппай калышыптыр. Көрсө, бул "жигит" кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып, арам акчалардан аябай эле ашаган экен. Маселен, "Кумтөрдөн" которулган акчаларды ап эткени аз келгенсип, ал жактан ар биринин баасы 100 миң сомдон турган 15 контейнерди, ар биринин баасы 10 миң сомдон турган 120 оор жүк ташуучу унаа дөңгөлөктөрдү алып, аларды саттырып, акчасын сол чөнтөккө солоп жибериптир. Илинчектери билинип калган Илепаев, азыркы тапта изин жашырып качып жүрүптүр. Ал ортодо, Илепаевдин кол алдында иштегендер иштеринен кетирилип, жебегендери үчүн эмес, дебегендери үчүн кордук көрүп жатышат.


Качкын Булатов "айдап баратат"
Ар кайсы жерде көрүнгүсү келип, көрүнө жүрчү Качкын Булатов деген бар эмеспи, ошол айтып жатат: "Айкөл Ала-Тоо" менен "Апрель байрагы" бийликтин тапшырмасын аткарып жатат" деп. Анын минтип айтканын себеби, Бишкек шаардык соту Нариман Түлеевди үй камагына чыгарбай койгондон кийин айтып жатат. Туура, Түлеевди үй камагына чыгарса, Малеваная же Бакиевдей кылып качырып жиберишибиз мүмкүн, андыктан чыгарбай турган оң. Булатов болсо, айта берет… же саясатчы эмес, же коомдук ишмер эмес, же бир жерде иштеп бала-чакасын бакпайт да… "Эр айдоочу" дегенин "жөө айдап" курсагы тойгон жерде жүрө берет…


Досалиеванын ордуна Кодуранова бекиди
Президенттин алдындагы Мамлекеттик сыйлыктар боюнча бөлүмдүн башчысы Бүбүкан Досалиева ишин өткөрүп, арызын жазып берди. Ордуна айтылуу Апрель окуясынан кийин бул бөлүмдү башкарып кеткен Асель Кодуранова бекиди. Ар дайым ачык айтып, так сүйлөгөн Асель айым эки жылдан бери декреттик өргүүдө жүрдү. Эсиңерге сала кетсек, илгери Бакиев күчөп турганда, КСДПнын айрым эркектери куйругун түйүп, мандатын таштап баса бергенде Роза Отунбаева, Асель Кодурановалар "ак жолчулардын" арам иштерин ачык айтып, кандуу бийлик менен акыр аягына чейин кармашып келишкен.


Ташбаев "Кумтөрдү" коргойт
"Мамлекеттик геология жана минералдык ресурстар агенттиги кенди коргоо боюнча "Кумтөргө" нааразылыгы жок, -деп билдирди агенттиктин жетекчиси Учкунбек Ташбаев,-"Кумтөрдү" иликтөө комиссиясында геология жана минералдык ресурстар агенттиги кенди коргоо боюнча гана байкоо жүргүзүп турат. "Кумтөр" дайыма дурус көрсөткүчтөргө жетишип келген, анда эч кандай көйгөйлөр болушу мүмкүн эмес". "Кумтөрдү" катуу колдоп турганына караганда Ташбаевдин бир билгени бар чыгар…


Турсунбек Акун Суталинованы коргойт
"Мекен шейиттери" жана "Айкөл Ала-Тоо" уюмдары каршы чыгып жаткан кадимки Мурат Суталиновдун карындашы Г. Суталиновага атагынан чатагы арбын Акыйкатчы Турсунбек Акун жан тартып: "Албетте, анын агасы эл алдында күнөөлүү, бирок, агасынын күнөөсү үчүн карындашы жооп бербеши керек" деп билдирди. "Тулпардай туйлап гана турчу" Тукебиздин Суталиновдорго бекер жерден жан тартпаса керек. Ортодо бир оңойго турбаган иш бар го, болбосо бүтүндөй элге жек көрүнүп, наалат айтылып жаткан адамдын бир тууганын коргоп чыгуу башкы акыйкатчынын иши эмес да, эгер түшүнсө... Чындыгында, Жогорку Соттун судьялыгына талапкер болуп жаткан Суталиновага Мурат Суталиновдун карындашы болгону үчүн эле аталган уюмдар каршы чыгып жатпаса керек, ага каршы турууга себепкер болгон "себеби" болушу мүмкүн дешет кээ бирөөлөр…


Суталинов сотко келген жок
Апрель окуялары боюнча сот процесси Коопсуздук кызматынын мурунку башчысы Мурат Сталиновсуз уланды. Анткени, ал онкология ооруканасында дагы үч ай жатат экен.
Аталган сот процессинде 28 айыпталуучунун иши каралып жатат. Аларга эки же андан ашык адамдарды өлтүргөн, кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган, кызмат ордун таштап кеткен, куралын жоготкон деген күнөөлөр тагылып жатат. Бул сот иши качан бүтөрү белгисиз.

Тойчубековдун кызматынын кереги жок
Жогорку Кеңештин депутаты Алла Измалкова: "Барган сайын ар кандай функцияларды көп аткарууга аракет кыла баштаган Мамлекеттик финансы рыногун көзөмөлдөө жана жөндөө кызматынын мамлекетке анча деле зарылдыгы жок болуп калды" деп айтып чыккан эле. Аны угары менен аталган кызматтын жетекчиси Юруслан Тойчубеков "ал кызматты мамлекетке аябай зарыл экендигин, бул кызмат мыкты иштеп жаткандыгын" аябай саймедиреди. Биз билгенден бул кызмат кайсы кыйраткан ишти жасап жатканы деле белгисиз, ал эми жеке Тойчубековдун кээ бир иштери белгилүү болуп калгансыйт... Өткөндө Тойчубеков премьер-министрден сөгүш алган, демек иши начар экен...


Карашев менен Жаныбеков сындалды
Эл аралык кооператив күнүнө арналып Кыргызстандын кооперативдер уюму жана Айыл чарба министрлиги уюштурган иш-чарага келет деп кабарланган Айыл чарба министри Аскарбек Жаныбеков менен биринчи вице-премьер-министр Аалы Карашевдер келген эмес. Буга байланыштуу экс-президент Роза Отунбаева аларды катуу сынга алды. "БУУнун Генералдык Ассамблеясы быйылкы жылды кооперативдердин жылы деп жарыялап резолюция кабыл алган жана ал резолюцияны БУУга мүчө мамлекеттер пайдаланып кооперативдерге жардам берүүдө пайдалансын деген сунушту айткан. Мамлекеттин социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө кооперативдин салымы чоң. Ага маани бербей, келбей койгон жогорудагы жетекчилер өкмөттүн ишин чагылдырып жатат. Бул жаман көрүнүш" - деди экс-президент.


Феруза Жамашева калпычыбы?
Жогорку соттун пресс-кызматынын мурдагы жетекчиси Бакыт Рысалиев: "Жогорку соттун милдетин аткаруучу Феруза Жамашева документти бурмалаган, пресс-кызматтын ишин караган жыйындын протоколунда судьялар Курманбек Жороев менен Марат Осмонкулов "пресс-секретарь алмаштырылсын" деп айткандай жазылган. А иш жүзүндө андай болгон эмес. Ал жерде пресс-секретарды түшүрүү эмес, ал кызматтын штатын көбөйтүү жана ишти жакшыртуу жөнүндө сөз болгон" дейт.
Бакыт Рысалиев "кызматтан негизсиз бошодум" деп Бишкек шаардык сотуна кайрылды.

"Фабула" пресс