presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



Балээнин баары башындагыларда турбайбы
Аз күн мурун Баңги заттарын көзөмөлдөө боюнча мамлекеттик кызматынын Виталий Орозалиев башында турган бардык башчылары кызматтан алынган. "Балык башынан сасып жатканбы" ким билсин, бирок буларың кызматтан айдалаары менен кармалган баңги заттарынын көлөмү 10 эсеге өсүптүр. Өткөн жумаларда Баткен областынан аталган кызматтын капитаны 15 килограмм баңги затын ташып бара жаткан жеринен чекисттерге кармалып, абийири аштай төгүлдү. Жогору жактагы "крышалары" кызматтан айдалаары менен кой терисин жамынган карышкырлар колго түшө баштады көрүнөт...


Соттордун ставкасы 100-200 миң доллар
Кыргызстандагы эң коррупцияланышкан кызмат ээлери сот акелер экендиги эч кимге деле жашыруун эмес. "Коррупция, криминал менен күрөшүп, күпүлдөп иштеп аларды кылтакка илип атсак, соттор сорттоп, четинен бошотуп атат" - деп ИИМдин жогорку жетекчилери далай ирет чыркырашты го. Алардын мындай былык иштеринен кабары барбы же далили барбы айтор "Апрель байрагы" деген коомдук бирикменин мүчөлөрү маалымат жыйын өткөрүп, "биздин соттор соо эмес"-деп бир ооздон айтып чыгышты. Арасындагы Тариэль Исаков дегени "Соттор коррупционерлерди жетиштүү далил жок деген негиз менен коё беришет. Азыр соттор үй камагына коё берүү үчүн 100-200 миң доллар пара алып жатканы жашыруун эмес. Бардык кылмышкерлерди камаганга саясий эрк керек, ошондо гана бизде жылыш болот"-деп агынан жарылды.


Башкы прокуратура "байкуш" байлардын атын атады
Башкы прокуратура бастырып койгон байлыгын башкаларга жарыялагысы келбеген мамлекеттик кызматкерлердин былыгын чукуй баштады. Прокуратурадагылардын эсебинде дүйнө мүлкүн ачык айткысы келбеген чиновниктердин саны 93 экен. Арасында Жазаларды өтөө мамлекеттик кызматынын башчысы Аликбек Мамыркулов, Улуттук статкомитеттин мурдагы башчысы Орозмат Абдыкалыков, Курулуш жана архитектура мамлекеттик кызматынын башчысы Каныбек Нарбаев, Гоелогия жана минералдык ресурстар боюнча мамкызматынын директору Учкун Ташбаев Каржы рыногун көзөмөлдөө жана жөнгө салуу кызматынын башчысы Юруслан Тойчубеков, Өкмөттүн аппарат жетекчиси Төрөгул Беков жана Талас, Баткен областтарынын губернаторлору Жеңиш Разаков жана Койсун Курманалиева өңдүү бир канча чиновниктер бар. Ошол бир канчалардын арасында албетте байкуш кейпин кийген башбакан Бабанов да бар болсо керек.


Айнура айым ачыгын айтты
Сотторду тандоо кеңешинин элегинен улам кийинки тепкичке өтүп жаткан сок билек соттордун атын-жөнүн угуп алып, ал кеңештегилердин деле ишине алымсынбай калдык. Мындай күмөнүбүздү саясий серепчи Айнура Арзыматова да туура баамдаган экен, "Сотторду тандоо кеңеши ишине жоопкерчиликсиз мамиле кылууда, алар конкурстун үчүнчү туруна тапшырмаларга так жооп бере албагандарды да өткөрүүдө. Алар талапкерлердин моралдык жана нравалык жактан тазалыгына көңүл бурган жок . Мисалы, Минюсттун экс-башчысы кимдин колун кысуу, кимдикин кыспоо керек экенинин билбейт, Перизат Абакирова аттуу талапкер кызмат абалынан пайдаланганын айтат, а ага карата түшкөн 16 арыздануу жөнүндө кеңеш ойлонгон да жок. Мына ушундай талапкерлер адам тагдырын чечүүгө укугу барбы?"-деп акыйкат сөзүн айтты. "Кызыл, кызыл кекиртек, кыйла жерге секиртет" - болуп, ишен кожолорубуз сууга акпагай эле...


Бакиевдин колун кыскысы келген Абылай
Камчыкенин кан кудасы Абылай Мухамеджанов да Жогорку Сотко "жолдомо" алсам деп акыйып отурган учуру. Тандоо сынактарынын биринде Абыкең "Белоруссияга барып, Бакиевге жолугуп калсам, колун кысып учурашмакмын" - дейт. Ошентип, далай үй-бүлөнү сыздатып, кууратып кеткен КурСаличке барып калса, кучагын кенен жаюуга даяр экенин ачык айтты. Албетте, Бакиев менен кысышабы, кучакташабы, өздөрүнүн иши деңизчи, бирок он жылга жакын Жогорку жана Арбитраждык соттун судьясы болуп иштеген Абылай мырза акыйкат сот болуп берээринен көпчүлүктүн күмөнү чоң. Илгери сот болуп турганда акыйкатсыз чечим чыгарган, рейдердик баскынчылык аракеттерге жардамдашкан деп арызын жазып алып, Сотторду тандоо кеңешиндегилердин эшигин каккылагандардын да саны бир топ.


Тобо, уулуу көмүр өзү эле келиптир

Былтыр радиоактивдүү көмүр алынып келген деп кылым карытчудай чуу чыкты эле, анысы бир күндүн ичинде болбогон эле окуя катары (соттордун кылары ушу да) бүтүп калды. Биринчи Май райондук сотунун судьясы Кымбат Архарова Энергетика жана өндүрүш министри Аскарбек Шадиевди, министрдин мурунку орун басары Кайрат Жумалиевди, "Электр станциялары" ЖЧКнын генералдык деректири Аман Тентиевди, мамлекеттик Бажы кызматынын полковниги Аскар уулу Мирланды каратып туруп "кылмыш жасаган эмес" деп актап салды. Бул жакшы. Андай болгондо радиоактивдүү көмүрдү Чынгыздын Танабайы, же Шайлообектин Эштеги алып келген болуш керек… же өзү эле келдиби?! Баса, "эшегине жараша тушагы" болуп мамлекеттик айыптоочусу кыйратып жибергенсип "буларды күнөөлүү деп таап, Шадиевге 20 миң, Тентиевге 50 миң сом айып пул төлөтүшүбүз керек" - деп кыйынсынды. Миллиондогон акчаларды арты билинбей жатса, 20 миң, 30 миң төлөтөбүз дегени шылдың го бир!


Коомдук каналда мыйзам бузуу жок…

Өткөн саныбызда КТРКнын башкы директору Кубат Оторбаев ( анын маегинин астында PS кеткен) тууралуу куш тилиндей кабар кеткен. Ал кабарда Эсептөө палатасы текшерген кезде КТРКга кыргыз тилди өнүктүрүүгө бөлүнгөн акча максатсыз пайдалангандыгы чыккан деген маалымат жазылган. Бул маалымат чыккандан кийин, Коомдук каналдын аппарат жетекчиси Мээрим Орозобекова бул маалыматтын чын-төгүнү тактап берди. Анын айтымына караганда чындыгында эле тилге бөлүнгөн акчанын эсебин Эсептөө палатасы текшерип, жыйынтыгын чыгарышкан. Анда, бул акча негизинен максаттуу пайдаланганын, анча-мынча гана кемчиликтер болгону айтылган. Бул боюнча Эсептөө палатасы атайын эскертүү кылган экен. Бул ишке тендер жарыяланып, Садык Шернияз башында турган "Айтыш" коомдук уюму жеңип алган. Натыйжада аталган уюм бир топ кинолорду ж.б. көрсөтүүлөрдү кыргыз тилине сапаттуу которуп берген. Ал эми кыргыз тилине которуу ишине 18 жаштагы кыздын катышы боюнча, Мээрим айым: " Бизге канча жашта болот айырмасы жок, бир гана сапаттуу которуп берсе болду. Котормону текшерип чыгып, кабыл ала турган атайы комиссия бар. Ушул комиссия баарын чечкен"-деп кошумчалады. Айтор, Коомдук канал жана анын жетекчиси Оторбаев Кубат мырза тууралуу чыккан маалыматтын чоо-жайы ушундай. Кубат мырзаны коомчулук таза жана так иштеп келгенин жакшы билет. Андыктан ар дайым таза бойдон кала беришин каалайбыз!
"Фабула" пресс








кыргыз тилиндеги гезит "Учур"





??.??