presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



Мидин Алыбаевдин 95 жылдыгына карата...
Качкын Оторбаев
Мидин
...Кээде карап турсаң жаш баладай, таарына да кетчү. Бирок бат эле жазылчу. Анткени ак көңүл, көңүлүнө кир сактабаган адам эле. Анын зээндүүлүгүнө, эс тутумуна аябай таң калаар элек... Убагында бул адам билбеген бир да сөз, бир да тарых жоктой сезилчү бизге. Чынында Мидин алп таланттын бири экен. Ошол эле убакта анын эң жөнөкөйлүгү, адамкерчилик сапаттары анын аброюн жолдошторунун арасынан алда канча бийиктетип турар эле - дейт, Кулуй ата.
Эми Мидиндин өз оозунан уккан бир-эки тамаша кебинен эстеп эсимде калганын силерге айтып берейин балдар, - деп калды бизге, бир жолку отурушта…
- 1950-жылдары уруштун кекеери кете элек кез. Айыл жеринде айрым адамдардын оозу акка да жете элек кез болчу. Кийим-кече да аябай тартыш, кездеме деген кез-кез гана дүкөнгө түшсө аны райком өзү тизмелеп элге бөлүштүрчү.
Кыжымы, чийбаркут, тукаба дегенди айрым гана адамдар кийбесе, жокко эсе эле да ал кезде…
Бир курдай Май майрамына чукул ошондой товарлар районго келип, аны райком өзү тизмелеп бөлүштүрүп, партиялык активдин чогулушу аяктагандан кийин элге таратылып калды. Райпотребсоюзга барып, өз үлүшүңөрдү бөлүшүп алгыла - деп райондук аткаруу комитетинин төрагасы айткандыктан, бардык башкармалар чогулуп ошол жерге борбордук складга келдик. Склад башчысы Жакып деген адам: Бөлүнгөн кыжымы, кездемелерди тизме менен кезек боюнча бирден кирип алгыла - деп калды бизге кайрылып...
Бир кезде ал жерге Райкомдун кызматкери Мидин да келип калды. Чогулуп турган башкармаларды тамашалап, анан Мидин мага карап: "Кыргызстан" колхозунун башкармасын биринчи киргизгиле, болбосо "Кыргызстандын" койлору жамырап кетет - деп турган элди күлдүрүп жатып мени складга биринчи киргизип жиберди.
Бизге бөлүнгөн кыжымы менен чийбаркутту эсепчим экөөбүз ченетип алып жатсак, ичке Мидин кирип келди да, Жакыпты карап:

Кыжымы, баркут алам - деп,
Кыйла сыртта эл турат.
Шектүү карайт жан-жагын,
Шергазиев Бекмурат.
Какайышып казыктай,
Калдар, Кооман, Бек турат.
Себеп таппай, Самүдүн,
Сениби, сага! - деп турат…
Кыңыр ишиң байкатсаң
Кыжырланган көп башкарма,
Кыжымы менен бетке урат! -
деп ырдап койсо, Жакып борсулдап күлүп:
- Ой, Кулуй, сен өзүң калыс болуп айтып койчу, бул суук ооз кудай урганга! Кымырып, кыйшайтпай эле болгонун болгондой элге ченеп, таразага тартып берип жатпаймынбы - деди, күлүп…

* * *
Бир курдай Чаекке жумуштап келип, түшкү эс алуу учурунда эки-үч башкарма тамактанып алалык деп, ашкананы карай жөнөп калдык. Бара жаткан жолдо бизге Мидин жолугуп, бизди көрө коюп:
- Ой, башкарма туугандар!
Суу ичкени келаткан
Кайберендей ургандар!
Далай жолу силерден
Жедим эле тамакты,
Далай жолу сый менен
Ичтим эле аракты…
Ээрчигиле мени эми,
Бул ашкана тарапка! -
деди, саламын узатып...
Ашканага келип алдыбызга биринчиси, экинчиси менен Мидин бизге тамак алперип түштөнүп жатсак, эт союзда эсепчи болуп иштеп жүрүп, мойнуна көп акча түшүп, кызматынан алынган Эсен деген нарындык сары жигит бар эле, ошол жигит сырттан кирип келип, бизди байкоос алып учурашпай кайра чыгып кетип бара жатканда Мидин аны чакырып алып:
Сары сакал мурутчан,
Саламын айтпай унуткан…
Эсен деген сен белең
Эт союзду куруткан?
Жалган отчет кураган,
Кыңыр ишти көп жазып,
Кыл жип менен улаган…
Кудай урган сен белең,
Кызматынан кулаган -
дегенде, тигил уялганынан кызарып-татарып кетти да, уятына чыдабай:
- Кечирип кой Мидике, курган жаным бир жумуш менен оюм алек болуп атып силерди байкабай калган турбаймынбы, жыгылыштуумун - деп жан чөнтөгүнө колун салып, кайра ичке кирди:
- Жөн эле кой Эсеним, кызматсыз жүргөн сен байкушта кайдан акча-тыйын болсун. Да бир келер кезегиң... Андан көрө мобул мен берген акчага агам берди эле деп эски досторуң менен: "Эшек оюн салып кой" - деп эки "көк кагаз" сунду Эсенге.
* * *
Бир жолу райондук Аткаруу комитетинин төрагасы Аманбаев Жумгалбек райкомдун бөлүм башчысы Термечиков Макеш, райкомдун кызматкерлери Шопоков Бейшеналы, Алыбаев Мидин болуп "Жаңы-Арык" колхозуна барышып текшерүү бүткөндөн кийин кечкурун кой ферманын үйүнө конок катары конуп-түнөп калышат. Жазгы үзүмчүлүк маалы болсо да, үй ээси үзүлүп түшүп аларды аябай сыйлайт. Козу союп, кыш бою катырылган сүр эттердин калдыктарын, жылкынын чучугун салып коноктойт.
Тамак алдыларына келип, устуканды ал-алга келгенде баарынан улуусу Шопоков деген адам, колуна тийген сүр этти жасалма тиши менен чайнай албай убара болуп жатканын байкоо салган Мидин:
- Шопоктун уулу шок киши,
Шорпо ичсе, этке жок киши…
Себеби шоруң каткырдын,
Шоролоп түшкөн бүт тиши - дейт.
Бардыгы бул сөзгө күлүп жайнап жыргап калышты... Тамак желип бүткөндөн кийин конок каадасын кылып эшикке чыгышты.
Эшикте бир аз болушуп, Мидин менен Шопоков Бейшеналы кайра бат эле үйгө киришет. Барса, үйдүн ээси аялына:
- Төрдөгү керебетке Аманбаевге сал, анын бери жагына жерге Термечиковго орун даярда! - деп айтып жаткан экен.
Анда Мидин, үйдүн ээсинин аялына беттеп:
- Ойлоноор иш бар жеңеке,
Орунду салаар алдында.
Отуралы кеңешке…
Термечиков Макештин,
Төшөгүн мындай дайында.
"Ак кепинин" артынып,
Ал, ала жүрөт жанына…
Андан көрө жууркан сал
Жалаңкат кылбай, алдына - деп калды.
Үй ээси аял: Апей катыгүн, ал киши шейшебин өзү менен кошо ала жүрөрүн кайдан билдим - деп, жыйылган жүктү кайра бузуп, башка жууркан алып, төшөктү башкача салды. Аңгыча сырттан кирген Термечиков атынын канжыгасынан чечип ала келген ак шейшебин асты-үстүнө салынып, аял салган төшөккө жатып алды бүкүлү, көрпөчөсүн жамынып...
| Уландысы бар |







кыргыз тилиндеги гезит "Учур"





??.??