presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



Шоу жаңылык...
Гүлзинат Суранчиева, ырчы:
"Музыка менин каныма сиңип калган. Чыгармачылыкты бүт бойдон таштап..."
- Гүлзинат эже, алгач чыгармачылыгыңыздагы жаңылыктардан айтып берсеңиз?
- Чыгармачылыкта тынбай иштеп жатам. Азыр бир нече жаңы ырларды жаздырдым. Жакында эле "Сагынам", "Мезгил", "Бир өзүң", "Эсимде" деген аталыштагы ырларды жарыкка чыгардым. "Сагынам" деген ырым радиолордон бериле баштады, калганына кийинчерээк күбө боло аласыздар. Ал эми "Мезгил" жана "Бир өзүң" деген чыгармаларыма эки клип тарттырдым. "Эсимде" бул айтылуу эски ыр, ушул ырдын жаңыча вариантын иштеп чыктым. Андан тышкары Ысык-Көлдө боло турган "Кадыр түн - 2012" аттуу фестивалына, конкурсант эмес жөн гана көрүүчү, күйөрман катары барып келдим.
- Башка өлкөлөрдө боло турган фестиваль, конкурстарга баруу жакынкы планыңызда жокпу?
- Жок. Азыр интернет булактарынан карасаң өтө эле көп фестиваль, конкурс болуп жатканына күбө болосуң. Аларга деле барып катышса болот. Бирок мен эң чоң дүйнөлүк масштабтагы конкурстарга баргым келет. Мисалы: Италия, Франция сыяктуу чоң-чоң өлкөлөрдү өткөрүлө турган фестивалдарга катышсам деп кыялданам.
- Эгер ошондой дүйнөлүк фестиваль болуп, башка мамлекеттин атынан чыгып бер деген сунуштар түшсө макул болот белеңиз?
- Бул суроо эми курсагың ачпы же токпу деген сыяктуу да, айтор так жооп бере турган суроо эмес. Мен үчүн көбүрөөк философиялык суроо да. Буга мен ооба же жок деп так жооп бере албайм. Бул тууралуу ойлонуп деле көргүн эмесмин. Мындай сунуш түшүшү мүмкүн эмес го.
- Үй-бүлөңүздүн болобу же башка жактан болобу сиздин чыгармачылыгыңызга каршы чыккандар болсо сахнаны таштап кетет белеңиз?
- Кудай сактасын андайларга туш боло элекмин. Жолдошум, бир туугандарым баары мени колдоп турушат. Мен чыгармачылыкка алты жашымдан баштап аралашкам. Балалыгым толук бойдон чыгармачыл адамдардын, музыканын арасында өткөн. Музыкалык билимим бар. Музыка менин каныма сиңип калган. Чыгармачылыкты бүт бойдон таштап кетишим мүмкүн эмес.
- "Супер инфонун" жылдын мыкты адамдарын тандоо аземинде сиз эч кандай наам албай калып, "мындай майда нерселерди теңиме албайм" деп айттыңыз эле...
- Бул вокалдык конкурс эмес жөн гана жылдын мыкты ырчы айымы, ырчы мырзасы деген тандоо. "Супер инфонун" жана күйөрмандардын ою. Вокалдык конкурс болуп, сен жакшы ырдай албай калдың деген сыяктуу сөздөрдү уксам анда башкача болмок. Канчалаган фестивалдарга катышып жүрөм, ошондуктан сынаганга аябай жакшы көнгөм. Бирок эки жыл катары менен "эң мыкты ырчы айым наамына татыктуу" деген тизменин катарына киргеним чоң жетишкендик. Демек мен элдин кулагында, оозунда да бармын.
- Ырчылыктын туу чокусуна чыга алдым деп ойлойсузбу?
- Чыгармачылык жөн эле бир калыпта жүрө берсең эч качан өспөйт. Дайыма изденүүдөн менен жаңы идеянын үстүндө жүрүш керек. Ырчылыктын туу чокусуна чыктым деп деле айта албайм. Бирок фестивалдарда башка мамлекеттин сахнасында ырдап жатканда ушундай сезимдер болот. Чоң сахнада Кыргызстандын атынан чыксаң, көптөгөн өлкөлөр сени карап турса, сенин талантыңа күбө болуп жатышса албетте, ырчылыктын туу чокусунда жүргөндөй болосуң. Ал эми өзүбүздүн сахнадан көнүп калгангабы айтор андай сезим көп боло бербейт.
- Сахна сиз үчүн эмне? Баркы канчалык?
- Сахна жашоомдун бир бөлүгү. Ал эми баркына баа жетпейт. Аны сахнанын үстүндө жүргөн адамдар гана биле алышат.
- Сахнанын үстүндөгү Гүлзинат менен сахнанын артындагы Гүлзинаттын айырмасы барбы?
- Эч кандай айырмасы жок. Кандай болсом ошондой гана жүрөм. Сахнада болгону мен аткаруучумун, ырчымын. А үйдө кадимкидей сүйкүмдүү жар, мээримдүү энемин.
- Көп ырчылардын өздөрүнүн окуучулары бар. Атайын таланттууларды тарбиялаган мектептерди ачкандар да жок эмес. Сиз дагы ушундай мектептерди ачсам деген оюңуз жокпу?
- Менин деле окуучуларым бар. Аларга жардам берип турам. Бирок андай мектептерди, студияларды ачуу азырынча оюмда жок. Кийинчерээк ачып калышым мүмкүн.
- Азыркы мигранттар арасында башка улуттун жигиттери менен жүргөн кыргыз кыздарын кордогон кыргыз жигиттерине кандай карайсыз?
- Бул туурасында толук маалыматым бар. Уялбагандан өзүң уял болуп, алардын жасаган ишин угуп мен уялдым. Алар патриотторбуз деп жаңылышышат. Аларды улутчулдар деп койсо болот. Ал эми улутчулдар менен патриоттордун айырмасы асман менен жердей. Башка улуттун жигиттери эмне адам эмеспи? Алар түшүнүгү аз, адамдык деңгээли төмөндөп кеткен адамдар. Башка бирөөнүн тагдырын чечкендей алар кимдер деп да айткың келет. Патриот болушабы, жакшылап иштешсин, өз мекенине келишсин, үй-бүлөлөрүн багышсын. Анчалык патриоттор экен жетим-жесир, кем багалдарга жардам беришсин. Башка жерде жүргөндөрүнө карабай, ошол кыздарга жардам беришсин. Анан эле бөлөк өлкөдө жүрүшүп кыргыздын абийирин ачкандары туура эмес. Патриот болгулары келеби Кыргызстандын өсүп өнүккөнүнө өз салымдарын кошушсун! Андан башка эч нерсе айта албайм.
Маектешкен
Гүлзат Таалайбек кызы




МҮЧӨЛ ЖЫЛДЫ БЕЛГИЛӨӨ АЗЕМИ
(Кыргыз мекендештерге чакырык)
Мүчөл жылдын мааниси. "Мүчөл жылды" белгилөө байыртадан бабалардан калган салт болуп эсептелет. Анын мааниси адам үчүн абдан тереңдикте жатат. Анткени Адам жашоосу Күн - Жер - Теңирчилик менен тыгыз байланышта боло тургандыгын көчмөн кыргыз эли байыртадан баамдап, ага жараша ал чөйрөгө өзүнүн жашоосун ылайыкташтыра билген. Алар үчүн 12 саны өзгөчө маанинге ээ болгон. Күн - Түндүн 12 сааттан болуусу, б.а. сутканын 24 сааттык мезгилдүүлүгү, жылдын 12 ай мезгили жана ар бир 12 жыл Күн - Жер алкагында дагы мезгилдүүлүктү (циклди) түзө тургандыгын аныкташкан. Бул жагдайга ылайык жыл мезгилинин (айлампасынын) башына Чычкан жылы алынган жана ар бир 12 жылда жашоонун жаңы айлампасы башталат деп айтышкан. Мындай мезгил алмашуу ар бир Адам үчүн анын жашоо чөйрөсүндө өзгөрүүлөрдү, жаңыланууну, жоготууну ж.б. ар түрдүү жагдайларды алып келе тургандыгын баамдашкан. Чычкандан баштап ар бир кийинки жылдар бирден жаныбарлардын аты менен аталып, алар Кыргыз элиндеги кабыл алынган норма боюнча бири адал - бири арам жаныбар ирээтинде алмашып турат. Мисалы 2010 - жыл Жолборс жылы, ал эми 2011 - жыл Коён жылы болуп эсептелет ж.б.у.с. Демек Адамдын жашоо жолун 12 жылдык айлампа менен ченөө жана аны Мүчөл жылдар айлампасы деп белгилөө бизге байыркы бабалардан калган мааниси чоң насыят болуп эсептелет. Ал эми Бабалар Мүчөл жылына чоң маани берип, аны милдеттүү түрдө белгилеп турушкан. Ар бир 12 жыл аралыгында Адам улам жаңы, кийинки турмуш тепкичине чыгып олтурат. Биринчи Мүчөл-балакатка толгону, экинчи Мүчөл - Эр азамат, Кыз - селкиге келгени, үчүнчү - төртүнчү Мүчөл - Жигит - эр ортону болгону, бешинчи Мүчөл - аксакал Ата-Апага келени, алтынчы Мүчөл - карыя Баба-Байбичеге жеткени ж.б.у.с. Бул салт Совет доору түзүлгөндөн кийинки мезгилде унутулуп калды. Аны ал доордо 50, 60, 70, 80 ж.б. жашка толгон юбилейлер менен алмаштырып келишти жана мындай салт азыр дагы уланып келе жатат. Ошондой болсо дагы Кыргыз эли бабалардан калган бул салтты кайра калыбына келтирүүбүз керек. Аны менен биз ар бир кыргыз баласы өзүнүн турмуш жолун табияттын мыйзамына ылайык алып жүрүүгө тарбиялайбыз, үйрөтөбүз.
Ал эми Байыркы бабалардан калган Мүчөл жылды белгилөө аземи кандай өткөрүлгөн.

o Биринчиден, Мүчөл жылын белгилөө анын туулган күнүн белгилөө менен байланышы жок. Туулган күн - туулган күнү белгиленет, азыркы заманда. Ал эми бизин байыркы Бабалар туулган күндү белгилеген эмес (ал күн так болбогондуктан), бирок Мүчөл жылын сөзсүз белгилешкен. Анткени ал жыл ар бир 12 жылда кайталанып турат. Биринчи Мүчөл жылы биринчи айлампа боюнча 12 жылда келет, бирок аны 13 жашка келди деп кабыл алышкан (Эненин курсагындагы жашоону бир жыл деп кабыл алуу менен). Кийинкилери: 25, 37, 49, 61, 73, 85, … Муну Mk =12k,+1; k =1, 2, 3, 4, 5, 6, 7, … жөнөкөй формуласы менен эле аныктоого болот. Мында М - Мүчөл жылы, k - Мүчөл жылынын ирээти. Мисалы k = 1 - биринчи Мүчөл жылы, k = 5 - бешинчи Мүчөл жылы (М5 = 12х5 = 60га толгон жыл), ж.б. Мисалы, Коён - Мүчөл жылында төрөлгөндөрдүн календардык жылдары: …, 1939, 1951, 1963, 1975, 1987, 1999, 2011, 2023, 2035, 2047,…

o Экинчиден: Мүчөл жылы дайыма бир гана мезгилде, жылдын "Бирдин айынын"- мартын биринчи жумалыгында өткөрүлгөн экен. Анда, үй - бүлөөдөгү Мүчөл жылына туура келгендердин баары (ата - энелери, бир туугандары ж.б.) чогулуп Мүчөл жылын белгилөө аземин - той өткөрүшөт. Мүчөл жылын белгилөө аземинин мааниси - кийинки Мүчөл жылына чейин аларга аманчылык, ден - соолук, үй - бүлөөдөгү ынтымак - ырыскерчилик тилеп, ишине ийгилик каалоо батасын алуу болгон.

o Үчүнчүдөн: Аземге ага - туугандар, жакын санаалаштар сыйлуу конок катары чакырылат. Меймандарга мал союлуп, ширин даам тартылып, оюн - шоок көргөзүлөт.

o Төртүнчүдөн: Азем учурунда Мүчөл жылындагыларга белек берилет (негизинен кызыл түстүү кийим - кечек), жалпы меймандар менен бирге аласталып, морт идишти тэптирип сындыртат. Себеби Мүчөл жылы ал үчүн морт жыл болот деп коюшат жана андай жамандыктар сынган идиш менен чыгып кетсин делет.

o Бешинчиден: Мүчөл жылын өткөрүп жаткандар өздөрүнөн кичүүлөргө кийип жүргөн кийимдеринен белек таратат, ал эми улууларга дагы белек берилет (шартка ылайык). Аземдин соңунда Аксакалдар Мүчөл жылын белгилеп жаткандарга бата беришет дагы той таркатылат.
Урматтуу мекендештер! Байыртадан бабалардан калган "Мүчөл жылды" белгилөө салтына өтөлү, аны кыргыз элине таркаталы, башка элдерден үйрөнгөн юбилейлерди белгилөө чоочун салттарды калтырып, адамдын жашоосуна, тагдырына табигат менен айкалышта болгон терең философиясы бар каада - салтыбызга кайрылып келели.
Сиздердин ой-пикириңиздерди күтөбүз!
Алынган булактар: 1. Кыргыз энциклопедиясы. Кыргыздын каада салттары.
2. Газетага жарыялаган материалдардан.
Шаршеналы Алиев, профессор.






кыргыз тилиндеги гезит "Учур"





??.??