presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



Парламенттин
бет пардасын ачып көрсөк...
Бул чакырылыштагы депутаттар партиялык тизме менен деген парданын артында келип, алгач бири-бирин көргөндө башкалар эмес өздөрү чалкасынан кетип "тиги отурган жерге отурбайм, муну менен эч иштеше албайм" деген эмоцияларын жашырбай бир топ "ыйкы - тыйкы " болушканы элдин эсинде. Ошол себептүү, биринчи жылда көп убактыларын сынашуу, тирешүү, ал турмак көз көрүшө жакалашууга чейин жеткен ич ара "разборка" менен өткөрүшкөн. Деги эле көрөйүн деген көзү, угайын деген кулагы жок жеке келишпестиктеринин натыйжасындабы эптеп түзүлгөн коалицияны солкулдатып, беш алтоо биригип өз бетинче блок түзүп, улам бир жээктен кол булгалап, бүтүндөй парламенттин шайын нечен оодарышты. Биринчи жылга салыштырмалуу, албетте, бул жылда алда канча жылыш болгондугу, депутаттар өз абалдарын, милдеттерин кыйла түшүнүп, өскөндүгү кадыр эсе байкалды. Өз ыктыярлары менен элдин алдына чыгып, сыналгыга түшкөн 120 депутаттын ар бири жөнүндө мактаган, жактаган, андан өтсө соттогондой эле ой пикирлер далай айтылды, айтылат. Буга чейин эле иш тажрыйбалары арбын, саясаттын түркүн кечүүсүнөн өткөн Мыктыбек Абдылдаев , Исмаил Исаков, Токон Мамытов, Туратбек Мадылбеков, Курмантай Абдиев, Карганбек Самаковду жүйөлүү ой пикирди айтып, алгылыктуу сунуштарды киргизип, өздөрүнө да өзгөгө да талап койгонду билген депутаттар деп, булар кандай гана маселе болбосун ар качан жыйындын өзөгүндө турду десек жаңылышпайбыз. Ошол эле учурда очойгон акчаларга партиялык тизмедеги орундарды сатып алып, кырчылдашкан кыйын кырдаалдарда өнөктөштөрүн көкүрөк тосуп коргомок тургай , жөн гана кол көтөрүп колдогонго жарабай "өзөктөн чыккан өрт жамандай" лидерлердин күйбөгөн жерин күл кылып, тескери баскандары да аз эмес.
Лидерлер идеялардын жана көз караштардын келишпей калгандыгы үчүн аларды партиянын тизмесинен чыгаруу менен жазалоого жасаган аракеттери натыйжалуу деле болгон жок. Кандай кылсаңар да, "депутаттык мандат чөнтөктө" деп компойгондор, "кыйын болсоң алган акчаларды үстөлдүн үстүнө койгунун, анан гана сүйлөшөмгө" чейин баргандыгы көп эле айтылып жүрөт.
Ошентип, капилеттен катарга кошулгандар менен бир багытты көздөп иш жасоого, "чалгынга" бирге барууга болбой тургандыгын түшүнгөн лидерлер, келерки шайлоого эмитен даярдык көрүп, "депутаттыкка катар тизме менен эмес, партиялык кеңешменин чечими аркылуу сунушталсын" деген маанидеги өзгөртүүлөрдү мыйзамдаштыруу аракеттерин көрүүдө. Бул боюнча демейде бирин бири "баса калып" сындап турчу Өмүрбек Текебаев менен Камчыбек Ташиевдин демилгелери бир болуп, айтылган сунуштарды чогуу колдоп беришти.
Өкмөт менен парламенттин иш алып баруусунда мамилелердин ийленишине мурдагы төрага Акматбек Келдибековдун салымы чоң болгондугун белгилөөгө болот.
А.Келдибеков өзү айткандай "тигил жагына да, бул жагына да кошулбай", иштин кызыкчылыгы үчүн көпүрө болуп бергендиги анык. Ал өзүн көпчүлүктүн көңүлүн таап, башкарууга жөндөмдүү адис экендигин көргөзө алды. Бирок, чындап эле ошончолук ишинин көптүгүнөнбү, же өзүнүн бийлигине өтө берилип кеттиби, айтор эсеп - кысап чарбасындагы ысырапчылыкка "маани бербей" койгону, ата мекенчилерге аны төрагалык орундан оодарып түшкөнгө курал болду. Анда да кырдаалдан пайдаланып А.Келдибековду ур-токмокко алгандар анын ыгына көнө түшүп, ымала санашып калгандар болуп далай кырчылдашып барып басылышты. "Ошол төрагалык орунга А.Келдибековдон башка бирөөнүн отурганы окшошпойт" деген менен ары карап, бери карап түндүк-түштүк теңдигин сактоого ылайык, өзү да андай катуу эмес жумшак мүнөз Асилбек Жээнбековду отургузушкан. Айтам дегенди аягына жете угуп, суудай аккан убакыттан уттурганы гана болбосо, А.Жээнбеков деле оң-солду тегиз карады.
Депутаттардын арасында деле "танка" айымдар бар. Буга куюлуштуруп сүйлөп тилинен чаң чыккан Камила Талиеваны, талкуу жараткан талаш маселеде айрым эркектерге караганда ар качан айтчу өз сөзү бар Жылдызкан Жолдошеваны, тынбай тыбарап бардык иш-чарага чыркырап киришкен Дамира Ниязалиеваларды кошсо болот. Башында сөзүн таптап кыргызча баштап, акыры оюн толук жеткирүү үчүн орусча аяктаган Айнуру Алтыбаеванын, Кумтөрдүн иштөө абалына чара колдонулбаса, ал кыргыз эли үчүн Ый-Төргө айланарын иликтеп, ачуу чындыкты чыгаргандардын алдыңкы сабында болгон Эркингүл Иманкожоеванын, мамлекеттик тилдин иштешине "баш сайып кирген" Урмат Аманбаевалардын сунуштаган мыйзамдары көпчүлүктүн колдоосуна арзыды десек болот. Карапайым калктын көйгөйлүү маселелерин баса белгилеп, ак үй, көк үйдүн "улак тартыш" оюндарына аралашпай, жеке пикирлерин ачык айтып, ак сүйлөгөн принциптүү депутат Эльмира Жумалиеванын, сырттагылардын суроо талабын жогоркуларга жеткирүү түйшүгүн тарткан чыныгы элдик депутат Гулнара Жамгырчиеванын иш аракеттерин, сунуштаган ой талаптары калкка кайрымдуу, журтка жугумдуу экендигин баса айтууга болот.Ошол эле учурда анда-санда аты гана аталбаса, эки жылдан бери бир ооз сөзүн кой, үнүн укпаган Динара Исаева, Роман Шин, Элмира Иманалиева, Хаджимурат Коркмазов, Анвар Артыковго окшогон депутаттар ал жерде эмне иш менен алектенет деген суроо көптү кызыктырат.
Жогорку Кеңештин депутаттыгына жаштар демейдегиден арбын өттү, алар жаңы дем менен саясий көз караштын багыттарын өзгөртүүгө күч болуп берет деген элдин оюу акталган жок. Буга чейин оппозициянын алдыңкы сабында болуп, бийликтегилерге орчундуу талаптарды коюп келген Жоомарт Сапарбаев, "биз ар качан эл үчүн кызмат кылабыз" деп дайыма, актыкты тактыкты жактап сүйлөгөн Данияр Тербишалиевдер, көптөн бөлүнбөгөн арыдан бери эле депутат болушту. Аларга караганда микрофонго башка бирөөнүн жардамы менен чыккан Дастан Бекешовдун үнү көп угулуп элге таанылды.
Саясатка жаштарды кошпой жатышат, жаңыча форматта ойлонгон жаштар бийликке жетсе эле баары башкача болмок деген доомат деле бекер окшойт.
Башынан жогорку кызматтарда жүрүп, депутат болгондо элдин оозун ачырган Курманбек Осмоновду айтпаса болбос. Бийликтин бир бутагын кармап турган А.Келдибековдун кылмышкерлердин анабашы Камчы Көлбаев менен кезигүүсү "бери дегенде жосунсуз жорук" деп ызылдап жаткандарга "Көлбаев эмне бандитмин деп чекесине жазып алыптырбы, көпчүлүктө кимдин ким экенин ким билет?" деп бир таң калтырды. Камчы Көлбаевди кылмыштуу иштерин тоодогу малчыдан тартып, базарда картошка саткан аялга чейин билген, Келдибеков менен Осмоновдун ал туралуу такыр кабары жок экенине кантип таң калбайсың.
Кумтөрдүн азыркы абалын талкуулаган "кызыл кыргында", мамлекеттин бир да кызыкчылыгы эске алынбаган мындай келишимге учурунда кол койгондордун арасында, ошол убактагы Жогорку Соттун төрагасы Курманбек Осмоновдун да аты аталганда "кызмат үстүндө көп эле кагаздарга кол коюлат. Айрым учурда байкабай калгандары деле болот" деп кебелбей экинчи жолу элди жакасын карматты. Мындай сөздү көчөдө жүргөн бирөө айтса анча деле маани беришпейт эле. Ал эми "бир барак кагаз эмес, бир ооз сөз үчүн жоопко тартылууга боло тургандыгын беш колдой билген Курманбек Осмонов ошентип эл жек көрүп, жектеген ишенбеген соттордун накка жүзүн да бир ирет көргөздү.
Жогорку Кеңештин төрт жолку чакырылышынан өтүп, "золотой" депутат аталган Өмүрбек Текебаев астына ат чыгарбаган "карт бөрү" саясатчы, экендигин мында деп бекемдеди. Айрыкча А.Келдибеков, Ж.Жолдошева менен болгон таймашы анын "катылгандын катыгын" берем деген ишенимин дагы арттырды.
Партиялык тизме менен парламентке өткөндөрдүн арасында "бандит менен бизнесмен" көп болду деген сөз да ачыкка чыгып, коррупцияга каршы иш чараларды баштаганда эле айрым депутаттардын төбөсү көрүндү.
"Республика" партиясынан Исхак Пирматов жөнүндө кеп козголгондо, депутаттар аны коргоп калуу чарасын көрүп, кепилдикке да өтүштү. "Ата Журт" партиясынан Нариман Түлеевди камаганда андан бетер "чуу" түшүрүп, бир тобу аны укук коргоо кызматкерлеринин чеңгелинен сууруп чыгуу үчүн, "жөөлөшкөнгө" чейин барышты. Ошондо аларды карап аңкайып калган элдин сөзүн СДПК партиясынын лидери Ч.Турсунбеков айтып "Жогорку Кеңеште бандиттер менен кылмышкерлер отурат десе анча көңүл бурчу эмес элек. Бул эмне деген шумдук. Кимдин ким экенин сот териштирип аныктасын. Аларга кысым көрсөтүүнүн өзү мыйзамсыздык, деп биринчи жолу "парталаштарына" түгүн көргөздү. 2-3 күн өтпөй "Ата Мекен" партиясы сунуштаган социалдык өнүгүү министри Равшан Сабиров "пара алды" деген айып менен камакка алынды. "Республика" менен "ата журтчуларга" салыштырмалуу "ата мекенчилер" сабырдуулук менен, башкалардай арачы түшмөк тургай "укук органдарынан адилет чечим" күтөбүз деп жоопкерчиликтен эртелеп четтей беришти.
Бул жылда сөзү менен иши айкалышкан Карганбек Самаковдун Японияга парламент өкүлдөрүнүн бир тобун өз каражатына алып барып, алардын бийлиги менен бир топ иштиктүү келишимдерди түзүп, бизде кабыл алып, айтор башкаларга үлгү болорлук иш аракеттери мактоого арзыйт.
Ошентип Жогорку Кеңештин бул чакырылыштагы депутаттарынын экинчи жылы толгон токой окуяларга жык толуп, элди эриктирген жок. Бул аралыкта алар 349 мыйзам долбоорун карап, анын 236сын кабыл алгандыгын төрага А.Жээнбеков баса белгиледи.
Парламент "эки тизгин бир чылбырды" колго алып, эс алууга кетип жатып Өкмөткө дагы бир ирет сынак ыргытты. Ал 45 депутаттын колу коюлган Өкмөткө ишеним көрсөтпөө демилгеси.
Бул өкмөттөгүлөргө камчыдай тийип "иштегиле оңолгула, жыйынтык бергиле" деп шашып эле калышкансыды. "Ууруну карма деп көпчүлүк менен кошо кыйкырып ууру жүрөт" демекчи ач айкырык, кур сүрөөн азыр Кытайдын товарындай өтпөй калган. Өкмөт даярдап жаткан "кылмышкерди ким айтып берсе, ага 20% сыйлык берилет" деген долбоордун кажети канча? "Бул жегич, тигил ичкич, ал кылмышкер" деп какшап айтып, тынбай эле жазып жатышат го. "Мындан кийин жооптуу кызматчылардын иши эмес, сүйлөшкөн сөздөрү да текшерүүдө" болот деген премьер-министрдин сөзүн көпчүлүк түшүнө албай турат. Мындан кийинки жашоо турмуш жомоктогудай жакшырып кетишине, ошол буга чейинки, 20 жыл аралыгында элдин канын соруп, ырыскысын жутуп, ыйманын тебелегендерге түздөн - түз тиешелүү. Анткени жердин да, кендин да жеке менчик ээси бар, бөлүнгөн, сатылган, берилген ал эми элде демократия деген жел сөздөн башка эч нерсе жок. Ошондуктан эки жолу төңкөрүш жасалып, атылган окко карабай жеке басар бийликти алмаштырышты. Ошол үчүн парламенттик бийлик биринчи кезекте элдин суроо талабын канааттандырып, мамлекеттин тез арада өнүгүшүнө көмөк берет деп ишенишкен. Шайлоо алдындагы партиялардын программаларында
Электр энергиясынын наркы аныкталып, калкка өз баасында сатуу.
Айыл чарбасын өздөштүрүүгө көңүл буруу менен аны кайра иштешүүнү жолго коюу.
Жеңилдетилген насыяларды төмөндөтүлгөн пайыз менен узак мөөнөткө берүү.
Акаевди, Бакиевди 7-Апрелде элге ок аткандарды, Ош окуясынын күнөкөрлөрүнүн бирин калтырбай аны келип, жоопко тартуу ж.б. толуп жаткан жалпы журтка жаккан убадалар болгондугу үчүн жабыла колдоп беришкен. Кайсынысы аткарылды? "Электр жабдыктарын алмаштырбасак такыр жарыксыз калабыз" деген каңкуу кайра башталды. Дыйкандар маңдай тер менен чогулткан тонналаган капуста, картошкалар пахта, кызылчалар талаада тоодой үйүлүп, чирип, өнүп, бузулуп, тыйынга да өтпөй жерге көмүлдү. Натыйжада берилди аты менен себеленген бир жылдык кредит киреше эмес чыгашага себепкер болду.
Узун сөздүн кыскасы парламент, парламенттин курамынан түзүлгөн Өкмөт "реформатор" болуп тарыхта калгысы келсе, мындан ары чечкиндүү кадамдарга баруусу шарт. Элди жубатып "камаш керек, соттош керек, кармаш керек" деп ачакей-жумакей ойногондон майнап чыкпайт.
Камалган соттолгондор "үлгүлүү жүрүм-туруму үчүн" "ден-соолугуна байланыштуу" ж.б. шылтоолор менен акталып, кутулуп кетип жатышкандыктары жанылык эмес.
Кустурабы, төлөтөбү, башка кылабы айтор кандай кылса да убагында Өкмөттүн алсыздыгын, элдин айкөлдүгүн карасанатайлык менен пайдаланып мындан кийин эмес, буга чейин уурдалган, тоногон, ташыгандарды аёосуз тизип, мамлекеттин байлыгын кайтарып алуунун жолдорун аныктагандар жана аларды кайтарып берүүгө аргасыз кылгандар гана жалпы журттун ишенимине арзыйт. Бийликке элдин берген суроосу да, койгон талабы да ушул. Калктын көңүлүн көтөрүп, казынасын толтуруп, жашоосун жакшырткан бийликти эл качан да болсо колдоп берет. Мындай чоң милдет, түйшүктүү ишке берилген убакыт өтө аз, балким жетпейт...
Айнагүл Калчаева,
Бишкек шаары.





кыргыз тилиндеги гезит "Учур"





??.??