presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



Лондон сүйлөйт:
ХХХ Олимпиада оюндары…

Ошентип, 27-июль күнү 30-жайкы олимпиадалык оюндар старт алып, дүйнөнүн миллиарддаган калкынын көңүлү Лондон шаарына бурулуп отурат. Жайкы Олимпиадалык оюндарды өткөрүү оозуйпасы Улуу Британия мамлекетинин ордо калаасы Лондон шаарына үчүнчү ирет ыйгарылып отурат. (Жайкы Олимпиадалык оюндар Лондондо 1908 жана 1948-жылы өткөрүлгөн).

Сандар сайраганда…
Дүйнөлүк бул спорттук мааракелик майрамга Кыргызстандан 14 спортчу катышып, өлкө намысын коргомокчу болуп атышат. Спортчулардын саны боюнча биринчи орунда олимпиада оюндардын кожоюну Улуу Британия мамлекети турат. 541 спортчу британдыктар үчүн мөөрөй талашат. Экинчи орунда АКШ - 530, үчүнчү орунда Орусия - 443, Австралия 415, Германия 395.
Ал эми коңшулаш туугандарыбыздын спортчуларын санасак, казактар 115 , өзбектер 54, тажиктер 16 атлетин алдыга сүрөөдө. Ал эми Бутан, Чад, Лаос сыяктуу мамлекеттер алына жараша 2-3төн гана спортчулары менен намыс талашмакчы болуп атат. Лондондогу ХХХ мааракелик Олимпиадалык оюндарга жалпысынан дүйнөнүн 205 мамлекети катышууда. Спорттун 28 түрү жана 39 дисциплина боюнча баш аягы 302 байге ойнотулат.

Кимдин капчыгы канчалык калыңдайт?
Бүтүндөй дүйнө эли назар салып турган бул мелдеште намыска жарап берген спортчуларга ар бир мамлекет алына жараша акчалай сыйлык тартуулайт. Бирок 70 жыл СССРдин көлөкөсүндө калып келген азыркы КМШ мамлекеттери экономикасы анчейин кубаттуу болбосо дагы ийгилик жараткан спортчуларынан акчаны аяган жок. Олимпиадалык оюндардын тарыхында эң жогорку акчалай сыйлык убада кылган бул Грузия болду. Алтын байгени багындырган грузин спортчулары бир заматта миллионерге айланып, 1 миллион 200 миң долларды чөнтөккө салышат. Ири суммадагы акча менен спортчуларына стимул берген мамлекет "алтын байге үчүн 510 миң долларыбызды аябайбыз" деген Азербайжан мамлекети болду. Коңшубуз Казакстан алтын медаль үчүн 250 миң доллар сайды. Сүйүктүү Кыргызстаныбыз дагы байгелүү орунду камсыз кылган спортчуларына кам көргөн мамлекеттердин катарында. Алтын байге үчүн өлкө жетекчилерибиз 200 миң, күмүш байге үчүн 150 миң, коло байге үчүн 100 миң доллар убада кылууда.

Алтын медаль үчүн:
Италия - 172 200 доллар
Белоруссия - 150 000 доллар
Орусия-125 000 доллар
Пакистан - 107 526
Украина - 100 000
Өзбекстан - 100 000
Ирак - 90 000
Иран - 85 000
Тажикстан - 66 000
Босния жана Герцеговина - 63 500
Франция - 61 500
Молдова - 57 000
Кытай - 54 000
Армения - 50 000
Сербия - 43 000
АКШ - 25 000
Ооганстан - 20 000
Канада - 20 000
Германия - 18 000 (АКШ, Германия өңдүү мамлекеттер жеңиш алып келген спортчуларына символикалуу гана түрдө акчалай байге коюп беришкен. Себеби алар өз спортчуларына Олимпиадалык оюндарда гана эмес, ар дайым көңүл бөлүп алар үчүн миллиондогон долларын ансыз деле жумшап келишет)

Ким лидер?
Спорт серепчилеринде эсебинде ХХХ Жайкы Олимпиадалык оюндарында жалпы командалык эсепте ардактуу алдыңкы орундарды адаттагыдай эле АКШ жана Кытай ээлери айтылууда. Илгери америкалыктардын негизги атаандашы катары каралып келген СССРдин учурдагы мураскери Орусия бүгүн жада калса үчүнчү орунга илине албай, алдыңкы бешилтикке кирсе ошого ыраазы болуп жүргөн чагы. Орустардын негизги атаандаштары: британдыктар, немистер, француздар, австралиялыктар.

Саясаттын сасык жыты
Олимпиада - бул жөн гана спорттук мелдештер эмес, бул идеологиялык, геосаясий өтө олуттуу таймаш. Олимпиадалык оюндар сөзсүз түрдө саясий оюндар менен коштолуп келет. Лондондогу ХХХ Жайкы Олимпиадалык оюндар дагы мындайдан куру калган жок.

- Улуу Британия мамлекети менен туура 30 жылдан бери Атлантика океанындагы Фолкленд аралдарын талашып келген Аргентина мамлекетинин президенти эки өлкө ортосундагы аскердик кагылышуунун 30 жылдыгына карата Лондонго баруудан демонстративдүү түрдө атайын баш тартты.

- Евро Биримдиктин кээ бир мамлекеттерине кирүүгө расмий түрдө тыюу салынган белорустардын президенти Александр Лукашенкого Улуу Британия да эшигин жаап таштады.

- Грециялык спортчу Параскеви Папахристу өзүнүн интернет баракчаларынын бирине улутчулдук маанайдагы пикирин билдиргендиги үчүн оюндан четтетилди.

- 25-июлда Түндүк Корея мамлекети менен Колумбиянын ортосундагы өткөрүлгөн кыз-келиндер арасындагы футболдук беттеште уюштуруучулар Түндүк Кореянын желегинин ордуна Түштүк Кореянын желегин көтөрүп салышкан. Бул шалаакылыгы үчүн британдыктар эки Кореядан тең кечирим сурады.

- Лондондун борбордук Риджент-стрит көчөсүн кооздоодо 205 катышуучу-мамлекет менен катар Тайвань мамлекетинин да желеги илинген. Бирок Тайвандын эгемендүүлүгүн тааныбай келген Кытайдын жинине тийбеш үчүн уюштуруучулар тайвандыктардын желегин тез арада алып салууга аргасыз болгон. Британдыктардын бул кылыгы үчүн Тайвань катуу таарынып, нааразычылыгын билдирди.

- Эл аралык Олимпиада комитетинин төрагасы Жан Рогге "Лондон - Олимпиадалык оюндардын мекени" -деген сөзү үчүн Греция мамлекети расмий түрдө нааразычылыгын билдирди.

- Грузиянын дагы Улуттук олимпиадалык комитети уюштуруучуларга расмий нааразычылык катын жолдошту. Себеби, Орусия курама командасындагы эки спортчунун туулган жери катары көрсөтүлгөн Түштүк Осетия жана Абхазия Олимпиадалык оюндардын расмий сайтында Орусиянын жери катары маалымдалган. Эсиңерде болсо 2008-жылкы Олимпиадалык оюндар башталган күнү, 8-августта Грузия менен Орусиянын ортосунда аскердик кагылышуу орун алып, натыйжада талаш аймак катары каралып келген Түштүк Осетия жана Абхазия аймагына орустар басып киришкен.
Тиленбек Азык






кыргыз тилиндеги гезит "Учур"





??.??