Шакини күрөш федерациясы сактап калабы?
Атактуу алкомагнат Шаршенбек Абдыкеримов тууралуу буга чейин ЖМКда Англияда "качып жүргөн имиш" деген кептер айтылды эле, көрсө Шаки мырза Кыргызстанда ойноп-күлүп жүрүптүр. Эске сала кетсек, буга чейин грек-рим, эркин күрөш, аялдар күрөш федерациясы өз өзүнчө болуп келсе, жакында бул үч федерациянын башы биригип, президенттигине Шаки мырза бекиген болчу. Ал учурда жанын үрөп, күрөш федерациясынын ишин жакшыртуу үчүн, айрыкча Лондон олимпиадасына жолдомо алган спортчуларга кам көрүп жүрөт. Ал тургай, федерацияга өз чөнтөгүнөн бир нече миллион ыргытты. Мунусу жакшы, капчыгы калың эмеспи, спортко көңүл бурсун, кыргыз спортчуларын колдосун. Бирок буга чейин өзүнө козголгон кылмыш иши боюнча эмне дээр экен. Эрки жетсе, мыйзам алдында жооп берип, ак экенин, же күнөөлүү экенин тактап албайбы. Болбосо иш десе ишке, аш десе ашка тойбой, курч жигиттин минтип "куурап" жүргөнү кантип жакшы болсун!


Генерал Турганбаев депутаттарды чочуткан чоң сырды качан айтат?
Эсиңиздерде болсо, генерал Турганбаев Нариман Түлеев кармалып жаткан учурда, кызыктуу маек берип, анда "жакынкы аралыкта депутаттарга байланыштуу бир чоң иш ачылат, экөөнү Россиядан кармап келдик, ал иш депутаттарга барып такалат" деп айткан эле. Угушубузга караганда, Мелис мырза айткан ал кылмыш иши адам өлтүрүү кылмышына байланыштуу экен. Чын эле ошондой болсо, ал эмне болгон адам өлтүрүү кылмыш иши болду экен? Мунун толук сыры коомчулукка качан ачыкка чыгат? Же тергөө иштерине кимдир бирөөлөр тоскоолдук кылып жатабы? Эң кызыгы бул иш кайсы депутатка барып такалат? Коомчулук бул тууралуу чыдамсыздык менен чын маалыматты күтүп жатат, урматтуу Мелис мырза!


Марат Султанов менен ФШКга кылмыш иши козголобу?

Айтылуу "Манас" аэропортунун жанында "Манас 2" деген аталыштагы аэропорту бар. Бирок аталган аэропорттун курулуш иштери илгери башталып кайра токтоп калган жайы бар. Мына ошол аэропорттун курулуш иштерине байланыштуу чоң сыр бар экен. Бакиевдин тушунда "Манас 2" курмакчы болуп, тендер жарыяланат. Тендер иши кыргызча "тең бөлүшүү" менен аяктаган дешет. Теңге бөлүнүп кеткен акчанын саны 7 миллиондон 1 миллионго чейин имиш. Ал кездеги үлкөн чиновниктер Феликс Кулов менен Марат Султанов ал тендердеги "тең бөлүшүү" ишине катышкан деген кеп ( бирок азырынча кимиси канча алганы, кандайча катышкандыгы тууралуу маалыматтар чыга элек) бар. Ал тургай бул боюнча кылмыш иши козголуп, кайра жогорку жактын кийлигишүүсү менен убактылуу токтоп калган экен. Ошондон бери бул опол тоодой орчундуу иш ордунан козголбой "уктап" жаткандыгы айтылууда. Жакында бул иш боюнча тергөө иши кайра жанданып, чыныгы күнөөлүүлөр кылтакка илинет дейт. Эмесе ФШК менен Марат Султановдун бул ишке канчалык тиешеси бар экени такталгыча, күтө туралы... Бул кеп да бекер жерден чыкпаса керек да.


Иш ордунан "исчез" дешет...
Жалал-Абад облусунун губернатору Азис Турсунбаевге болгон жергиликтүү элдин нааразычылыгы күчөп бараткандыгы айтылууда. Маселен, губернатор мырза, Акаев заманында губернатор болуп иштөөнүн "мыкты үлгүсүн" көрсөткөн Ташкул Керексизовдун ыкмасына салып, жумушка анда-санда эле келет экен. Көбүнчө, өзүнүн бизнес ж.б. иштери менен жүрөт имиш. Аны издеп келгендер, кезекке күтүп жатып, абдан жадашкандан улам, бул маселени кабарлап биздин редакцияга коңгуроо кагышты. Азис мырза, бул темп менен жүрсө, Жалал-Абадды алдыга эмес, артка тартары бышык. Турсунбаевдин бул жоругу жогорку жакка угулса, губернаторлук кызматтан учуп кетиши толук мүмкүн.


Бакыт Чалжановго да кылмыш иши козголот дейби?

КСДП партиясынын мүчөсү, Бишкек эркин экономикалык аймагынын директору (Бишкек СЭЗ) Бакыт Чалжанов деген мырза бар. Бул жигит тууралуу аталган мекеменин башчылыгына барганы жакшы сөз айтыла элек. Эмне иш кылып жатканы деле белгисиз. Ал жерде иштегендердин жана аны жакшы билгендердин айтымына караганда, Бишкек СЭЗдин иши мурункуга салыштырмалуу бир топ төмөндөп, миллиондорду чапчыган киреше бөлүгү да азайып кетиптир. Жумушка да көп келбейт дешет. Анын ордуна иштерди көп учурда Баатыр деген (кесиби юрист) жардамчысы жай-жайына коюп, өзү эле ары-бери чечип коёт экен. Мына ушул маселеге байланыштуу Чалжанов жакынкы аралыкта суралат имиш. Бул айтылгандар такталса, Чалжанов суракка барып жатып чарчайт го. Мейли, чардаганы чын болсо, чарчаганы да чын болсун дейли...


Жантөрөнүн иниси Искендер айдоочулардан акча жыйнайбы?
Президенттин аппарат жетекчиси Жантөрө Сатыбалдиевдин бир тууган иниси Искендер Сатыбалдиев Төө-Ашуудан түшө калгандагы Сосновка авто постунун жетекчиси болуп иштейт экен. Укканыбызга караганда, Искендер мырза аталган кызматты 2001-жылдан бери жетектеп, ары өткөн бери өткөн машинелерден акча жыйнап жатып, баш айланткан байлык топтоду деп айтып жүрүшөт аны жакындан билгендер. Алардын айтымында Искендер мырза айдоочулардан акчаны арбын жыйнап, ал каражатты өкмөттөгү үлкөн чиновниктердин бири менен тең бөлүшүп турат экен. Ушундан улам, кайсы бийлик болбосун тилин таап, Акаев убагынан бери майлуу кызматтарды аркалап келе жаткан Сатыбалдиевдер тең бөлүштүргөндү жакшы өздөштүрүп, бийликтен кетпей келе жатабы деген ой кетет.


МАИден качкан вице-премьер министр...
Вице-премьер министр Гүлнара Асымбекова деген чиновник эжекебиз бар. Бул эжекебиздин таалайы таштан чоң экен, себеби мамлекеттик кызматтарда такшалбай, "Ар-Намыс" аркылуу бир жылча "балык" депутат болуп олтуруп эле, өкмөт башчынын орун басарлыгын басып жыгылган. Бул айым тууралуу коомчулукта да, тар чөйрөдө да "татынакай" сөздөр көп айтылып келет. Кезектеги ошондой сөздөрдүн бири төмөнкүчө: МАИ кызматы өткөндө "крутой" рейдин жүргүзгөн учурда, мыйзам бузгандардын катарынан Асымбекова да ардактуу орун алыптыр. Анын МАИге токтобой, кылмыш кылгансып, же мансабына чиренгенсип "дыр" коё качканын маичилер камерага тартып алышат. Артынан кууп жетип, машинесин токтотушат. Бирок буга жинденген маичилерди вице айым кызмат абалынан пайдаланып кекетип-мокотуп, (эмне тососуңар деген кыязда) айда-а тилдеп (кыязы, ичинде бар го) МАИ башчысы Талант Исаевге чейин чалып, бир топко коркутуп - үркүтүп, камерага тартып алган тасманы тамам кылдырыптыр дешет. Ошентип өзүн эмес, кызматын сыйлашкан маичилер вице- айымдан кечирим сурап жатып, араң дегенде кутулуптур деген кеп тар чөйрөдө кызуу талкууланууда.
Аткаминерлер үлгү болгондун ордуна минтип "Ормон опуза" салып олтурса, иш кантип жакшырсын. Кызмат абалынан пайдаланган мындай аткаминерлерди аттан сүйрөп түшүп, сазайын колго берүү зарыл.
"Фабула" пресс