Мидин Алыбаевдин 95 жылдыгына карата...
Качкын Оторбаев
Мидин
- Кетер күнү Мидин да жолдошторун "Жоро-Тастан" тамактанууга чакырды. Тамакка "заказды" түрдүүлөп берип, ичкиликти мол алды. Ичип-жеп көпкө отурушкандан улам, дагы бир ирет бул заказды кайталоого туура келди. Кызууланган казак достору Мидиндин күлкүлүү сөздөрүн угуудан тажабай, дагы эле аны кетирер алардын түрү жок.
Бапыраңдаган баягы досу Габит, ушул кезде ордунан туруп, Мидин досун дагы бир ирет минтип мактап калды:
- Осы Мидин досымды көрдүңүздөр гой! Өзү да, сөзү да жоомарт адам эди…
Бу досым "Атан төө берип, ат алган" кадимки Атантай Жоомарттын өзү гой! Мына караңыздарчы, бул жерде кандай гана тамак-ас желмеди, кандай гана ичимдик ичилмеди. Мидин досымыз, бир да кабагым-кашым деп кебелмейди - десе, анда Мидин: - Рахмет, Габит досым, рахмет казак туускандар! Энди руксат берсеңиздер мен жол тартайын. Мени аябай мактап салдыңар... Колу ачык жоомарт адам Атантай Жоомарттын өзүнө теңедиңер. Силерге дагы бир жолу чоң рахмет айтам!
Габит досым деле олжосунун тарпын калтырбай жеген Сары-Арканын чөөсүндөй эле, мыкты адам экен - деди мыйыгынан жылмайып...
- Эртеден бери тамакты тартынбай шабыратып жеп жаткан казак агаин-туугандардын арасынан, бирөө каймана сөздүн каякка бара жаткан маанисин дароо түшүнө коюп: - Мидике, андай ак сөзүңүз болсо бул берген заказыңды биз деле кошо төлөшүп коөлу, анау айткан сөзүңүз айып этпесеңиз, өтүрүк сөз экен гой, биз үчүн - десе, калгандары да жан чөнтөктөрүнө колдорун салышып, биринен бири өтүп, Мидин берген заказды чогуу төлөгөнгө өтүштү.

60. Ашагандар жаркөптү,
Аңтаргыла чөнтөктү…

Бир жолу Ашыралы деген киши аялына жакшы жаркөп жазатып, райкомдо чогуу иштешкен Мидин баштаган беш-алты кишини үйүнө түшкү тамакка чакырып калды. Аялы самоорун булоолонтуп кайнатып, памил чайын кызарта чыгарып, жаркөптү жабык казанга бышырып, казандан чыгарбай ысык кармап чакырылган сый адамдарды чыдамсыздык менен күтүп отурган экен.
Тамак алдына келери менен ачыгып келген эргулдар, ай-буйга келишпей эле табактарына үймө-үймө кылып койдун майлуу эттерин кесмеге кошуп, аралаштыра салышып, үзүлө түшүп, үстүккөнсүп жеп жатышты.
Ашыралы болсо кубангандан улам, кайра-кайра эле аларды кубаттап, "жесеңер, алсаңар" жазгы үзүмчүлүктө мындай тамак табылбайт. Арманда каласыңар! Баса, баса отуруп жеп алсаңар курсагыңарды тойгузуп... Мындай жаркөп Фрунзеде бир порциясы 50 тыйын деп кечке эле какшап айта берди. Бул сөз көп кайталана бергенден улам отургандар да бири-бирин шектүү карашып, тамактарын тарта жеп калышты. Кээ бири Мидинге: "Сен бирдеме дебейсиңби" - дегенчелик кылып көздөрүн кыса белги беришти. Анда Мидин жаркөп салынган тарелкасындагы акыркы кесмесин сугунуп болуп, Ашыралыга беттеп:
- Барбалактап Ашыкем,
Бардык сыйын көрсөттү…
Бир сөз айтам уккула,
Ашагандар жаркөптү…
Акча таштап коөлу,
Аңтаргыла чөнтөктү! -
деп, сары чака тыйындардан бир чөнтөгүнөн алып дасторкондун четине акырын таштап койду. Калгандары да Ашыралыны шакабага чалып:
- Ырас эле көптөн бери ушундай жакшы жаркөп жей эле элек. Бул жакшы тамакты акысыз жегенибиз уят - дешип чөнтөктөрүндөгү болгон жез тыйындарды биринен сала бири дасторкондун четине таштап жатышты.
Ашыкең да "азап" киши экен, алардын шакабасына такыр моюн толгоп койбой ырас эле болбодубу, ушу кезде чай алып ичкенге бир да чака тыйын үйдө жок болуп кыйналып жаттык эле - деп, дасторкон четиндеги тигилер тыштаган жез тыйындарды битиреп бирден алып, санап чөнтөгүнө салып алды…

61. Эжигей сары аяшым, сенин
Эриңден жаман тажадым…

Мидин жанында ээрчиткен бир-эки жолдошу менен шаарды карай жол тартып баратып, Боом капчыгайынын ичиндеги "Хитрый дом" деген жол боюндагы ашканага кайрылып калат. Ал жерден тамактанганы жаңыдан жайланышып отура берерде, катарындагы кичине алысыраак бир столдо отурган өң таанышына көз кыры чалдыгат. Алыстан баш ийкешип салам берсе, ал карап туруп салам бербейт, а түгүл, Мидинди кайдыгер кишидей карап, башын ийкегенге да жарабайт. Жанында отурган сары чийкил аялына чай куюп беримиш болот…
Көңүлү сууп, андан кайт боло түшкөн Мидикең чогуу отурган досторуна карап:
- Ата көрү, адам деген бат эле өзгөрүлө түшөт турбайбы? Тиги катардагы отурган мен саламдашкан киши экөөбүз былтыр Кой-Сары курортунда чогуу жүрүп, бирге эс алдык эле. Бир курдай эзелтеден бүтпөгөн чыр-чатак иштерин да бүткөрүүгө ага жардамым тийди эле. Эми минтип такыр таанымаксан болот. Шашпа тууганым, сенин жаныңдагы эрке аялыңдын көзүнчө эсиңе бир келтирип коөюн - деп, шердене түштү. Анан шашпай тамагын ичүүгө киришти.
Аңгыча тигилер да тамактанып болушуп, жанынан өтө берерде, аялдын колунан коомай кармай калган Мидин:
"Эжигей сары" аяшым, сага
Эки ооз сөз айтсам жагабы?
Эс алып былтыр курортто,
Эси жок мобул катынпоз
Эриңден жаман тажадым…
Кочкордой кошкон жүгүрүк,
Келин-кыз көрсө жүгүрүп…
Аңгилик жаман иштери,
Ал жерден калды билинип…
Киши эмес экен - деп койгом
Ошондон улам түңүлүп… -
деп, жамактатып ырдап койсо эле, аял жүзүн үйрүп сурданып, күйөөсүнө бир карап алды да, опурулуп жапырылып:
- Бул ушинтет... Мунун деги жыпар киндигине бересиңби... өлүгүңдү көрөйүн акмак десе! Курортто да абийириң кеткен тура. Бар сен ошол ойнош аялдарыңа бара бер! Карыганча катын жандуулугуң калбас болду го сенин… -деп буркан-шаркан түшкөн бойдон, эшикти тарс жаап ашканадан чыгып кетти. Артынан, башын жерге салып баягысы жөнөдү...

62. Чоң Закирдин үйүндө…

1950-жылдары Жумгалда МТСтин директору болуп Закир деген киши иштечү…
Жазга жуук болсо керек эле... Фрунзеден Чаекке командировкага келген Закирдин Муратаалы деген жакын досу Мидинди ээрчитип алып анын үйүнө барып калат...
Закир эшигинин алдында, каздарына жем чачып, эс алып ары-бери басып жүргөн экен... Эки дос айкалышып көрүшүп учурашып, аркы-беркини айтышкандан кийин, эшикте Мидин үчөө туруп калышат…
| Уландысы бар |





Кримбаян
Баратбай АРАКЕЕВ
"Шерлок Холмс" Манат
...Ошол жердеги беш-алты сулуунун эң сулуусу Базаржокко жеке кам көрүп, бошогон тарелкасын алып, алдын тазалап, улам таза кашык, вилканы коюп, кол аарчыны алмаштырып жатты эле, бир маалда Базаржок кызга айтып турду:
- Эй, бийлегенди билесиңби?
- Билем.
- Билсең бийлебейсиңби!
Кыз эмнеден баштарын билбей туруп калды эле, бирөө дароо магнитофонду аркырата коюп, кызга айтты:
- Башта.
Кыз оңтойсуздана бийин баштап турду. Базаржок буйрук бере кыйкырды:
- Чечинип бийле!
Кыз туруп калды эле, Базаржок буйрук бере кыйкырды:
- Чечинип бийле дейм!
Кыз аппак кофтасынын бүчүлөрүн калтыраган колу менен араң чечип дагы туруп калды.
- Дагы чеч! - Базаржоктун үнүнөн кыз эмес баарынын жүрөгү түштү. Кыз лифчигин зорго чечип, эмчегин эки колу менен басып калды. Бу кыз эркектин көзүнчө эзели чечинип көрбөгөн таза деле кыз эмес болчу, бирок ушунча кишинин көзүнчө буйрук менен чечип көргөн эмес. Базаржок эми тура калып кыйкырды:
- Дагы чечин энеңди!...
Кыз өлөрүн самап, колу-буту шадырай, эмне кыларын билбей турду эле, арт жактан каардуу үн чыкты:
- Базаржок, эми сен чечин!
Баары үн чыккан жакты карашты. Бул Кожоюндун үнүн болчу. Жанында Алишер, дагы он бештей жигит. Кожоюн менен Алишер баятан бери үйдүн терезесинен болгон окуяга көз салып отурушкан. "Мейман тоскондор" да ушулар эле.
- Базаржок, чечинбейсиңби?! - Алишер ага жакын келди, - бол эми эл күтүп калды.
Базаржоктун өңү кагаздан ак, муун-жүүн небак башкаруусуз калган. Анын катарындагы жигити ордунан атып турмакчы болду эле, Кожоюндун эки жигити капшыра кармап ордуна ныгыра басышты. Ал чакчаңдап шефине болушмак болгон неме Кожоюнду да, Алишерди да өңүнөн таанычу эмес. Базаржоктун үч-төрт жигити экөөнү тең таанышчу, өң-алеттен алар да калды.
Кожоюн Базаржоктун маңдайында отурган жигитин желкеден көтөрө тургузуп, анын ордуна отурду, катарынан Алишер орун алды. Базаржок эстелик, жаны небак чыгып кеткендей. Алишер шампан куюлган бир фужерди серпип салып, ага мелт-калт арак куюп Базаржокко сунду:
- Кана, тост айтчы. Жакшылык каалап айтчы!
Базаржок калтыраган колу менен фужерди колго алды:
- Аман болгула…
Жандын таттуулугун карачы, эми эле арстандай болуп дүйнөгө батпай чамынып турган Базаржокко дүйнө тар болуп мышык кейпин кийди.
- Айтканың чын болсо алып жибер! - Алишердин бул сөзүнөн кийин Базаржок колундагысын калтырбай тартты. Алишер фужерди эми бир толтурду:
- Дагы айт, жубу менен болсун!
Базаржоктун мээсине азыр башка сөз келмек эмес, жанагы сөзүн дагы күбүрөндү:
- Аман болгула… - дагы көңтөрдү колундагысын.
- Эми тиги жакка барып жигиттериң менен тамака отургула, силер үчүн атайын тай союшкан тура. Учасын берерсиң Кожоюн экөөбүзгө….
"Кожоюн экөөбүзгө берерсиң" деген сөз Базаржоктун муунун дагы да бошотту. Эки шер бириккен экен да. Ушул күн акыркы күнү тура…
Базаржок ордунан эптеп туруп бак ичиндеги салынган төшөктөрдү көздөй басты. Жигиттери артынан самсаалашты. Алар отургандан кийин колдоруна суу куюлуп, алдыларына бычак, тарелкалар коюлду. Тамак али тартылбады. Алишер, Кожоюн экөө бошогон стол кайра жасалгандан кийин ичип-жеп отурушту. Шашпай туурап, ал-ал болушту. Эт желип болуп, колго суу куюлгандан кийин Базаржокторго эңгезердей чарага эт тартышты. Учасы да ошол табакта болчу. Табак ортого коюлганда баарынын көздөрү чекчейди. Эттин эң үстүнө ириктин жамбашындай болуп эскилиги жетип, тамтыгы калбаган кара күрөң туфли салынган. Табак көтөрүп келген жигит:
- Кана, меймандар, алыңыздар, -деп кайра басты.
Алишерлерди тааныбаган дагы бир жигит жини келе көйнөк ичинде ычкырына кыстарылган тапанчаны суурмай болду эле, Базаржок зекип койду:
- Эй, эшек баарыбызды кырып салсын дедиңби, тарт колуңду!
Жигит шалдырай отуруп калды. Эч ким тамака кол сунган жок. Жарым саат өткөндөн кийин баягы заправканын кожоюну келди:
- Ой, меймандар, эмдигиче ала элексиңерби? Кана алыңыздар! - анан туфлини жаңы көрө калгансып, алаканын шак койду. - Туй ата, бу эмне ыя? Иттики, кайсы шүмшүк кылды экен муну?! - эңкейе берип туфлини алып ыргытып жиберди. - Кечирип койгула, урматтууу меймандар, тентек уулум бар эле эски туфлийимди ошол салып жиберсе керек.эчтеке эмес, бутумда шыбоо жок, байпагымды күндө алмаштырам. Кана алыңыздар, - ал шыпылдай кыймылдап, ар биринин тарелкасына бирден устукан салды. Уча базаржокко тийди. Эч кимиси ооз тийген жок. Дагы жарым саат өткөндөн кийин бозоруп отургандарга Алишер менен Кожоюн басып келди. Кожоюн:
- Базаржок, сен үй ээсин сыйлабаганыңбы, эттен ооз тийген эмессиңер го?...
Базаржок эчтеке айта алган жок, учадан жука кесип оозуна салды. Жигиттери устукандарын кесип, бирден сугунушту. Ар кимиси жанагы туфлини кесип жегендей болуп, оозундагыларын эптеп жуткан болушту.
- Ата салтын бузбай туурап жегиле, жигиттер, - бу сөздү Алишер айтты. - Орус эмессиңер го, бешбармак кылбай жегендей.
Эки-үч жигит шыпылдата туурап киришти. Эт тууралып, кесме салынып, чыгы куюлуп бүткөнчө Алишер менен Кожоюн наркы-терки басып, тамеки түтөтүп байкап турушту.
- Кана Базаржок, табака кол сал, - деди Алишер, жакшылап бир алчы.