Оңтойсуз суроолор
Балык жейм деп барып, келтек жеди дейт
Жогорку Кеңештин депутаты
Токтогул Тумановго
- Жакында кайсы бир күркүл депутат Воронцовка айылы жактагы өзүнүн балык чарбасына кесиптештерин алып барып, коноктоп, сыйлайт. Кыргыздын коногу арак- шарапсыз болчу беле, депутаттар акырында кыйла алагүү да болуп калышса керек. Ошол жерде КСДП фракциясынын депутаттары Токтогул Туманов менен Данияр Тербишалиев кер-мур айтыша кетип, анан "бала депутат" фракциялашынын жашынын улуу экендигине карабастан токмоктоп салыптыр дешет. Урматтуу Токтогул Туманович, чыр эмнеден улам чыкты эле? Балаңыздай немеден токмок жегидей деги сиз эмнеден жаздыңыз? Айып кимде? Ушуларга өзүңүз жооп берип койбосоңуз, эл ичинде ар түрдүү кеп айтылып, сөз ырбап кеткидей.


Сулайманов салган "хан сарай"
Президенттик аппараттын жетекчиси
Жантөрө САТЫБАЛДИВГЕ
- Сиз менен алыш-бериш кылып жүргөн адамдардын айтымына караганда, негизинен эки жол менен чөнтөгүңүздү кампайтат экенсиз. Биринчиси-кызмат абалынан пайдаланып, чоң-чоң долбоорлорго чоң-чоң "пайызга олтуруу". А экинчиси-ортомчулук кылып, же башка жол менен болсун, өз адамдарыңызды майлуу-майлуу кызматтарга коюп, алардан такай "сүт акы" алуу. (Ошондуктан майда-чүйдө парага анча көңүлсүнбөйт экенсиз). Маселен, Ош шаарынын Ак-Тилек кичирайонундагы азыркы "хан сарайыңызды" убагында Нурлан Сулайманов...Бир убакта сиздин кол алдыңызда иштеген, а Бакиев мезгилинде транспорт министри болгон, бүгүн үстүнөн кылмыш иши козголуп жаткан ЖК депутаты Н. Сулаймановдун дал өзү куруп берген экен. Айтыңызчы, булардын канчалык чындыгы бар? Же айлыгыңызды топтоп үй-жай куруп, маңдай тер менен эле оокат кылып жүрөсүзбү?


Тагдырга моюн сунуубу?
Президенттикке экс-талапкер
Кубатбек БАЙБОЛОВГО
- Өткөн президенттик шайлоодон кийин жеңилген саясатчылар бир жерде сүйлөшүп отуруп, "эми эмне кылабыз?" деген маселеге келгенде "кесиптешиңиз" Адахам Мадумаров: "Кубат аке, иниңизди президент кылып шайлап койдук. Арга жок, эми алты жыл күтөбүз да" десе, Сиз: "Силер күтсөңөр күтө бергиле. Жашым алтымышка келип калды, мен күтө албайм, Адахам " деп, кесе сүйлөгөн элеңиз. Бул сөзүңүздөн кийин сизди оппозиция болуп опурулуп чыгып, активдүү саясий ишмердик жүргүзөт экен деп ойлогонбуз. Бирок таптакыр эле доошуңуз чыкпай, жоголуп кеттиңиз. Сизге эмне болду, Кубат Калбекович? Ары-бери акыл калчап, пулуңузду кайра санап, акыры "күтүүнү" чечтиңизби? Же куйругуңуздагы "калбыр" калкчыл болуп кыйкырып чыкканга тоскоолдук кылып жатабы?


Назаркуловду эстеген жан барбы?
"Революционер"
Азимбек БЕКНАЗАРОВГО
- Өзүнүн "диктовкасы" менен бир-эки саясий макала жазып жана "Ата-Мекен" партиясынын интернет-сайтын иштеткенге макул болгондугу үчүн эле партлидер Өмүрбек Текебаев журналист Александр Павлюкту туу көтөрүп, айкелин орнотуп, жыл сайын атайын эскерип жүрөт. А өмүр бою кыргыз элинин, мамлекетинин тагдыры үчүн күйүп-бышып, Кыргызстандын тагдыры тууралуу терең мазмундуу макалаларды жазган, а акырында кыргыз жеринин бүтүндүгү үчүн жасаган саясий ачкачылыктан көз жумган Шералы Назаркулов унутулуп кетти. Чындыгында Ш.Назаркулов Кыргыз Республикасынын Баатыры деген наамды эч тайсалдабай туруп ыйгарууга ылайык иш жасаган инсан эле. Эки жолку бийлик ага эмне үчүн көңүл бурбай койду деген суроо койсок, "эки жолу тең чечүүчү бийликте отурду, баарынан милдеттүүсү ошол эле, аны Азимбек Бекназаровдон сураш керек" дегендер чыкты.
Урматтуу Азимбек Анаркулович, Ш.Назаркуловдун атын түбөлүккө калтыруу боюнча кандай мамлекеттик иш-чаралар жасалды? (Маркумдун бала-чакасынын турмуш-тиричилигине каралашуу башка маселе.) Эгер эч нерсе жасалбаса, эмне үчүн жасалган жок? Ушул суроого Сиз жооп берип коёт окшойсуз

"Азаттыктан" фонограммага "өсүү"
Жогорку Кеңештин депутаты
Исмаил ИСАКОВго
- 2010-жылдын 11-июнунда эртең менен радиодон "Исмаил Исаков "Азаттык" деген саясий партия түздү" деген маалымат менен катар эле Ошто өзбек-кыргыз жаңжалы чыккандыгы айтылган. Муну айтып жаткан себебибиз, уурматтуу Исмаил Исакович, сиз ал кезде Убактылуу өкмөттүн коргоо министри эле эмес, Түштүк региону боюнча атайын ыйгарым укуктуу өкүлү да болчусуз. Түштүктө кырдаал курчуп турган мезгилде антип жеке партия түзүү менен алектенип жүргөнүңүз кандайча түшүндүрүлөт? Ошол эле күнү түштө вертолёт менен Оштун Алай тарабындагы Фуркат айылына барганыңызда топтолгондордун сизди таш бараңга алып, кубалагандыгын ишмердигиңизге элдин берген баасы катары кабыл алсак болобу? Экинчи суроо: генерал-лейтенант аскер чинин алып жүргөн, бир эмес, эки жолу коргоо министри болгон, жашы алтымыштан өткөн кишинин парламентте фонограмма боюнча маселе көтөрүп, артисттер менен алышып жүргөндүгү канчалык орундуу? Же Кыргызстанда коопсуздук, коргонуу маселелеринин баары тегиз чечилип бүтүп, ыр-чоор маселесине келип эле такалып калдыкпы?
Даярдаган Азамат Акеров
Редакциядан: Жогорудагы оңтойсуз суроолорго ачык-айкын жооп берилсе, гезит бетине жарыялоого даярбыз.


Конгрессти утурлай...
Миргүл Өмүралиева,
Рим шаарындагы жана Лацио аймагындагы кыргызстандыктардын бирикме башчысы:
"Конгресс - сырттагы кыргыздардын жөлөгү боло алат деп ишенем"
Миргүл Өмүралиева 8 жылдан бери Италиянын Рим шаарында жашайт. Балыкчыда төрөлүп, №5 мектепти бүтүргөн. Россиянын Курск шаарындагы мамлекеттик педагогикалык окуу жайын аяктаган. Кыргыз илимдер академиясында, Киров атындагы Каракол орто мектебинде эмгектенген. 2004-жылдан бери Италияда өмүр сүрүп келет.
- Атактуу Леонардо да Винчи, Макиавелли, Микеланджело өңдүү алптарды дүйнөгө тартуулаган Италияга кантип барып калдыңыз?
- Турмуш-шарттын айынан эле. 4 баланы багыш үчүн Италияны көздөй сапар алгам. 3 жылга чамалуу жүрөм дегем, 8 жыл болду жашап калганыма. Кичүү кызым жанымда, Римдеги туризм институтунда билим алууда.
- Байыркы Рим эмнеси менен жакты?
- Эли кичипейил, боорукер, мыйзамды өтө сыйлашат. Эң башкы жаккан баалуулугу - аялзатына урмат-сый менен мамиле жасашкандары. Италияда мыйзам жакшы иштейт, айрыкча аялдардын жана балдардын укугу тебелендиде калбайт. Аба-ырайы да ден соолугума жакты окшойт, астма, аллергия деген оорулардан кутулдум. Бекеринен Толстой, Тургенев (Швейцария), Гоголь, Горький өңдүү адабияттын алптары бул өрөөндү байырлабаптыр деп коем. Италиялыктар жер-суу аттарын, көчө ысымдарын бизчилеп бат-бат алмаштырууну жактырышпайт. Ал тургай доор алмашса да тарыхый эстеликтерди турган турпатында сакталат. Бизге окшоп, эстеликтерди томкоруп, талкалап аткандарын көргөнүм жок. Бу да болсо италиялыктардын өткөнгө болгон сый-урматы. "Өткөндү баалабай туруп, келечекти кура албайсың" деген акыл сөздүн аныгына италиялыктардан улам ынанасың. Мисалы, Римде өз доорунун империясын уятка калтырган Калигула аянты бар. Ал тургай Ленин көчөсү да бар экен.
- Кыргыздар көппү?
- Мурдараак бирин-серин элек. Азыр көбөйдү.
- Рим жана Лацио аймагындагы кыргызстандыктардын башын кошуп, бирикме уюштурупсуз...
- Италияда Кыргызстандын консулдугу же дипломатиялык өкүлчүлүгү болбогондуктан, бир топ көйгөйлөргө туш болдук. Айрымдары болбогон жерден депортацияга да туш болушту. Анын үстүнө европалыктардын көбү Кыргызстан тууралуу билишпейт. Өзүбүздү өзүбүз колдоого алалы, мекенди таанытып, достук алаканы түзүп, маданиятыбызды жайылталы деп бирикме түзүүгө аргасыз болдук. Ачылгандан тарта алгылыктуу иштерди жасадык. Көптөрдүн ишке орношуусуна жардам берип, Римдеги башка улуттун биримдиктери менен алака түзүп, Кыргызстандагы жетим жана оорукчан балдарга колдоо көрсөтүп, өз тилинен алыстап бараткан Италиядагы кыргыз жаштарга көмөк көрсөтүп, айтор алыста болсок дагы жаныбыз тынбайт.
- Кыргызстандын азыркы абалына абай салып, кандайдыр бир салым кошсок деп тилек кыласыздарбы?
- Албетте тилек кылабыз. Кыргызстан - мекенибиз бирөө эле. Ал кандай ахвалда болгон күндө дагы биздин мекен. Сырттагылар мекенге салым кошуш үчүн өлкөдө стабилдүүлүк бекем орноп, биримдик менен ынтымак өкүм сүрсө. Ошондо гана биз - сырттагы кыргызстандыктар коркпой-үркпөй инвесторлорду издээр элек.
- "Замандаш" ассоциациясы уюштуруп жаткан кыргызстандыктардын бүткүл дүйнөлүк конгрестин катышуучусу экенсиз?
- Ооба, чакырууну дароо кабыл алдым. Конгрессте көйгөйлөрүбүздү ортого салып, сунуштарыбызды айтабыз деп турабыз. Дүйнөнүн булуң-бурчунан келген башка катышуучуларды да угуп, тажрыйба алмашкыбыз келет. Конгрести уюштуруучулар иш-чараны ийгиликтүү өткөрүп алышына тилектешпиз. Бул иш келечектин арыгын чапкан иш болуп жаткандыктан, кыргызстандыктарды жана мекендештерди бириктирүү идеясын колдоого алабыз. Биригүүнүн жана ынтымактын астында гана жеңиштерге жетсек болот.
Маектешкен Айнура ТАЛАНТОВА