Биле жүрүңүз!
Оюнчуктар баланын психологиясын бузабы?..

Ымыркай жаңы жарык дүйнөгө келгенден тарта, анын аң-сезиминин туура калыптануусу үчүн ата-эне болгон күчүн жумшайт. Баланын аң-сезиминин өсүп-өрчүүсүнө оюнчуктардын кошкон салымы зор экендиги эл арасында көп айтылып келет. Ошол себептен, ата-энелер наристелерге оюнчук сатып берүүдө эч кандай чектөөнү колдонушпайт. Бирок азыркы учурда оюнчуктардын айрымдары балдардын ар кандай ооруларга кабылышына себепчи болушууда. Андыктан, оюнчук сатып алууда бир нече эрежелерди эске алып койгон оң.

Сапат
Азыркы өнүккөн заманда оюнчуктун көптүгүнөн башың айланат. Айрым оюнчуктар химиялык заттар менен жасалып, натыйжада балдардын ар кандай аллергиялык ооруларга чалдыгуусуна себеп болууда. Мына ушул нерседен качуу үчүн адегенде оюнчуктун сапатын кароо зарыл. Сиз сатып алып жаткан оюнчук эч качан жыттанбашы керек. Кээ бир оюнчуктардын боёктору сапатсыз болгондуктан, балдар суу колу менен кармаганда боёктор чыгып, ал баланын аллергиялык ооруларга чалдыгуусуна алып келиши ыктымал. Ошол себептен, оюнчук сатып алууда аны жыттап, суулап көрүп алган дурус. Негизи эле кытайдын оюнчуктарын албай эле койгон оң. Кымбат болсо да экологиялык таза материалдардан жасалган оюнчуктарга басым жасаган жакшы. Мисалы Chicco, Molto, Tiny Love, K*s Kids cыяктуу дүйнөгө таанымал фирмалардын чыгарган оюнчуктары сапаты жагынан мыкты деп эсептелинет.

Түс
Бөбөктөргө оюнчук сатып алууда алгач анын сапатына андан кийин түсүнө маани берүү зарыл. Анткени ар кандай ачык түстөгү оюнчуктар балдардын көрүү органынын жана аң-сезиминин өсүүсүнө өбөлгө түзөт. Мындан сырткары жаңы сатып алган оюнчуктардан ар кандай музыкалар чыгып турушу керек. Бул бөбөктөрдү жакшы алаксытат жана аң-сезиминин калыптанышына өз таасирин тийгизет.

Алгачкы этап…
Жаңы төрөлгөн наристеге 2 айга чейин эч кандай оюнчуктун деле кереги жок. Анткени алар бул мезгилде көбүнчө укташат. Оюнчукту үч айдан тарта алып бере баштаган тура. Алгач бешиктерге иле турган музыкалуу оюнчуктарды алыш керек. Ал оюнчук ар кандай формада жана түстө болуп, музыкасы жагымдуу жана жай угулганы жакшы. Бул баланын нервин тынчтандырат. Андан кийин наристе колуна кармай ала турган шылдырак оюнчуктарды алып берсе тура болот. Бирок ал оюнчуктардын ашыкча учтары болбошу шарт. Болбосо бөбөк кырдуу жерлерин оозуна салып же бир жерин кесип алышы ыктымал. Сегиз айдан тарта балдарга акылды өстүрүүчү татаалыраак пирамида же ар кандай курулуштарды жасай турган кубиктерди сатып берүү керек. Булар балдардын аң-сезиминин жетилүүсүнө аябай чоң таасир этет.

Оюнчук тандоонун ыкмасы…
Балдарга бир эле учурда бир нече оюнчук берген туура эмес. Оюнчуктардын көптүгүнөн бала кайсы бирин аларын билбей, натыйжада бат чарчайт да ойногусу келбей калат. Ошол себептен балдарга бир же эки гана оюнчук берген талапка ылайык. Алардын кызыгуусу бат таркайт. Эскисин ойнобой калганда жаңы оюнчук берип, эскини катып коюу керек. Кийинчерээк кайра эски оюнчукту берсеңиз, балаңыз кубануу менен кабыл алат.

Аң-сезимге тийгизген таасири…
Колдон келсе балдарга курал-жарак оюнчуктарын сатып бербей эле койгон оң. Бул баланын психологиясынын бузулушуна алып келет. Маселен, колго сала турган кишен менен ойногон балдар келечекте аябай агрессивдүү болуп чоңоюшат экен. Ошол себептен, балдарыңыздын боорукер, жакшы болушун кааласаңыз курал-жарак оюнчуктан акылга киргенге чейин алыс эле кармаңыз. Баса, кыздарга азыркы замандын куурчактарын алып бербей эле коюу керек. Бул кыз баланын бат чоңоюп, эрте жетилүүсүнө жана жүрүм-турумунун бузулушуна алып келет.
Даярдаган
Жаркынай КАДЫРКУЛОВА