Биздин замандаш
Кубанычбек Төрөбаев, Дубайдагы "Ала Тоо" кыргыз диаспорасынын жетекчиси:
"Баткенге эл аралык стандарттагы аэропорт ачкым келет"

Кубанычбек Төрөбаев, Баткен облусунун Самаркандек айылынан. Арашан айылындагы түрк лицейин аяктагандан кийин Пакистандын Лохор шаарындагы 9 жылдык Ашрафия атындагы ислам университетин бүтүргөн. Андан соң, Дубайдагы Малика Имам колледжин аяктаган. Martial Arts академиясында инструктор болуп иштеп, учурда Universal Star Arts Club ишканасында эмгектенет.

- Кубанычбек мырза, Дубайга кандай максат менен бардыңыз эле?
- Миңдеген мекендештерим сыяктуу татыктуу жумуш издеп. Иш таппаган соң, окуп калдым.
- "Үйдөн жети кадам аттасаң, мусапырсың" дейт, анан кыйналган жоксузбу?
- Кыйналганды сурабаңыз. Алгач барганымда ойдогудай иш таппай кыйналдым. Күндүн аптабы мээ кайнатат. Ысыкта көчөгө уктаган күндөр өттү. Бир жолу күндүз иш издейин да, түнкүсүн уктап алайын деп машина ижарага алдым. Кеч киргенде жолдун жээгине токтотуп, жел үйлөгүчүн күйгүзүп, сендвич жеп отурсам, полиция кызматкерлери да келип жаныма токтоп калышпаспы. Моторду, музыканы, өчүрүп, бүк түшүп эле жатып калдым. Алар 4 саат отурушту. А мен болсо ажатканага чыга албай бүрүшүп отурам десеңиз. Бир кезде машинанын ичи укмуштуудай ысып кетти, мончодогу бууга киргендей, терим куюлат. Кыйналганыман ыйлаганмын. Ошондо түшүндүм, чет өлкө эки талапты коёт экен. Биринчиси, тобокелчиликке баруу, экинчиден сабыр күтө билүү. Ошондо гана жеңиштин туу чокусуна жетесиң.
- Ушу тапта Дубайда кыргыздар көппү?
- Ооба, көп. Алгач барганымды мага эч ким жардам берген эмес, анткени кыргыздар аз болчу. Азыр ар бир авиа рейсте 3-4төн жаш улан-кыздар иш издеп келишет. Көбү дароо эле жакшы айлыктуу ишке орношкулары келишет. Бирок, турмушта андай болбойт. Келдиңби, баарына чыдоого туура келет. Көптөгөн жаштарга консультациялык жардамдарды берүүдөбүз. Анткени, сыртта жүргөн жаштар ар кандай кыйынчылыктардан сынып калбаса деген тилек.
- Сиз айткан кыйынчылыктардан улам "Ала-Тоо" кыргыз биримдигин түзүү идеясы келип чыкса керек...
- Ооба. Дубайдагы "Ала-Тоо" кыргыз диаспорасы Кыргызстандан келген жарандарга укуктук кеп-кеңеш, жумуш таап берүү жагынан жардам берет. Муну менен гана чектелбей, Кыргызстанга инвестиция тартсакпы деген оюбуз бар.
- Инвестиция демекчи, сиздердей кыргызстандык мекендештерге таянып, өлкөбүздү өнүктүрө алабызбы?
- Албетте, өзүңүздөр билесиздер, түштүк жергесинде таза суу эң чоң көйгөй. Былтыр жердештериме тоо тараптан Баткенди көздөй, тактап айтканда Самаркандекке таза суу чыгарам деп 10 млн доллар грант убада кылганмын. Инвесторлор бул долбоорду карап чыгышып, кол койгонго даяр турушат. Ушул долбоорумду ишке ашырып алсам дегенде эки көзүм төрт. Экинчи долбоорум - Баткенге эл аралык аэропорт салуу. Азыр инвесторлорду издөө менен алекмин.
- Августтун башында Бишкекте өтүүчү Кыргызстандыктардын жана мекендештердин бүткүл дүйнөлүк конгресси тууралуу кандай ойдосуң?
- Албетте, дүйнөдөгү бардык кыргыз диаспоралары, уюмдашкан биримдиктердин чогулуп жатканы абдан кубандырат. Уюштуруучулары болгон "Замандаш" ассоциациясына алдын ала ыраазычылык билдирем. Биз биргеликте гана экономиканы көтөрө алабыз. Маселен, Дубайдын өсүп-өнүгүшүнүн бирден бир себеби - ал жакта шейхтер инвесторлорду алып келгиле, эч кандай салык албайбыз дешет. Ошон үчүн ар бир инвестор Араб Эмиратында жеке ишкерчилигин ачууну көздөйт. Бизде ушундай эреже болсо кана!
Жакшылыктын, ынтымактын, достуктун, биримдиктин үрөнүн сээп, өлкө үчүн жакшы иш кылууга чакырган конгресстин уюштуруучуларына рахмат айтам. Буйруса, август айында Кыргызстан деген куттуу мекенимден жолукканча сак-саламат тургула!




oСат-сат-сат...
Кыргызстандын кен байлыктары дүңүнөн сатылмай болду...

Учурда бюджеттин тартыштыгы 18 миллиард сомду түзөт. Өкмөт бул тартыштыкты кантип жабышты билбей, заманасы куурулуп турган чагы. Эксперттер болсо, кеч күздө экономикалык каатчылык башталып, жазында апогейине жетээрин айтышып, коңгуроо кагышууда. Мындан улам, Бабанов башында турган өкмөт, бюджеттин тартыштыгын жабуунун түркүн амалын көрүүдө. Натыйжада, буга чейин Акаевдин да, Бакиевдин да бийлиги жасай албаган кадамга барып, кен байлыктарды аукционго коюп сатмай болушту. Мындай ачыктан-ачык кен байлыктарды сатууга эски бийлик дааган эмес. Өмүрбек Бабанов болсо Максим Бакиевдин эң жакын өнөктөшү учурдагы Геология жана минералдык ресурстар мамлекеттик агенттиги Учкун Ташбаев менен биргелешип, эптеп эле бюджеттин "тешигин" жабуу шылтоосу менен катардагы эле иштей, Кыргызстандын болгон кен байлыгын аукционго чыгарып сатып жатат.
Мына Геология жана минералдык ресурстар мамлекеттик агенттиги 28-августта 12 жердеги кен байлыкты болбогон акчага аукционго коюуда.
1. Чаткал районундагы Аючач кен байлыгы (алтын) - геологиялык чалгындоо жүргүзүү үчүн. Аянты 1,53 км2. Баштапкы баасы - 153 доллардан 1530 долларга чейин турат. Алдын-ала төлөм - 1530 доллар. Аукционго катышуу үчүн 10 миң сом төлөнөт.
2. Чаткал районундагы Башкы-Терек кен байлыгы (алтын) - иштетүү үчүн. Алтындын кору - 0,0619 тонна. (ТКЗ №352 от 20.12.85 г.) Баштапкы баасы - 2474 доллардан 24 миң 760 долларга чейин. Аукционго 10 миң сом төлөнөт.
3. Ат-Башы районундагы Бешбелчер кен байлыгы (алтын) - геологиялык чалгындоо жүргүзүү үчүн. Аянты - 48 км2. Баштапкы баасы - 4800 доллардан 48 миң долларга чейин. Аукционго катышуу үчүн 10 сом төлөнөт.
4. Чаткал районундагы Коргон-Төбө кен байлыгы (алтын) - геологиялык чалгындоо жүргүзүү үчүн. Баштапкы баасы - 409 доллардан 4090 миң долларга чейин. Аукционго катышуу үчүн 10 миң сом төлөнөт.
5. Нарын менен Ысык-Көл облустарына тиешелүү Каракужур кен байлыгы (алтын) - геологиялык чалгындоо жүргүзүү үчүн. Аянты - 498 км2. Баштапкы баасы - 4980 миң доллардан 498 миң долларга чейин. Алдын-ала төлөм 100 миң доллар. Аукционго 53 миң 406 сом.
6. Токтогул районундагы Ат-Ойнок кен байлыгы (алтын) - геологиялык чалгындоо үчүн. Аянты - 399,3 км2. Баштапкы баасы 39 миң 930 доллардан башталат. Алдын ала төлөм - 100 миң доллар. Аукционго катышууга 18 миң 767 сом.
7. Ат-Башы районундагы Балыкты кен байлыгы (алтын) - геологиялык чалгындоо үчүн. Аянты - 48 км2. Баштапкы баасы - 4800 доллардан 48 миң долларга чейин. Аукционго катышууга 10 миң сом.
8. Ак-Суу районундагы Эчкилүү-Таш (алтын) - геологиялык чалгындоо үчүн. Аянты 327,65 км2. Баштапкы баасы - 32 миң 765 доллардан башталат. Алдын-ала төлөм 100 миң доллар. Аукционго катышууга 154 миң сом.
9. Жумгал районундагы Кара-Кече кени (алтын) - геологиялык чалгындоо үчүн. Аянты- 140 км2. Баштапкы баасы - 14 миң доллардан 28 миң долларга чейин. Алдын ала төлөм- 100 миң доллар. Аукционго катышууга 10 миң сом төлөнөт.
10. Чаткал районундагы Чакмак-Суу кени (алтын) - геологиялык чалгындоо үчүн. Аянты - 0,6 км2. Баштапкы баасы - 60 доллардан 600 долларга чейин. Алдын ала төлөм - 10 миң доллар. Аукционго катышууга 10 миң сом төлөнөт.
11. Жумгал районундагы Ак-Улак кени (көмүр) - иштетүү үчүн. Кору - 65067,0 миң тонна (ГКЗ № 8013от 1978 г). Баштапкы баасы - 65 миң 67 доллардан башталат. Алдын ала төлөм - 100 миң доллар. Аукционго катышууга 30 миң 581 сом төлөнөт.
12. Ысык-Ата районундагы Туюк кени (алтын ж.б. металлдар бар) - геологиялык чалгындоо үчүн. Аянты 15 км2. Баштапкы баасы - 150 доллардан 1500 долларга чейин. Алдын ала төлөм - 15 миң доллар. Аукционго катышууга 10 миң сом.
Мына жогоруда өзүңүздөр күбө болгондой Бабанов башында турган өкмөт кендерди ачык эле арзыбаган акчага соодалап жатат. Акаев менен Бакиев элден коруп, жең ичинен соодалашып келсе, эми ачык эле сатылууда. Аукциондун бааларын карап отуруп, кен байлыктардын баарын биздин чоңдор өздөрү эле сатып алып, анан пайдасын көрүү үчүн инвесторлорго сатаарын баамдаса болот. Кумтөрдөн тыңгылыктуу пайда көрө албай жатканда, Бабанов менен Учкун Ташбаевдин шашылыш Кыргызстандын болгон кен байлыгын сатып жатканын кандай түшүнсө болот? Ушунун өзү эле мамлекет башына кызарган жерди көргөндө баса калган бизнесмен-соодагер эмес, өлкөнүн, элдин кызыкчылыгын көздөгөн мамлекеттик тажрыйбалуу ишмер, патриот инсан керек болуп турганын айгинелөөдө.
Алмаз ТЕМИРБЕК уулу




Мыкты жетекчи дешет
Саламаттыкты сактоо министрлиги Ысык-Көл облусунун бириккен ооруканаларынын деректири Кубанычбек Исмаиловдун ишинен кемчиликтерди таап, кызматтан кетем деген арызын жаздырып алган экен. Билгендердин айтымында Исмаилов мыкты дарыгер жана да ошого жараша жетекчи дагы экен.
Деректиринин кызматтан кетем деп арыз жазып бергенин уккан оорукананын жамааты нааразылык билдирип, Саламаттыкты сактоо министрлигине, облустун губернаторуна кайрылышкан. Эгерде алардан жооп болбосо, өкмөткө жана Жогорку Кеңешке кайрылабыз деп турат.
Бул кабарды Караколдон врачтар чалып айтып жатышат. Баарыбызга жакшы мамиле жасаган, иштин көзүн билген жана да таза иштеген деректирибизди кетирбейбиз деп катуу турушуптур.
Исмаиловдун ордуна Ак-Суу райондук оорукананын башкы дарыгери Манаев Токтобай деген келгени жатыптыр. Ал жигит дарылай албай койгон аял, облустук ооруканага жеткирилип каза болгон экен, Исмаилов ошого күнөөлүү болуп жатат дешет.

Оңго барса өгүзү өлүп, солго барса арабасы сынганы турат...
Учурда Өкмөт башчыбыз "оңго барсаң өгүзүң өлөт, солго барсаң арабаң сынат" дегендей абалда турат. Себеби "Кумтөр" кени боюнча парламенттен чубалып чыккан чууга Өкмөт акыркы чекитти коюшу керек. Башбакандын отставкасын талап кылып аткан парламентчилерге жаккан чечим чыгарбаса, ансыз деле ара бөрк абалда турган өкмөттүн тамырына күз мезгилинде балта чабылганы турат. Көздү жумуп, эл өкүлдөрүнүн сөзүн сүйлөп, "Кумтөрдү" элге алып берип салса, эл аралык инвесторлордун чабуулуна кабылганы турат. Айтор башбакан Бабановдун учурда айласы куруп турат...