Чачыла…
Тынарадан жаңы ыр…
Жайдын ысык аптабына карабай чыгармачылык менен алектенип жүргөн Тынара айым учурда "Ушул күздө" деген жаңы ырына клип тарттырууну көздөөдө. Элдин жүрөгүнөн түнөк тапкан бул жагымдуу ыр, кыргыз элинин сүйүктүү ырчысы, обончусу Анапия Райымбековага таандык. Мындан сырткары Тынара жакынкы күндөрү көгүлтүр көл жээгине барып эс алып келүүнү да пландоодо. "Шаар абдан ысык. Жай айында жок дегенде беш-алты күн өзүбүзгө убакыт бөлүп эс алып келели. Ушул жерде туруп көлгө барбасак болбойт го. Эс алуу да өз убагы менен болушу керек. Иштеген учурда иштеш керек. Көлгө барып эс алып келгенден кийин жаңы дем менен чыгармачылыкка киришем"- дейт ырчы.


"Step by step" бий тобу фестивалда…
Борбор калаага жаңы аты чыга баштаган "Step by step" бий тобу учурда Ош шаарында бийчилер арасында өтүп жаткан фестивалга катышууда. "Ош шаарында бийчилердин арасында таймаштар байма-бай өтүп турат. Биз ар бир таймашка катышып, өз күчүбүздү сынап көрөбүз. Кээде алдыңкы орундарды алсак, кээде жеңилүү ызасын да тартабыз. Азыр болсо, таймаш кызуу жүрүүдө. Биз дагы болгон күчүбүздү жумшап, алдыңкы орунду алганга жан үрөп жатабыз" - дейт аталган топтун жетекчилеринин бири Эламан.


Айнура бал айын Түркиядан өткөрөт…
Жакында эле өзү жактырган мырзага турмушка чыгып, учурда кайын -журтуна келиндик кызматын аркалап жүргөн Айнура Салахидинова жолдошу Санжар менен бал айын Түркияда өткөрүүнү пландоодо. Алар азырынча Санжардын кичи мекенинде болуп, бир аз убакыттан кийин борборго келишмекчи. Андан кийин бал айын өткөрүүгө сапар алышмакчы. Баса, Айнура мындан ары да чыгармачылык жаатта иштей берет. Болгону гастролдук сапарларга тыюу салынат. А жаңы ыр, клиптерин мурдагыдай эле массалык маалымат каражаттарынан угуп, көрүп турабыз.


Сүйүнбек элди ыйлатам дейт…
Кыргыздын чыгаан, мыкты акындарынын бири Аалы Туткучевдин "Сокур кемпир" деген чыгармасынын негизинде "Соолуган карек" деген тасманы тартып, элге төбөсү көрүнө баштаган жаш режиссер Сүйүнбек Откеев учурда дагы бир тасманын үстүндө иштөөдө. Бул тасма жанры боюнча мелодрама. Тасмада достордун достугу, туруктуулугу туурасында баяндалат. Кыскасы, элди ыйлата турган тасма болот. Аталышын азырынча сыр кыла туралы дейт режиссер. Азыркы учурда тасманын теңинен көбү тартылып бүтүптүр. Август айынын аягында монтаждоо иштери жүрүп, сентябрдан тарта коомчулукка сунуштала баштайт.


Атай бийчилердин сынагын уюштурууда…
Кыргызстандагы бий өнөрүнүн өнүгүүсүнө өз салымынын кошкон Атай дагы деле бул багытта жигердүү эмгектенүүдө. Дегеним, өзү сахнадан кеткени менен бийлегенге кызыккан жаштарга колдоо көрсөтүп, бий өнөрүнүн өнүгүүсү үчүн учурда Ысык -Көлдө жаштар арасында бий таймашын өткөрүүдө. Мындан сырткары, ушул жай айында көгүлтүр көл жээгине дүйнөгө атагы чыккан менмин деген бийчилерди топтоого күч жумшоодо. Бул үчүн аябагандай каражат керек экендиги баарыбызга маалым. Ошол себептен Атайдын бул ою ишке ашабы же жокпу аны убакыт көрсөтөт.
Жаркынай Кадыркулова