Кыргызды чачпагыла
Маалымат каражаттарында чет жакта жүргөн кыргыздар кандай кордолуп, кор болуп жаткандыгы кызуу талкууга алынып, төрөлүп ташталган балдардын жүрөктү ооруткан тагдырлары жөнүндө маалыматтар үзгүлтүксүз берилип жатат. Ошол эле учурда Москва шаарынын четинде "Дордой" базарынын бир тармагы иштей баштагандыгы, аны иштетүүдө жеңилдиктер бериле тургандыгы жарыяланып, мекендештерибизди чакырган кулактандыруулар берилүүдө. Бали, азаматтар, чыныгы ишкерлер деп мына ушуларды айтыш керек, карачы бизнестери өлкөнүн четинен чет жерлерге канат жайганын десе болот. Ой токтотолучу.

Аарынын уюгундай миңдеген адамдардын жашоо тирлигине таяныч болуп калган "Дордой" кең Россияны беттеп, ошол тарапка оогон турабы? Болгондо да эми күчкө толгон эмгекке жарамдуу жаштарды да тартып кетүүгө кызыкдар. Ачык айтканда атка минерлерибиз бош калган казынага бүдүр издеп, жер кезип жүрсө, Кыргызстанга батпай бараткан байларыбыз байлыктарын сыртка чыгарып кетип жатат.
Өткөндө премьер - министр Ө.Бабанов Катарда жүргөндө бир гезитке "башка жактан каражат издеп күлкүнү келтиришет да, боорду эзбей өзүбүздүн байлар чогулуп бир силкинсе эле өлкөнү бутуна тургузуп койсо болот" деп бир тапан смсчи жазган эле.
Айтса, айтпаса төгүнбү. Беш миллионбуз деген менен четте жүргөндөрдү кошпогондо коңшу Кытайдын бир районундай эле элбиз. Жыйырма жылдан бери улам бийликке келгендер билек түрүп, 2 - 3 жылда эле өлкөнү бул кыйын кырдаалдан сууруп чыгабыз деп катуу киришет, анан барып деми сууп эле, мурдагылардын арабасына түшүп калышат.
30 - жылдардан кийин Американы сормо саздай соруп бараткан кризистин чеңгелинен "Жаңы багыт" деген программа менен кыска убакыттын ичинде сууруп чыккан Рузвельттей, же караманча жаратылыш байлыктары жок, ал турмак ичкенге таза сууну Малайзиядан ташып ичкен Сингапурду 60 - жылдары Түштүк Чыгыш Азиядагы "экономикалык кереметке" жеткирген премьер - министр Ли Куан Йудай бирөө бизден чыкпай койду го.
Деген менен эгемендүүлүктүн "аласыңбы ала бер, саласыңбы сала бер" деген бир мезгилин билгичтик менен пайдаланып, көзүн тапкан ишкерлер кудайга шүгүр, жакшы эле бутуна турушту. Албетте, алар өз учурунда ишти уюштура билгендиги, күжүрмөн эмгеги менен бүгүнкү бийиктиктерге көтөрүлдү. Бул талашсыз. Мына эми алар Кыргызстандын алкагынан чыгып, экономикалык кеңири мейкиндикти көздөп турат. Өнүгүп өсө берсин, тилектешпиз. Ошол эле учурда, жаңы курган үй бүлөсүн, эми эмгектеген балдарын таштап, акча табуунун айласында бир бөлмөдө 15 - 20 дан кезек менен жуунуп, убактысы менен дааратканага кирип жашаган Россиядагы, Казакстанда жарым кулчулукта күн өткөргөн мекендештерибиздин кор болгон турмушу, ал аз болгонсуп бири - биринин тебелегенин көргөндө улуттук кур намысы ойгонуп ызадан маскарачылыкка чейин барган интернеттеги кылыктары жан кейитет. Анан дагы жеңилдетилген шарттарды убада кылган чакырыктар, азгырыктар башкалардыкы аз болгонсуп, өзүбүздүкүлөрдөн да чыгып жатпайбы. Мүмкүн иштөө шарттарында белгилүү бир учурга чейин жеңилдиктер болоор, бирок аларга жергиликтүү элдин көз карашы, мамилеси кандай экендиги бештен белгилүү эмеспи.
4-5 жыл мурда Москвадагы "Черкизона" деген ат менен белгилүү эң ири базардын шаарга миллиондогон доллар киреше берип, белдүү, белгилүү адамдардын колдоосуна, коргоосуна алынып тургандыгына карабай, тейлегендер башка улуттун өкүлдөрү болгондугу үчүн жана алар жергиликтүү бийликтегилер менен тил табыша албай калгандыгынын кесепетинен бир жуманын ичинде орду түбү менен таркатылып жок кылынгандыгы жөнүндөгү маалыматтар тараган. Ким билет, балким бул көп кырдуу саясаттын бир жүзү болгондур. Кантсе да "башка элде Султан болгуча, өз элиңде Ултан бол" деген акылман ата бабаларыбыз. Анткени "коюндан төгүлсө кончко" деп коёт. Кандай кырдаал, кандай саясат болбосун жасаган ишин өз жериңе, эл ичинде болот. Өткөндө алтын сертификат алган мектеп бүтүрүүчүлөрү менен болгон жолугушууда президент А.Атамбаев да "Адам өз жеринде гана бактылуу боло алат" деп баса белгиледи.
Бул жашоодо бийлик менен дүйнөнүн түбүнө жеткен, же жыйган тергенин тиги дүйнөгө жүктөй кеткен адам жок. Тескерисинче "ашык дөөлөт баш жарат" болуп, мешоктогон акчаларды көтөрүп алып, тууган жердин бир кашык суусуна зар болуп жүргөн качкын ажолордун, миллиарддаган акчалары акыры келип өздөрүнө кас душмандай жамандык алып келип, баштарын жанчкан жакынкы эле Кадаффи, Муббарактын аянычтуу тагдырлары эмнеге сабак болбойт.
Башка өлкөлөргө чыгып, алардын шарттарына көнүп, базар, соода түйүндөрүн, жылдыздуу мейманканаларды ачуу деңгээлине жеткен соң, демек алар жергебизде иштей турган завод, фабрикаларды курууга толук кудуреттүү. Андай болсо алар чындап тарыхта укум - тукумга кала турган иш аткарган болот эле. Өлкөбүз чындап эле өнүгүү жолуна түшүп, кыргыздын эр азаматтары өз күчтөрү менен элин кыйын кырдаалдан алып чыкты деп дагы бир ирээт дүйнөнү таң калтырат элек, чиркин. Жеке ишкерлер кандайдыр бир себептер менен мындай чечкиндүү кадамдарга даяр болбосо, алардын башын кошуп белгилүү бир шарттарды коюп, талап кылууга бийлик өкүлдөрү толук укуктуу. Бул багытта мурунку президентибиз Роза Отунбаева көмүскө экономиканы ачыкка чыгарып, тазаланууга убакыт берип, бир топ далалат кылып көрдү, бирок андан эч натыйжа чыккан жок. Сингапурдагы "экономикалык кереметти" жараткан премьер - министр Ли Куан Йуандын "Ашыкча демократия өнүгүүгө бөгөт боло турган тартипсиздикке жана башаламандыкка алып келет" деген сөзү бар экен, демек өлкөнү өнүгүү жолуна алып чыгуу үчүн бийлик өкүлдөрүнө күчтүү саясий эрк керек. Алар биринчи кезекте өздөрүнөн баштап, жеке ишкерлерди тартып чечкиндүү кадамдарды жасай турган мезгил жетти. Эл мурдагыдай беш он жылдап убакыт бербейт, күтпөйт.
Байлык менен бийлик адамды сынаш үчүн жана жалпы элдин ырыскысын көтөрүш үчүн берилет дешет экен. Тарыхта тоодой байлыкты топтоп, чексиз жеке бийликке ээ болгусу келгендерге карапайым калың калктын жек көрүүсү күчөп, шарты келсе талап тоноого даяр болгондугу да ошондондур.
"Элиң менен бийиксиң,
Элден чыксаң кийиксиң" - деген олуя атабыздын сөзүн унутпай жүрсөк деген ой. Бизнестин кайырмагын алыска таштап, бут шилтеп калгандарга эч ким жолтоо боло албайт. Кайда болсо да аман болушсун. Бирок, жаш улан кыздарды үндөп, сыртка ала кетүүнүн кереги жок. Колдон келсе ар ким өз жеринде, өз аймагында көңүлүнө жаккан иш менен алек болсун. Ошого шарт түзгөнгө Өкмөт да, кудай шык, дөөлөт берген жеке ишкерлер да аракет кылсын. "Акыл жаштан" өткөндө маңдай тери менен тапкан 100000 долларын жеке басып жатып албай проект ачып, өзү курдуу жаштардын жаңы толкунун жаратып бийчилик өнөргө өзүнчө нук салып, бийиктикке көтөргөн Атай Өмүрзаковго окшогон жаштардан чыгар уютку. Белгилүү обончу, ырчы Сыймык Бейшекеев да кайрымдуулук концертин өткөрүп, андан түшкөн каражатка Москвада төрөлүп, ташталган ымыркай кыргыз балдарды "Манастын тукуму ар кай жерде калбаш керек" деп Кыргызстанга алып келүү аракетин көрүп жүрөт.
Кыргыздын кыйындары колуңардан келсе өз Мекен, элиңерде улуттун келечеги үчүн, айтыла турган иш жасап, бергиле.
Күнүмдүк жашоо, көр оокат үчүн кыргызды чачпагыла!
Айнагүл Калчаева,
Бишкек шаары.