Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери

меню
Чакан бизнес кеңештер
Чүчбара өндүрүү ишкерчилиги
Глазирленген быштакчаларды (сырок) өндүрүү ишкерчилиги
Карапа өнөрканасын кантип ачуу керек жана андан кантип акча тапса болот?
Балмуздак өндүрүү боюнча ишкериликти ачуу
Үйлөнүү үлпөт тойлорун жана ар кандай майрамдарды аба шарлары менен кооздоо
Дүкөнчө, соода чатырчасын же күркөнү кантип ачуу керек?
Желим бөтөлкөлөрдү кайра иштетүү бизнеси
Кагаздарды кайра иштетүү бизнеси
Өзүңдүн маршруткаң, же Маршруттук такси бизнес үчүн
Кондитердик цехти кантип ачып киреше тапса болот?
Нан бышыргыч жай ачып кантип киреше тапса болот?
Курулуш цемент кирпичтерин өндүрүү боюнча бизнес
Азык-түлүк өндүрүшүндө жана коомдук тамактануу жайларындагы 5 бизнес- идеясы
Дизайнердик жашылчалар жана эт азыктары
Энергетикалык эмес суусундуктар
Аялдардын үйдөн сырт жасоочу бизнестерине идея
Үлпөт көйнөгүн тигүү ательеси, же аны ижарага берүү
Майга бышырылган тоголок токочтордун (пончик) өндүрүшүн кантип ачып, акча тапса болот?
Хот-дог сатуу бизнесин кантип ачуу керек?
Кездемелер дүкөнүн кантип ачып жана акча табуу керек?
Миллионго багытталган бизнес идеясын кантип ойлоп тапса болот?
Бизнести уюштуруу ыкмасы
Жыгач коттеждерди куруу перспективасы - чакан бизнестин идеясы
Каркас-модулдук технология:
Курулуш шаймандарын жана техникаларын ижарага берүү бизнеси
Кечки көйнөктөрдү жана карнавал костюмдарын ижарага берүү бизнеси
Мончо бизнеси: сауна жана мончолорду куру
Бүйүндү (рак) үй шартында өстүрүп, көбөйтүү менен бизнес ачуу
Жеке автотранспорттук компания бизнес катары
Салтанат-тойлорду уюштуруу бизнеси
Андан ары - азык-түлүк сатып алуу
Жеке кичи- майжувазды кантип ачууга болот?
Автокинотеатрды кантип ачуу керек: ачык асман алдындагы тасма
Жаңы Жылга тирүү балатыларды сатуу боюнча бизнес
Сыра бар-ресторанды кантип ачуу керек?
Мейманкана бизнеси, же кичи мейманканы кантип ачуу керек?
Акы төлөнчү балык уулоону уюштуру бизнеси
Дүйнөдөгү эң бир кирешелүү бизнес идеялар
Курал-жарак сатуучу дүкөндү кантип ачуу керек?
Жыл бою кулпунай өстүрүү бизнеси
Козу карын бизнеси: шампиньон козу карындарын өстүрүү
Жеке фотостудияны кантип ачуу керек?
Үйлөмө аттракциондордогу бизнес (батут)
Бала бакчаны кантип ачуу керек? (Кичи бакча)
Балдар кийиминин жана товарларынын дүкөнүн кантип ачуу керек?
Жалбырактарды чогултууну кантип бизнеске айландырса болот?
Оригиналдуу курулуш материалдарын өндүрүү боюнча бизнес
Курулуштардагы кошумча элементтерди өндүрүү бизнеси
Үй шартында жасалган тирүү квасты өндүрүү бизнеси
Даараткана кагазын жана кагаз аарчыгычтарды өндүрүү бизнеси
Эт бизнесин уюштуруу
Кичи бизнестин идеясы: суу аттракциондорун ижарага берүү
Мектеп окуучлуары жана студенттер үчүн портал
Заманбап гаджеттерди чакан колдонмо тескөө жана тейлөө - өркүндөгөндөрдүн бизнеси
Кум шоусу бизнес катары, кум аниматорлору канча акча табышат?
Чыгыш кошулмаларын жана даамдарын сатуу бизнеси
Кызыктуу жана оригиналдуу бизнес идеялар
Компьютердик сервисти кантип ачуу керек?
Тату салонун кантип ачып, акча табуу керек?
Окуу борборун кантип ачып, акча табу керек?
Батирлердин ичин оңдоо боюнча кичи бизнес
Дөңгөлөктүн үстүндөгү блинчик -кафесинякантип ачуу керек
Парфюм- косметикалык дүкөндү кантип ачуу керек?
Аттракциондор паркын ачуу ири бизнестин катарында
Уй этин өндүрүү боюнча бизнести кантип ачуу керек?
Жарнамалоо долбоорундагы бизнес
Чай бизнесинин өзгөчөлүгү
Жүргүнчүлөрдү ташуу тармагындагы өзгөчөлөнгөн 5 бизнес идея
Ченеми жок такси кызматы
Агробзнес чөйрөсүндөгү жети өндүрүштүн идеясы
Убакыт менен текшерилген бизнес- стартап- зоодүкөн ачуу
Дизайн, мектеп университеттин белгиси кадалган кийимдерди жасалгаларды сатуу
Сапаттуу шпаргалка жасоо бизнеси


Пикир...
Алибаев менен Абдураимовдун камалышына көз карашыңыз кандай?

Эки жумадан бери саясатта чоң жүрүштөр жүрүп жатат. Эмнеси болсо да, эң оболу элге кызыктуу болуп турат. Эми бул иштерден жыйынтык чыкса болгону. Кумтөр маселеси, Түлеевдин иши, Сабировдун иши жана Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгын башчысы Тилек Алибаев менен анын орун басары Базарбек Абдураимовдун "маңзаттарды сатууга" байланышы бар делген иши да коомчулукта көп талкууну жаратып койду.

Баарынан да кызыл шапкечендерге байланыштуу бул иш айрымдардын пикирине караганда ИИМ менен Башкы прокуратуранын ич ара оюну болуп жаткан өңдүү. Кандай болгон күндө эми буга чекитти сот коёт. Биз мына ушул маселенин тегерегинде күч органдарынын айрым генералдарына суроо узаттык.


Мелис Турганбаев
Ички иштер министринин орун басары:
- Бул окуя боюнча Башкы прокуратура козгогон иш бар болчу. Мындан бир ай мурун эле, ал боюнча иликтөө жүрүп жаткан . Анан бул иш боюнча эмне себептен аталган эки жетекчини камакка алууга ашыгышканына түшүнгөн жокпуз.
Балдар эч жакка качпастан эле өздөрүнүн милдетин так аткарып, иштеп жатышкан. Алар чакырган сайын суракка барып турушкан болчу. Мына ошондуктан аларды кармап, камакка алууга негиз жок болчу. Анан азыр аталган эки жетекчиге маңзаттарына байланыштуу айып тагылып жатпайбы. Бул жерде айтып коё турган жагдай бар: биздин маңзаттарына каршы күрөшүү жана мына ошол кылмыш иликтөө башкармалыктары тарабынан эки башка линияда атайын операция болгон.
Бизде маңзат соодасынын булактарын аныктоо үчүн "контролдогу подставка" жана "контролдогу сатып алуу" сыяктуу иш-чаралар болот. Мына ошондой иш-чараларды жүргүзүүдө биздин ошол башкармалык тиешелүү документти туура эмес толтуруп алышкан. Ал иштер жашыруун болгондуктан эки башкармалык тең, бул боюнча бири-бирине билдирүүгө акысы жок. Бирок эми мунун бардыгын сот чечет. Бирок тергөө учурунда бакыйган эки полковникти алып барып камап коюу туура эмес болуп калды.
"Азаттык"
Өмүрбек Кутуев
милициянын генералы:
- Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын башчысынын камакка алынышы күч тармактарынын ортосунда көптөн бери уланып келаткан күрөшкө байланыштуу болуп калды. Биз милиция кызматкерлеринин тагдырына кайдыгер карай албайбыз. Мындай көрүнүш үч уктасаң түшүңө кирбейт, кантип эле баңги зат менен күрөшүп жаткан башкы фигура ушундай ишке барсын? Мындай окуя тарыхта болгон эмес. Ал сентябрда пенсияга чыкмак. Эми аны түрмөдөгү зектерге салып бергени жатышат. Бул адамгерчиликке жатпайт. УКМК, ИИМ жана Прокуратура кылмыш менен күрөшүүнүн ордуна, ушинтип бири-бирине компромат топтоп жаткандай сезилет. Бирок союз учурунда деле ушундай көрүнүштөр болуп келген.

Алымбай Султанов
милициянын генералы:
- Баңги заттарга каршы мындай бир мыйзам бар. Аны кыскартып орусча айтсак: "контроль подставка" деп коёт. Камалган эки полковник мына ушул мыйзамды бузушкан имиш дегендей кептер жүрүп жатат. Чынын айтканда, мен бул иш менен таанышкан жокмун. Далил барбы, жокпу билбейм. Эгер ишти карап чыксам айтат элем. Чындап эле булардын күнөөсү болсо, анда катуу жазалаш керек, себеби алар жөнөкөй жарандар эмес да. Үлгү көрсөтө турган адамдар, үмүттү актабай, ушинтип олтурса, башкасы каякка барат? Ошон үчүн бул иш катуу көзөмөлгө алынышы зарыл. Көптөн бери эле укук-коргоо органдарынын кызматкерлеринин артынан ар кандай ушак-айыңдар ээрчип жүрөт. Бирок анын баарын 100 пайыз ушак деп айтууга болбойт. Арасында чындык да бар. Алибаев менен Абдураимовдорду мен жакшы эле билем. Андан тышкары, азыр 3-4 саясатчыны кармашты. Чынында бизде 100 саясатчыны кармашса Атамбаевдин кадыр-баркы көтөрүлмөк. Кармап тим болбой, ишти аягына чейин чыгаруу зарыл. Куймулчагынан басып, жеп-ичкенин кекиртегинен чыгарыш керек да. Мындайча айтканда, койдун ичегисиндеги тогуз катты сыдырып тазалагандай тазалап, кустуруш керек. Мамлекет ал жеп-ичкичтерди антпесе, аны түрмөдөн ошентип сыгып, кустуруп алат. Ошон үчүн жеген акчасын кустуруп, ал акчаларды бей-бечераларга, карапайым эле жумшаса кандай сонун болот эле.

Кубатбек Кожоналиев
Юстициянын генералы:
- Мен бул иштин чоо - жайын жакшы билбейт экенмин. Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгы ИИМдеги эң маанилүү кызмат болуп эсептелет. Менин оюмча: мындай иштерге эки нерсе себеп болушу мүмкүн. Биринчиси ошол укук коргоо органдарынын жетекчилерин өз ара тиреши болуп, күрөш жүрүп жатышы мүмкүн. Экинчиси, күч тармактарын чындап тазалоо, реформалоо иштериндеги алгачкы аракеттер да болушу мүмкүн. Чынында Прокуратура УКМК, ИИМде терс көрүнүштөр бар. Жок деп айтууга болбойт. Ушул аталган күч тармактарынын жетекчилеринин кээде мыйзамга баш ийбеген жайы бар. Демек, мыйзамды жогорку жак аткарбаса, ылдый жагы кайдан аткармак эле. Мен Зарылбекти билем, чогуу иштешкем, Тилек Алибаевди болсо чынында билбейт экенмин. Менин билишимче, Алибаевдер Садыркуловдун иши боюнча катуу иштешти. Жакшы жыйынтык көрсөтүштү. Ошон үчүн, бул иш ортодо бирөөлөрдүн "заказы" да болушу мүмкүн. Бирөө бирөөнүн камчысын чаап жатат окшойт. Кыскасы, бул иште бир сыр жаткансыйт.

Туратбек Мадылбеков
Жогорку Кеңештин депутаты:
- Азырынча бул тууралуу толук маалыматым жок. Бирок мен бул ишке байланыштуу бир нерсени айтып коёюн. Биз иштеген учурда маңзат соодасынын булактарын аныктоо үчүн делген "контролдогу подставка" жана "контролдогу сатып алуу" деген нерсе жок болчу. Биз баарын далилдин негизинде гана кармачубуз. Кийин Бакиевдин учурунда ИИМ өкмөт менен макулдашып, өкмөттүн токтому менен ушул эки нерсени киргизип алышыптыр, өзүнчө бир инструкция кылып. Бирок бул жаңы эреженин мыйзамдуу жагын Баш прокуратура караган эмес. Карап, текшерип чыгыш керек. Эми деле караш керек. Эгер мыйзамсыз болуп чыкса, эки тарапты тең жоопко тартуу зарыл. Керек болсо өкмөттү да сотко берсе болот. Ал эми Алибаев тууралуу айта турган болсок, ал жигит менен чогуу иштегем. Мен билгенден өз ишин мыкты билген, таза, чынчыл жигит болчу. Чоң - чоң кылмыштардын бетин ачып жүргөнүн билем. Андан кийинки иштерин билбейм. Бул ишке да канчалык деңгээлде тиешеси бар аны сот аныктайт.

Азимбек Бекназаров
генерал-майор:
- Мен бул иш менен толук таанышкан жокмун. Бирок өзүмдүн тааныштарымдан сураштырып көрдүм. Алардын айтымына караганда, болор-болбос иш үчүн камап коюшту окшойт. Кыязы, бул көрүнүш ИИМдин ичиндеги жана ИИМ менен Башпрокуратуранын ортосундагы "оюндар" окшойт. Балким анын орду кимдир-бирөөлөргө керек болуп жаткан го. Кыскасы, кандай болгон күндө да тыкыр иликтөөгө алынышы зарыл.

Даярдаган
Айбек Шамшыкеев






кыргыз тилиндеги гезит "Учур"




Яндекс.Метрика