Ширин Айтматова,
"Ата Мекен" фракциясынын депутаты:
"Мен Саляновага эмес,
жалпы эле коррупцияга
каршы иштеп жатам"

Жогорку Кеңештин "Ата-Мекен" фракциясынын депутаты Ширин Айтматова экинчи сессиянын акыркы күнүндө бир катар чуулгандуу маалыматтарды шардана кылды. Депутаттын Башкы прокурор Аида Саляновага каршы "компроматтарында" уурдалган бир нече миллиондор боюнча маалымдалат. Алардын таржымалын Ширин Айтматова өзү баяндап берди.

- Ширин айым, Баш прокурорго бир эле учурда бир нече "компромат" топтопсуз. Атайын даярданып жүрдүңүз беле?
- Жок, даярданып топтогон жокмун. Мага бул маалыматтарды ачыкка чыгара албай жүргөндөр кайрылышты. Мен депутат катары албетте, тийиштүү органдарга жиберип, Жогорку Кеңешке билдирдим. Мен Саляновага эмес, жалпы эле коррупцияга каршы иштеп атам. Мына азыр дайынсыз жоголгон векселдерди изилдөөдөбүз. Бул Казакстандагы сейрек кездешүүчү түстүү металл кенинин Кыргызстанга мыйзамсыз алынып келинген векселдери болчу. Ал банкта сакталып турган.
- Ал боюнча маалымат качан ачыкка чыкты?
- Бул векселдердин Бакиевдерге тиешелүү болушу мүмкүн экендигин Ички иштер министри Зарылбек Рысалиев Роза Отунбаевага билдирип, мурдагы баш прокурор Кубатбек Байболов Казакстанга тергөөчүлөрүн жиберет.
Текшерүүдө векселдин баалуулугу аныкталат. Манас Кыдыралиев аттуу тергөөчү ал векселдерди камакка алат. Сот чечими да чыгат. Андан кийин Кубатбек Байболов кызматтан алынып, ордуна Аида Салянова дайындалышы менен Манас Кыдыралиев өз чечимин кайра кайтарып, кайра сот иши башталат.
Жогорку сот векселдердин бир тыйындык наркы жоктугун тактаган чечим чыгарат. Векселдерди болсо Казакстанга кайтарып беришет. Ал жөн эле кагаз болсо, эмнеге казак ишканасына кайтарып берип жатышат? Мен эми Казакстан өкмөтүнөн векселдердин көчүрмөсүн, ишкананын финансалык мүмкүнчүлүгүн сурап атам. Ошол учурда биздин өкмөт Казакстан менен сүйлөшүп, 4 миллиард доллардын кайсы бир пайызын казынага калтырса болмок.
- Эми анын баарын аягына чейин көзөмөлдөп, далилдей аласызбы?
- Менде маалыматтар бар. Азыр да иштеп атабыз. Далил топтоп, чара көрүү - бул тийиштүү мамлекеттик органдардын милдети.
Албетте, мен "карга карганын көзүн чукубасын" билем. Мисалы, бизге мен айткан бир маалымат боюнча Баш прокуратура менен УКМКнын жообу эки башка болууда. Жибек-Жолу көчөсүндөгү 295 жана 297 жер тилкесин ортодогу адамдар аркылуу Аида Салянова сатып алган. Ал жерди сатып алуу иши Баш прокурордун, министрликтердин бирөөсүндө айдоочу болуп иштеген тууганы ишке ашырып, Гулсара Абариковага каттайт. Баш прокуратуранын башкармалыгынын жетекчиси Темирбек Бекмамат уулу жалпыга маалымдоо каражаттарына: "Ал жердин ээси менен Салянованын туугандык байланышы бар" - деп маек курду. УКМК бизге "Салянова менен ал жердин ээсинин байланышы жок" деп жооп жибериптир. Менин жардамчым УКМКга чалып, "Баш прокуратура минтип жооп берди го" десе, "...биз да текшерип жатабыз" деп кутулуптур.
Булардын эки башка маалымат берип жатканы эле менин туура жолдо экениме далил. Азыр бул жер тилкесине байланыштуу бүт маалыматты топтоп жатам. Аны сатып алган кишинин жылдык кирешесин да эсептеп чыгыш керек. Анткени мамлекеттик кызматтагы айдоочунун жер алууга 13 млн. сому болбосо керек.
- Кумтөр кенинин 32 миллион доллардык карызын жойгон ишке Аида Салянованын тийиши жоктугу айтылууда. Баш прокуратура Юстиция министрлигинин стаст-катчысы андай иш кагаздарына кол койбойт деп билдирүүдө...
- "Күмтөр" кени боюнча комиссия курамында иштеп, 2009-жылы мыйзамсыз кечирилген карызга кулагым чалдыккан. Маалыматты текшере баштадым. Садыр Жапаров бул боюнча кагаздарды мага көрсөткүсү келген жок. Анткен менен тийиштүү кагаздардын көчүрмөсүн таптым.
Данияр Үсөнов премьер-министр кезинде жең ичинен келишим түзүлүп, "Кумтөрдүн" 32 миллион доллардык карызы кечилет. Ал кезде Аида Салянова Юстиция министрлигинде статс-катчы болуп иштеген. Ал кичинекей кагазга юридикалык жактан кынтыгы жок укуктук түшүндүрмөсүн жазып берген. Менде эсептөө палатасынын текшерүүсүнөн кийинки чечими бар. Анда: карызды жоюуга Аида Салянованын колун коюп, макулдук берген укуктук түшүндүрмөсү негиз болгон деп жазылган.
- Бул боюнча кылмыш иши козголоруна ишенесизби?
- Бул документте Аалы Карашев, Марат Султановдун колдору бар. Андыктан, иш козгоо кыйын болот. Биздеги мыйзамдардын адамга карата өзгөрүп турушу жүрөгүмдү эзет. Нариман Түлеев да келишимге кол койгон эмес деп жатпайбызбы? Айтып кетейин, мен Нариман Түлеев менен өмүрүмдө бир эле жолу сүйлөшүп көргөм. Аны колдобойм деле. Бирок өлкөдө мыйзам, укук баарына бирдей колдонушулу керек деп эсептейм. Биздин өлкө жетекчилерибиз Түркияга, Орусияга барып, 10 миллионду жалынып-жалбарып сурап келип жатышпайбы. Анан кантип 32 миллион долларга көз жумуп коебуз?
- Ширин айым, ЖМКда Баш прокурор менен тирешүүнү "аялдардын талашы" деп айтылууда...
- Биз Аида Салянова экөөбүз эмнени талашмак элек. Мен Баш прокурорду сыйлайм. Абдан жакшынакай, билимдүү, акылдуу айым. Башында кызматка олтурганда депутат айымдар баарыбыз кубанганбыз. Жеке өзүм чоң ишеним артканмын.
- Анан ал ишенимиңизден качан чыкты?
- Салянова "жүрөгүмдү оорутту". Акматбек Бакиев качып кеткенден кийин Баш прокурорго ишенбей калдым. Анткени алар жападан жалгыз камакта олтурган Бакиевди качырып жиберишти. Баш прокуратура Акмат Бакиевдин сотунда эл кызыкчылыгын коргой алган жок. Ошондон улам Бакиев мунапыска туш келип, акыркы 35-колонияга которулуп кетти.
Аида Салянова кээ бир депутаттардын инилерин, жээнин, карындашын ишке алып жатат. Бул көпчүлүк мамлекеттик жетекчилер үчүн туура позиция. Ошондуктан, Жогорку Кеңеште Саляновага каршы 55тен дагы көп добуш топтолмок. Бирок көптөр макул болгону менен кол коюшпайт.
- Коркушабы?
- Ошондой го.
- Бир кезде парламенттеги өнөктөш айымдар менен да чатакташып жүрдүңүз эле. Азыр мамиле жакшыбы?
- Ооба, Бөдөш Мамырова жана башкалар сын айтышкан. Бирок эч бир жеке конфликт болгон эмес. Мен сынды туура кабыл алам. Чынын айтсам, өткөндө Ыргал Кадыралиеванын айтканы катуу тийди. Ал отурумда: "Кумтөр кенине, өлкөгө коррупцияны Чыңгыз Айтматов алып келген" - деп билдирди. Эми Ыргал ким? Чыңгыз Айтматов ким? Анын сөзү менен эле Айтматовдун аты булганып калбайт дечи. Бирок бизде кыргызда көзү өтүп кеткен адам боюнча жакшы гана сөз айтылат дешет эмеспи...
- Сиз кандай депутатсыз?
- Таң калыштуу депутатмын го ээ?
- Ошондойбу?
- Жогорку Кеңештеги бир журналист: "Сиз отурум залына кирсеңиз эле аура өзгөрө калат" деп айтты эле. "Бирөөлөр сындайт, бирөөлөр мактайт, бирөөлөр жийиркенет" - дейт. Кыскасы, мен кызыгуу жаратат экенмин.
Депутат болуп, эл көзүнө көрүнүп, ар кандай сөз угуп келем. Журналисттер мени гезитке "маңкурт" деп да жазбадыбы. Мен кыргызча түшүнөм. Бирок тилим бурулуп тургандыктан, сүйлөгөндөн тартынам. Кээде фамилиямды ыплас саясатка аралаштырганыма өкүнүп калам.
- Кээ бир гезиттер сизди "Ата-Мекен"фракциясынан чыгарыла турган кезектеги депутат дейт. Фракциядан чыгып калуудан коркпойсузбу?
- Билбейм, эми көрө жатарбыз. Негизинен фракция ичинде Өмүрбек Текебаев менен мамилем жакшы. Жаш депутаттар да достошобуз. Албетте, мен өтө эле тил алчаак депутат эмесмин. Бирок кээ бир фракциялаштарыма караганда өзүмдү чыныгы атамекенчимин деп эсептейм. Мен бүгүн жасаган иштерди Текебаев жана партия канча жыл бою жасап келишкен. "Ата-Мекен" тенденциясы азыр Текебаевдин карамагынан чыгып кеткен. Партия - менин идеологиям, менин жашоо образым.
- Чыңгыз Айтматовдун басыла элек чыгармасы табылыптыр. Аны басып чыгара аласыздарбы? Анткени автордук укугуңузду Казакстанга сатып жибергендиңиз боюнча маалымат жарыяланган.
- Ооба, жаңы роман табылды. Ал "Жер жана флейта" деп аталат. Атамдын кол жазмалары бир бөлмөнүн жарымын ээлейт. Аларды тактоо иштери жүрүп жатат. Бирок фонд ишине аралашпайм. Ал эми автордук укук менде жок болгондуктан, жок нерсени сата да албайм. Ал укук менин иним Эльдарга тийешелүү. Андан тышкары да бир тууганымдын айтымында, анын да китептерди басып чыгарууга укугу бар.
Булак:
24.kg маалымат агенттиги