presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



Жооштон жоон чыгат...
Зайырбек Жоошбеков, КСДП фракциясынын депутаты:
"Мындай чоң маселелер козголуп
жатканда, ар нерсени күтсө болот..."

- Зайырбек мырза, сиз Өкмөттү отставкага кетирүү маселесин колдоого алдыңызбы же каршы чыктыңызбы?
- Мен Өкмөттү отставкага кетирүүгө макулмун. Чынында бул маселе кеч көтөрүлүп калды, балким эртерээк көтөрүлгөндө эмгиче бул Өкмөт отставкага кетмек. Биз Өкмөттү жөн жерден эле кетирип жиберели деген оюбуз жок. Чынында Бабанов жетектеген Өкмөт башка жагын айтпаганда да, бюджет жагынан бир топ мыйзам бузууларга жол берип койду. Мен өзүм ЖКнын Бюджет жана каржы комитетинин төрагасынын орун басары болгондуктан, бюджет маселесин жакшы билем. Мисалы, Өкмөт Кумтөрдөн алынган 1 миллиард сомду бюджетке киргизбестен Жаштар министрлиги аркылуу "Ала-Тоо" финансы компаниясын түзүп, аталган компанияга бөлүп койду. Негизи мамлекетке тиешелүү ар кандай акча булактарынан алынган каражат мамлекеттик бюджетке бир тыйынына чейин өтүш керек да. Бирок Өкмөт кийин өзүнүн бул катасын сезди. Бюджетке өзгөртүү киргизгенде ошол "Ала-Тоого" бөлүнгөн 1 миллиардды кайра бюджетке киргиздик. өткөздүк. Ошондой эле Түркиядан алынып жаткан 106 миллион долларды да бюджетке киргиздик. Жыл башында бул Өкмөт биз "чыгаша менен эмес, киреше менен гана келебиз" деген убадасын берген. Тилекке каршы, ал убадасын аткара алган жок. Тескерисинче, чыгаша көбөйүп кетти. Азыр Түркиядан алып жаткан 106 миллион долларды кошпогондо, бюджеттин тартыштыгы 18 миллиардга жетти. Буга быйыл Кумтөрдөгү алтын өндүрүү кыскаргандыгы, ал жерден салыкка 3 миллиард 665 миллион сом түшпөй калгандыгы себеп болуп турат. Коррупцияга каршы күрөштү жеткиликтүү жүргүзө албагандыгы, кадр маселелерин талапка ылайык чече албагандыгы, мугалимдердин айлыгын бир топ кечиктирип, эми гана тарата баштаганды сыяктуу көрүнүштөр Өкмөттү кетирүүгө өбөлгө түзүп турат десек жаңылышпайбыз. Бул дооматтарды негиздүү деп эсептеп жатабыз.
Ушундай көрүнүштөр орун алып жатканына карабастан биз Өкмөткө дагы жакшы иштеп кетүү үчүн мүмкүнчүлүк берип жатабыз. Эми 9 айдын жыйынтыгын менен карайбыз. Бирок парламент Өкмөттү кетирүү боюнча маселени президентке сунуш кылды. Калганын президент өзү чечет. Ал сунушка кол коёбу, кол койбойбу, өзү таразалап, салмактап көрөр. Азырынча бул маселеге биз тараптан добуш берүү болбойт. Добуш берүү маселеси сентябрь айында болот го деген ойдомун.
- КСДП фракциясынан Өкмөттү кетирүү сунушуна канча депутат кол койду?
- Жалпысынан 45 депутат кол коюптур. Биздин фракциядан болсо, 5 депутат кол коюп берди. Бирок азыр туристтик сезон болуп жатат. Өкмөттү кетирсек, ушу сыяктуу маселелер бир топ көйгөйлөрдү жаратып коюшу мүмкүн. Негизи Өкмөт жыл башында экономиканын өсүшүн 7,5 пайызга камсыз кылабыз деген, бирок ал көрсөткүчкө жетүүгө чамасы чарк болуп, азыр 1, 8 пайызга араң жетип турат. Эгер күзгө чейин чындап эле жакшы иштеп, натыйжа көрсөтө алса, анда балким Өкмөттү кетирүү маселесин күн тартибинен алынып калышы толук мүмкүн.
- Бабанов Өкмөттү отставкага кетирүү маселеси козголгондо, бир топ депутаттарга акча берип, колго алып коюптур деген сөздөр чыкты. Бул сөз да бекер жерден чыкпаса керек. Балким сизге да сунуштагандыр?
- Туура, ушундай сөздөр чыкты. Бирок колунан кармап албагандан кийин, берген же бербегенин айта албайм. А, негизинен мындай чоң маселелер козголуп жатканда, ар нерсени күтсө болот. Таптакыр жокко чыгаруу кыйын. Мүмкүн жеке кызыкчылыктар бардыр. Ортодо бир тууганын кызматка коюу ж.б. маселелери бардыр. Менин жеке көз карашымда жакшы иштей албай жаткан Өкмөттү колдоп, алардан акча алуу маселеси туура эмес. Мамлекеттин келечегин ойлогон депутат андай пастыкка барбайт деген ойдомун.
- Өкмөт көп учурда Бюджет жана каржы комитетине "бул сунушубузду четке кагып салды, тиги долбоорубузду өткөзбөй койду" деген дооматтарды айтып келет. Бул да бекер жерден айтылбаса керек го?
- Биз ар дайым Өкмөттүн сунуштарын колдоп келе жатабыз. Акыркы жыйында каралган Бюджетке өзгөртүүлөрдү киргизүү маселесине да каршы чыкпай, бир , эки сунуш менен кабыл алып бердик. Жогоруда айткан Кумтөрдөн демөөрчүлүк жолу менен берилген 1 миллиардды да, Түркиядан алынып жаткан 106 млн. долларды да биз бюджет аркылуу өткөздүк. Андан тышкары, 2013-жылдын бюджетинен алынган 20 миллион сом быйыл колдонууга берилбесин деген пикирибизди айттык.
- Ал эмки жылдын бюджетиндеги 20 миллионду алышкандан кийин колдонушат да...
- Эгер 20 миллионду колдоно турган болушса, анда кийинки 2013-жылдын бюджетин 20 миллион сомго кыскартып келиши керек. Себеби кийинки жылы да жашоо бар да.
- Минтип кийинки жылдын бюджетин улам кыскартып олтурсак, анда биздин бюджет боюнча көрсөткүчүбүз өнүгүү кадамына эмес, тескерисинче баягы эле дефицит абалына такала берет экен да...
- Биз сен айткан маселелерди эске алып, "20 миллион алынбасын" деген чечимге токтолдук. Андан тышкары, сырттан алынып жаткан насыялар болушунча аз пайыз менен алынсын деген өзүбүздүн чегибизди койдук. Кытайдан Датка-Кемин подстанциясын куруу үчүн алынып жаткан насыяны да колдоп бердик. Бирок ал иш башталганда, көбү Кытайдын эмес, биздин атуулдар иштеп, жумуш менен камсыз болушсун деген сунушубузду айттык.
- Комитеттеги талашка түшкөн маселелер боюнча айтсаңыз?
- Талашка түшкөн маселелер көп эле болот. Мисалы, быйыл курулуш жаатына, же капиталдык салымдарга бөлүнгөн акча аз болуп калды. Былтыр 3 миллиарддан ашык акча бөлүнсө, быйыл болгону 2 миллиард сом бөлүнүп жатат. Бул акча да өз мөөнөтүнөн кечигип каралып калды. Быйыл биз Бишкек шаарынын тегерегиндеги жаңы конуштар үчүн 400 миллион сом бөлдүк. Себеби, жаңы конуштарыбыздын абалы өтө оор. Бирок азырынча иш баштала элек. Андан тышкары, Каржы полиция жоюлуп, анын ордуна Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү кызматы түзүлгөндүгүн Жогорку Кеңеш мыйзамсыз деп эсептеген. Себеби, Өкмөт бул маселе боюнча парламент менен кеңешкен эмес. Бул жаңы түзүлгөн агенттикке 43 миллион каралган, бирок бул талаштуу маселени депутаттык комиссия чечмейинче, ал акча бөлүнүп берилбейт. Андан тышкары, ИИМди реформалоого да чоң акча керек болуп жатат. Өкмөт ИИМдин бюджетинен 30 миллион сомду кыскартуу сунушу менен келишкенде, биз алардын сунушун четке кактык. Тескерисинче аларга биз кошуп беришибиз зарыл. Ансыз да сураган акчанын бир тобун кыскартуу менен берип келебиз. Кыскасы, биздин бюджетте көп тартыштык бар. Ушу себептен биз аргасыздан чет мамлекеттерден карыз акча алууга мажбур болуп жатабыз.
- Кумтөр маселеси боюнча эмне айта аласыз. Учурда мамлекеттик комиссия түзүлдү. Ишти мамлекеттин кызыкчылыгы үчүн чече алаарын ишенесизби?
- Кумтөр маселеси учурда өтө курч маселелердин бирине айланды. Негизи Кумтөр иштетилип баштаган учурдан баштап эле, ортодогу келишимдер биздин мамлекет үчүн пайдасыз болуп түзүлгөн. Бирок ошол кездеги атка минерлер жең ичине чоң акча алып, биздин мамлекет үчүн ошондой пайдасыз келишимдерге кол коюшкан десек болот. Азыр биз Кумтөр маселесин дыкаттык менен ийне - жибине чейин иликтеп, келишимдерди кайра карап чыгышыбыз зарыл. Ошондой болсо да, Кумтөрдү улутташтырып, мамлекеттин менчигине алабыз десек, анда биз юридикалык жактан утулуп калабыз. Мындайча айтканда мыйзам бузууларга барып калган болобуз. Ошон үчүн бул маселе өтө "тонкий" маселе болуп турат. Акырындап өзүбүздүн үлүшүбүздү көбөйтүү учурдун талабы болуп турат.
- Өзүңөр көптөн күткөн эс алууга чыктыңар. Адатта эл өкүлдөрүбүз бири-бирине атаандашып океандын ары жагындагы алыскы аралдарга чейин эс алып келишчү эле. Сиз "кайсыл аралга" барып эс алайын деп жатасыз?
- Негизи элде ошондой түшүнүк бар. Кайдагы арал, иним? Мен өзүм буга чейин мугалим болуп иштегем. Андан кийин, Кара-Суу районундагы Сабай айылынын айыл өкмөт башчысы болуп эмгектендим. Чынында айлыгыма эле жашап жатам. Быйыл деле айылда эс алам. Быйыл жада калса профсоюз аркылуу Көлгө да жазылган жокмун.
Эс алгандан кийин Кара-Суу районун кыдырып, эл менен жолугушууларды өткөрөм. Билесиздер, Кара-Суу району эң чоң район. Ал райондо 400 миң адам жашайт. Ал жактан мен жалгыз депутат болуп шайлангам. Аталган райондо да көйгөйлүү маселе абдан көп. Мисалы, мен өзүм айыл өкмөт болуп иштеген Сабай айыл өкмөтүндө (карамагында үч-төрт айыл бар) 1000 гектарга жакын жер астындагы суу жогору көтөрүлүп жаткандыгына байланыштуу сазга айланып, камыш басып кеткен. Мындайча айтканда, ал жерде 15-20 жылдан бери 500-600 үй-бүлө суунун үстүндө жашап жатат.
- Бул маселени чечүүгө болобу?
- Чечсе болот. Сууну сордуруп, жерди кургатуу иштерине жалпысынан 223 миллион сом керек экен. Бул долбоорго мамлекет бир учурда андай акча бөлүп бере албайт. Былтыр 10 миллион сом бөлгөн, быйыл 12,5 миллион сом бөлдүрдүк. Эгер биз техника сатып алсак, анда жогоруда айтып жаткан акчанын тең жарымын үнөмдөп калат элек.
Маектешкен
Айбек Шамшыкеев





кыргыз тилиндеги гезит "Учур"





??.??