presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



Кадам ушул…
Жебегендерди да жер үстүнө жашатуу керек
Көз тийбесин, коррупцияга каршы күрөш күүсүнө эми кирди окшоду. Ар кандай абийирсиз тоскоолдуктарга учурабаса, бул күрөш эл күткөн жыйынтыгын алып келет деп ишенимибиз артып турган кези. Мындай абал эркиндикке чыккандан кийин алгачкы жолу болуп жаткандыктан, бу жагдайда баштан өткөзгөн тажрыйба жок болгондуктан, иш бир топ татаал жол менен уланып жатпайбы. Эмдиги милдет- жебегендерди да жер үстүнө жашатуу керек, түшүндүңөр да…
Ооба, бүгүнкү күнгө чейин жегендер жеп, жебегендери жер астында болуп келди.
Кызматтын баары сатыла турганы Акаев тушунда аябай өнүгүп, Бакиев кезинде апогэйине жетти. Кызматтар деңгээлине жараша 5 миң доллардан баштап 100-300 миң долларга чейин жетип турду. Ошончо акча менен кызматка турбай эле жыргалдын үстүндө жашай бербейби деген орундуу суроо бар. Бирок, турмуш башкача аракет кылдырат экен.
Жогорудагыдай эбегейсиз суммадагы акчаны коротуп кызматка келем деп тургандын үч негизги себеби бар, биринчиси- короткон сумманы кызматка тургандан кийин бат эле кайтарып алат, экинчиси- короткон суммадан дагы көп эсе пайда көрөм деген ачкөздүк бар, үчүнчүсү- кызматы жогоруласа эл алдындагы аброюм жогорулайт деген куру намыс! Мына ушул үч себеп тизгинди колго алат эмеспи!
Тээ илгери, профессионал чалгын кызматы жок заманда, душмандар карп-күрп басчу тура. Мына ошондо өрттөй жанган кыргыз жигиттери дамбалчан чуркап чыгып, колуна тийген союлунбу, калтегинби, же камчысынбы алып, куралчан жалаңдаган жоону тике качырчу экен. Баатырдык деп ошону айт! Бу балакет баскан коррупционериң жогорудагылардан кем калбаган "эр" болот экен, кайра тартпаган "шер" болот экен. Карасаңыз, элдин эсебиндеги акчаны алсаң, пара түрүндө, коркутуп, четин чыгарып ж.б. жолдор менен алсаң, баланча деген жылга кесилесиң деп мыйзамда бадырайып жазылып турат. Коррупционериң ага карабайт экен, тике качырып, алганын алып, жулганын жулуп турат, мыйзам-сыйзамыңды сунулган алаканы менен тик качырып турбайбы! "Баатырдыгы" ошол да, мыйзамга акча эңсеген төшүн тосуп!
Коррупциялык жол, биздин мамлекеттин баскан жолу болуп калды. Аны кандай айтсак да жашыра албаспыз. "Турмушубузда коррупционерлер кезигип жатат" деген жымсалдама сөздү айтып өзүбүздү өзүбүз алдаган болобуз. "Турмушубузда коррупциялык жолду баспаган адамдар калбай калды" десек, туурасы ошол болот! Бирөө берет, экинчиси алат. Бергени да жеген акчасынан берип жатпайбы, чанда чыгар маңдай тер менен тапкан акчасын бергендер. Далай мезгилге чейин, а балким, кылымдарбы, созулуп кетчү коррупциялык жол түзүлүп турат, эсибиздегини эскерип коелу да: айыл өкмөттөн кайсы бир справканы бат алыш үчүн үстөгүн бересиң, башка жерлерден алган справка деле ошол жол менен алынат, балаңды бакчага өткөзсөң бересиң, кээ бир мектепке алып барсаң же мектептен мектепке которсоң бересиң, орто же жогорку окуу жайлар- акча берип турчу жайлар, ишиң милийсага, прокуратурага, сотко түшсө, бергенде да ошолорго бересиң, МАИ дегенге сөзсүз бересиң, кызматтан бир тепкич көтөрүлсөң бересиң, жетекчиңдин юбилейи болсо, балалуу болсо, баласы аял алса, аялынын юбилейи болсо, кызы күйөөгө тийсе, баласы окуусун бүтсө, атасы өлсө, энеси өлсө, кайнатасы өлсө, кайненеси өлсө, агалары өлсө, эжелери өлсө, аталаштарынан өлсө, балдызы же кайниси ошондой болсо, кайнагасы менен кайнежеси өлсө, жакын тууганарынан өлсө, бересиң, бере бересиң. Тигил алган неме да чоңуна берет… Ошентип, бересиң-аласың, "келе" менен "ме". Берген менен алгандан өлүп кутуласың!
Коррупционер дегениң, ошол ишин күнүмдүк ишиндей көрүшөт экен, ичкен суусу менен дем алган абасындай кеп десек кайдан жаңылып куурадык! Анан, "ай, сен коррупционер турбайсыңбы, эми аздап жооп бере сал" деп туруп камаса, ага каршы аракеттери небактан даяр экен. Анын "коррупционер эмес" экендигин, биринчи иретте, өзүнүн бүлөсү, жакындары билет экен, билбегендерине акча бере койсо, билип калат экен. Анан "ал таза немени эмнеге камадыңар, бул деген саясий заказ" деп кемшеңдеген кемпирине, катып калган чалына чейин айтып чуулдап турушат. Бу "саясий заказ" эмне экендигин деле биле беришпейт, аны митинг башында туруп ажылдагандар деле жакшы биле бербейт.
"Саясат" деген маани "мамлекет" же "коомдук иш" дегенди билдирет, анан тап, улут ж.б. социалдык топтор ортосундагы мамилелер менен байланышып, негизги максаты бийликти жеңип алып кармоо жана пайдалануу болгон ишмердиктин чөйрөсү" деп жазылат энциклопедияда. Анткен менен так, даана, ташка тамга салгандай түшүндүрмөсү жок, ал бүгүнкү күнгө чейин даана тактала элек, ал эми "саясий заказ" дегени андан бешбетер түшүнүксүз. Анан эле жанагы таягына өбөктөгөн чал-кемпирлер "саясий заказ" дегенди кантип түшүнүп алат, мээ жетпейт! Эми бул башка маселе болуп жүрө берсин…
Жакында эле кармалган Нариман Түлеев дегениң Бишкектин мэри болуп турганда автобус сатып алуу шылтоосу менен 1 млн 400 миң доллар ашкере чыгым кылган деген күнөөсү бар деп шектелип жатат. Аны менен бирге шаардын Түштүк магистралын, "Дыйкан" базарын, Локомотив стадионун курганда, МАИчилерге машина алып бергенде дагы ири суммадагы акчаны коромжуга учураткан деп шектелет. Анан камалыш керекпи, керек! Бул жерде кайсы "саясий заказды" айтып жатышат, бул жерге "саясий заказды" бышырып, суутуп коюппу?! Элдин ырыскысын жегениңди текшеребиз, жегениңди аныктап туруп соттотобуз деп жатат. Анан мыйзам кайсы жерден бузулду?! Эч кандай мыйзам бузулган жок! Анан ушунун баарын билип туруп эле, беттырмардык кылып митинг уюштуруп, "баланча-бастанча кылып таштайбыз" деп бийликти коркутуп жаткан топко жол болсун! Жакындары го, чыксын дейли. Анан акча алып митинге чыккандары болсо, анда аларды түз эле айбан деп айтса аша кетпес!
Түлеевдикинен ашса ашат, алды кем калбайт деген шеги бар Пирматов азыр алдын алып, наркы-терки чапкылап публикада көп болуп, теледен сүйлөп, өзүнүн ак экендигине элди ишендирүүнүн жолунда. Эгерде күнөө жасалган болсо, анда аны эч качан жаап-жашырууга болбойт, эч качан! Убактылуу жаап-жашырып турса болот дечи, бирок, бүгүн болбосо, эртең сөзсүз түрдө оркоюп чыга келет кылган кылмышың!
Социалдык жактан өнүктүрүү министри Равшан Сабиров камакта жатат. Бу министрге эмне жетпей жатты эле?! Акчаны сапырып турчу бизнеси бар дешет. Мына эми, ачкөздүк кай жерге жаткызып салды. Кара-Суудагы анын жердештери, биринчи иретте тажик диаспорасы "уулубуз ак жерден торго чалынды, жалган жалаа жабылды" деп ызылдап жатканы да, абийирсиздик деп билишибиз керек! Булар милийсадан да, УКМКнан да, прокуратурадан да, соттон да кыйын экен, түз эле айтып жатышпайбы "Равшан Сабиров акактай таза адам" деп. Ошондо, жанагы аты саналган укук коргоо органдарынын баары жалганчы, Сабировдун жакындары, жердештери эле чындыкты айтат тура! Анын пара алып жатканын өзүнүн жардамчысы бышыктап берип жатпайбы, парасы 20 миң доллар экен го.
Өткөндө да жаздык эле, кайсы бир бандит же коррупционер кармалса, анын жакындары жана акча алгандары дароо митинг уюштуруп, "минтебиз, тигинтебиз, 24 саатта бошоткула" деп бийликти коркутуп турчу адат таап алышты. Дал ушул жерде бийлик бийлик экенин көрсөтүшү керек! "Көчүгүңөрдү кысып жөн жаткыла!" дегенди ачык текст менен эле айтыш керек!

Прокуратура коркунучтуу ишти баштап жаткан жокпу?!
Анткен менен биз, биз окшоп эл мамлекетибизде эмне болуп жатканын айныгыс билип турат. Адегенде имиштер кетет, анын артынан ошол имиштер иргелип олтуруп, чындыгы чындык болуп кашкая чыга келет. Дегиниси, мамлекеттик маанидеги өтө жашырын деп сакталган сыр деле бүгүн болбосо, эртең айкын болуп калары сөзсүз экен. Мына ушул жагдайдан алганда күч структураларынын арасындагы тымызын кармаш азыр өтө күчөп турган чагы. Сыртынан караганда ынтымактуу ишеп жаткандай. Бирок, чындыгында андай эмес, бирин-бири аңдып, бирине бири бут тосуп, керек болсо, катуу сындырып коюудан да кайра тартпай турушат.
Бүгүнкү күнү прокуратура менен милийса тараптын ынтымагы өткөн чакта калып, бири-бири менен кармашып жаткан учуру. Бул эки ведомствонун тең иши татаал, опурталдуу, кээси менен коокунучтуу дагы. Бирок, кара жумуштун баарын милийса тарап аткарат, прокуратура болсо, ал иштердин "каймагын калпыйт" кебетесинде иш алып барат, алар алып барган иштер "май-талкандуу".
Баш прокуратура Түлеев өңдөнгөндөрдү камаганы дурус, бирок, ИИМдин кылмыш иликтөө башкармалыгынын начальниги, полковник Тилек Алибаев менен анын орун басары Базарбек Абдраимовду кармаганы, аларга кылмыш ишин козгону эки ведомствонун кармашынын "жемиши" дегендер чыгып жатат.
Билгендердин айтымында полковник Алибаев өмүр бою криминал менен күрөшүп келген, тайманбас, таза адам. Башкалардыкындай болуп анын килейген үй-жайы, кымбат машинасы, акча куюлуп турчу бизнеси жок экен, болгону үч бөлмөлүү үйдө жашайт экен. Ал эми анын орун басары Абдраимов деле шефине окшогон таза адам тура. Ал бир бөлмөлүү эле үйдө жашайт дешет.
Эгерде милийсага бирди көрсөтүп сестентип турбасак болбойт деп жасалган иш болсо, анда аябагандай жаман иш, мыйзам алдында жооп берчү учур келбей койбойт. СИЗОдо жаткан криминал өкүлдөрү "ии, бизге каршы күрөшүп кыйын болдуң эле, эми чогуу жатабыз" деген кепти айтып кубанып турушат дешет. Аида Салянованы болсо, "мамаша" деп алышкан имиш. "Биздин мамашабыз милийсалардын сазайын берет" дегенди да айтып жатышат дейт. Айланайын, таза адамдын ачуусун келтирген "дейттер" эле көп…Прокуратура менен милийсанын чоң кармашынан кудай сактасын. Салянова менен Рысалиев ар кандай амбицияларын таштап, мамлекеттин кызыкчылыгы үчүн биригиши керек, ага милдеттүү!
Жогоруда аталган эки ири милийса кызматкеринин камалышын министр Зарылбек Рысалиевге каршы пландаштырылган сокку деп түшүнсөк болот дегендер да бар.
Бу генерал Рысалиев мурунку бир дагы министрге окшобогон, таптакыр тартынбаган мүнөзү бар экен, ошонун "үзүрүн" көрүп жатат. Эч кимден тайманбай криминалга кыргыйдай тийип турса, далай мен дегендерди кынына киргизсе, аны менен кошо чоң кызматтарда тургандардын жекече өтүнүч-кебин аткарбаса, алардын акылын ээрчибесе, мыйзамдуулукту сактаганга гана аракет кылса… ким эле жакшы көрмөк, аны криминалы да, бийликтегилердин көбү да жаман көрүп жатпайбы. Азыркы биздин заманда таза иштесең, өткүр болсоң, бузуку жолу бар жетекчилердин бирине да жакпайсың. Ошондон улам бу эч кимге бел бүкпөгөн жигитти ордунан алып түшүүнүн түркүн жолун издеп, азырынча таппай келатышат. А Рысалиев болсо, "билгениңерди кылып алгыла, мен болсом алган багытыман тайбайм" деп жигиттигинде турат.
Ага парламент тараптагы чабуул да катуу болуп келет, кызматынан кетире албай убара… депутаттардын биртобу андан кечирим сура дегенин койбойт, "мени кечирим суратчу силер эмес" деп министр болбойт, ушундай "биргелешип" иштешүү…Жакшы жери, Рысалиевди президент Атамбаев менен премьер Бабанов колдойт, эң негизгиси, өз жигиттеринин басымдуусу жана калың эли колдойт!

Баратбай АРАКЕЕВ





кыргыз тилиндеги гезит "Учур"





??.??