Отунбаев да оңой эмес
Германияга элчи болуп барган Болот Отунбаев эжекесинин көлөкөсүндө көрүнбөй жүрдү эле, көрсө Бокең деле оңой эмес экен. Элчи болуп иштегенине эки ай болбой жатып, бир топ мыкты иштерди жасаганга үлгүрдү. Кечээ жакында Кыргызстанга келди. Жөн келбей Германиядан ири инвесторлорду ээрчите келди. Кудай буйруса немис ишкерлери кыргыз экономикасына өз салымдарын кошкону турушат.

"Балакай" саясатчылардын "базарынан"
Япониядагы кыргыз элчилигинде эмгектенген айтылуу революционер Азикенин уулу Руслан Бекназаров Нариман Түлеевдин камалышы боюнча "эгер күнөөсүн далилдешсе, бул өтө жакшы көрүнүш"-деген пикирин билдирген экен. Түштүк Кореядагы консулдукта иштеп кеткен Адил Турдугулов курдашы Русландын бул пикирине дароо жооп кайтарып "Дипломатиялык кызматтын башкы мыйзамы - бул кызматтагылар коомдук-саясий пикирин эч качан коомчулук алдында ачык айтпашы керек. "Дипломатиялык кызмат тууралуу" мыйзамдын негизинде аны кызматтан кетириш керек же дисциплинардык чара колдонулуш керек" -деди. Бекназаровго ачуу кебин айткан Адил мырза Түлеевге жөн жерден жан тартпайт эле, аны да айтылуу олигархтын акчалары азгырган го?!

Калп айтып камырабай жүрөбү?
Болочок кызыл шапкечендердин "Монте-Карлодогу" чуулгандуу бүтүрүү кечеси боюнча ызы-чуунун аягы алигиче тыйыла элек. Бүтүрүү кечелерин өткөрүүгө тыюу салган министрдин буйругун укмаксанга салган ИИМ академиясынын начальниги Алмаз Базарбаев курсанттарынын бул кылыгы үчүн коомчулуктан кечирим сурап тим болду. Буга чейин начальник мырза "мындай окуя болгон эмес" -деп танып койгон. Болочок тартип сакчыларын даярдаган жалгыз окуу жайында жанагыдай чоң муштумдар тарбияланып жатса, жыргаган экенбиз. Балким окуу жай жетекчилигин кечирим суратып тим койбой, кызматтан биротоло кетирсек оң болмоктур…


Зайнидин Курманов, экс-спикер:
"Бийлик коррупцияга каршы чын эле күрөш жүргүзсө, биринчи ирет Азимбек Бекназаровду камашы керек"
- Бийлик чынында коррупцияга каршы күрөшкүсү келип жатат. Бирок жогору жактагылар бул күрөш кандай жүргүзүлөөрүн элестете да албагандыктан, бул жакшы ойлор "балаганга" айланды. Бул көрүнүш менен күрөшүүнүн бирдиктүү концепциясы жок болгондуктан, бардык камоолор "кампанейщина" мүнөзүнө ээ болду. Чыныгы уурулар камала элек, ошондуктан бийлик өздөрүнө жакпагандарды камап жаткандай элес калтырууда. Бийлик чын эле коррупцияга каршы күрөшүп жатканына эл ишениш үчүн биринчи ирет Азимбек Бекназаровго окшогондорду камашы керек.

Өкмөт башчысы Кумтөрдүн жетекчилерин зекиди…
Премьер-министр Өмүрбек Бабанов 6-июлда "Кумтөр" тоо-кенинде жумушчу иш сапары менен болду. Бабановду Жогорку Кеңештин бир катар депутаттары, Айыл чарба жана айлана чөйрөнү коргоо боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Сабыр Атажанов, Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын директору Осмонбек Артыкбаев, Ысык-Көл облусунун губернаторунун милдетин аткаруучу Мирбек Асанакунов, "Кыргызалтын" ААК президенти Дилгер Жапаров, Өкмөттүн аппарат жетекчисинин орун басары Айгүл Рыскулова, "Центерра Голд Инк" ААК компаниясынын кызматкерлери жана башка Кыргызстандын расмий өкүлдөрү коштоп жүрүштү.
Иш сапарынын жүрүшүндө Бабанов экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын директору Осмонбек Артыкбаевге аталган компаниянын экологиялык нормаларды сактоосун көзөмөлдөө жана тийиштүү корутундуларын берүү боюнча тапшырма берди.
Ошондой эле, "Цианид көлүнөн" түтүк менен чыккан суу плёнка салынбаган жерге агып жатканын, эски дөңгөлөк, керектен чыккан челек, тешилген ванна, сынык шыйпыр додологон таштанды жайына көңүл буруп, "Кыргыздын ыйык жер-суусун ушинтип булгап салганыңар кандай?! "Уулуу таштандыларды өрттөп, көмүп салчу экенсиңер, аларды каздыртып, баарын текшертебиз. Күнөөлүүлөр жоопко тартылат" - деп, "Центерра Голддун", "Кумтөр Голд компани", "Кумтөр Оперейтинг компани" ишканаларынын жетекчилерин зекип, бардык маалыматты эки күндөн кечиктирбей берип турууга буйруду. Мындан сырткары, "Кумтөргө күйүүчү майдын кымбат сатылышы өңдөнгөн тээ башынан берки коррупциялык иштер тергелет" - деп сөз берди.

Айнуранын Ак үйдөгү крышасы ким?
2010-жылдын май айында Үсөн Сыдыков контрреволиция жасамакчы болуп, телефон аркылуу өлкө түштүгүн дүрбөлөңгө салып атканда "Ак Жолдун" Айнура Кенжебаева деген депутатынын да шыңкылдаган үнү чыкканы эсиңерде болсо керек. Ошол айым жакында эле Чүй облусунун Мамкаттоо кызматында жетекчилик креслолорунун бирине отурган экен. Муну уккан "Айкөл Ала-Тоодогулардын" жиндери кашайып, нааразычылыгын Ак үйдөгүлөргө айтып отурушат. Угушубузга караганда Айнура айымды акжолчулардын "отдел кадры" аталган Өкмөттүн аппарат башчысы Төрөгул Беков ишке орноштурган экен.

Алматыда кыргызстандык унаалар өрттөлөбү?
Кыргыз номурлуу унааларга Казакстанда тыюу салынгандан бери бизден темир тулпар сатып алып кетишкен казак туугандардын айласы алты кетти. Кыргыз номурлуу автолорду көрсө эле тартып алып, камап салып ит акмагын чыгарып аткан казак полицейлеринин зордугу жанына баткан айдоочулар алты айдан бери соттон сотко сүйрөлүп көрбөгөн кордукту көрүп атышыптыр. Айласы куруган алар Алматы шаарынын борбордук аянтында өз унааларын массалык түрдө өрттөө акциясын уюштурууга аргасызбыз деп алакан жайып отурушат.


Канаттын "темир канаты" уурдалганбы?
"Уккан кулакта жазык жок" -дейт. "Республика" фракциясынын башчысы Канат Исаев минип жүргөн кымбат баалуу жол тандабасы издөөдө жүргөн унаа экендигин ишенимдүү булактарыбыз шыбырады. Башкы МАИчи агасы Талант Исаев бул жөнүндө "кабары жок" болгону менен кол алдындагылары Канаттын "темир канатынын" чоо-жайын жакшы билишет экен.

Судьяларды тандоо сынагы башталды
Жогорку жана жергиликтүү сотторго судьяларды тандоо сынагы башталды. Бул тууралуу Сотторду тандоо кеңешинин төрагасы Шамарал Майчиев маалымдады. Анын айтымында, сынактын биринчи этабында талапкерлер менен таанышып, маектешип, анкеталык маалыматтар чогултулат. Экинчи этабында укуктук темага баяндар жазылып, оозеки сынак өтөт. 70 упай албаган талапкерлер жергиликтүү сотко документтерин бере алат.
Сынакка катышууга 92 талапкер өз арыздарын жолдоп, төрт талапкер арызын кайта чакыртып алып, дагы төрт талапкерди Сотторду тандоо кеңеши жаратпай койду. Ошентип, сынакка жалпы жонунан 84 талапкер өттү.

6 млрд доолардык баңгизат бизден өтөт
Орустардын "Российскай газета" деген басылмасы Кыргызстандагы баңгизат маселеси жөнүндө макала баскан экен. Анда Борбордук Азия аркылуу Афганистандан 18 миллиард доллардык баңгизат өтүп турат экен. Анын үчтөн бири- 6 млрд доллардык баңгизат Кыргызстандын жери аркылуу өтөт тура! Аталган гезиттин тыянагында наркобизнеске каршы күрөштө милийса алдыңкы орунда экен. Кармалгандардын 88%ти ИИМге тийешелүү, экинчи орунда баңгизатты көзөмөлдөө кызматы, андан кийин Коопсуздук жана башка укук коргоо кызматтары турат экен. 2009-жылы Курманбек Бакиев баңгизатты көзөмөлдөө кызматын жоюп жиберген, иниси Жаныш көзөмөлдөсүн деп. Азыр ал кызмат кайрадан уюштурулуп өз милдетин аткарып жатат. Азыр Кыргызстан ООН менен сүйлөшүүлөр жүргүзүлүүдө: келечекте баңгизат жолун спутник аркылуу көзөмөлдөй алат экенбиз.