presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



Аласы да, карасы да камалат
Коррупцияга каршы күрөш акыркы жумаларда катуу күч алды. Майда-барат чабактар менен чабышып келген күч органдары эми депутат, министрлерге тийише баштады. Күндүн ысыгында күчтөнүп иштеп жаткан күч органдары жакын арада Жогорку Кеңештин короосунан дагы бир чоңду камакка алып, катыгын бергени жатышканы маалым болду. Ал акциздик маркалар боюнча бир катар мыйзам бузууларга барып, мамлекетке 100 миллион доллар чыгым келтирген делинип аткан атактуу "Аюнун" "атасы", алкомагнат Шаршенбек Абдыкеримов экен. Президенттин кийлигишүүсү менен күндөн-күнгө күчөп жаткан бул согушта эч кимге жан тартуу, коргоп калуу, колдоп коюу болбоорун ажонун айрым адамдары айтып беришти. Ал ортодо "Республикадагы" миллионер Шакинин артынан КСДП фракциясынын дагы бир миллионер депутатына жана президенттик аппараттагы бир үлкөн чиновникке кылмыш иши козголгону турат.


Роза Отунбаева Монголияда
Монголиянын борбору Улан-Батордо өткөн аялдардын Эл аралык форумунда экс-президентибиз Роза Отунбаева форумга катышуучулардын алдында сүйлөдү: - Революциядан кийин президенттик кызматты аткарып турганымда Башкы прокурордукту, Жогорку Соттун жана Улуттук банктын төрагаларын аялдардан койдурдум. Аларды парламент бекиткен, азыр алар ийгиликтүү эмгектенип жатат… Ошол өткөөл мезгилде аялдардын башына оор жүктү көтөрүүгө туура келген жана алар баарын көтөрүп турушту… Баарыбыз коррупцияга каршы күрөшүүбүз керек. Аялдар күйөөсү таап келген чоң суммадагы акча кайдан келгендигин териштирип-тескеп турушу зарыл. Эмне үчүн эл байлыгы 10% адамдардын колуна өтүп кетип жатат ошону ойлонуш керек. Аялдар, мейли, президент болобу, бизнесмен болобу, же жөнөкөй эле кызматта болобу коомдун тазалыгы үчүн талбай күрөшүшү керек.


"Ата Мекен" Сабировун жөн эле колдой бербейт
"Ата Мекен" партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев камакта жаткан Равшан Сабиров жөнүндө төмөндөгүдөй билдирүү жасады:
- Равшан Сабиров ири көлөмдөгү пара алды деген шек менен камалды. Анын энеси, аялы, балдары аябай капа болуп, оор абалда турушат, биз аларды түшүнөбүз… Партиябыз Сабировду министрликке сунуш кылган. Ал сунушубузга макул болуп, кандай ишке баратканын, ал жерде ар кандай сыноолор, азгыруулар болорун да билген. Министр болуу чечимин өзү жеке кабыл алган. Коррупцияга каршы аёосуз күрөш жүрүп жатканда, ал күрөштү колдогон "Ата Мекен" партиясы саясий чечим кабыл алып, Равшан Сабировду министрдик кызматынан бошотуп коюуну өтүнүп өкмөткө кайрылдык. Бирок, биз Сабиров күнөөлүү деп эсептеген жокпуз.
Өмүрбек Текебаевдин чечими эң туура да. Өткөндө Башкы прокуратура Шадиевге кылмыш ишин козгогондо "Республика", Түлеев камалганда "Ата Журт" партиясы жан үрөй коргоп турушту эле. "Ата Мекендин" жогорудагы чечими башка партияларга жакшы сабак болууга тийиш.

"Манастагылардын" маанайы пас

Кыргыз - түрк "Манас" университетинде чоң чатак чыкканы турат. Балээнин баары бир жыл мурун ректорлукка түрк жараны Себахаддин Балжы ректор болуп келгенден бери башталган экен. Эки өлкө ортосунда түзүлгөн келишим боюнча университеттин биринчи адамы, тагыраагы ректору кыргыз жараны болушу керек эле. Бирок университеттин уставына 2011-жылы өзгөртүүлөр киргизилип, Кыргызстандагы бул окуу жайды "өзгөлөр" башкарып калган. Баарынан да жинди кашайтканы жаңы ректор университет түптөлгөндөн бери иштеп келе жатышкан белгилүү окумуштуулар Үмүт Асанова, Кыяс Молдокасымов, Кубанычбек Идинов, Кадыр Өмүркулов, Талип Ибраимов, Жали Сооданбек, Асанбек Иманалиев өңдүү илимдин каймактарын "калпып" алып, 20дан ашык кыргыз окутуучуларын жумуштан кыскартып жаткан экен. Билинбегени менен бул өтө олуттуу окуя. Мейли Түркия Кыргызстандын кан досу экен, мейли бизге миллиондогон акчасын чачып аткан экен, бирок кыргыздын эгемендиги, намысы кыргыз жеринде ар дайым биринчи орунда турушу керек. Президенттин Түркия менен болгон мамилеси миң жакшы болгон күндө деле Билим берүү министри баш болгон тийиштүү жетекчилер кошоматты кош айтканды токтотуп, "Кыргызстандагы окуу жайды кыргыз жараны башкарышы керек. Болбосо мамлекеттүүлүгүбүзгө сокку болот" -деп кеп-кеңешин айтышы керек эле.


Сулайманов Түлеевге түнөктөш болобу?
Мурдагы Транспорт министри, азыркы "Ата-Журттун" депутаты Нурлан Сулайманов Маскөөгө кеткен боюнча Кыргызстанга кайтып келе элек. Келсе эле аэропорттон түшөөр замат партиялашы Түлеев менен түрмөдө түнөктөш болуп, колуна кишен салынаары ачык айтыла баштады. Себеби Сулаймановго карата Башкы прокуратура кылмыш ишин козгоп, буга чейинки кылган кылыктарын иликтеп-жиликтеп, мамлекетке келтирген чыгымдарын эсептеп койгон экен. Бакиев учурундагы табакташы Нариман Түлеев камалгандан бери, жаны жай ала албай, жашынчу жерди таба албай маанайы пас жүрөт деп уктук эле, бир нерсенин шегин алган окшобойбу?


Чиновниктерди ден соолугу башкалардыкынан баалуу
Мамчиновниктердин ден соолугун жакшы болушу үчүн мамлекет ар бирине айына 21,5 миң сомдон сарптайт экен. Атайын ооруканада Президент аппаратынын, Жогорку соттун, Эсеп палатасынын, БШКнын жана башка жогорку кызматтардын адамдары дарыланышат, же жөн эле дарыланган түр көрсөтүп жатып алып эс алып турушат. Кээси коррупциялык жана башка кылмыш иши козголордо жата калат… Бизде мугалимдерге, маданий кызматкерлерге, дыйкандарга… арналган атайын ооруканалар жок. Муну теңсиздик, абийирсиздик деп коёт, урматтуу бийлик мыкчып олтургандар!


Америкалыктар Тажикстанга көчөт
Америка Конгрессинин делегациясы соода, демократия, мыйзамдуулук, коопсуздук маселелерин изилдеген болуп Борбордук Азияда жүрүшөт. Алар Тажикстанга барганда делегация башчысы Дэн Бэртон "эгерде 2014-жылы "Манастагы" базадан америкалыктар кетсе, анда Тажикстанга барып орношуу маселеси каралып жатат" дейт. Бир барган жеринен оңой менен эле кете койбочу америкалыктардын эмне кылаарын эч ким билбейт.






кыргыз тилиндеги гезит "Учур"





??.??