Биле жүрүңүз…
Анемияга алма, ашказанга ананас,
б?йр?кк? анар пайдалуу…

Өрүк
Өрүктүн курамында адамдын организмине эң зарыл болгон кальций, калий, фосфор, темир, магний, С жана А витаминдери жана кум шекер бар. Бул жемиш тырмактары бат сынган, чачы түшкөн жана сөөктөрү ооруган адамдарга пайдалуу.Өзгөчө, каны аз болгон балдарга таасири жакшы.

Алмурут
Алмуруттун курамында калий, темир, йод, Р, С, В1 витаминдери жана органикалык кислоталар бар. Бул мөмө ичти катыруучу касиетке ээ. Ошол себептен, ичи өткөн балдарга берсе жакшы болот. Бирок өтө көп санда эмес.

Банан
Маймылдардын сүйүктүү тамагы болгон банандын курамында магний, калий, кальций, темир, натрий, С, В1, В2, РР витаминдери бар. Банан бат аш болумдуу тамак. Муну салмагы жеңил балдарга берсе жыйынтыгы жакшы болот.

Шабдалы
Шабдалынын курамында калий, темир, фосфор, кальций, органикалык кислота жана С, В, А витаминдери камтылган. Шабдалы ичти жумшартуучу касиетке ээ. Ошондуктан ичи каткан балдарга шабдалы берсе, алар ич катуу оорусу менен ооруп кыйналбайт. Мындан сыркары анемия оорусу менен ооруган балдар үчүн табылгыс азык.

Ананас
Ананастын курамында жез, калий, органикалык кислота жана витамин С, сахар бар. Ананас тамактын бат сиңишин жана кан айланууну жакшыртат.

Кара өрүк
Кара өрүктүн курамында фосфор, калий, В2, С, В1, А витаминдери бар. Кара өрүк да ич катканда пайдалуу.

Алма
Көпчүлүк сүйүп жеген алманын курамында кремний, кальций, темир, йод, магний, А, С, В1 витаминдери жана органикалык кислота бар. Алма анемия оорусунун алдын алууда жана ага каршы күрөшүүдө зор роль ойнойт. Ошондуктан күнүмдүк тиричиликте алманы көп колдонуу керек. Мындан сырткары алма ичеги-карындын иштешин жөнгө салат.

Анар
Анар башка жемиштерге караганда аскорбин кислотасына, шекерге абдан бай. Анардын ширеси дененин табын түшүрүү үчүн колдонсо болот. Ал эми анардын таттуу ширеси бөйрөк ооруга абдан пайдалуу.