Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери



Мидин Алыбаевдин 95 жылдыгына карата...
Качкын Оторбаев
Мидин

- Ой, бай Мидин көзүңдөн булактап жаш агып, кайсыл асыл нерсеңди узатып, жерге жашырып көөмп жатасың? - дейт, досуна тийишип...
Анда Мидин: - Ой, бай ак казагым. Көрбөй турасыңбы а, далдайган кудай урган! Жаралгандан жалгыз казак туускандардан күткөн досум Дубанбек болсо, осы О, дүйнөдөн мезгилсиз өтүп жатса, жерге жасырып көөмп жатырмын гой аны. Анан мен ыйлабаганда ким ыйлайт, агатай? - деп жооп берген имиш Мидикең, көзү-башын жашылдантып...

47. Шымдын Шыкмамат кароолчусу...
Мидин дааратканадан чыгып, чачын тегиздетмекчи болуп чач тарачка кирет. Чач тарач мурдатан ага тааныш, азил-тамашага шыктуу, бакжайган сакал-муруту жаак бетин коолап өскөн Шыкмамат деген казак жигит эле. Тигил Мидиндин шымынын бүчүсү топчуланбаганын көрө коюп, шылдың узатып:
- Ой бай, Мидике, конторуңдун эсигин неге бекитпей ачык тастап салганыңыз кандай? - деп, азил узатса…
Анда Мидикең:
- Коркпой эле кой, карагым... Ичинде өзүңө окшош сакал-муруту коолап өскөн, бир "надежный" кароолчусу отурат - деген имиш.

48. Бир жолу "жүз граммга"
жаңылсаң боло айбан?…
Мидин буфетке кирип, "жүз грамм" ичкени чөнтөгүнө колун салып, болгон сары чака тыйындарды алып чыгып, буфетчинин алдындагы столдун үстүнө таштады. Тигил, столдун үстүндө жаткан сары чака тыйындарды бирден санап алып, жүз граммга толбогон бөксө аракты Мидиндин алдына койду.
Башы жазылбай араң турган Мидикең:
- Битин сыгып, канын жалаган, битекарын айбан!
- Аласын ачып сиркесин санаган, акылы жок наадан!!! Жок дегенде бир жолу "жүз граммга" жаңылып койсоң боло мага? - деген экен, ызаланганын жашырбай...

49. "Ак-Татырлык" Кудуңум
Антаңдабай байкачы
А көрөк,
Атыңдын такасынын "сыныгын" …

"Ак-Татыр" айылында Кудуң аттуу куудулданып сүйлөгөн бир киши бар эле... Кичине, мурду менен киңилдеп сүйлөсө да, анын сөздөрүн эл ар дайым жагымдуу кабыл алчу…
Бир жолу ошол Кудуң куудулданып, элдин көзүнчө тийишейин дедиби, айтор, Мидинди тамашага чалып:
Биздин Ак-Татыр жерибиз силердин Чаек колхозунан бир топ өйдөчүлүк кылат. Малы да, жери да көп, элинин саны да бир топ - дейт. Анан сөзүн андан ары жамактатып:
Ак-Татырдай жер барбы,
Аркырайт шамал, жел аргы!
Адыры айран жыттанган,
Колоту коон жыттанган,
Кооз жерлер мына бу?
Ак эмгек кылсаң элиңе,
Акыры берет убайды…
Алдына эч ким чыгарбайт,
Атактуу чабан Тураалы…
Алтымыштан төл алды, айлыбыз,
Аткарып жылдык планды…
Эми,
Доңуз-Булак кандай жер,
Чаекте жок андай жер.
Көк тулаңы көйкөлөт,
Көрсөтөйүн, Мидин жүр! -
деди дейт, Мидинге карап…
Анда Мидин: Э, Кудуң! Элден мурда жериңди мактабай "желке" болгон алдагы кийип турган тонуңду чечип, бутунун бир такасы эбак түшүп калган жээрде кашка "күлүк" торунун кыйналган акыбалын сезип, такалатып минип кел! Анан кыдыралы, жер! - деген экен күлүп…

Андан ары сөзүн жамактатып:
Э Кудуң,
Жээрде атыңды аягын,
Жерге жатып карагын?
Жер заманда түшүптүр,
Такаланган таманы!…
Доңуз-Булак жериңди,
Мактанайын дедиңби?
Мамыр чөптөн башка өспөйт,
Мал жебеген черимдүү…

"Желке тонду" жамынып,
Сен ээленбе Кудуңум…
(Майга конуп калган го,
Маңка-кашка чымының?..)
Жердин барбы жаманы,
Жер жаратса кылымын…
Туура сөздү кабыл ал, тур!
Жыгылсаң бер ырымын? -
деп тамашалап жооп узаткан экен, Мидин.

50. Угуту таруу-шак бозо
Ушу турган кыялы,
Жеңем, Айымканга окшошот?
Төкөлдөштүк жаркылдаган жайдары, колунан көөрү төгүлгөн, ак көңүл баржактаган Айымкан деген аял болоор эле...
Төгүлтүп-чачылтып, көбүртүп-жабыртып такай үзбөй, жаз-күз үйүндө бозо салаар эле…
Таң үрүл-баралдан туруп "бозо уулаган" боз уландар, ачкылга жакын ары салабаттуу делген орто жашка келген улуу адамдар да, анын үйүнө ар дайым толоор эле...
Мидин менен Райкан да ал жердин дарегин аябай эле жакшы билишчү... Дем алыш күндөрү ээрчишип алышып, топтошуп барышып ал жерде бозо уулап жүрүшчү... Таң атпай бозо сүзөөр маалда шып этишип биринин артынан бири ал үйгө киришчү…
Бир күнү Мидин, күндөгү маалдан эртерээк туруп, Айымкандыкына таң атпай жетип барса, кудай жалгап Айымкандын эшигин эч ким аттай элек кези экен…
Айымкан бозосун жаңы эле сүзүп бүтүп, каадасынча чоң калай чөмүч менен көбүктөнгөн казандагы кара таруу бозону каадаланып сапырып, анын даамын татытып, жаңы эле отко жылытканы жатыптыр…
Напсиси куруп, баш жазалбай араң турган Мидикең, жаңыдан сүзүлгөн, кесеге толтура куюлган муздак бозодон, турган жеринен Айымкан жеңесинен сурабай этпей эле шак тартып жиберип, анан жан чөнтөгүнө колун салса, жанында майда-барат тыйындан бөлөк колуна эч нерсе урунбады...
Чекесинин муздак терин алаканы менен шыпырып сүрүп, улутуна түшүп, шаабайы сууган Мидикең, Айымкан жеңесине акындык ачык маанай менен актана карап, анан бул саптарды арнаган тура ага:
Идиштен ашып төгүлгөн,
Илеби ууртка өбүлгөн…
Ушу, Айымкандын бозосу,
Укмуштай чыккан көрүнөт?
Уу татыйт даамы жөн эле…

Ачкылдын даамын нак билген,
Акчасын санап так жүргөн…
Айымкандай аял жок,
Бу, айылда нарк билген?

Угуту таруу-шак бозо
Ичкенде сезим козготот?
Ал турат мына баржактап,
Ак пейилдүү жеңекем,
Айымканга окшошуп?..:

| Уландысы бар |






кыргыз тилиндеги гезит "Учур"




Яндекс.Метрика