presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



ДАГЫ БИР ИРЕТ
"МАНАС" ТУУРАЛУУ
| Башы өткөн санда |

"Манастын" жомогу өз убагында эле кай бир үзүндүлөрү айтыла баштайт. Манастын чоролорунан Ырамандын Ырчы уулу деген ырчысы какылдап эле ырдап жүргөндүгү эпосто ачык-жарык эле көрүнүп турат. Ырамандын Ырчы уулу Манастын кылган иштерин да шексиз кызык кылып көп ырдоосу шексиз иш го..."
Жайсаңдын китебинин бир пайдалуу жагы - илимге тиешеси бары деле, жогу деле "Манас" эпосу тууралуу талкууга катышып, туура болсо да, туура эмес болсо да өз пикири аркылуу өз деңгээлин, илимий көрөңгөсүн билдирип коюшту. Эпостордун эволюциялык законченемине ылайык, "Манаска" окшоп классикалык деңгээлге жетпей, орто жолдо калган эпостор да бар. "Манастын" да, элибиздин да бактысына жараша, эпос гүлдөп турган маалында кагазга түшүп отурат. Башкача айтканда анын оозеки доору бүтүп, китеп формасына өттү, ал ошонусу менен сакталат, жашайт. Адатта, биз классикалык үлгү деп жүргөн эки вариант залкар манасчылардын акыркы өкүлдөрү С. Орозбаков менен С. Каралаевдин эмгеги деп жүрөбүз. Бирок булар төрөлө электе эле кыргыздар эпикалык доордо жашап жаткандыгы менен белгилүү болуп, Келдибек, Акылбек, Балык (Бекмурат), Найманбай ж.б. сыяктуу алп манасчылардын катары өткөн. Алар да Манастын өзүн эле эмес, укум-тукумунан бери айтышкан. Демек Сагымбай менен Саякбайдын жеке таланттарынан башка, чыгармачылык таалим-тарбия сабак ала турган мыкты мектеби болгону устаттан шакирти өтөт дегендей, акыркы атак-даңк С. Каралаевдин тагдырына буюрган.
Өз заманына жараша ар бир манасчы "Манастын" аркасы менен жашоо-тиричилигин өткөргөн. Эл-жер кыдырып, тогуздап мал чогулткан мезгилдери болгон. Тоо-таш жамынып, жашынып жүрүүгө аргасыз болгон деп, С. Каралаев тууралуу симпозиумда айтылып кетти, ал "Манастын" капшабы менен качып жүргөн эмес. Ак падышанын аскерлеринен эле эл катары жашынууга аргасыз болгон. Анын варианты 2-3 курдай жазылып алынып, ар бир ыр сабына бир койдун баасын да "гонорар" төлөнүп турган. Болушунча өкмөттөн сый көргөн. Албетте, азыркы депутаттардай жыргаган эместир, бирок ал кишини көрүп калган адамдардын айтуусунда, өз тагдырына ыраазы болуп өткөн. Сейдене Молдокеева тууралуу да жалган пикир айтылды. Ырас, азыркы "Манас" айтып жаткан адамдардай бекер квартира, машина албаган чыгаар, бирок академия тарабынан атайын көңүл бурулган үчүн варианты кагазга түшүп, изилдөөлөргө алынган. Бирөөлөрдү көтөрмөлөш үчүн сөзсүз экинчилерди басынтуу туура эмес.
Эгерде тегерегиндеги арааны ачылган активисттер болбогондо, Жайсаң Жайсаң боюнча эле калып, өзүнө чакан чапаны менен чыга берсе, эч ким тийишмек да эмес. Анткени боорукер элибиз буга чейин "Жашыл китеп", "Арбактар сүйлөйт" сыяктуу "шедеврлерди" деле кабыл алып, окуп жүрүшпөдү беле! Ошондуктан, М. Саргалдакованын керт башына карата эч кандай нааразылык жок десе да болот. Болгону - Майрамдын автордук чыгармасын бетине кармап алып, четтен келген ар кандай программалардан пайда таап жаткан компания Майрамга бир пайда, эки зыян таптырып, эл арасында өйдө-ылдый пикирлерди жаратып жатканы өкүнүчтүү.

А. Жайнакова,
филология илимдеринин кандидаты. Мамлекеттик сыйлыктын лауреаты.




Жебеген самсыга пул төлөткүлөрү келет

Азыр заман Арзыматтар менен эпчил болуп эки жегендердин мезгили болуп калды. Эбин тапсаң эчкини эже деп, текени жезде деп, кайсы бийлик болбосун камырдан кыл сууруп, жумурткадан кыр чыгарса боло турганын азыркы тарых далилдеп келе жатат. Кечээ эле Бакиев заманында аны "ата" деп айга күнгө теңеп жүргөндөр, бүгүн өткөнүн унутуп, бийлик алмашаары менен терисин алмаштырган жылаанча азыркы ажонун тууганы, таанышы, акеси же үкөсү, болбой калды дегенде ишенимдүү өкүлү болуп чыга келип жатышат.

Болбосо, кечээ эле арбагың өчпөгүр "Ак Жол" деген партиянын өмүрүн тилеп, Бакиевдин мартабасын үчүн беш маал намазын үзбөгөндөр бүгүнкү күнү кайып каскагынан КСДП партиясынын өтө эле ишенимдүү өкүлү болуп чыга келип, Атамбаевдин ашынасы эле эмес, карачечекей тууганына айланган айлакерлерди көрүп, аргасыз жакаңды кармап алла дебеске аргаң калбагыдай болот экен. Анан да жеке кызыкчылыктарына келгенде абийирден кетип, күнөөнү өзүнөн эмес өңгөдөн издетип, издетип эле тим болбой, жалган жалаага күйгүзгөндө заманаң тарып, кең дүйнөгө сыйгыс боло түшөсүң. Ушундай мисалдар жашообузда толуп кетти.
Маселен, Кадамжай районуна караштуу Үч-Коргон айыл өкмөтүнүн башчысы Нишанов Тургунаалы азыр ак жеринен күйүп, адилеттике жетпей, чындыгы чыркырап, жебеген самсыга пул төлөп жаткан учуру десек болчудай. Тургунаалы мырза 2009-жылдан бери аталган айыл өкмөттүн башчысы болуп иштеп келе жатат. Бул кызматты башкалардай болуп сатып алган эмес, жана учурунда "Ак Жолдоп" ураан чакырбай эле, элдин элегинен өтүп шайлоо аркылуу шайланып келген. Беш жылга шайланган бул айыл өкмөт башчысынын мөөнөтү 2013-жылдын он сегизинчи декабрында бүтөт. Ошого чейин бул татынакай иштеп жаткан адамды көрө албай, түн уйкусун бузуп, анын орду дегенде түшүнөн чочуп ойгонуп жаткан тажик улутундагы Абдурахманов Акматжан өңдүүлөр тынч жашаган элди экиге бөлүүдө. Ал түгүл азыркы ажонун атын сатып, анын өтө эле ишенимдүү өкүлү болуп чыга келип, калпты шыпыртып улам-улам жогору жакка арызданып, жыйырма төрт жолу текшерүү жибертип, жан алакетке түшүп, тоголок арыздарды ар кайсы жерге ташып жүргөн Акматжандын жоругу жолдо эле калсын.
Жалаа дегенибиздин негизи, көп чырдын башы болгон маселе былтыркы жылдын ичинде табигат кырсыгы болуп, Кадамжай районунда жер титиреген. Ошонун айынан бир топ үй жарактан да чыккан. Анан эле Кадамжай райондук Өзгөчө кырдаалдар министирлигинин бөлүм башчысы Куштар Абыловдун аялы Акдана Аттокурова келип, Үч-Коргон айыл өкмөт башчысынан зилзаладан жапа чеккендиги боюнча даттанып, өкмөттөн жардам сураганга атайын арыз менен келип кайрылат. Айыл өкмөт башчысы мыйзамда көргөзүлгөндөй ар бир тургунга жок дей албай, тиешелүү мекемелерге, атайын жер титирөөнүн кесепетин изилдеген комиссияга жана ӨКМнын мониторинг жүргүзгөн тиешелүү адистерине "ушул арызды карап көргүлө, эгерде чындап эле жер титирөөдөн жапа чексе жардам берип койсоңор" маанисинде справка жазып берет. Ошентип, ӨКМнын Ош облустук башкармалыгы аркылуу Акдана Аттокурова элүү миң сом өкмөттөн акча алган. Кийин билингендей ал айымдын үйү эч кандай жапа чекпесе да "май кармаган бармагын жалайт" болуп, күйөөсүнүн кызматы аркылуу жөн жерден элүү миң сомго туйтунуп калган. Мындай "бармак басты көз кысты" ачыкка чыгып калгандан кийин, кайра булар элүү миң сомду өкмөткө төгүп берип, квитанциясын алып алышкан. Анан эле ортодо справка берип, комиссия карап көрсүн деп койгону үчүн, айыл өкмөт башчысы Тургунаалы Нишанов УКМКнын антикоррупциялык кызматы аркылуу күнөөлөнүп, жебеген самсыга пул төлөп жатканы кызык.
Ушул жерден кылмыш ишин козгоп жактан УКМК эмне үчүн жыйынтык чыгарып берген комиссияга, же мониторинг жүргүзгөн ӨКМкынын адистерине козгобой, айыл өкмөт башчысына козгошот деген суроо туулат. Иттин өлүгү көрсө башка жакта жатыптыр. Бийликтин атын сатып жүргөндөр менен, жалаа жапканга машташып калган Акматжан Аттокуров өңдүүлөр ак жеринен бир адамды күйгүзүп жатышат. Азыр бул иш Жогорку Сотко чейин келип жетти. Айтмакчы Үч-Коргон айыл кеңешинин он алты депутаты, Кадамжай райондук сотуна барып айыл өкмөт башчысы Тургунаалы Нишанов ак жеринен күйүп жатканын айтышып, күбө катары өтүп беришкен. Тилекке каршы, "токмогу күчтүү болсо кийиз казык жерге кирет" болуп, жалаакорлордун жалаасынан ак иштеп жаткан адам жапа чеккени турат. Анан калса эч негизсиз бара берген текшерүүлөр эч илинчек таппай, акыры ушул маани-маңызы жок бир справка менен иш козгогондору күлкүнү келтирет. Мурдагы "Ак жолдун" солдаты, азыркы ажонун атын сатып, тоголок арыз жазып, эки элди дүрбөтүп тажик-кыргыз ортосуна от жаккысы келген Акматжан Абдурахмановдун мындай жоруктарына тиешелүү органдар көз салат деп азырынча ишене туралы.
Бекберди Жанболотов






кыргыз тилиндеги гезит "Учур"





??.??