presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



Ички аскерлерди
жоюуга болбойт

Ички иштер министрлигин реформалоо боюнча өкмөт тарабынан ведомость аралык комиссия түзүлүп иштеп жатат. Комиссияга кирген кээ бир мүчөлөрдүн оюнда ички иштер аскерлерин жоюп, башка кызматка айландыруу керек экен.

Кийинки жылдардагы мамлекетибизде болуп өткөн ар кандай опурталдуу окуялар бизге жакшы үйрөтүлгөн жана акыркы үлгүдөгү техникалар, автомобилдер менен мыкты куралданган, жабдылган Ички иштер аскерлер керек экендигин тастыктап койду.
2005-жылы март айындагы жана 2010-жылы апрель айындагы окуялар Бишкек шаарында укмуштуудай мародердук, Ош жана Жалал-Абад облусттарындагы улуттар аралык чатактагы талап-тоноочулук, талкалап-кыйратуунун көлөмү эгерде Кыргыз Өкмөтү Ички иштер аскерлерин мурунку санда жана өзгөчө даярдыкта кармаганда анча көп болмок эмес.
Ички иштер министрлигинин аскери ар мамлекетте ар башка аталат, мисалы, Франция менен Турцияда - Жандармерия, Англияда, Италия менен Молдовада - карабинерлер, ал эми мурунку СССРден тараган мамлекеттерде - Ички аскерлер деп аталат.
2010-жылдын январь айында Кыргыз Республикасынын президенти К.Бакиевдин Токтому менен ансыз деле аз сандагы Ички аскерлердин туура жарымы кыскартылган. Ошонун натыйжасында калган аскерлер Токтогул каскадындагы алты ГЭСти жана, аскердик бөлүктөрдүн ээн, кароосуз калган аскердик шаарчаларды кайтарууга араң жеткен. Ал шаарчалар Балыкчыда, Токмокто, Бишкекте, Ошто, Жалал-Абадда болчу.
Качып кеткен Курманбек Бакиевге "мамлекеттин коопсуздугуна шек келтирген" адам катары кылган башка кылмыштарына кошуп кылмыш жообуна тартыш керек эле. Аны кармап келиш Лукашенконун диктатурасы куламайынча ишке ашпайт.
Бакиев куулгандан кийинки эң кыйын кырдаалда- түштүктөгү июнь окуялары кезинде Убактылуу Өкмөт абалды терең анализге алып туруп тез аранын ичинде Ички иштер аскерлеринин санын көбөйтүү боюнча чечим кабыл алган.
Бир нерсени бүлүндүрүп, жок кылып жиберүү текейден арзан, ал эми ошол бүлүнгөн нерсени калыбына келтирүү же кайрадан куруу аябагандай зор күчтү, каражатты талап кылары белгилүү да. Ошондуктан, кийин ички аскерлерди толуктоо оңойго турган жок.
Оор кырдаалда Убактылуу Өкмөт койгон талапты туура таап, терең түшүнүп, ички аскерлердин командачылыгы жана бүтүндөй өздүк курамы күнү-түнү иштеп, аскерлерди эки айдын ичинде мурунку калыбына келтирген. Ошентип, эки айдын ичинде Ички иштер аскерлеринин бөлүктөрү солдаттар, сержанттар, прапоршиктер жана офицерлер менен толукталып, тагылган милдеттерди аткарууга киришти. Ошол кезде Маевкадагы, Көк-Жардагы жер басып алуу баскынчылык аракеттерди токтотууга, контрреволюционер Урмат Барыктабасовдун тобун Киршелктун алдынан тосууга, Ош, Жалал-Абад шаарларында коомдук жайларды кайтарууга, көчөлөрдү көзөмөлдөөгө, Беш-Күнгөй айылында террористтерди жок кылууга жардамдашуу, 7-апрель окуяларында элге ок аткандарды соттоо процессинде коомдук тартипти сактоого ж.б. активдүү катышты.
2005-2010-жылдардагы окуялардан кийин канчалаган милийса кызмакерлери жумушун таштап кетишти. Ошонун натыйжасында талкалоолор, мародердук, адам өлтүрүүлөр болду. Милийсаларда аскердик статус жок, алар милдетин граждандык эмгек кодексинин негизинде аткарышат. Абал оор болуп турганда кайсы бир милийса "ооруп калдым" деп справка алып келип, же иштен бошондум деп арызын жазып туруп баса берсе болот.
Ал эми ички аскерлердин маселеси таптакыр башка: коомдук тартипти сактоодо атайын мыйзамы бар "Ички аскерлер жөнүндөгү мыйзам" деген, анда аскердик статусу жазылган. Ал боюнча кандай гана оор абал болбосун ички аскер кызматкери, солдаттар ордун таштап кетүүгө укуксуз.
Кыргыз Республкасынын Жаза кодекси боюнча ички аскерлерге төмөндөгүдөй жазалар каралган: Приказды аткарбагандыгы үчүн 3 жылга чейин эркинен ажыратылат (355-берене); аскердин бөлүктү же милдет өтөп жаткан жерин өзү билип таштап кеткендиги үчүн солдаттар 2 жылдан 5 жылга чейин, офицерлер жана прапоршиктер да 2 жылдан 5 жылга чейин эркинен ажыратылат (359-берене); дезертирдик кылуу 3 жылдан 7 жылга чейин эркинен ажыратылат (360-берене); калп эле ооруп аскердик милдетин аткаруудан качкан учурда бир жылга чейин кесилет (361-берене); аскердик кызматтын эрежелерин бузган кезде 3 жылдан 7 жылга чейин эркинен ажыратылат (362-берене).
Дагы кайталайбыз, ички аскерлер кандай гана оор, коркунучтуу абал болбосун аткарып жаткан ишин, кызматын таштап кетүүгө акысы жок. Ошондуктан ар кандай ири чатактар чыкканда ички аскерлерге ишеним чоң. Биздин маалыматта 2010-жылдагы Оштогу июнь окуяларында жүз чамалуу гана ички аскерлер далай тартип бузууларга бөгөт коюп, толгон адамдын өмүрүн сактап, кан-жанын аябай аракет кылышкан!
Ички аскерлерди жоебуз деп жаткандардын ою мындай экен деген коркунучтуу кабар бар: 2014-2015-жылдары НАТОнун аскерлери Афганистандан биротоло чыгарылып кеткенден кийин, Орто Азияда чоң чатак чыгаруу максатында ойлонулган стратегиялык пландын бир бөлүгү экен дешет. Ички иштер аскерлерин жоюуну ишке ашыруу Кыргызстандагы бир катар НПОлорго жүктөлүптүр жана алар НАТО тарабынан каржыланат экен. Бул имиш, бирок, имиштер жөн жерден эле чыкчу эмес эле…
Биздин оюбузча, ички аскерлерди кыскартуунун ордуна, тескерисинче, аларды кубаттандыруу керек: жаңы техникалык каражаттарды алып бериш керек, өздүк курамды билим жагынан, ал-күч жагынан кубаттандырыш керек ж.б.
Биздин маалымат боюнча кошуна Казакстанда ички аскерлерин байма-бай жаңы техника менен камсыз кылып жатат, ал аскерди кубаттандыруу үчүн жетишердик деңгээлде финансылап жатат. Анткени, алар ички аскерлердин маанисин жакшы түшүнөт тура. Мындай дурус абал Россияда да орун алган. Алар ички аскерлерди күчтөндүрүп, түштүк райондорундагы- Кавказ багытындагы ар кандай чатактарды басып, тынчтыкты кармап турганга пайдаланып жатпайбы.
Ички аскерлердин буга чейин басып өткөн жолу, анын зарылдыгын айкындап келет. Андыктан ал аскерлерди жоебуз деген жаңылыш, таптакыр туура эмес ойдон кайтып, тескерисинче, ал аскерлерди ар тараптан коргош керек, күчтөндүрүш керек, милдеттерин көбөйтүш керек. Азыркы турмуш зарылдыгы ушуну талап кылып турат.

Баратбай Аракеев





Айылдыктардын арманын ким угат?..
Башбакан Ө. Бабанов менен губернатор К. Муратбеков ойлонуп көрсө...
Жакында эле баш бакан Өмүрбек Бабанов 6 дубандын губернаторлорун ээрчитип, Теңир-Тоо аймагына барып, облус губернатору К. Муратбековдун аткарган иштерин башка губернаторлорго үлгү катары көрсөттү. Албетте, К. Муратбековдун аткарган иштери үлгүгө алаарлык. Буга чейин аткарылбай келген иштердин көбүн аткарып, кандайдыр бир деңгээлде облустун социалдык көйгөйүн чегүүгө жетишти. Бирок, ошентсе да облус аймагында чечилбеген көйгөйлүү маселелер дагы деле болсо арбын экенин жашырууга болбойт.

Башкасын айтпаганда да Нарын районунан 100 чакырым алыстыкта жайгашкан тепкедей болгон Оруктам деген айылда күн кечирип жаткан саналуу калктын турмушун көрүп жаныбыз ачыды. Башкасын айтпаганда да аталган айылда телефон тартпайт. "Телефон тартпагандыктан, шаарда жашаган тууган-уруктарыбыз менен байланыша албайбыз"- дейт айыл тургундары. Ошондой эле айылда болгону отуздан ашпаган эл жашап, мектепте болгону отузга жетпеген окуучу билим алат экен. "Мугалимдердин билим деңгээли тайкы, бир мугалим эки үч сабактан билим берип, балдарыбыз билим алгандай деле болбойт"- дейт айрым ата-энелер. Оорукана деген бар экен, бирок анын аты эле болбосо, ооруканада болгону бир эле дарыгер эмгектенет. Андан тышкары жол маселеси, айыл менен облусту байланыштырган жолдун таш талканы чыгып кароосуз калыптыр. "Жол тармагын көзөмөлгө алган атайын кызматкер болгону менен ал кызматкерибиз да жакшылыктуу иш алып барбайт"- деп, айылдагы кээ бир тургундар жолчусуна нааразы экенин жашырышкан жок.
Айылдагы жүрөгүбүздү өйүгөн эң көйгөйлүү маселе бул жогоруда айткан телефон байланышынын жоктугу болду.
Бүгүнкүдөй техника коммуникациянын өнүккөн заманында бүтүндөй бир айыл эли байланышсыз отурганы абдан кейиштүү көрүнөт экен. Башкасын эске албаса дагы баш бакан Ө. Бабанов ушул маселени эске алып, айыл тургундарына телефон тарттырып берип койсо, элдин батасын алмак.
Балким, башкаларга үлгү болгон облус губернатору К. Муратбеков деле бул боюнча ойлонуп көрөр. Кыскасы ошентип айылга болгон үч күндүк сапарыбыз аяктап, оор турмушта күн кечирип жаткан айыл тургундарына бир чети боо оорусак, бир чети баа берип кайттык...
Мирлан Алымбаев






кыргыз тилиндеги гезит "Учур"





??.??