presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



Келдибектен күлкү кеп…
"Жел чыкпаса жан чыгат…"
Атактуу куудул Келдибек Ниязов редакциябызга үзбөй келип турат. Бул жолу да келип ошол түгөнбөгөн күлкүлүү окуяларынан айтып, жүзүбүзгө күлкү тартуулап кетти. Бул жолкусунда жалаң "жашоо кыйнагандан" улам жаралган "живой анекдотторунан" айтып берип, боорубузду эзди.

Кыргызда "жел чыкпаса жан чыгат"- деген жакшы сөз бар. Илгээри атактуу куудул Асанкул Шаршенов баш болуп, Таласта гастролдоп жүрөбүз. Гастролубуз бүтүп, шаарга эртең кетебиз деген күнү Асанкул агам экөөбүз "киринип алалы"- деп Талас шаарынын чок ортосунда жайгашкан мончого бардык. Барсак Асанкул байкем ич кийимин унутуп калыптыр. Ич кийми жок болгондуктан, жуунуп бүткөндөн кийин эски кийимин чайкап туруп эле кайра кийип алды. Эртеси автобуска түшүп шаарга жөнөмөй болдук. Автобуска түшкөндөн кийин эле Асанкул байкем даркыратып оосуруп кирсе болобу. Автобустун ичиндегилер кыраан каткырып эле күлүп калдык. Дагы бир аз жылгандан кийин дагы оосурду. Артында отурган комузчу Нуржамал Табалдиева жини келди окшойт, "уялсаңыз боло"- деп кыялын көрсөтүп, чукчуңдады эле, анда Асакем кебелбей туруп, "Нуржамал сен мени эмес, Келдибекти уруш, кечээ Келдибек мени мончого алып барып, суу штанды кийгизип койду эле, жамбашыма суук тийип калган окшойт, жөтөлүп жатат"- деп ого бетер боорубузду эзген.

***
Атактуу акын Мидин Алыбаев автобуска түшүп, бир кыздын жанына барып отуруп алган экен. Бир маалда эле ал кыз кокусунан байкабай оосуруп алып, сөөмөйү менен автобустун терезесин чыйкылдатып сүртүмүш болот. Анда Мидикең "алдыңа кетейин карындашым, үнүн го эптеп окшоштурдуң, жытычы, жытын кантебиз"-деген экен. Байкуш кыз кыпкызыл болуп, түшөөр түшкүчө терезени карап барыптыр.

***
Илгери Нарынга гастролдоп барып, конокто отурсак, биз менен чогуу отурган жашы алтымыштарга таяп калган бир байбиче бутун жазып отурам деп жатып, байкабай оосуруп алды. Төрдө отурган ал байбиче атактуу эле бир кишинин зайыбы эле. Бир саам жымжырттык орноп калган бул ыңгайсыз абалдан Толтой Мураталиев "кечирип койгула, кымыз ичиме жакпайт, ошон үчүн оосуруп алдым"- деп куткарып кеткен. Толтой улагада отурса, үн төр жактан чыкса, кимден чыкканын баары эле байкады, унчугушкан жок.

***
Белгилүү комузчу Шекербек Шеркулов комузчуэле болбостон куудул да киши эле. Бир жолу баласы "ата оосургум келип жатат"- десе, "атаңдын оозун урайын, эмне менин оозума оосурмак белең, бар эшикке чыгып оосуруп кел" - дейт. Баласы эшикке чыгып оосуруп, беш секунтка жетпей эле кайра кирет. Ал кирээри менен үй быкшып эле жатып калат. Көрсө оосурак деген 10 секунттан кийин шымдан чыгып, сыртка тарайт тура. Ошондон кийин Шекербек байке баласын эшикке чыгып оосур дебей, үйдөн оосур да эшикке чыгып кет деп айтып жүрдү.

Жазып алган
Мирлан Алымбаев




Түштүк Кореядан жазган салам кат...
Экономикасы акактап артта калганы
менен мекеним бейиштин төрү экен

Ассолоом алейкум "Фабула" газетасынын жалпы жамааты. Сиздер менен жүз көрүшүп амандашпасам да, электрондук почта аркылуу байланыштырып жаткан АЛЛАнын амирине шүгүр демекчимин. Кезинде башка массалык маалымат каражаттарынын эшигин сүзбөй, силердин редакцияга көп бараар элем. Анда Рыскелди Момбеков редактор болуп иштеп, көтөрүп барган бирин-экин саясый ырларымды жарыкка чыгарып турчу. Балким ошондондур алыскы Корей жеринде жүрсөм да, силердин гезитти интернеттен тынбай окууга аракет кылам. 80ден ашык эр-азаматтын канын ичип кеткен Курманбек Бакиевдин сасыган саясый оюндарынан улам, гезитиңер атын кандай кылып өзгөртүп, кай жерге ордун которбосун, тайгандай шимшилеп жүрүп табаар элем. Арийне, бүгүн да электрондук почта аркылуу каалгаңарды кагып калдым. Өзүм болсо түштүк Кореядамын. Корея демекчи, убагында СССР, СССР болуп турганда Кыргызстандын богуна тең келе албай, жетим козудай маараган мамлекет угушума караганда, экономикасын кечээ жакында эле түптөп баштап, тез аранын ичинде ушунчалык өнүгүп өскөнүнө таң калып (!), раматылык болуп кеткен союзду жарытып деле көрбөсөм да, бала кезден этегине жармашып эркелеп, түгөнүп бараткан жытын искеп калгандыктанбы айтор кайран советтер союзу дедим. Бир туруп жиним келди, ошонун көлөкөсүндө жүрүп көп таанылбай калганбызбы деп, анткени бул жактагылар көп биле беришпейт экен. Же мамлекет өнүккөн менен элдин дүйнө таанымы өнүкпөй калганбы жашы деле, карысы деле башын чайкап, оозун ачат. Болбосо мектепти ортодон жогору бүткөн кыргызбайдан өнүгүп өскөн Европаны кой, Африканын артта калган өлкөлөрүн сурасаң, борборлоруна чейин санап бербейби. Кыскасы жиниң келет. Жиним келип мындан 1-2 жыл мурун Кытайдын Гуанжоу шаарында өткөн Азиялык оюндарда, жаңылбасам дал ушул корейлердин ишенген балбаны, жердешим Данияр Көбөновдун 1 мүнөттөй колтугун жыттап, жыгылып жатканын эстеп, алтындан ширетилген төш белгини тарттырып ийгенин эстеп ичимден бир бырс эттим. Ошондо Данияр кыргыздын ак калпагын башына сая кийип, кыргыздын кызыл туусун жогору көтөрүп тегерене чуркап жүрбөдү беле дейм, ошондо "Кыргызстан" деп ураан чакырып саналуу кишилер отурса да, 2 же 4 эмес, миллиарддаган көздөр күбө болуп карап турбады беле дейм, анан эмне үчүн Кыргызстанды айтса, теңдеменин жообун табалбагандай кыйналасыңар дейм, албетте ичимден. А тышымдан өнүгүп өскөн өлкөгө суктана карайм. Ичим күйөт. Кызганам. Ушунун баары Кыргызстанда болсочу деп, мээнет кылып жетишкендиктерин ыраа көрбөй кетем. Иши кылып өнүгүптүр, өсүптүр, гүлдөптүр. Орус там салаардан мурда даараткананы бүтүрөт дечү эле, илгерки айылдын колхозчулары. Буларда ошол жагына терең маани беришет экен. Бизде 5 сомдук ажатканага кирип, чала-була заара ушатып, чыкканча шашат эмессиңби. Быякта кокус көчөдө баратып, турмуш кыстап калса дүкөнүндөбү, банкындабы, базарындабы 1 вонда төлөттүрбөйт экен, Сежонг падышанын урпактары. Бепбекер. Ичине кирип чыкмак түгүл, карта ойногуң келет. Тээ талааларында 1-2 үй курулган жердеги жолдордон бери асфальтталып, четтерине таш төшөлгөлөр коюлуптур. Адам карааны аз жолго да, аялдамалар салынган. Анысынада айнектен, четтерине автобус кайсы маалда келээрин билдирип туруучу электрондук мониторлор, чырактары менен кошо коюлган. Анан мастары да мыйзамга баш ийип, бизге окшоп аракка тоюп алып, күчүн айнектен чыгарып ыргыта тебишпейт экен. Койгону койгон жерде кулабай, тиккени тиккен жерде соолубай турат. Калганын ширеңкенин талындай санабасам да белгилүүдүр. Анан медалдын эки жагы болот дегендей, тетир жагына айландырсам, биздин чиновниктер, акчаны тутамдап кармаган сараң байлар чет өлкөнүн укмуш кооз жайларына барып 10 күн - 10 күн эс алып анан укмуш экен деп алтын шилекейлерин чачыратып атышпайбы. Албетте алар укмуш жактарына барышат. Бирок бизге окшоп акчага жалданып иштебегенден кийин, тереңинде темирдин датындай чирип жаткан кайгылуу көрүнүштөрдү кайдан билишсин. Ар бир жердин жетишкендигине жараша кемчилиги да болбой койбойт экен. Кореянын да көп кемчилигинен бир кемчилиги атмосферасын өлтүрүп, үстүнө Будданын айкелин коюп коюшуптур. Таза аба деген нөл. Завод, фабрикалардын көптүгүнөн көчөдө баратып кээде, көк асманды көргөзбөй каптап турган жөө туманбы, же калдайган морлордон чыккан кара түтүнбү деп шек санайм. Анан кокус күн күркүрөп, булуттар көз жашын төгө турган болсо, жамгыр эмес кислота жаайт, баш кийимиңди түшүрбөш керек экен дешти. Анысына деле көп ишене берген жокмун, бирок кол чатырымды эринбей көтөрүп алам. Чарчаган мээни эс алдырайын деп, башкасын коюп балык улоочу жайына барсам да балык эмей эле бака кармап аткандай сезилип жагымсыз каңырсыган саздын жыты мурдумду өрдөп кетти. Анан отуруп алып ак кар чүмкөгөн Ала-Тоону, чалкып жаткан Ысык-Көлдү, таштан ташка урунуп аккан мөлтүр кашка сууларды, бээ сүтү тамып, кымыз жыттанган жайлоонун топурагын, мээ сергитип, көңүл эргиткен Кыргызстандын таза, салкын жанга жагым абасын сагынат экенсиң.
Сагындым. Кыскасы экономикасы акактап артта калганы менен мекеним бейиштин төрү экен. Эмне демекчимин, өндүрүштү төкөрөңдөтпөй шакшак тагып, бутуна тургузуп өнүктүрүү колубуздан келбесе, эптеп чыдап каныбызды азык, каруубузду казык кылып, бир чарчы жерибизди да сатпастан урпактарга өткөрүп берели. Келечекте ошолор Кыргызстанды, Корея эмес Америкадан кем кылбасын, жок болот деген эне тилибизди жогорулатып, зоболобуз көтөрүлсүн деген аруу тилек менен сөзүмдү жыйынтыктап илеп белгисин коёюн!
Саламым менен
Эдилбек Муканбетов, Түштүк Корея.
Кионгидо аймагы. Йанжу шаары.





кыргыз тилиндеги гезит "Учур"





??.??