Эл өкүлү эмне дейт?..
Айдар Акаев тартып алган "Нарын" ресторанын, бүгүн ким басып жатат?

Бишкектин борборунда жайгашкан мурдагы "Нарын" рестораны учурунда шаар ичиндеги сыймыктана турган кооз имараттардын бири эле. Ал 1984-жылы салынып бүткөн, жалпы аянтты 1,5 гектар. "Нарын" рестораны, шаардыктар жактырган жагымдуу жайлардын бири болгон. Көп функция аткарган комплексте, ресторан, банкет залы, (800 орун) кафетерий, дискотека, кийинчерээк казино да иштеп турчу. Телеге көптөгөн концерттик программалар тартылып, миңдеген той-мааракелер ушул залда өтүп турчу. Бүгүн аталган атактуу ресторан көңүл чөктүрөөрлүк абалда. Имарат каралбай калгандыктан, азыр анын короосу кичи автобустардын токтоочу жайына айланып калган. Мурда шаардын кооз имараттарынын катарына кирген бул комплекс азыр келбетин жоготуп, талкаланып айланасы таштандыларга толгон. Анын жертөлөсү бөтөлкө кабыл алуучу жайга айланган. Үч кабаттуу имараттын ички аянты 4,5 миң чарчы метр, тышынан да ичи кейиштүү абалда.

Союз таркагандан кийин, "Нарын" ресторанын тактап айтканда 1992-жылдан тарта жеке ишкер Макулбек Шайбеков иштетип баштаган. Менчиктештирүү жылдарында Макулбек мырза, аталган ресторандын бир топ пайыз үлүшүн сатып алган. Бирок 2004-жылы "Нарын" ресторанын Шайбековдон Айдар Акаев тартып алганы белгилүү. Андан кийин, 2005-жылы март окуясы болду. Бийлик жаңырды. Бирок Бакиевдин бийлиги Айдар Акаев рейдерство кылган "Нарын" рестораны боюнча маселени талапка ылайык чечкен жок. Чечмек тургай, чырлуу маселенин түйүнүн ого бетер тереңдетип жиберген. Ал эми 2010-жылдагы 7-апрель окуясынан кийин деле бул маселе чечилбей мурунку калыбында калып келет. Мыйзамга ылайык чечип, шаардын чок ортосунда (цирктин жанында) жайгашып, шаардын көркүн бузуп турган имаратты калыбына келтирүүгө жогорку бийликтин да, шаар бийлигинин да кызыкчылыгы жоктой көрүнөт. Укугу тебеленип, ресторанын тарттырып жиберген Макулбек Шайбековдун 8 жылдан бери какпаган эшиги, барбаган соту калган эмес. Маселе мурункудай эле кыймылдабай турат. Биз бир кезде шаарыбыздын сыймыгына айланган "Нарын" ресторанынын чырлуу иши боюнча Макулбек байкени кепке тарттык.


Макулбек Шайбеков,
"Нарын" ресторанынын мурунку ээси:
"Жогорку Сот "Нарын" ресторанын кайра кайрып берсин..."
- Макулбек байке, алгач "Нарын" рестораны тууралуу айтып берсеңиз?
- "Нарын" 1984-жылы ачылган. Ал ресторанга мен 1992-жылы жетекчи болуп дайындалдым. Ошол учурда менчиктештирүү саясаты абдан күчөп турган. Кайсы бир мекемеге директор болуп турган адамга, ошол кездеги мыйзам боюнча 14 пайыз акциясы берилет экен. Ошентип "Нарындын" 14 пайыз акциясын дароо эле сатып алгам. 20 пайыз акциясы жалпы жамаатта экен. Ал учурда ресторанда иштешкен еврейлер, орустар кете башташканда алардын колундагы акцияларды сатып алдым. Калган 25 пайызы аукциондо сатылды. Анын 17 пайызын мен сатып алдым. Кыскасы, ошентип сатып алган акцияларым, баары биригип 53 пайыздан көбүрөгүн түзүп калды. "Нарындын" 41 пайызын мурун эле түрктөргө сатып жиберишиптир. Ал түрктөрдөн кийинчерээк Айдар Акаев тартып алган экен.
- "Нарын" ресторанын Айдар Акаев сизден кандай жүйө менен тартып алды эле?
- Ал кезде Айдар Акаевдин көзүнө эч нерсе көрүнбөй, көөп турган мезгили болчу да. Болбогон шылтоо менен менден тартып алып койгон. Түрктөрдөн тартып алган 41 пайызына менин 53 пайызымды кошуп иштетмек да. Бирок жанагы окуя болоордун алдында эле "Нарынды" кытайлык бир ишкерге 2 миллион долларга сатып жиберген экен. Муну жалпы коомчулук деле жакшы билет. 2005-жылдагы март окуясынан кийин бул боюнча кылмыш иши козголуп, мен сотко кайрылгам. Алгач Ленин райондук соту менин пайдама чечип берген. Андан кийин сот иши кайра Шаардык сотто болду. Анда мен утуп чыккам. Мына ушул эки утушка карабастан, бул маселе Жогорку Сотто да каралды. Анда Жогорку Сотту Курманбек Осмонов жетектеп турган. Курманбек Осмоновго Бакиевдер тапшырма бергенби, айтор ал киши мага: "Бул маселе сенин пайдаңа толук чечилбейт. Ошон үчүн сен тиги талашып жаткан тарап менен келишип, ортодогу тынчтык келишимине кол коюшуң керек" -деди. Мен башка арга жоктон улам, макул болдум. "Тынчтык келишими" боюнча мага "Нарын" ресторанын 10 пайыз акциясын жана 700 миң доллар беришмек.
- "Нарындын" орточо баасы канча болот?
- Мага 10 пайыз акциясын беребиз деп жаткан учурда, "Нарын" ресторанын 9 миллион долларга сатабыз деп жүрүшкөн. Кыскасы, баасы ошол сумманын тегерегинде болот го.
- "Тынчтык келишими" так аткарылдыбы?
- Жок, караманча аткарылган жок. Акция да, акча да колума тийген жок. Эч нерсе алган жокмун. Кийинчерээк ал кытайлык ишкер мени Үрүмчүгө чакырды. Үрүмчүгө барып келдим. Ал кытайлык ишкер мага ошол жактан: "Сен менден "Нарынды" талашпа. Мен сага баары бир бербейм. Адыл Бакиев ушул Үрүмчүдө президенттик мейманканада жашайт. Максими келсе, бир айлап эс алып кетет. Мен аларга чоң суммадагы акчамды коротуп жатам. Максим эс алганда, бир жылдык кирешени бир эле коротот" -деп айтты.
- Ал кытайлык ишкердин Бакиевдер менен кандай мамилеси бар эле? Же ал ишкер Бакиевдерди "крыша" кылып алыптырбы?
- Анысын билбейт экенмин. Балким чын эле ошондой болушу да толук мүмкүн. Ал кытайлык ишкер андан кийин мага ошол кезде Жогорку Соттун төрагасы болуп турган Курманбек Осмонов менен "Ата-Түрк" паркынын ичиндеги үйүндө бирге түшкөн сүрөтүн көргөзүп: "Жогорку Соттун төрагасы менен жакшы мамиледемин. Ал биз тарапта. Биз ага Үрүмчүдөн бир белек кылганбыз" -деп айтып берди. Андан кийин, Курманбек Осмоновдун (атасы кызматтан түшкөндөн кийин) кызы телефон чалып: "Үйүбүздү оңдоп бергиле" - деди. Мен аларга үй белек кылганым, акча бергеним аз келгенсип, эми үйүн да оңдоп берейинби, бүттү ал кызматтан түштү, оңдоп бербейм" -десем, жогорку жактан мени кысып: "оңдоп бер, ал киши дагы чоң кызматка барат" -деген көрсөтмө берди. Дагы акчам кетет экен "-деп бир топ кейип - кепчип айтып берген болчу. Мунун канчасы чын, канчасы калп, канчасы так билбейм. Мен бул сөздөрдү жанагы ишкерден гана уккам.
- Акыркы жолу сотторго качан кайрылдыңыз? Бул маселе кандай чечиле турган?
- Мурун кылмыш иши козголгон да, ошол ишти билейин деп Баш прокуратурага ал иш жок, өрттөнүп кетти" - деп койду. 2010-жылы 7-апрелден кийин Жогорку Сотко кайрылгам. "Жаңы ачылган жагдай жок" деп ишти карабай койду. Мындан бир ай мурун Жогорку Сотко кайра бардым. "азыр жаңы соттор келет, бул ишти ошол жаңы соттор карайт"- деп дагы карабай коюшту. Эми ошол жаңы соттордун курамына кайра Ажибраимова менен Феруза Жамашева да ат салышып жатпайбы, ушул эки сот "Нарын" боюнча жаңы ачылган жагдай жок деп ишти карабай коюшкан да. Алар келсе, мурунку кылганын кайра эле кылышат да, оңолуп кетмек беле?
- Сиздин талабыңыз кандай болуп жатат?
- Менин талабым мындай: сот менин 53 пайыз акциямды мыйзам чегинде кайрып бериши керек. Түрктөрдүн Айдарга сатканын да "халтуралык" иш бар. Ошону иликтеп чыгуу керек. Азыр "Нарын" рестораны деген эле аты болсо, эч нерсеси калбай талкаланды. Айдар Акаев ичиндеги жабдыктарды чыгарып, талкалап Көлгө ташыткан, ошол жакка бирдеме курмакчы болуп. Ошондой талкаланган кейпинде турат. Эми жаңы соттор келгенче күтөм да. Калыстык болсо, адилеттүүлүк болсо кайра өз колума тиет го деген үмүттөмүн. Бакиевдин убагында, өлкө башчыларына чейин кайрылгам. Эч жыйынтык чыккан эмес. Эми жаңы өлкө башчысына да кайрылам. Кандай жыйынтык чыгат, убакыт көрсөтөт да.
Даярдаган
Айбек Шамшыкеев