Өкмөт кабарлайт...
Жоомарт Оторбаев, вице-премьер министр:
"Биз ал жерде бир гана
коррупцияны өнүктүрөбүз..."

| Башталышы өткөн санда |

- Нарындын Жетим-Тоосундагы темир кени, Жумгалдын Сандык жайлоосундагы алюминий кени боюнча маселе кандай чечилүүдө? Ал жактагы кен темир жол салып беребиз деп жаткан кытайларга берилет экен дегендей да кептер жүрдү эле...
- Бул маселе боюнча мындай. Жетим-Тоо менен Сандыктагы баалуу кендерибизге кызыккан кээ бир ири инвесторлор бизге келип жүрүшөт. Алар чалгындоо иштерин жүргүзө турган ишкерлер экенин эске сала кетейин. Биз ал жерди иштетүү үчүн биринчи кезекте чалгындоо ишин мыктылап жүргүзүшүбүз зарыл. Бирок биздин маалымат боюнча, кендин башында турган жергиликтүү эл "кенди иштетсе, экологиябыз кандай абалда болот" деп кооптонуп жатышат. Мен ачык айтып коёюн, эгер кенди иштетүүгө жергиликтүү эл макул болбосо, анда өкмөт өз алдынча ашыкча кадамдарга барбайт. Өкмөт дагы, инвесторлор да сөзсүз эл менен эсептешет. Жетим-Тоо, Сандык боюнча биз азырынча эч кандай тендер жарыялай элекпиз.
- Жакында эле "Кыргыз көмүр" мамлекеттик ишканасы менен Кара-Кечедеги "Кара-Кече" мамлекеттик ишканасын бириктирип, бир ишкана кылып түздүңүздөр. Буга чейин "Кыргыз көмүр" статистика менен эле алектенип олтурчу эле, эми бул аракетиңерден иш жакшырып, өзүбүздүн көмүрүбүз көп казылабы, же баягы эле казактардын көмүрүнө качырасыңарбы?
- Чынын айтканда бизге "Кыргыз көмүр" мамлекеттик ишкананын кереги деле жок. Себеп дегенде ал ишкананы талапка ылайык иштетүү үчүн жетиштүү техниканы алышы керек. Андай көп каражатты талап кылган техникаларды алууга өкмөттүн каражаты жок. Мамлекеттик ишкана ошондой кен чыккан чарбалык иштерге аралашса, анда биз ал жерде бир гана коррупцияны өнүктүрөбүз. Ошон үчүн коммерциялык долбоорлорду жеке секторлор иштетишсин. Өкмөттүн ансыз да иштери көп. Биз ушуларды эске алып, бул жааттагы ишканаларды бириктирип жатабыз. Кара-Кеченин көмүрүн ТЭЦке ташысак, анда казактардан алып келип жаткан көмүрдүн баасына салыштырсак, бир топ эле кымбат болуп калат. Себеби, Кара-Кечеден машине менен ташыйбыз, жол узак, чыгым көп кетет. Сапаты да начар. Түшүрүп жаткан кезде да ТЭЦтин тегерегинде толтура кезекти жаратат. Экинчиден ансыз да талкаланган жолубузду ого бетер талкалап жатабыз. Казакстандан алып келгенибиз биринчиден арзан, темир жол менен келет, ошондой эле сапаты да жакшы. ТЭЦке платформалар аркылуу түшүргөнгө да жеңил болот.
Кара-Кече боюнча бизде бир максат бар. Биз ал жерге ири инвесторлорду тартып бир чоң жылуулук электр борборун (ТЭЦ) курсак болот. Эң жакшы экологиялык стандарт менен кура турган ишкерлерге биз тендер жарыялашыбыз керек. Алар шаардын ТЭЦинде кара буу чыкпай тургандай кылып, жаңы технология менен курушу керек. Кыргыз эли байыртадан жаратылыш менен өзгөчө гармония жашап келген. Жаратылышка эч качан кастык кылган эмес, жаратылышка өзгөчө маани беришкен. Ошон үчүн биз кен иштетебизби, завод курабызбы, айтор жаратылыш бузулбай тургандай иш жүргүзүшүбүз зарыл.
- Азыр туристикалык мезгилдин болуп турган учуру. Ушул маселе боюнча сиздин прогнозуңуз кандай?
- Биздин чек ара кызматынын маалыматы боюнча биздин өлкөгө сырттан жылына 3 миллиондон ашык эл келет. Мунун 1 миллиону башка иштер менен келгени болсо, 2 миллиону эс алуу максаты менен келишет. Бул биз үчүн абдан чоң көрсөткүч. Биздин эсеп боюнча сыймыгыбыз Ысык-Көлдөн түшкөн пайда Ички дүң продукциябыздын 5 пайызын түзөт. Саны менен айтсак, бул 250 миллион доллар болот. Ысык-Көлдөн башка жактагы эс алуучулардын бизге калтырып кеткен акчаларын эсептесек, ИДПнын 7-8 пайызын түзөт. Бирок эс алуу учурундагы салыктан (пансионат, мейманкана ж.б.) түшкөн акча, жалпы бюджетибиздин болгону 0,2 пайызын гана толтурат. Албетте бул көрсөткүч бир топ мыйзам бузуулар менен коштолгондуктан улам ушундай эң төмөнкү көрсөткүчтө болуп жатат. Бул деген пландан 25 пайыз аз дегенди билдирет. Ачык айтканда, туристикалык пансионаттар дээрлик салык төлөшпөйт. Төлөшсө да, аз суммада төлөшөт. Себеби, салыкчыларды колго алып коюшкан. Мисалы, 10 миң сом төлөй турган пансионат ошо салык инспектору менен жең ичинен сүйлөшүп, болгону 1000 төлөйт. Ушундай көрүнүштөр абдан көп. Мен бул боюнча бардык пансионаттын жетекчилерин чогултуп: " быйылдан баштап салыкты эки эсе төлөйсүңөр, бирок силерде мурдагыдай 5-6 жерден келип текшербейт. Болгону салыкты гана эки эсе көбөйтөсүңөр. Бир да киши текшербейт. Мисалы, жылына 50 миң төлөсөңөр, быйыл 100 миң төлөйсүңөр. Эч кимге пара бербейсиңер. Паракорлордун чөнтөгүнө түшүп жаткан акча бюджетке түшсүн. Ким даяр, ушул ыкмага өтсүн. Даяр эместер, каршы болгондорду, биз конкреттүү түрдө текшерип, катуу көзөмөлгө алабыз "- деген жаңы сунуш айттым. Быйыл буйруса ушундай ыкма менен иштейли деп жатабыз. Кыскасы, салыкты адилеттүү түрдө төлөшсүн.
- Тышкы карыздар боюнча эмне айта аласыз? Карызыбыздын саны өсүп, 3 миллиард долларга жетип калды...
- Дүйнөлүк практикада карыз алуу маселеси нормалдуу процесс. Биз карыз алгандан коркпошубуз керек. Бирок ал алган карыздарды натыйжалуу пайдаланып, көйгөйлүү маселелерибизди чечип алышыбыз зарыл. Мисалы, биз карыз акча алып, Бишкек-Ош жолун курдук. Эгер бул жол болбосо, эмне кылмакчыбыз. Африка өлкөлөрүнүн деңгээлинде болмокпуз да. Айтор, карыз акча менен жакшы иштерди бүтүрүп, кайра кайтарып берсек болот. Азыр карыздын деңгээли биздин ИДПга салыштырсак, 60 пайызга жетип жатат. Англияда, Америкада бул көрсөткүч 100 пайыз, Италияда 140, Японияда 220 пайыз. Бул ИДПга салыштыргандагы көрсөткүч. Алар бизден карыздарды бизден эки эсе көп алып жатышат. Ошентип акырындык менен төлөшөт.
Акаевдин убагында мен вице-премьер болуп иштедим. Ошондо бюджетибиз болгону 400 миллион доллар болчу. Азыр 2 миллиарддан ашты. Ошол учурда карыздын көлөмү ИДПга салыштырмалуу 120 пайызга жеткен. Ал убакта алган карыз акчанын наркы азыр төмөндөп жатат десек болот. Себеби, аздыр-көптүр инфляция жүрдү да. 1990-жылы доллар күчтүү болчу. 100 дооларга бир ай жашачусуң да, азыр 100 долларга кантип бир ай жашайсың? Ал кезде бир чакырым жол салууга кеткен чыгым 300 миң доллар болчу. Азыр миллиондон ашты. Кыскасы, ортодо инфляция жүрүп жатат. Ошон үчүн карыз алгандан коркпой, жакшы келишим менен алып, ал акчаларды натыйжалуу пайдаланып, өз убагында төлөп турушубуз керек деп эсептейм.
- Жоомарт Кайыпович, сиз "100 долларга бир кантип жашайсың" деп суроо коюп жатасыз. А, кол алдыңыздагы Каржы министри Акылбек Жапаров оозу-мурду кыйшайбай туруп, элге: "биздин өлкөдө 100 долларга 1 ай жашаса болот"- деген "ачылыш" жарыясын айтып жүрөт го...
- Бул туура эмес. 100 доллар кантип бир айга жетсин? Демек, министр мырза туура эмес айткан да. Бизге негизги инфляция Казакстан, Россия сыяктуу чоң өлкөлөрдөн келет. Сөзсүз таасири тиет, тийбей койбойт. Ошон үчүн мен 100 долларга бир ай жашоо мүмкүнү эмес деп эле ачык айта алам.
- Экспорт - импорт маселеси боюнча сүйлөшсөк. Бул маселе ар дайым эле төмөн көрсөткүчтө болуп келет. Жогорулатып, көтөрүү жолдору жокпу?
- Бизде экспорттун көлөмүнө караганда, импорттун көлөмү чоң. Былтыркы жылдын көрсөткүчү боюнча импорттун көлөмү 5 миллиард долларга жетсе, экспорттуку 1 миллиардга жетти. Бирок бул деген туура эмес статистика. Башкача болушу керек. Мындай алып караганда экспорттун көлөмү импорттон көбүрөөк болуусу шарт. Мунун ичинде мигранттардын да акчасы бар. Экспорт боюнча расмий статистикага ишенүү кыйын. Биз либералдык режимди кармап жатабыз. Экспортко тоскоолдук кылбай, тескерисинче шарт түзүп беришибиз керек, ишкерлерибиз товарларды өздөрү каалаган жакка жиберсин, а импортту катуу көзөмөлдөп бажы пошлинасын алышыбыз керек.
- Бажы союзуна кошулуу маселеси боюнча кандай иштер аткарылып жатат?
- Бул боюнча биз атайын жумуштук топ түзгөнбүз. Ал топтун башында Экономика жана монополияга каршы министринин орун басары Олег Панкратов турат. Азыр сүйлөшүлөр жүрүп жатат. Мына Россияда Дүйнөлүк соода уюмуна мүчө болуп, кирди. Эми тариф маселеси боюнча бирдей болуш керек. Демек, Россия, Казакстан, Белоруссия тарифтерди түшүрүп, биздин тарифтерге теңеши керек. Себеби, ДСУнун мүчөсү болгондон кийин, ал уюмдун эрежелерине баш ийүү абзел. Азыр жумушчу топ баарын иликтеп жатышат. Жыйынтыктар, маалыматтар топтолгондо дагы кошумча маалыматтарды беребиз.

Маектешкен
Айбек Шамшыкеев