Коррупционерлер, запас шым камдагыла!
Кечээ чуулгандуу иш болду… дурус болду!
4-июль күнү Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин алдындагы коррупцияга каршы кызматынын кызматкерлери социалдык өнүгүү министри Равшанбек Сабировдун үйүн саат 8.30дан 11.00 чейин тинтүүгө алышты. Министрдин айтуусу боюнча тинтүүнүн себеби-анын жардамчысынын пара менен кармалышы болгон. Министр ошондой эле, "кылмыш процессуалдык кодексти жакшы билбегендиктен, тинтүү туура же туура эмес экендигин билбейм, эми адвокатым менен сүйлөшөм" дегенди айтты. Кечээ Равшанбек Сабиров УКМКда сурак берди.
Бул окуя менен бирге эле дагы бир өтө чуулгандуу окуя болду - ИИМдин алдындагы Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын начальниги, полковник Тилек Алибаев, орун басары Базарбек Абдраимов Башкы прокуратура тарабынан кармалып, камакка алынды. Алардын кай жерде камалып жатканы белгисиз. Алибаевди кармап келүүдө атайын аскерлердин пайдаланбай, прокуратура өз күчү менен эле кармаган. Бул туурасында Баш прокурордун биринчи орун басары Нурлан Жээналиев билдирди.
Жазган элек, аз күн мурун Тилек Алибаев Башкы прокуратурага чакырылып 5 саат бою сурак берген. Ал өзүнө баш ийген кызматкер Марс Зейналовдун кылмышын жашырып, документтерди оңдогон деген шек менен суралган. Зейналов ушул жылдын апрель айында героин сатып алып жаткан жеринен кармалган, кармалып жатканда жарат алдыруучу тапанча менен аткылап каршылык көрсөткөн экен.
Алибаев суралып жатканда анын кол алдындагы кызматкерлер Башкы прокуратуранын имаратын акмалап турушкан.
Коррупцияга каршы күрөштү катуу башташ керек деп чыккан Атамбаевдин демилгесин, "бул деген жөн эле "кампанейшина" деп да чыккандарыбыз болду, көрсө, ал куру сөз эмес экендиги уламдан-улам айкындалып, бышыкталып жатат. Болсун. Карапайым эл коррупцияга каршы күрөштүн туура жолдо кетип баратканына ыраазы болуп жатканын көрүп, угуп жатабыз.
Кеп кетип жатат, коррупциялык иштерде шектүү делип, суралууга эмдиги кезекте тургандары: азыркы депутат, Мурунку Транспорт министри Нурлан Сулайманов, мурунку депутат, азыркы Энергетика министри Аскарбек Шадиев, азыркы депутат, мурунку "Кыргызнефтегаздын" башчысы Исхак Пирматовдор бар.
Аз күн мурун ИИМдин алдында коррупцияга каршы күрөшүү башкармалыгын жигиттери Бишкек-Ош жолунун мамлекеттик деректирлигинин Башкы деректири Шабдан Иманкуловду кармашты. Ал аталган жолду курууда коррупциялык иштерге жол берген деген шек менен кармалыптыр. Коррупциялык "кылыктардын" аркасында жол тараптагы 22,5 млн сомдун изи жок экен.
Бул жолдун " коррупциялык тарыхын" чубап олтурса, президенттин администрация башчысы Жантөрө Сатыбалдиевге чейин жетпес бекен?!

Баратбай Аракеев




Бекназаровдун дымагы күчтүү

Азимбек Бекназаров бийлик ишенимди актабаса, күздөн тарта чоң саясатка активдүү аралашып, дагы бир революция жасай турганын, ага эл даяр болуп калганын, күзгө чейин реформалардан үмүт үзбөй күтөөрүн маалымат булактарына билдирди. Кыскасы, азыркы бийликке ичи чыкпай жатканын ачык маалымдаган Бекназаров, чындап жүрбөй жаткан реформаларга күйүп жатабы, же кызматсыз жүргөнүнө ичи ачышып, майлуу кызмат бербесеңер бирди көрсөтөм деп, бийликке кулак кагыш кылып "Ормон опузага" салып жатабы белгисиз. Эмнеси болсо да, дымагы күчтүү…

Осмоналиевдин
ооматы келди

Данияр Үсөновдун мэр болуп шайланышы менен саясаттагы ташы өйдө кулаган Айбек Осмоналиев деген жигит Мамлекеттик мүлк фондусунун башчылыгына барды. Жакын арада Осмоналиевдин ооматы келээрин, социал-демократтардын фракция лидери Чыныбай Турсунбековдун аркасы менен Маммүлктү башкарып калаарын өткөн сандарыбызда жазган элек. Айтканыбыз ордунан чыгып, Данчик "эркелетип" өстүргөн жигит бүгүн бакыйган мансапты ээлеп отурат. Мурунку башчы Марат Аманкулов мамлекет байлыгын сатууга каршы чыгып, башбакан менен далайга чабышып атып кызматын тапшырып баса берди эле. Айбектин бул жаатта аракети кандай болоор экен?

Ишенген кожом сен
болсоң…
Кыргыздын кыраан уулу деп көпчүлүк сыймыктанып жүргөн айтылуу генерал Курсан Асановдун бир тууган иниси Ош шаарындагы №5 СИЗОнун начальниги Абдукадыр Асанов 36 киллограм героин менен кармалып, үй камагына чыгарылганын кайсы бир гезит кабарлады. 2010-жылдын июнунда башыбызды кара булут каптап турганда, көкүрөгүн окко тосуп алдыда жүргөн Курсан мырзанын иниси баңгичилик балит ишине аралашканы тууралуу кабар көпчүлүктүн көңүлүн кайт кылып турат. Буга чейин айрым ээн ооздор "Курсан Асанов түштүктөгү баңги бизнесин башкарат экен" деп кеп кылып жүрүштү эле, эгер бир тууган инисинин жанагыдай иши чын болсо, ал сөздөргө ишенүүгө аргасыз болобуз го. Чын -бышыгы аныкталгыча ашыкпай туралычы…


Түлеев кузуп
берем-дейт

Бишкектин мэри болуп турганда мамлекет казынасына 1 миллион 400 миң доллар чыгаша келтирген деп камакта жаткан Нариман Түлеев угушубузга караганда бул акчаларды чыпчыргасын коротпой казынага төгүп берүүгө макулдугун берип жаткан экен. "Бул акча мен үчүн кеп эмес" -деп чиренгендегиси го кейпи. Бирок Наримандын артын чукуса, "Кумтөрдүкүнөн кем эмес" байлык чыгаарын көпчүлүк жакшы билет. Ал ортодо күч органдары "апакаймын, таптазамын" деп аткан Наримандын "Дыйкан" базарынын, "Локомотив" стадионунун, Түштүк магистраль жолунун курулушунда, Бишкектик МАИчилерге делинген 25 автоунааны сатып алаардагы тендерде бир канча миллион жашылбай мамлекетке чыгым келтиргенин эсептеп жатышкан экен. Демек, Түлеевдин ичкен-жегенин сот акелер аныктап-тактап чыкса, "төлөп берем" деп жаткан акчасынан дагы бир канча эсе көп төлөп калаары турган иш эмеспи?

Балакет башталабы, ыя?!

3-июль күнү "Ата Мекенди сактап калуу элдик комитетинин" төрагасы Абдимажит Мадмаров деген минтип айтып олтурат: "Азыр Кыргызстанга ичтен да, сырттан да коркунуч туулуп жатат. Бюджеттеги дефицит эркиндик алгандан бери болуп көрбөгөндөй абалда, өкмөт салыкты 2013-жылдын эсебинен жыйнап жатат, ири өнөр жай мекемелеринин акчаларын тартып алып жатат, сел каптагандыктан айыл чарбасы оор абалда. Ал эми сырттан болсо, биздин мамлекетти басып кирүү коркунучу бар. Муну мен өткөн жумада угуп, дароо эле атайын кызматтарга билдирдим. Кыргызстан менен Афганистанда Кыргызстанды басып кирчү боевиктерди даярдоочу лагерлер бар. Ноокат, Чоң Алай райондорунда 200-250 адам машыгып жаткан лагерь бар. Аларды Ош шаарынын мэри Мелис Мырзакматов жана Бакиевдер каржылайт.18-июлда Ош жана Ноокат басып алынат, өлкөнүн түндүгүндө чыр-чатактар башталат. 25-июлда Курманбек Бакиев Ошко келип мамлекетти басып алдым деп жар салат. Биздеги укук коргоочу органдардын көптөгөн кызматкерлери Бакиевдерди колдоп кетет" деп. Кудай сактасын деп биз турабыз.