Сот акелердин "сонун" иштеринен…
Өз билгенин кылган "урматтуу сот"
Урмат Чырмашевге мыйзам жокпу?

Сотторду тандоо кеңеши учурда сотторго сынак жарыялап, өз ишин улантып жаткан учуру. Колдон келишинче таза , булганбаган, чырлуу иштерге аралашпаган сотторду тандоого аракет кылып жатышканы айтпасак да белгилүү. Бирок бизде булганбаган таза соттор аз, ал тургай жокко эсе десек да жаңылышпайбыз. Ошондуктан сотторду тандоо кеңеши бул маселеде "көзүн чоң ачып", жеке кызыкчылыктарга берилбей, кыргызчылыкка алдырбай калыс иштеши зарыл. А, биз болсо аларга айрым бир булганган соттордун "чыныгы жүзүн" ачып, коомчулукка жарыялоо аркылуу жардамыбызды талыкпай бере бермекчибиз. Биздин жазган макалалар Баш прокуратура, ИИМ, УКМК сыяктуу күч органдарына жана Сотторду тандоо кеңешине өз жардамын тийгизет деген ишеничтебиз. Ошондой эле бул иштин жыйынтыгын да өз кезегинде сурап, элге жарыялай бермекчибиз.
Бүгүн биз Жайыл районунун сотунда судьялык кызматты аркалап келген 34 жаштагы Чырмашев Урмат Дүйшенбаевич деген жедеп чырлуу иштин устасы болуп бүткөн "чыгаан" жигит жөнүндө жазмакчыбыз. Бул жигит соттук кызматынын аркасы менен далай адамдарды сыздатканы менен аты алыска, даңкы далайга чыгып турган чагы. Бул жигиттин сот тармагында анча көп иштебегендиги, тажрыйбасы аз экенин жаш курагы айтып турат. Чырлуу иштердин башкы себепкери болуп келген Чырмашев сот тармагынын босогосун аттагандан тартып эле, мамлекеттин кызыкчылыгы үчүн эмес, жалаң гана жеке кызыкчылык, тактап айтканда, капчыгын калыңдатуу менен эмгектенип келген десек жаңылышпайбыз. Катуу айтканда, Урмат мырзаны бирөөлөрдүн эмгеги, көз жашы, көкүрөктү эзген кайгысы эч убакта ойлонткон эмес. Тескерисинче бул жаш сот ошондой терс көрүнүштөрдөн акча жасап, маарып келатканы ЖМК беттеринде анда-санда жарыяланып келет.

Үйлөрдү (чечим чыгарып) сатып, 100 миң доллар жасаганбы?

Урмат Чырмашевдин судьялык ишинде көптөгөн чырлуу иштер жатат. Арасында акылга сыйбай турган "соттук чечимдер" да бар. Ал судьялык кызматта турганда Кара-Балта шаарындагы сатыкка чыкпаган, деги эле сатылбаган бир нече үйлөрдү жасалма түрдө салды кылып, чечимдерди чыгарып, ортодо оңбогондой чоң суммадагы "жашылбайларды" жасагандыгы айтылат. Чырмашев мурда соттолгон Маметова Айгүл жана Маметова Гүлжан ж.б. дагы адамдар менен өз ара "келишим" түзүп алып, там сатуу бизнесин гүлдөткөн. Бирок албетте мунусу жашыруун түрдө болгон. Маселен бул аттары аталган айымдар бирөөлөрдүн сатыктагы үйлөрүн "купли-продажи" жолу менен сатып алдык деп ал үйгө ээлик кылып калуу максатында сотко кайрылышат. Чын-чынында бул иштердин автору Чырмашев Урмат Жайыл районундагы жападан жалгыз "кара кылды как жарган калыс сот" болуп чыга келип, арыз менен кайрылган айымдардын жерден тилегенин көктөн түшүрүп берип турган. Бул иште өзүнүн кесиптеши Бостонов сыяктуу судьялар да "кол кабыш" кылып келген деген кеп бар. Соттун чечими менен (өзү чыгарган чечимдер) Чырмашев там, жер тилкеси сыяктуу кыймылсыз мүлктөрдү өзүнүн жарандык никедеги аялы Ганиева Нилуфарга, анын туугандары Ганиев Одылга, өзүнүн агасы Орозбаев Адилетке жана жогоруда аттары аталган Маметова Айгул менен Маметова Гүлжанга каттатып келгендиги айтылат. Аттары аталган бул адамдар "жалган талаштагы там" тууралуу өткөн ондогон соттук процесстерде жабыркоочу катары катышып турушкан. Чынында андай соттук процесстерди өздөрү уюштуруп келишкен экен. Сөзүбүз кургак болбош үчүн Чырмашевдин чырлуу иштеринен үчөө-төртөөнү мисалга тарталы:

1. 2006-жылы Маметова Г. Анна Скорой аттуу аялдын Кара-Балтадагы Красноармейский көчөсүндөгү үйүн 15 миң сомго сатып алгандыгы тууралуу таптакыр жок келишимге Жайыл райондук сотунан чечим чыгартып алуу үчүн кайрылган экен. Бул маселе текшерүүгө алынганда, А. Скорой 1990-жылы Россия көчүп кеткендиги жана өз наамындагы тамды эч кимге сатпастан, туугандарына калтырып кеткендиги аныкталган. 2010-жылы Чырмашев бул тамды "Маметова сатып алган" деген чечимди сырттан чыгарып коёт. Оңой олжого туйтунган Маметова ал тамды кайра А. Орозбаевге 40 миң сомго сатып жиберет. Ошол эле жылы Чырмашев бул тамды "Финанс Кредит Банктын" Кара-Балтадагы филиалына күрөөгө коюп, 10 миң доллар алат.
2. 2010-жылы Маметова Гүлжанга ушундай эле "жалган үй сатып алуу" боюнча кезектеги чечимди чыгарып берет. Бул жолу Чырмашев менен Маметованын торуна Шавырина. Н. аттуу адам түшөт. Маметова 2004-жылы бул адамдын үйүн 2500 долларга (кылмыштуу кыялында) сатып алган. Чынында Шавырина ал тамын саткан эмес экен.
3. 2007-жылы Миндалин. А. аттуу адам Кара-Балта шаарындагы 40 лет Киргизии көчөсүндөгү үйүн Жандыралиева Гүлнарга 60 миң сомго саткандыгы тууралуу "ишти" уюштурушат. Чынында Миндалин үй саткан эмес. Жандыралиева болсо Чырмашевдин агасы Орозбаевге Миндалиндин үйүн 400 миң сомго сатып жиберет. Чырмашев менен Орозбаев ал үйдү "Финанс КредитБанкка" күрөөгө коюп 10 миң доллар алышат.
4. 2010-жылы Райлян В.В. аттуу адам Кара-Балта шаарынын Бейшеналиев көчөсүндөгү үйүнүн документин Урмат Чырмашевге 450 миң сомго баалап, колуна карматкан экен. Албетте акчасын дароо берген эмес. Бул тамды ошол эле жылы Ганиева Н. Менен Орозбаев "ФинансКредитке" күрөөгө коюп, 9000 доллар алышкандыгы тууралуу маалыматтар бар.

Бул мисалга тарткандар Чырмашевдин жасаган иштеринин чети эле. Ал мындай жол менен жасалган далай иштердин автору. Анын баарын жазып олтурууга гезит бети аздык кылар. Биз Чырмашевдин мындай ишмердүүлүгүн журналисттик иликтөөгө алганыбызда, ал мындай жол менен (болжол менен) 100 миң долларга чейин акча тапкандыгы маалым болду.

Чырмашев: бейкүнөө адамдын өлүмү,
зордукталган 13
жашар кыз жана 135 миң доллар..

Урмат Чырмашевдин тамга байланыштуу мындай аферисттик иштеринен тышкары да мыйзамды одоно тебелеген башка да "баалуу" иштери бар. Алар төмөнкүчө: Чырмашев Базар-Коргон районунда сот болуп иштеп жаткан (мындан 5- жыл мурун) кезде кызуу абалында машинасы менен бир адамды тебелетип кетип, ал адамды о, дүйнөгө аттантып койгон экен. Өлтүргөн өзү болгону менен жоопкерчиликтен качып, кайсы бир жерде кароолчу болуп иштеген адамга сүйлөшүп, (акча берем, тез эле бошотуп алам ж.б. ) аны алдоо жолу көндүрүп, ал байкуш адамды ак жеринен 3 жылга шарттуу түрдө кестиртип жиберет. Ал адам кесилип кете берет да, өзү эч нерсе кылбагандай татынакай эле ушу күнгө чейин иштеп келатат.
Чырмашевдин 2010-жылы Кара-Балта шаарынан зордукталган 13 жашар кызды зордуктаган "аңгини" сот залынан актап жиберген "эрдиги" да эл арасында уу-дуу болуп айтылып келет.
Андан тышкары, биринчи аялынын энесинен (кайын энесинен) 135 миң доллар карызга акча алып, аны бербей көптөн бери алдап келаткан экен. Азыркы өзбек улутундагы аялы Ганиевага да бир топ кордуктарды көрсөтүп, өз билгенин кылат дешет, Урматты жакындан билгендер.
Чырмашев ушундай "улуу иштердин" автору болуу менен бирге бир топ байлык топтоого жетишкен дешет. Башкасы айтпаганда да, ал Чолпон-Атага чоң пансионат курууга үлгүрүптүр. Албетте соттун айлыгына эмес экени айдан-ачык.
Чырмашев Урмат жана адвокат Шабаева Назгул жакында эле бир адамдын кылмыш ишин жаап берүү үчүн 400 доллар сурап, ал адамдан пара алып жаткан жеринен кармалышканы маалым. Бирок ушу күнү да эч нерсе болбогондо өз ордунда өз каалаганын кылып иштеп жүргөн кези. Мына Чырмашевдин чыныгы жүзү! Сотторду тандоо кеңеши каякты карап жатышат? Башпрокуратура менен ИИМ Чырмашевге кылмыш ишин козгошкондой болду эле. Бирок азырынча жыйынтыгы чыга элек. Же алардын да күчү жетпей жатабы? Баарынан да мыйзамдуулукту көзөмөлдөй турган Башпрокуратура каякты карап олтурат? Ишти баштап, мындай Чырмашевге окшогондорду эртелеп тазалашпайбы!
Айбек Шамшыкеев