Улут жүгүн эр жигиттер аркалайт
Сыймык Бейшекеев:
"Фонограмма айла
жоктун оокаты.
Тыюу салыныш керек!"

Маданият мамлекеттен көп каражат, инвестицияны талап кылганы менен кайрымжысы ошол - элибизди руханий жактан биротоло жакырдануудан, жан дүйнө бөксөлүгүнөн сактап туруучу тармак. Кылымдарды аралап бизге жеткен ата мурас, баба наркын, асыл дөөлөттөрүбүздү-баалуулуктарыбызды төгүлтпөй - чайпалтпай кийинки урпактарыбыздын энчисине өткөрүп берүү -азыркы замандаш өнөр ээлеринин вазийпасы! Өлкөбүздө өз ак эмгегинен байыгандардан башка да ар кандай жолдор менен, "прихватташтыруудан", коррупциянын арты менен байып алган чириген байлар бар. Ошолор Кудайдан коркуп, маданиятка, колунда жок, каржалып турган мекендештерибизге кайрымдуулук иштерди дайыма болбосо, убагы менен жасап турушса, кризистер-ден тезирээк арылат белек дейсиң?

Кетмен-Төбөнүн суусунанбы же абасы менен касиеттүү топурагынанбы, айтор ушул өрөөндөн чыгармачыл, өнөрлүү инсандар көп чыгат. Айтылуу демократ акыныбыз, комузчу Токтогул Сатылганов атабыз да ушул аймактын кулуну болгон эмеспи? Азыр болсо журтчулугубузга төбөсү көрүнгөн таланттуу ырчыларыбызга элибиз тамшанып, "Токтогулдун торгойлору" деп коюшат. Роза Аманова, Гүлнур Сатылганова, Бек Борбиев, Сыймык Бейшекеев, Анапия, Лира, Дилбар Райымбековалар ж.б. кимдер билбейт? 15 - июнда ордо калаабыз Бишкектин Кожомкул атындагы спорт сарайында "Сыймык-шоола" кайрымдуулук фонду менен "Замандаш" ассоциациясы биргелешип өткөргөн мыкты концерт болуп өттү. Кайрымдуулук концерттин максаты--түшкөн каражаттар менен Москвада кыргыз кыз-келиндери төрөп, таштап кеткен ымыркай-наристелерди Мекенибизге алып келүү! Сыймык Бейшекеевдин чыгармачылыгы, адамдык мыкты сапаттары, акыл - парасаты, улутубуздун сыймыктуу уулдарынын бири экени элибизге дайын болсо да кайрымдуулук концерттен кийин аны азын-оолак кепке тарттык.
- Чыгармачылыгыңызды дастанчылык, комузда кол ойнотуп, жамактап ырдоодон баштадыңыз эле. Эстрадага өтүшүңүзгө эмнелер себеп болду? Устатыңыз ким?
- 1993 -жылы күзүндө Филармониянын эки жылдык студиясын бүтүргөн соң тандалып, "Эл ырчысы-Эстебес" тобунда иштеп калдым. Элибизге белгилүү төкмө акындар, залкар адамдар--Эстебес, Ашыраалы, Тууганбай, Замирбек ата, агалар менен кесиптеш болуп, алардын баталарын, үлгүсүн алып, аралаш жүрдүм. 1994-1995 -жылдарда базар экономикасы башталып, чакчелекей заман болуп, жаштар эстрадага ооп, ал жакта деле баш аламандык, сөзгө маани берилбей, ыр эмес-"пыр" да болбой калды... Ал кезде 19-20 жаш курактагы жаш кезим. Эстрада жаатында комуз менен ырдап баштап, "Көлдүк кыз", "Бөлөмө" деген обондуу ырларым жаралды. Улуттук баалуулуктар эске алынбай турган кез эле. Комуз, чопо чоор, темир ооз комузду эстрадага кошуп аткаруу демилгеси менен чыктым. Ар кандай эстрадалык топтор көп эле чыкты, кийин чачырап кетишти. Бул деле толкун сымал, элге жакыны, кыргыз жыттанган ырчылар элге жагып, алынып кетип жатат. Канында АЙКӨЛ МАНАС атабыздын мекенчил духу бар, улуттук колоритти сактап, аны заманбап өркүндөтө алган жаш аткаруучулардын толкуну келе жатат. Устатым жөнүндө айтсам, чыгармачылык жолумду байсалдуу кылган, мени эле эмес күлүктөрдү таптаган саяпкер сымал бир канча таланттуу, жаш ырчыларга ырдоо өнөрүнүн сырларын ачкан, өзүм үчүн эң сыйлуу, кадырлуу адамым-Улукмырза Полотов! Устатым менен ата-баладай болуп, кеңешип, батасын алып, анын замандаштары залкарлардан да чоң өрнөк, таасирлерди алдым.
- Куштун кош канаты сыңары түпкү өнөрүңүзгө кошуп, эстрада жаатын дагы мыкты алып бара жатасыз. Азыркы кыргыз эстрадасынын абалы, көйгөйлөрү, келечеги жөнүндө эмнелерди айта аласыз?
- Азыр Майкл Жексонду же башка бирөөнү туурап ырдап, эч кимди таң калтыра албайсың. Ар бир элдин өзгөчө касиет-сапаты, менталитети болгон сыңары эстрадабыз дагы улуттук колоритибизди сактап, элдик музыкалык аспаптарыбызды мыкты өздөштүргөндө, кулактан кирип, бойду алган-жүрөккө жеткен гана ырлар аткарылып турса, ошондой ырлар менен чет өлкөлөргө да чыгып турсак, кыргыз эстрадасынын келечеги болот деп айта алам. Бул искусствобуздун деңгээли четке чыкканда билинет. Эми "Эшегине жараша-тушагы" (одоно эмес) дегендей, замандын шылтоосу менен адамдар өтө майдаланып, чыныгы өнөрдү бааламак тургай, байлык топтоп алып, бийликке умтулуп калдык. Бийик деңгээлдеги өнөр бааланбаган жерде эптеп ырдап чыгып, "шоу-бизнес" деген ат менен сахнаны базарга айлантып, сөзүнүн же обонунун мааниси жок, элдин башын маң кылып, кулактын кужурун алган дайны жок, начар ырлар чыгып кетип жатат. "Кой аксагы менен миң" демекчи, начар ырларга эриш-аркак болуп арасында мыктылары да бар.
- Эки-үч ыры менен эл алдында чыгып, "Жылдыз оорусу менен ооруп" калган жаштарга мамилеңиз кандай?
- Пайгамбар эмес, пенде болгон соң "жылдыз оорусу" адамдарда көп эле кездешет. Өнөрдүн түбөлүктүүлүгүнө ишенгендер: Эстебес, Ашыраалы, Тууганбай, ырдын Пири-Рысбай аталар не деген адамдар эле?! Өз кезегинде Чыңгыз Айтматов менен да баарлашып, улуулук жөнөкөйлүктөн тураарына көзүм жетти. Сүрдөйүн десең да өзүнүн мээрими менен жүрөгүңдү жылытып коет экен. Атак-даңк Алладан берилген сыноо! Туура кабыл албай, текеберчилик кылса, тез эле элге баркы кетет. Анткени, даңкталып жатканды угарман, күйөрман альбомун сатып алып, концертине байма-бай барып көтөрөт эмеспи? Улуулардан нуска алып, көп окуп, издене билсе, "жылдыз оорусу" деле жолобойт.Айрым жаштарды көрүп алып, "мен да бир кезде ушундай болдум беле?"-деп, жылмайып коесуң. "Өткөндү мылтык менен атсаң-келечек сени замбирек менен атат!"- демекчи, улуттук баалуулуктарды чанган эл улут болуудан калат. Көзүм менен көрүп калсам, жаштарга насаат айтам. Сөзсүз түрдө кайтарымы болот. Залкарлардан алып калган баа жеткис өрнөктөрдү жаштарга айтып турам.
- Айрым Европа өлкөлөрүндө фонограмма менен чыккан аткаруучуларга "алдамчы" деген айып тагылып, сот аркылуу мамлекетке айып-пул төлөшөт экен. Дегеле, "Фонограмма ырдоо өнөрүн өлтүрөт!"- дегенге кошуласызбы?
- Фонограмма айла жоктун оокаты. Тыюу салыныш керек! Улуттук Филармонияда ырдоого шарт бар., акустикасы жакшы. Кандай ырдаганың өзүңө таасир берип, аткарган чыгармаңдан өзүң да рахат аласың. Мен көбүнчө конңерттеримди Филармонияда өткөрүүгө аракет кылам. Ал эми Спорт ордосу ыңгайсыздыктарды жаратат. Ырдап жатканда үн жаңырыктап, айланып, даңкылдап-дүңкүлдөп, аваз күчөткүчтөрү элдин кулагын тез чарчатат. Фонограммага, үндү компьютердик жасалма жасап-түзөөгө, алдамчылыкка да чек коюлуш кажет. Ошентип канчага чейин ырдай бермек эле. "Шарт жок"- дей берген туура эмес. Мыскал эжебиздин ырдоо өнөрүнө кезинде москвалыктар да тан берген эмеспи?! Эстрада жаатын өстүрүп, өркүндөтөлү десек, комузду ала жүрүп, көп аракет жасашыбыз керек.
- "Базар экономикасы" -десе эле сатылбай турган нерселерди да сатып жана сатып алып калбадыкпы? Мамлекеттик жогорку наамдар-"Эл Баатыры", "Эмгек сиңирген артист", "Эл артисти" сыяктуу даражалуу наамдарды ага татыксыз адамдар алып, баркын кетирип жаткандарына кандай карайсыз?
- Бул нерсе Союз маалында деле болуп келген. "Кол ийрисине тартат" болуп, Рыспай Абдыкадыров, Жолдошбек Мамажанов ж.б. өз кезегинде тиешелүү наамдар ыйгарылбай, алардын көздөрү өтүп кетти. Биздин коомдо татыктуу адамдарды көзү барда урматтап, кадырлоо жагы аксап келатат. Сүйдүм Төлөкова деген ооз комузчу апабыз бар. Ага жакында эле 80 жашка чыккандыгына байланыштуу "Эмгек сиңирген артист"-деген наам ыйгарылды. "Тулпар--тушунда, күлүк-күнүндө", "Темирди кызуусунда сок"- демекчи, ар нерсенин өз учурунда болгону эле дурус. Мен бир топ артисттерди билем. Алар чыгармачылык чөйрөдө "эмгек сиңире электерин" билишет. 2004-2005 -жылдарда мага да "Пулуң болсо-кулуңмун" -дегендерден сунуштар түшүп жатты. Чынын айтсам, ал кезде мен баш тарттым. Ыйык өнөргө чыккынчылык кылбадым, элден уялдым. 2011-жылдын күзүндө өлкөбүздүн Эгемендүүлүгүнүн 20 жылдык урматына карата мага "Эмгек сиңирген артист" деген даражалуу наам ыйгарышты.Бул бир чети чоң стимул, жоопкерчилик болду. Өзүңө бийик планка коюп, изденүүгө, талбай иштөөгө шарт түзөт экен.
- Өзүңүз шакирттерди өстүрүп жүрөсүз. Үмүттү актоочулары бардыр?
- Токмоктон Бактыгүл Бадыева да 9 ай иштеп, менин колумдан чыкты. Бала кезинде ыйманы ысык, өнөргө суусап турган Аскат Мусабеков "Карындаш" деген ырым менен чыгармачылык тушоосу кесилип, менин устатымдан окуп, келечегинен көптү үмүттөндүрүп келе жатат. Адамгерчилиги да бийик деңгээлде экени көпчүлүккө маалым.
- "Сыймык-шоола" Кайрымдуулук фондуңуздун иштери жөнүндө учкай айта кетсеңиз?
- Кайрымдуулук фондубуз аркылуу буга чейин колунда жок, саламаттыгы начар, же чет жерден окуп келүүгө каражаты жетишсиз жаштарга азын-оолак кол сунган болсок, алдыдагы максатыбыз Россиядагы балдарды алып келүү. "Намыс өлүмдөн катуу" -дейт. "МАНАСтын урпактарыбыз- деп, мактанасыңар, өзүңөр тентигениңер аз келгенсип, ымыркай балдарыңар да ар кай жерде калып кетти го?"- деген сөздөр коңшулаш боордош элдерден андан-мындан айтылса, сөөк эмес чучугуңа жетет экен. Ошол наристелер кыргыздын суусун ичип, абасын жыттап, топурагында ойноп, татыктуу үй-бүлөгө мүчө болуп чоңоюшса, "Карындагы баланын хан болоорун ким билет, бешиктеги баланын бек болоорун ким билет?"- дегендей эртең алардан мыкты жаштар чыгаарына көзүбүз жетет. Фонддун дагы бир максаты-улуттук маданиятты чыңдоо, таланттууларды сүрөөнгө алуу, элибизди ынтымак-ырашкерликке чакыруу!
- Сизди элибиз мыкты талант ээси эле эмес, үй-бүлөдө үлгүлүү, камкор ата, сүйүктүү жар катары билишет. Үй-бүлөңүз жөнүндө, анан өзүңүздүн балдардан өнөрүңүздү улантуучулары байкалабы?
- Азырынча үч баланына атасымын. Кудайым берээрин унутпасын! Улуусу-Азамат 16 жашта, кызым Каныкей 5 - класста, кичүү уулум-Кадырлуу беш жашта. Идиреги болсо, өнөрдү аздектей алаарына көзүм жетсе, өнөр жолуна салам. Келинчегим Нурзада жогорку билимдүү экономист. Учурда үй-бүлөлүк чакан тигүү цехибиздин кожейкеси.
- 20 жылга жакын чыгармачылык сахна турмушу артта калды.Келечекке кандай максаттар бар?
- Кудай буюрса, 2014 -жылы чыгармачылыгымдын 20 жылдыгын чоң салтанат менен белгилейин деген оюм бар. Көзгө толумдуу иштерим үчүн кубанам. Адам үмүт менен жашайт эмеспи? Аманчылык, эл ичинде тынчтык болсо, албетте жакшы ырлар, дастандар жаралат деп ойлойм. Комуздун коштоосунда чоң-чоң концерттерди уюштуруп, жеке өзүм эмес жаш канаттарды да жолго салганга фонд аркылуу аракет кылабыз.
Кайдыгер эместер төмөнкү эсепке каражат которсоңуздар болот. ЗАО "Банк Азии" БИК 111006 р/счет 1116200 030105410.
Маектешкен "МАНАС эли"
коомунун мүчөсү
Сапарбаева Айканыш Керим кызы.





================================================================= ->