presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



Өкмөт кабарлайт…
Жоомарт Оторбаев,
вице-премьер министр:
"Кытайлар биздин жерлерди учак менен сүрөткө тартып жатышат..."
- Жоомарт Кайыпович, алгач Бразилияга болгон иш-сапарыңыз тууралуу сүйлөшсөк. Ал жака кандай максат менен барып келдиңер?
- Биз Бразилиянын борбор шаары Рио-де-Жанейрого БУУнун он жылда бир жолу боло турган чоң саммитине барып катышып келдик. Бул саммит алгачкы жолу 2002-жылы болгон. Анда миң жылдыктын өнүгүү программасы кабыл алынып, ал программага: энелердин өлүмү, кургак учук сыяктуу адам ден соолугуна байланыштуу, андан тышкары экономика ж.б. маселелер каралган. Азыр экинчиси өттү. Бул саммитте биринчи кезекте экономика маселеси каралды, ошондой эле жаратылышка болгон мамилени, жалпы эле экологияны жакшыртуу маселелери да камтылды. Саммитке 100гө жакын мамлекеттин президенттери, өкмөт башчылары, вице-премьерлери катышышты. Биздин өлкөдөн мен катышып келдим.
- Пайдасы тууралуу айтсаңыз?
- Мен ал жерде сөз алып сүйлөдүм. Мен өз сөзүмдө: "биздин өлкөнүн 94 пайызы тоолуу, жашоо шартка, экономика ж.б. маселелерге болгон 6 эле пайыз жерибизди колдонобуз. Биз дүйнөдөгү 11 тоолуу өлкөнүн катарына киребиз. Ошон үчүн бизге ар тараптуу маселелерде көбүрөөк көңүл буруп, көбүрөөк кеңеш бергиле, колдон келген жардамыңарды аябагыла"- деген пикиримди айттым. Жогоруда айткан 11 тоолуу мамлекеттин экономикалык көрсөткүчтөрү жогору эмес, ички дүң продукциясы бир адамга бөлө келгенде 1000 долларга жетпейт. Себеби, тоолуу мамлекеттерде экономиканы өнүктүрүү бир аз кыйыныраак экен. 2002-жылда биздин өлкөдө "Тоо жылы" деп жарыяланганда, биз Тоо саммитин өткөргөнбүз, эми экинчи саммитти өткөрүүгө да даярбыз. Биз азыр Непал, Бутан, Бурунди сыяктуу тоолуу мамлекеттер менен биргелешип, өзүнчө топ түзүп жатабыз. Мисалы, ушундай тоолуу өлкөлөрдүн карыздарын кечүү, жеңилдиктерди кароо, инсфрактураларды өнүктүрүүгө колдоого керек экенин атайы программа менен алып чыгабыз. Мындай саммитте бизге биринчи кезекте материалдык жардамдан мурда, дүйнө жүзүндө кандай өзгөрүүлөр болуп жатканын өзүбүз көрүп, алар тууралуу ушундай абройлуу жыйындарга катышып түз маалымат алып жатканыбыздын өзү баалуу десек болот. Мисалы, азыр дүйнөдө актуалдуу болуп жаткан: "жашыл экономика" (жаратылышты сактоонун жаңы ыкмалары), "күн энергетикасы", "био топливо" сыяктуу жаңы тенденцияларды үйрөнүү бизге зарыл маселелердин бири. Себеби, биздин илим жана техника тармагы анча өнүккөн эмес. Кыскасы, биринчи кезекте маалымат, тажрыйбалуу алмашуу, андан кийин материалдык жана техникалык жактан колдоо маселеси жолго коюлат. Бул биринчиси. Экинчиси, биз ал жерде көп өлкөлөрдүн өлкө жетекчилери менен жолугуп, ар тараптуу сүйлөшүүгө мүмкүнчүлүк алдык.
- Кимдер менен жолуктуңуз? Сүйлөшүү кандай багыттарда жүрдү?
- Түркмөнстандын, Тажикстандын президенттери, Бутандын королу менен, Монаконун принци менен, Россиянын, Ливандын, Англиянын, Индиянын, Черногориянын өкмөт башчылары ж.б. өлкөлөрдүн тиешелүү жетекчилери менен сүйлөшүү жүргүздүк. Сүйлөшүү ар тараптуу болду. Мисалы, Түркмөнстандын президенти менен Түркмөнстандын газын кандай жол менен Кыргызстанга алып келүү маселеси боюнча, Тажикстандын президенти болсо бизге: " Кыргызстан- Өзбекстан-Кытай жолун курсаңар, темир жолдун бир багытын Тажикстан - Афганистан -Иран аркылуу курбайлыбы" - деген сунушун айтты. Айтор, биз башка мамлекеттер менен да ушу сыяктуу көп сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп келдик.
- "Кылым курулушу" деп аталып жаткан Кыргызстан -Өзбекстан-Кытай темир курулуш тууралуу кененирээк маалымат берсеңиз? Бул долбоорго Тажикстан мамлекетти да кызыкдар экенин билдирген экен да...
- Биз ачык айтышыбыз керек. Бул долбоор бир четинен саясий долбоор болсо, бир четинен бизнес. Мисалы, бул долбоорго 2 миллиард доллар сарпталса, анда курулуп бүткөндөн кийин жылына 100 миллион доллардан кем эмес пайда түшүш керек. Ушул пайда түшөбү, түшпөйбү? Биринчи кезекте ушул жагы иликтенип чыгышы абзел. Трафик кандай болот? Канча жүргүнчү болот? Ушул ж.б. суроолор боюнча азыр Кытайдын бир чоң компаниясы учактар менен темир жол курула турган биздин жерлерди асмандан сүрөткө тартуу иштери менен алек болуп, ар тараптуу иликтөөлөрдү жүргүзүп жатат. Темир жол салуу долбоору боюнча бардык суроолорго так жооптор күзүндө даяр болот.
Ал эми Тажикстандын сунушу боюнча азырынча айта албайм. Бул сунуш кабыл алынабы, алынбайбы, азыр бул маселе жабык жана белгисиз. Бул боюнча сүйлөшүү да боло элек.
- Жогорку Кеңеш Өкмөттүн отставкасын талап кылып, күн тартибине коюп, күздө кароо маселесин кабыл алышты. Бул маселеге сиздин көз карашыңыз?
- Бул маселе коомчулук үчүн, биз үчүн да сенсация эмес. Себеби, биз эки жылдан бери парламенттик өлкөгө айланып, парламенттик система менен жашап жатабыз. Парламент өкмөттү декабрь айында түздү. Ошондон бери колдон келишинче иштеп да, изденип да келатабыз. Парламент бизди бир катар мүчүлүштүк маселелер боюнча сынга алып, бир топ багыттарды берип келет. Бул көрүнүш нормалдуу процесс. Сын болмоюн болбойт. Биз алардын сынын кабыл алып, кемчиликтерди жойгонго дайым аракет кылып келебиз. Күздө көрөбүз кандай болуп чечилет. Баары парламенттин чечимине көз каранды болот да.
- Эмне үчүн өкмөт жакшы иштей албай жатат деген мыйзамдуу суроо туулат? Көп убадаларды берди. Бирок азы аткарылды. Экономика болобу, башкасы болобу көрсөткүчтөр эл күткөндөй эмес. Төмөн...
- Биринчиден 100 күндүк программаны биз 95 пайызга аткарып, парламенттен өткөздүк. Биз канча жакшы иштөөгө аракет кылганыбыз менен, эл, парламент бизден андан көп нерсени күтүп, талап кылып жатышат. Үмүт көп. Элдин талабы туура, мен буга кошулам. Биз көп секторлордо реформа жасай элекпиз. Биринчи кезекте коррупциянын тамырын кыркышыбыз зарыл. Айтор, аткара турган иштерибиз абдан арбын. Парламент да бизге өз жардамын көрсөтүп жатат. Эми көп жакшы жыйынтыктарга жетүү үчүн убакыт керек. Муну эл деле түшүнүп турат. Биз алты ай иштейбизби, бир жыл иштейбизби, элдин үмүтүн актай тургандай натыйжалуу иштөөгө милдеттүүбүз!
- Бюджеттин тартыштыгы боюнча эмне айта аласыз? 2013-жылдын бюджетинен 20 млн. алып, эмки жылдын эсептеги акчасын эмитен эңшере баштадыңар го...
- Бюджеттин тартыштыгы бир гана Кумтөр кенине байланыштуу болуп калды. Кумтөрдү иштетип жаткан Канадалык компания быйыл 40 пайызга чыгашага кирептер болуп жатат. Кумтөрдөн түшкөн пайда биздин Ички дүң продукциябыздын 10 пайызын түзөт. 4 миллиард сомго жакын салыкка түшкөн киреше, быйыл түшпөй калып жатат. Мына ушул терс көрүнүштөр биздин экономикабызга бир топ терс таасир тийгизип жатат. Биз декабрь айында экономиканын өсүшүн 7,5 пайызга барат деп болжолдуу маалымат бергенбиз. Азыр, ушундай көйгөйлөргө байланыштуу өсүш 1,8 пайыз гана болот деп айта алабыз. Бул көрсөткүч мурунку прогнозго жетпей калып жатат. Ошон үчүн бюджетибиз да, экономикадагы сандарыбыз да өзгөрүп жатат. Парламент ушуну эске алып, жаңы бюджетти бекитип берди.
2013-жылдын бюджетинен бир аз акча алганыбыз, бул мурун деле практикада колдонуп келген. Кумтөрдөн түшпөй калган 4 миллиард сомдун ордун башка булактардан толтуруу каралды.
- Кумтөрдөн түшкөн 1 миллиард сомду бюджетке киргизбей, демөөрчүлүк акча катары "Ала-Тоо " кичи насыялык компаниясына которуп койдуңар. Курулуш болсо башталбай турат, капиталдык салымдарга акча жок. Курулуш мезгили болсо өтүп баратат? Эртең күз...
- 1 миллиард боюнча биз туура эле чечим кабыл алдык деп ойлойм. Себеби, биздин калктын 65 пайызы айылдарда жашайт. Ошон үчүн элеттин жашоосун көтөрүшүбүз зарыл. Бул акча айыл чарба тармагы үчүн ар бир айыл өкмөткө 2 миллион сомдон бөлүнүп берилди. Жакырчылык жашоодо жашагандар (айыл өкмөттөрдүн тизмесиндегилер) 50 миң сомго чейин 7 пайыз үстөгү менен алышат. Албетте, бул акча бүт маселени чечип жибербейт, бирок элеттен жашоочулары бул акча аз болсо да аракет кылышсын. Мал алышсын, же жер иштетсин. Ким мыкты эмгектенсе, ал эмгегинен сөзсүз натыйжа чыгат.
Курулуш боюнча айта турган болсок, быйыл капиталдык салымдар боюнча бир аз кечигип калдык. Жалпыга белгилүү болгондой түрк туугандардан 106 миллион насыя алып жатабыз. Анын 6 миллиону грант. Калганын 100 миллионду, курулушка, жолдорго, социалдык объекттерди салууга, иригерациялык каналдарды курууга жумшайбыз. Мисалы, Баткенде чек арада жашаган райондордо каналдарды курсак, ал жерде суу жетсе 20 миңге жакын адам жумуш менен камсыз болот. Айрым жерлерде балдарыбыз мектеп жоктугуна байланыштуу чатырларда окууга мажбур болуп жатышат. Мындай болбош керек. ошон үчүн биз быйыл план боюнча 20дан ашуун мектеп салабыз. Андан тышкары, ар бир районго грейдерлерди сатып алалы деп жатабыз. Ал техникалар ар бир районго таратылып берилсе, жолдор өз убагында каралып, түздөлүп турса деген тилегибиз бар.
- Инвестиция тартуу маселеси боюнча эмне айта аласыз? Бул маселе канчалык деңгээлде жакшырып жатат?
- Биз мамлекеттик жана жеке инвесторлорду тартышыбыз керек. мамлекеттик болгондо, кен иштетүү, завод-фабрика куруу ж.б. Ал эми жеке инвесторлордун багыты көп. Мисалы, "Хаят" мейманканаларды, ишканаларды ж.б. куруу Жыл сайын 100 миңдей жаштарыбыз орто мектепти, окуу жайларды бүтүп жатат. Ошон үчүн биринчи кезекте жумуш орундарды түзүшүбүз керек. Инвесторлорго биздин жакшы мыйзамдарыбызды колуна карматып, тиешелүү шарттарды түзүп беришибиз керек. Азыр биз энергетика жана тоо кен тармагына көбүрөөк инвестиция тартышыбыз абзел. Бул багытта мамлекетке да инвесторлорго да жакшы пайда болот. Энергетика маселесин өнүктүрсөк кошуна мамлекеттерге электр энергия экспорттогонго мүмкүнчүлүк түзүлөт. Тоо кенине тартсак, пайдасы чоң болот. Кыскасы, инвестиция тартуу маселеси мурунку жылдарга салыштырмалуу 30 пайызга көтөрүлдү деп айта алам. Бирок бир жылда инвестициянын көлөмү канча болот, аны так айта албайбыз. Бизге Россиядан, Казакстандан, Турциядан, Кытайдан, Америкадан, Канада, Европа мамлекеттеринен, Түштүк Америкадан инвесторлор келип жатат. Кудай буйруса, инвесторлорду, инвестиция тартуу маселеси мындан да жакшы жолго коюлат деген ишеничтемин.
- Тоо кен маселеси боюнча кандай иштер аткарылып жатат? Максимдин досу Учкун Ташбаев жетектеген Жаратылыш ресурстары агенттиги шакылдатып эле тоо кендерин чалгындоо боюнча лицензияларды, Өкмөт башчыбыз иштетүү боюнча лицензияларды аукциондо сатыкка алып чыгары айтылды эле...
- Мамлекеттин өзүнүн иштетүүгө мүмкүнчүлүгү жок. Ошон үчүн бул тармакка ири инвесторлорду тартуу аракеттери көрүлүүдө. Учурда алтын кени боюнча алсак, Кумтөр эле толук кандуу иштеп жатат. Бирок "Иштамберди", "Талды-Булак", "Бозумчак" сыяктуу алтын кендерибиз даяр долбоор. Буларды иштетишибиз керек. Бизге негизи инвесторлордон эки эле нерсе керек. Салык жана жумуш орундары. Жогорку Кеңеш жакында эле тоо кендерин иштетүү боюнча жакшы мыйзам кабыл алып берди. Эски бийликтин тушундагыдай лицензиялар бекер же арзан сатылбайт. Кендерибизди ким иштетсе да, биринчи кезекте мамлекеттин кызыкчылыгынын алдында иштетет. Ошондой эле жергиликтүү эл менен тил табышып, ошол элге ар тараптуу жардам көрсөтүүгө милдеттүү. Экология маселесин сактоого милдеттүү. Мурда кен чыккан жердин салыгы 100 пайыз борбордук бюджетке тапшырылса, эми анын 50 пайызы жергиликтүү (кен чыккан айылга, районго) бюджетке калтырып жатабыз. Биздин эң башкы байлыгыбыз тоо кен байлыктары. Ошон үчүн бул байлыктарыбызды сарамжалдуу пайдаланышыбыз зарыл.
- Нарындын Жетим-Тоосундагы темир кени, Жумгалдын Сандык жайлоосундагы алюминий кени боюнча маселе кандай чечилүүдө? Ал жактагы кен темир жол салып беребиз деп жаткан кытайларга берилет экен дегендей да кептер жүрдү эле
- Бул маселе боюнча мындай...
(Уландысы кийинки санда)
Маектешкен Айбек Шамшыкеев






================================================================= ->

кыргыз тилиндеги гезит "Учур"





??.??