presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



Кеп тенденцияда
Генпрокурор какап калыптыр
деген сөз калп болуп чыкты

Тарых кайра кайталанып жатат. Адегенде антикоррупциялык күчтөрдүн ичинде чордондуу орунду ээлеп турган Башпрокуратура "Республика" фракциясынын депутаты И.Пирматовду "Кыргызнефтегаздагы" алдым - жуттумдуктары үчүн (баш аягы болуп мамлекетке 258,2 миллион сом суммасындагы зыян алып келгени менен айыпталган) кол тийбестигинен ажыратуу маселесин кабыргасынан коюп чыккан эле. Парламент анда тайдуудан таяк калбай түп көтөрүлүп чыгып И.Пирматовду канатына калкалап калган болчу.

Шашылыш парламенттик комиссия түзүлө калып И.Пирматовду канаттууга кактырбай, тумшуктууга чокутпай эсен- аман алып калышкан. Ошондо карга карганын көзүн чокубастыгына дагы бир ирет ишенген элек. Ийгиликтен баш айланган парламент "аша чаап эсирип кеткен" Башпрокурор А.Салянованы кынына киргизип коюу үчүн ага ишеним көргөзбөө маселесин көтөрүп чыкканга чейин үлгүрүшкөн болчу. Мыйзам токуу менен алектенген депутаттар, ошентип, Конституциядагы президент менен парламентин, сот менен парламенттин укуктарынын арасына чек коюп, так ажырата албаган жөнтөктүктүгүн ачык айгинелешкен. Балким, бир жагынан дүйнөнүн туткасы катары сезип алышкан парламент билип эле турушуп калп эле ормон опузага салсак А.Салянова "канчалык закүнчүл болбосун" тирүү жан эмеспи сестенбей койбостур, кетенчиктеп кетет, бизге каяша айтканга жарап калыптырбы деген өкүрөң адаттарына салыштыбы, ким билет?
Иши кылып И.Пирматовдун ишин териштирүүгө келгенде депутат дегениңдин иммунитети жөнөкөй эле иммунитет эмес эле накта ыйык кол тийбестик турбайбы, депутатка кудайдын башкасынын баарынын алы жетпей экен деген коомдук пикир пайда болгон жери бар. И.Пирматовдон кийин журналисттердин ичинде айтылуу комедиялык кинофильмдин бир каарманын "аны ким эле отургуза алсын? Ал деген эстелик эмеспи" деген фразасын мисалга тартышып күлкү кылып кетишкен эле.
Кудум эле ошол сценарий азыр дагы, экинчи ирет кайталанып жатат. Кезек "Ата-Журт" фракциясынын депутаты Нариман Түлеевге келген шекилдүү. Асыресе, көп депутаттардын ичинен иргелип Н.Түлеевге назар тигилип калынышы көп жагынан кокустук сыяктанып кетет. Кантсе да бул иште оңой менен түйүнү чечилбеген түпкүрдөгү сыры бар экени кадиксиз. Күзгө дайындалган Бишкек мэрине шайлоо кампаниясына жеткирбей негизги фаворитти четтетүү керек болуп калды деген версияда Н.Түлеевди актап алуу үчүн информациялык колдоо көргөзүүнүн б.а. пиардын симптомдору, ошону менен катар саясаттын, саясый куугунтукка оодара салуунун үлүшү көбүрөөк экенин байкоо кыйын эместир.
Неси болсо да Н.Түлеевди таалайы тайкыраак депутаттардан өңдөнбөйбү дейсиң. Балким, көп баскан киши бок басат дегендин чындыгы барбы? Болбосо азыркы депутаттар корпусундагы экинин биринин коррупциялык мандеми бар экендиги эч кимге деле жашыруун эмес. Көп эксперттер кеп Н.Түлеевде эмес, кеп башкада дешип сөздөрүн бир жагынан тумандатып, экинчи жагынан табышмактантып кетип жатышкандары бекеринен болгон жок. И.Пирматовдун тушунда чийилген сценарий (тарых) азыр да ишке кирип шашылыш түрдө ЖКнын Н.Түлеевдин ишинин ак карасын аныктоо боюнча жумушчу комиссиясы түзүлүп жиберилди. Ошол эле "пирматовгейттин" доорундагыдай болуп комиссия адегенде эле Генералдык прокурор Аида Салянова менен Улуттук коопсуздук комитетинин башчысы Шамил Атаханов ээлеп турган кызматтарына ылайык келе албастыгы маселесин желбиретип көтөрүп чыгып жатышат. Ошону менен эки тараптын -бир жагынан өзүм бий, өзүм бек укугуна ээлик кылып алган парламенттик комиссия менен антикоррупциялык күчтөрдүн ортосунда жик кетип, тирешүү пайда болгону анык. Кимдин мөөрөйү үстөм болот? Аны мезгил менен адилеттик көргөзүшү керек. Конституциялык талаптарга ылайык акыркы сөздү канткен күндө да сот айтышы лазым.
Бул жолкусунда ишти Башпрократура менен Улуттук коопсуздук комитетиндеги антикоррупциялык кызматы кыйла камылга менен баштаганы көрүнөт. Исхак Пирматов боюнча иштердин сабактарын: кемчилик-мүчүлүштүктөрүн, жаңылыштарын эске алгандыгы, аларды кайталабоого аракет кылышкандары байкалбай койбойт. Баарыбызга маалым болгондой И.Пирматовдун ошондо башы аман, боору бүтүн калганында, "Республика" фракциясына апаптатып алгандан кийин парламенттеги экономика тармагын өнүктүрүү комитетин чарк имерип, өлкөнүн коомдук, социалдык-экономикалык "көкөй кести" проблемаларды көтөрүп чыккан "орчундуу сөздөрү" менен шаңданып турганында депутаттын кол тийбестиги негизги рол ойногону белгилүү. Депутаттар да И.Пирматовго эстен кеткистей болгон иш жасап беришти. Суудан аман-соо кечирип алышкан болчу. Ошондо алардын сиңген эмгектерин ченеп-өлчөп деле болбостур… Парламенттик иммунитет аман-эсен турганда депутаттын бир тал чачы түшпөстүгү аныкталып, кол тийбестик И.Пирматовдун тагдырын чечкен эле. Асыресе, абсолюттук кол тийбестик дегениң азыркы оомалуу-төкмөлүү саясатта салыштырмалуу, утурумдук көрүнүш экени акырындап болсо аныкталып келүүдө. И.Пирматовдун үстүнөн козголгон иш толук фиаского учурагандан кийин коомдо коррупцияга каршы күрөш ушуну менен аягына чыккан окшобойбу деген көңүл кирдеткен түкшүмөл пикир үстөмдүк кыла баштаган. Тилекке жараша экинчи депутат Н.Түлеевдин иши козголгондон соң коррупцияга каршы күрөштүн аякташы боюнча бир жаңсыл тыянак чыгаруу али эртелик кылат деген жаңы асер, ошону менен кошо жаңы үмүт менен жаңы ишеним пайда болду.
Бул жолкусунда коррупцияга күрөшкө депутатын аска таштай болгон бекем иммунитети деле тоскоол боло ала турбаган жаңы кырдаал ачыкка чыгууда. Эгер депутат оор кылмышка таандык макирөө иштерге бара турган болсо анда кол тийбестигинен ажыратуу боюнча парламенттин атайы макулдугу талап кылынбастыгы, иммунитет дегениң барып келип эле депутаттык милдети аткарууга гана байланыштуу иш экендиги боюнча Башпрокуратура менен Улуттук коопсуздук комитети депутаттын статусуна байланышкан мыйзам жобосун эске салып чыгышты да аны Н.Түлеевге карата колдонулса артыкбаштык болбостугуна, тескерисинче жөндүү экенине басым коюп жатышат. Жобо экинчи жагынан тергөө амалдары аяктаганча "иммунный депутаты" деле убактылуу жайда кармап турууга жол ачат экен. Айткандай эле болду соттун чечими менен депутат азыркы кезде Биринчи май райондук сотунун чечими менен эки айлык мөөнөткө улуттук коопсуздук комитетинин абагында кайтарууга алынган кези.
Н.Түлеев коррупциялык иштер т.а. Бишкектин мэри болуп турганда Кытай автобустарын өз наркынан жогорку баада сатып алуу боюнча коррупциялык схема иштеп чыгып, натыйжада мамлекетке 1 миллион 400 миң доллар зыян алып келгендиги менен айыпталууда. Бул да болсо прессанын жазганына караганда анын моюнуна тагылган кылмыштын берки эле чети. Башпрокуратуранын тергөөчүлөрү Кылмыш кодексинин коррупция 303-статьясы менен кылмыш иши козголгонун билдиришти. 303-статья оор кылмыш категориясына киреби? Эгер өлкөдө коррупция коолап-чайлап отуруп жетээр чегине жеткенин, ал гана түгүл мамлекеттүүлүктөн кол жууп калуу коркунучун пайда болгонун эске алсак кадиксиз "оорго" киргизсе болоруна эч ким деле каршы болбостур.
Неси болсо да алгачкы прецедент-өздөрүн кудайдын эркеси санап калышкан депутаттардын үстүнөн деле кылмыш козгоп, абакка отургузууга болот, абсолюттуу иммунитет деген жок деген түшүнүктү ырастаган прецедент түзүлүп жатат. Жайкы эс алууга кетүүгө камынып чартаңдап турушкан депутаттардын кыйласынын, анын ичинде И.Пирматовдун кыйпылдабаган жери кыйпылдай баштаганы шексиз. Ортодо парламентти таратуу жана өкмөттүн отставкасы деген маселе уламдан-улам көбүртүлүп көтөрүлүп тынчый албай турат. Ал алдыда коррупцияга каршы күрөш маселеси менен көгөндөшүп кетери кадиксиз. Саясый күз кыйла аптаптуу болорун боолголоп билсе болот. Кеп, ошентип, Н.Түлеевде эмес, кеп тенденцияда-коррупция каршы күрөш мындан ары уланабы ошондо турат.
Үсөн Касыбеков






================================================================= ->

кыргыз тилиндеги гезит "Учур"





??.??