presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



Маек…
Каныбек Иманалиев, "Ар-Намыс" фракциясынын депутаты:
"Ишеним болбогон жерде,
иш жүрбөйт"

- Каныбек мырза, өкмөткө ишеним көрсөтпөөгө кол койгондордун бири сиз экенсиз. Ушул жагдайды түшүндүрүп кетпейсизби?
- Кыргызстан үчүн ар бир күн кымбат. Өкмөттүн отчётун бекитип жатканда, бир канча кемчиликти белгилеп, кырк улуттук долбоор, жүз күндүк программа дегендер жөн гана пиар компания болуп калганын айткам. Мына учурда экономика 6,8 пайызга төмөндөп кетти. Токсонунчу жылдардын башында чоң каатчылык болуп жатканда да, өндүрүш мынчалык төмөндөгөн эмес. Азыр КМШ мамлекеттеринин арасында Кыргызстан экономикасынын төмөндөөсү боюнча биринчи орунга чыкты. Ички карыз 8 миллиард сомго жетти. Кыргызстандын тарыхында мындай көрүнүш катала элек болчу. Бүгүнкү күндө өкмөт жеке банктардан 21 пайыз менен насыя алып, бюджеттин тартыштыгын жаап жатат. Эми банктардын берген карызынын пайызын дагы төлөш керек болот. Биз буга мыйзам менен тыюу салбасак болбойт. Айтор, бардык жагынан алганда өкмөт ишенимди актай алган жок.
Кытайдын: "Мамлекет болуш үчүн үч нерсе керек; нан, курал ишеним. Үчөөнүн экөө эле керек болсо, куралды алып сал, нан анан ишеним болсун. Бирөө эле керек десеңер, нанды алып сал, ишеним керек" - деген жакшы учкул сөзү бар. Эл ишеним болсо, нансыз да жашай алат. Бизде азыр элдин, парламенттин өкмөткө болгон ишеними жок. Өкмөт шайланып келгенден бери кадрларды кайра шайлоо менен алектенип, болгон энергиясын ошого жумшады.
Мына Путин 1999-жылы сентябрда президент болуп шайлангандан кийин, бир айдан кийин Россия кадимкидей өзгөрө түштү. Путин өзүнүн жүрүш-турушу, кабыл алган чечимдери менен элдин ишенимин тапты. Демек, өзгөртөм, иштейм десе, алты ай түгүл бир ай деле жетиштүү болот экен. Биздин өкмөт алты айдан бери бир нерсени өзгөртмөк түгүл, ишеним жарата албай жатпайбы. Кумтөр маселесин эле алалы, парламенттик комиссия Кумтөр маселесин алып чыкпаса, ошол бойдон калмак…
Ошондуктан күзгө чейин күтө бербей, өкмөткө ишеним көрсөтпөө чечимине келдик. Анткени күзгө, кышка даярдык көрүш керек. Былтыр өзүңөр билгендей, свет, күйүүчү-майлоочу май, уулуу көмүргө байланыштуу кандай кыйынчылык болду. Быйыл дагы ошондой кыйынчылык болбосун десек, алдын ала чара көрүшүбүз керек.
Мына 7-апрелден кийин өлкөдө өзгөрүү болуш керек эле да. Бирок андай болбой жатпайбы. Бакиевдер жок, бирок алар түзүп кеткен система бар. Бакиевдер жок, бирок коррупция бар.
- Ишеним көрсөтпөө боюнча кол коюшкан депутаттардын саны канча болду?
- Өкмөткө ишеним көрсөтпөө боюнча төрт фракциянын 45-46 депутаты кол коюп, спикерге тапшырдык. Менин жеке Бабановго адам катары таарынычым жок. Болгону мамлекет башында тажрыйбалуу мамлекеттик ишмер турушу керек…
- Өкмөткө ишеним көрсөтпөө маселесин эми көтөрбөстөн, жазында Бабанов парламентке отчёт бергени келгенде эмнеге көтөргөн жок элеңер?
- Ошондо бул маселени мен чыгып айткам. Бабанов экөөбүз кайым айтышып дагы кеткенбиз. Тилекке каршы, менин сунушумду эч ким колдобой койгон. Мүмкүн анда депутаттар жакшылыктан үмүт кылып добуш берсе керек. Азыр эч кимде үмүт калган жок. Эми гана өкмөттүн иштей албасына көздөрү жетип отурушат. Парламент өкмөткө ишене албагандан кийин, министрликтер өкмөт башчысына ишене албайт. Министрликтердин ишеними жок болгондон кийин, губернатор, акимдер ишенич арта албайт. Ишеним болбогон жерде иш жүрбөйт.
- Парламент каникулга тарап кетти. Эми бул маселени качан карайсыздар?
- Бул маселени ылайыктуу күнү кезексиз жыйында карайбыз. Көшөгө артындагы сүйлөшүүлөргө караганда, балким келечектеги премьер-министр ким болоору такталса эле, кезексиз жыйын чакырылып, маселе каралышы ажеп эмес. Ал эми кайсы убакта караларын азырынча так айта албайм.
- Өкмөт экономикалык жакшы көрсөткүчтөргө жетише алган жок. Ошентсе да, көзгө көрүнөрлүк анча-мынча болсо дагы жакшы иштерди жасай алдыбы?
- Жакшы иштерди жасай алды деп айта албайм. Азыр өкмөт мүчөлөрү комитет менен фракция жыйынына, пленардык жыйынга келип отчёт бериш керектигин түшүнүп калышты. Бир сөз менен айтканда, өкмөттүн акыркы саясий чечимди парламент кабыл аларына моюн сунуп калышканы, олуттуу кадамдардан болду десем болот.
- Кумтөр маселесине да токтоло кетсек, Жогорку Кеңештин кабыл алган токтомуна ылайык, Кумтөр боюнча кайрадан жаңы мамлекеттик комиссия түзүлүп, иликтөө иштери жүргөнү турат. Бул комиссия мамлекеттин кызыкчылыгына жараша чечим кабыл алат деп ишенсе болобу?
- Болот. Мурун чечимдин баары президент менен өкмөт башчысына көз каранды болчу. Азыр акыркы чекитти парламент коёт. Парламенттин үзүрүн көрчү мезгил келди. Маселени бир фракция эч качан чече албайт. Беш фракцияны эч убакта Кумтөр сатып ала албайт. Биринчиден, беш фракцияда тең улуттук кызыкчылык бар. Экинчиден, беш фракция ич ара саясий конкуренттерден. Эгер бир фракция сатылып кетсе, алардын эртең эл алдында кадыр-баркы өлөт. Элдин колдоосунан айрылат. Мына ушундан коркушат.
Азыр бизге профессионализм гана керек. Анткени, ушунчалык афералык схемаларды иштеп чыккан Кумтөр, дагы да бир нерселерди камдап койду да. Мына ошолордун баарын казып, далилдеп бериш үчүн эл аралык күчтүү юристтер менен экологдор, финансисттер керек.
- Коррупция менен күрөшүүдө Жогорку Кеңештин ролу коомчулукта кандайдыр бир нааразычылыкты жаратып жатат. Себеби, кайсы бир чиновникке карата козголгон кылмыш ишине бут тосуу аракеттери көрүлөт. Маселен, парламенттин Исхак Пирматов, Аскарбек Шадиев, кийинки Нариман Түлеевди коргоо боюнча жасаган аракеттери буга далил…
- Коррупция менен күрөшүүдө тандоо болбошу керек. Башкача айтканда, президенттин санаалашы, Башкы прокурордун тууганы деген сыяктуу көрүнүштөргө жол берилбеши шарт. Мыйзам баарыбызга бердей болууга тийиш. Министрби, депутатпы, жөнөкөй жаранбы ар кимибиз жасаган ишибизге жараша мыйзам алдында жооп берүүгө милдеттүүбүз. Кимдин күнөөсү болсо, ал сөзсүз жооп берүүгө тийиш.
Ал эми парламент - өзүбүздүн коомубуздун продукциясы. Идеалдуу коом болбогондон кийин, идеалдуу парламенттин болушу мүмкүн эмес. Депутаттын бир гана артыкчылыгы - эл тарабынан шайлагандыгы. Ошол эл шайлаганга чейин, депутаттын ким экенин аныктоо зарыл. Тактап айтсак, ал бандитпи, коррупционерби тактап, иргеш керек. Депутат болуп шайлангандан кийин, ал бирөөгө жагабы, жакпайбы эл шайлагандан кийин - ал элдин адамы болуп саналат.
Ал эми депутат болгондон кийин ар ким өз абийир алдында жоокерчиликти сезиши абзел. Ошондуктан, эгер кайсы бир депутаттарда мыйзам алдында маселеси болсо, өз жоопкерчилигин сезип, өздөрү тиешелүү органдарга барып, адвокаттары аркылуу мыйзамдын алкагында чечишип алышы зарыл.
- Сиздин оюңузча, коррупция менен күрөшүү кандай жүрүп жатат?
- Коррупция менен күрөшүүнүн үч эле жолу бар. Биринчиси, саясий эрк керек. Экинчиси, мыйзам керек. Үчүнчүсү, туура түзүлгөн структура болуш керек. Президент Атамбаевдин коррупция менен күрөшүүдө саясий эрки бар. Парламент мыйзамдарды кабыл алып берди. Президент структураны туура түздү.
Учурда Коррупцияга каршы күрөшүү кызматы дурус эле иштеп жатат. Бирок иш сотко барганда кандай өңүткө бурулуп кетип жатат, бул башка маселе. Себеби сот дагы коррупция менен күрөшүшү керек. Акыркы чекитти сот коёт. Эгер сот, 3-4 миллион жеп койгондугу үчүн коррупция менен шектелип кылмыш иши козголгон чиновниктердин бир-экөөсүн түрмөгө отургузса, моралдык утушка жетишебиз. Кийинки жылы, коррупция кескин түрдө азаят.
Эл кимдер коррупционер экенин, ким кайсы тармактан кантип уурдап, кантип байыганын жакшы билишет. Керек болсо фамилияларына чейин айтып беришет. Кеп, эми ошонун баарын кармап, жасаган кылмыштуу иштерин далилдеп, сотко өткөрүш. Сот болсо, ким экенине карабай, тиешелүү мыйзам чегинде жазага тартышы милдет. Ошондо жыйынтык чыгат…
Маектешкен
Алмаз ТЕМИРБЕК уулу





================================================================= ->

кыргыз тилиндеги гезит "Учур"





??.??